Мэр болсоң да, эр болсоң да
Мелистей бол!

Улуу Жеңиштин 68 жылдыгын Ош шаарында тосуу үчүн бир күн мурда жаман машинем менен жолго чыктым. Төө-Ашууну ашып, Ала-Белди басып, Токтогулдан ары Жалал-Абадка чейинки ийри-буйру трассаны аралап өтүп, Ордолуу Ошко кирип бардык.

Эртеси эртең менен Улуу Жеңиштин 68 жылдык салтанаты башталды. Мен негизинен Бишкектеги борбордук аянтта өткөрүлгөн майрамдык салтанатка салыштырып жаткам. Мен күткөндөн ашып түштү го чиркин! Оштун борбордук аянтына чектеш көчөлөрдөгү жайнаган адам тыгындары, андагы жайдары күлүп, майрамдык маанайды жан дилинен өткөрүп жаткан жергиликтүү калктын кубанычында чек жок. Аянтта жалпысынан 50 миңдей киши топтолуптур. Ары жактагы Лениндин эстелигинин алдында катар тизилген Оштун жетекчилери катарынан сүйлөп жаткан экен. Мен барганда Мелис Мырзакматовдун каргылданган өктөм үнү жаңырып жатыптыр. Элдин арасында тыгылышып бара жатып анын сөзүн тыңшай калдым. Ал Жеңиш майрамы менен шаардыктарды куттуктап, ошону менен катар эле шаар жетекчилигинин алдыга койгон максаттары, ийгиликтери тууралуу айтып келип, бийликтин дарегине олуттуу, жөндүү сындарды айтып өттү. Андан кийин Ош облгубернатору Сооронбай Жээнбеков сүйлөдү. Бул ирет аскер техникаларынын парады болгон жок. Анын ордуна Чыңгыз Айтматовдун согуш темасындагы чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды. Андан тышкары СССРдин Батышына капысынан басып келген фашисттик баскынчылардын мыкаачы аракеттерин чагылдырган театралдык сюжет болуп, этегинде Берлинге жасалган чабуулду жана Рейхстагды алуудагы советтик аскерлердин эрдиги тууралуу театралдык иш-чаралар уюштурулуптур. Баарынан кызыгы, Ош шаарындагы 45 ардагердин (Буга чейин 46 экен, жакында эле бирөө каза тааптыр) бардыгына атайын лимузиндерди айдатып келип, шаардагы Жеңиш паркында сый тамакка жеткиртти кайран Мекең. Мен ушул жерден анын чыгармачылыгына таң бердим. Кайран ардагерлер мындан туура 68 жыл илгери арып-азып үйлөрүнө келе жатканда бир кезде небересиндей болгон бир жигит аларды ушинтип ажодон артык сыйлайт деп ким ойлоптур? Мына, улуулук, өз элине болгон урмат-сый, жигиттик деп ушуну айтса болот.
Салтанаттын соңунда Мелис Мырзакматов согуштун ардагерлери менен эстеликке сүрөткө түштү. Андан ары Жеңиш паркындагы сый тамакка бет алдык. Парк толо эл. Шаар мэрин жайдары мүнөз менен тосуп, учурашып калууну каалаган адамдар. Баарынан кызыгы, ардагерлер менен баарлашууда башталды. Ардагерлердин арасынан айрымдары Мырзакматовго келишип: "Балам, биз менен сүрөткө түшүп алчы, дагы канча жашаарыбызды ким билет" дегенин укканда көзүңө айласыздан жаш тегеренет экен. Ага чейин аянтта коюлган театралдык сюжетти көргөндө бир ыйлагам. Анткени, мунун баары тарыхтын бир үзүмү да…
Театралдык иш-чаранын сценарийин Оштун вице-мэри Дас-тан Ходжаев уюштуруптур. Баарынан кызыгы, жүздөгөн адамдардын катышуусун камсыздаган бул иш-чарага болгону 300 миң сом сарпталыптыр. Бул каражаттын ичине атайын рольдорду аткарууга тигилген костюмдар дагы кирет экен. Ошентип, дагы бир ирет Оштун жаратман мэрине жана анын командасынын уюшкан ынтымагына, эң негизгиси ар бири өз милдеттерин так аткарганына дагы бир ирет баа бердим. Мэр болсоңор да, эр болсоңор да, шер болсоңор да Мырзакматовдой болгула!

Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru
Бишкек-Ош-Бишкек








Пикир: