Карысы бардын,
ырысы барбы же...

К өптөн бери карылар үйүнө барып, алардын ал жайын көрүп келүүнү ойлонуп жүрдүм эле. Кыргызда "сааты чыкканда болот" деген сөз бар эмеспи, аның сыңары, мен да сааты чыкканда Ленин районундагы "Карылар үйүнө" бардым. Мурда сыртынан көрүп, короосундагы отургучта таягын кармап алып алысты карап, көңүлсүз отурган карыларды көрүп калар элем. Бул жолу да барганда эле бактын көлөкөсүндөгү отургучта отурган эненин муңайым жүзү көзүмө урунду. Убагында татынакай, көптү суктандырган суйкайган сулуу болсо керек. "Сыры кетсе да, сыны кетпейт" дегендей, сынынан жазбаптыр. Эненин жанына барып, кепке тартып, ичинде кайгысын уктум.

- Менин атым Курманбүбү Садыбакасова. Өзүм ушул эле Чүйдүн кызы болом. Шаардын өйдө жагындагы Воронцовка айылында төрөлүп, ошол жерде мектепти окуп бүтүргөм. Мектепти бүткөн соң шаарга иштегени келип, жолдошум менен таанышып, жактырышып үйлөнүп калдык. Арадан жылдар өтүп эки балалуу болдук. Жолдошум аябай жакшы киши эле, көзүмдүн агы менен айланып, эч нерседен кем кылган жок. Ээрчишип көчөгө чыксак, кошуналарыбыз артыбыздан суктанып карап калар эле. 40 жыл чогуу жашап, сен-мен деп жаман айтышпадык. Бирок, Кудай адамдын ырыскысын толук бербейт окшойт, карыган чакта каңгырап жалгыз калдым. Жаш кезде "турмушум ушундай болуп калат" деп, үч уктасам түшүмө кирген эмес. Кырсык бир келсе, арты артынан келет экен. А дегенде тун уулум ооруп калды. Алып барбаган жерибиз калбады. Ооруканадан ооруканага кыдырып, эки ай ооруканада жатты. Акырында дарыгерлер адам болбойт дешти. Ыйлап-сыктап, үйгө алып келип өзүм карадым. Күндөн күнгө абалы начарлап, акыры шум ажал алып кетти. Баарынан да, Кудайым энеге баласынын өлүмүн көрсөтпөсүн. Дүйнө асты-үстүнө аңтарылып кеткендей эле болду. Ботомон ажырап, жүрөгүм канап, боздоп эле кала бердим. Айла жок экен, канчалык кыйын болбосун, адам баласы баарын көтөрөт экен. Андан көп өтпөй кичүү уулум жолдо келатса, милициялар кармап алыптыр. Кармап эле "чөнтөгүңдө эмне бар алып чык," - дейт, колун чөнтөгүнө салса эле, жумшак бир нерсе урунат, көрсө бирөөлөр баңги зат салып коюптур, ошентип аны абакка алып кетишет. Мен эч нерседен кабарым жок үйдө отургам. Бир убакта эшикти бирөө такылдатканынан "ким болду экен?" - деп ачсам, эшиктин алдында эки милиция кызматкери экен. Жүрөгүм "болк" дей түштү, ичимен "тынччылык эле болсо экен, Кудай ай", - деп тиленип жаттым. Аңгыча бирөөсү "уулуңуз түрмөгө түштү" дегенде эле, эмне кыларымды билбей, шалдайып туруп калыптырмын. "Чөнтөгүнөн баңги зат таптык" - дегенде, "жок" деп эле бакырып, "ал андай кылбайт, андайы жок эле," - деп какшай берген экенмин. Тун уулуман кийин аябай коркуп калыптырмын. "Бул баламды да жоготуп аламбы?" - деп эле ыйлай бердим. Шашып-бушуп, милиция бөлүмүнө бардым, балам болсо "апа менин чөнтөгүмө бирөө салып коюптур, мен билген эмесмин," - деди. "Ай, Кудай ай, көрөрүбүз ушул беле?" - деп, балама кантип жардам берер айласын таппай, тыпырап эле калдым. Акыры, баламды беш жылга кесип жиберишти. Атасы да кыйналды. Ал мени капаланбасын деп, ичинен билгизбей сызып жүрө берген туура. Баламдын камалганына көп деле убакыт өткөн эмес. Бир күнү чалым үйгө келип " чарчап турам, кичине жатып эс алайынчы" дегенинен, "ий жатсаң жатып, эс ал," - деп, ал турганча тамак жасап коёюн деп ашканда жүргөм. Тамагым бышып, бардыгын дасторконго даярдап коюп, анан барып ойготсом, ойгонбойт. Жүрөгүм "шуу" дей эле түштү. Көрсө байкушумдун жүрөгү ооруп жүрчү экен, жүрөгү токтоп калыптыр. Кырк жыл чогуу ээрчишип жүргөн адамыңдан айрылган баарынан жаман экен. Аны "өлдү" деп такыр ишене албадым. Эшиктен кирип келчүдөй "шырп" этсе эле эшикти карайм. Ээнсиреген үйдө жалгыз калдым. Бирок, тагдырдын сыноосу аны менен эле токтоп калбаптыр. Күйөөм экөөбүз таанышканга чейин үйлөнүп ажырашкан экен, ал аялынан бир уулу, бир кызы бар эле, биринчи аялы менен жашап жүргөндө эле үйдү баласына жаздырып койгон экен. Ошо менен документтер оңдолбой жүрө берип, чалымдын көзү өткөндөн кийин, мурдагы аялы уулу менен келип, мени эшикке чыгарып коюшту. Өмүрүмдүн көп бөлүгү ошол үйдөн өтүп, ошол үйдөн агарып-көгөрдүм эле. Аргасыздан, ыйлап-сыктап көчөдө калдым. Өзүмдүн эки сиңдим, бир иним бар, жолдошум болсо бир атадан жалгыз эле. Бир тууган болсо деле жаны бөлөк, үйү бөлөк дегендей аларга деле батпайт экенсиң. Өздөрү эптеп күн көрүп жатса, аларда деле бала бар, келин бар дегендей. Өз ара "күңк-мыңк" дешсе деле, мага тийгендей эле боло берет. Андан көрө "тынчыраак ушул карылар үйүнө барайын" деп ушул жакка келдим. Бул жерде жакшы. Курсагыбыз ток, өзүм теңдүүлөр менен кичине кобурашып күн өткөрөбүз. Пенсия тийгенде майда-чүйдөмдү, акчамды алып уулумду көргөнү түрмөгө барам. А дагы бир топ алыс, ошентсе да балама болгон сагыныч, куса жолдун алыстыгын деле сездирбейт. Жалгызымдан айрылгандан корком. Жалгыз үмүтүм ошол баламда. Барган сайын "балам жакшы жүр, сен чыксаң, үй күтүп, үйлөнүп, мени неберелүү кылсаң арманым жок эле," - дейм. Балам кыркка чыгып калды, ошентсе да энеге бала кичинедей эле көрүнө берет тура. Түрмө деген жаман да, ал жакта ар кандай адамдар отурат, "баламды бузуп койбосо, уруп койбосо" деп ойлоно берем. Турсам, отурсам да ошол баламдын өмүрүн тилейм. Кудайым, мага да жакшы күнүн көрсөтөөрү бардыр. Бир дагы адамга меникиндей тагдырды каалабайт элем, энелердин көз жашы акпасын...
Мына окурман, бул апанын багар-көрөрү жок, айласыздан карайлап карылар үйүндө жүрөт. А бирок, айрым мекендештерибиз күчкө толуп, ата-энесин багууга кудурети болсо да таштап кеткени баарынан өкүндүрөт. Ар бирибиздин башыбызда карылык бар дегендей, ата-энени көзү барда сыйласак гана, аттиң...





Айчүрөк Алышова, Карылар үйүнүн директору:
"Келген белектерди ичип-жебей өздөрүн урган балдарына ташышат"

- Айчүрөк эже, бул карылар үйү качан уюшулган?
- Биздин карылар үйү 1994-жылы уюшулган. Бизде жашагандардын көбү орус улутундагы кары-картаңдар. СССР кулагандан кийин көпчүлүк орус улутундагы жарандарыбыз Россияга кетебиз деп үйлөрүн сатып, ата-энелерин кийин алып кетебиз деп таштап кеткендер. Ал эми кыргыздардан болсо алыскы региондордон Бишкекке иштейбиз деп келип, бул жактан батирге төлөй албай, жашаган жери жок болгон кары-картаңдар бизге келет. Айрымдарынын балдары ичип, баңги зат чегип алып атасын же энесин сабайт, анан аргасыздан бул жакка кайрылышат. Өкмөт колунан келген камкордугун кылып жатат, күнүнө тамагына бир адамга 60 сом, дары дармегине 6,50 берилет. Бизге келип калган "журналисттер, укук коргоочулар 60 сом аз го" дешет. Бирок, азыр 60 сом эмес 6 сом таппай, чай, нан менен жашагандар бар. Бизде 50 киши жашайт, аларды бириктиргенде күнүнө 3000 сомго тамак жасап беребиз. Баягы жаш өткөн сайын, адам жаш бала сыяктуу болуп калат тура, тиш өтпөй, витаминдүү тамактарды ичиш керек болот, ошондуктан көбүнчө сүт менен каша, гречка, таруу, арпа кылып күнүнө түрлөп тамактарды жасап беребиз. Анан майрамдарда, курман айттарда колунда бар адамдар келип кой союп, кары картаңдарга берип, баталарын алып кетишет. Мына 9-майга карата бизде эки жумадан бери майрам. Ар ким колунда бар нерсесин алып келип беришип жатат. Студенттер кичине токоч, таттуу, бир байпак салып алып келишет. Ошентип отуруп эле бир топ белектер келет.
- Кийим кечелерин кандай кыласыздар? Өкмөттөн атайын акча бөлүнөбү?
- Өкмөттөн акча бөлүнбөйт. Бирок, ар ким алып келип беришет, айрыкча орустар ата-энеси өлгөндө бизге чалат "кийимдерин силерге берели" деп. Жардамга кийимдер келет. Баары жетиштүү.
- Ал эми пенсияларын өздөрү алышабы?
- Бул жерге келгени атайын буйрук чыгат, ошол буйруктун негизинде пенсияларынын бир аз бөлүгү мамлекетке кармалып калат. Калганын өздөрү алат. Эң аз алганы 500 сомдон баштап 4000 сомго чейин алышат. Пенсия алганда айрымдары ичип алышып бири-бири менен мушташат, тегерегибизде дүкөндөрдөн арак алам деп көп акчасын берип салышат да, акчасынын дайынын таппай калышат. Айрымдарын достору келип, алар менен ичишет.
- Баары кары адамдар болгондуктан, ооруп төшөккө жатып калгандарын эмне кыласыңар? Же атайын карай турган адамдар барбы?
- Азыр он чакты адам жатат төшөктө. Аларды биздин пол жууган кыздар, медайымдар карашат. Жанына биотуалет коюп коёбуз, аларды көтөрүп жаш баладай отургузушат, төшөгүн булгап койсо тазалашат. Бул жакта иштегендердин айлыгы аз болгондуктан, ошол ооруулардын пенсиясынан кичине айлыктарын кошуп берсек жакшы болот эле. Анткени, түйшүктүн көбү ошолорго түшөт. Анысы аз келгенсип кээ бирлери сөгүп, уруп да жиберишет биздин кызматкерлерди. Байдесова деген кемпирибиз бар эле, мас болуп алып чатак чыгарып, пол жууган, аларды караган кыздарды жаман сөздөр менен сөгүп эч нерсесин калтырчу эмес. Алардын айынан кызматкерлерибиз жумуштан да кетип калышат. Анан калпты кошуп, "мени карабай жатат, жуунтпайт" деп да арызданышат. Ал эми кээ бирлери аябай жакшы. Анан өздөрүнө келген белектерин жебей, уруп соккон балдарына ташышат. Жыл өткөн сайын кароосуз калган карылар азаябы десек, кайра көбөйүп баратат.
- Жаман айтпай жакшы жок дегендей, көзү өтүп кеткенде кандай кыласыздар?
- Социалдык коргоого билдиребиз, алардын жардамы менен христиан дининдеги орустарды өздөрүнүн бардык ырым-жырымын кылып көмөбүз. Ал эми кыргыздардын көзү өтүп кетсе алыскы туугандары, аталаш туугандары келип айылдарына алып кетишет.








Пикир: