Кадамжайдын "канын соргон" Ильязовалар же
"жети баштуу ажыдаар"

"Айтпайын десем дилим күйөт, айтамын десем "тилиңди кесем" деп коркутушат айрым чиновник сөрөйлөр. Эмне болсо да айтайын, антпесем "Ильязовамын" дегендер Кадамжайдын "канын" соруп түгөткүдөй" деп башталат редакциябызга келген катта.

Ошол Баткендин Кадамжай районунда айтылуу Ильязовалардын доору жүрүп турган учур. "Ильязова" - дегенде, дароо эле Айдаркен шаарын "ажатканага" айландырып, коммуналдык тейлөө башкармалыгын 10 жылдан бери каалагандай калчап келе жаткан Гүлшан Ильязованы ойлогондурсуз. Чын, Гүлшан айымды айта берип, факты менен жогорку жетекчилерге кулак кагыш кыла берип, биз тажабадык же Кудайдан да, мыйзамдан да коркпогон "ханыша" ордунан былк этпейт. Эмнеси болсо да биздин ак сарайдагы жетекчилер жер төлөсү сууга толуп, кулап түшүү коркунучунда турган Айдаркенде кыйроо болгондо гана эсине келбесе болгону. Ага чейин эсепсиз байлык менен текшерүүчүлөрдүн "тонун тескери кийгизген" Айдаркен "ханышасынын" заманы жүрө берет тура.
Эң эле коркунучтуусу Кадамжайда Ильязова деген ысымдар "ажыдаардын жети башындай" көп экен. Дегеним төркүнүнө барып келгендей, Кадамжайдын акиминин орун басарлык кызматына ашыгы он жылдан бери келип-кетип жүргөн Токто Ильязова дегени да бар тура. Жергиликтүү узун кулактардын айтымында эң эле азуулуусу ушул дешет. Анткени ошол Токто эже буга чейин "актыгынанбы -тактыгынанбы" айтор, райондун борборунан бир канча турак-жайларды, соода түйүндөрүн карамагына каратып, байлыкка чулганып жатат дешет го жердештери. Ал акимдин орун басарлык кызматын элге кызмат кылуучу үчүн эмес, райондун борборундагы бизнестерине "кароолчулук кылуу" үчүн пайдаланат деп, ак эткенден так этет кадамжайлыктар.
Мен билгенден Токто айым жакында акимдик кызматына да ат салышып, маарага жетпей калган. Оо, аял киши акимдик кызматына жарабайбы? "Болсо, болуптур да" деген ойго да келесиң. Бирок, бул ойлордун таш-талканын чыгарган "Кадамжайдын асылзаада айымдары" болуп жатпайбы. Анча-мынча Токто Ильязова тууралуу кеп кылганга тили жетсе да аты-жөнүн ачык айтууга "духу" жетпеген эжекелер мындай дейт. Токто Ильязова өзүнүн атынан "Кадамжайдын асылзаада айымдары" деген китеп жаздырган. Бизнести мыкты билген эжеке ошол "кылымдан кылымга сакталуучу" китебинен карым-катышы жакшы, акчалуу айымдарга гана орун берген имиш. Анысы го "айланып кетсин" дешет. "Ошол "книгасын" кызматынан пайдаланып, мектеп мугалимдерине дегеле Кадамжайлыкмын деген аялдарга сатып, пайданы мыкчып алды",- деп арманын айтышат китепти сатып алгандар. Эгер бул аким болуп калса, башыбызга "каран түн" кирмек дешет го, баягы эле имишти жакшы көргөн узун кулактар.
Урматтуу Токто Ильязова, ак болсоңуз айтарсыз, сизден да жооп күтөбүз, "актануубу-мактануубу" эмне болсо да акыйкатты айтсаңыз болгону.




"Президентим
Ислам Каримов…"
Президентин сураса "Ислам Каримов" деп жооп берген Баткен облусунун Ак-Турпак айылындагы Чоң-Кара орто мектебинин окуучулары билим алууга шарттын жоктугунан билимсиз келечектен үмүт үзүлүп, аянычтуу абалга калган.

Эң эле өкүнүчтүүсү аталган мектептин ачылганына 7-8 жылдын жүзү болгонуна карабай, окуучулар компьютерден пайдалануу мындай турсун, бир жолу кармап көрүүгө ынтызар болуп мектепти аякташууда.
Чындыгында ушундай ит ыйлагыдай көрүнүш бир гана Чоң-Кара орто мектебинде эмес жалпы эле өлкө аймагында кыйын кырдаалга кептелгени эч кимге жашыруун эмес. Билим берүү менен бирге балдар бакчаларынын жетишсиздиги, өспүрүм балдарды кара жумушка күч катары пайдалануу адаттагыдай эле көрүнүшкө айланганы да ачык.
Айта берсе арман көп дегендей, айыл жергесиндеги таланттуу жаштардын шыгын, маданиятын өстүрүү үчүн шарт түзүүгө, ар бир айылды таза суу менен камсыз кылууга жана башка элдин социалдык абалын көтөрүүгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетпей турган чагы.
Андыктан "өз киндигиңди өзүң кес" дегендей өлкөбүздүн ар бир айыл аймактары, жергиликтүү башкаруу органдары өз алдынча аракетке өткөн. Ар кандай долбоорлордун алкагында иш алып барышып, заман талабына карай өнүгүүгө талпынууда.
Эң негизги айта кетчү сөз, түштүк аймагындагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык пландаштыруу боюнча потенциалын жогорулатуу" үчүн атайын семинарларды уюштуруу жолго коюлган. Мындай иш-чараны КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиги жана ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен 2012-2015-жылдарда өлкөнүн түштүгүн "Социалдык тең укуктуулукка жетишүү" программасын ишке киргизген. Программанын максаты - долбоорлорду жазуу менен бирге акча каражатын тартууну, жергиликтүү стратегиялык планды иштеп чыгууну үйрөтүүгө арналган. Учурда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак, Алга айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлери окутулууда.
Кошумчалай кетсек, Кадамжай районунун Ак-Турпак аймагында жайгашкан Чоң-Кара орто мектебиндеги аянычтуу абал менен гезитибиздин кийинки сандарында кенен маалымат беребиз.






Пикир: