Тоо тектеринин жылышы -
экологияга коркунуч келтирбейт

Кумтөр кенинде тоо тектеринин жылышы байкалууда. Натыйжада компаниянын мурдагы административдик имараты жана гаражы да зыянга учурады. Мындан улам айрым депутаттар экология бузулуп, Кыргызстан өтө чоң жоготууларга учураарын айтып чыгышты.

Тоо тектери дайыма жылышып келген, мындан ары деле жылыша берет
Бош тоо тектеринин жылышынын алдын алуу үчүн 60 миллион доллар каралды. Буга жаңы административдик имараттын курулушу жана тоо тектеринин жылышын токтотуу маселелери да кирди. Кыргызстан "Центерраголддун" акциясынын 30 пайызына ээ болгондуктан, Кыргыз Өкмөтү атайын комиссияга бул жагдайды изилдеп чыгууну тапшырат. Комиссия изилдеп чыккан соң "эч кандай экологиялык коркунуч жок" деген чечимге келет. "Тоо тектери дайыма жылышып келген, мындан ары деле жылыша берет. Аны жумуш процессинде жөнгө салууга болот" деп айтты Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишенбай Чунуев атайын комиссиянын курамында, Кумтөргө барган учурунда.

Мындан 3 жыл мурда "Давыдов" мөңгүсүнүн ал-абалына мониторинг жүргүзүү үчүн кен казуучу кампания тарабынан канадалык "BGCConsulting" компаниясы чакырылган болчу. "Бош тоо тектеринин жылышы эртедир-кечтир баштала тургандыгын мурдатан эле билчүбүз. Бирок, анын кайсы учурда башталарын алдын-ала айтуу кыйын эле. Биз күн сайын 1,5 метрге жыларын божомолдогон элек. Жаратылыш өзүнүн түзөтүүсүн кийирип, 40 метрлик тереңдикте муздун тоңушунан тоо тектеринин жылышы тездеп кетти" деп билдирди "Кумтөроперейтингкомпани" компаниясынын өкүлү.

Кыргыз тарап бир тыйын да коротпойт
"Кумтөроперейтингкомпани" компаниясынын 2013-жылга бюджетинде тоо тектеринин жылышын жөнгө салуу жана административдик жаңы имараттын курулушу үчүн чыгым мурдатан эле каралган болчу. Бирок иш-аракеттерди белгиленген мөөнөттөн мурда баштоого туура келүүдө. Административдик имаратты мурда эле көчүрүп кетели деп жүргөнбүз. Ансыз деле анын курулганынан бери 15 жыл өтүп, имарат жарксыз абалга келип калган болчу" деп айтты "Кумтөроперейтингкомпани" компаниясынын өндүрүштүк иштер боюнча вице-президенти Родни Ступарик.
Тоо тектеринин жылышын жайлатуу жаатындагы иш-аракеттер - бул адаттагы эле өндүрүштүк процесс экендигин эксперттер айтышууда. Ага каражат жумшоо - кен чыккан жердин тегерегине жол салуу, же экологиялык коопсуздук жаатында иш-чараларды жүргүзүү сыяктуу эле зарыл нерсе. Кандай гана болбосун, кыргыз тарап компаниянын 2013-жылга карата бардык чыгымдары боюнча кабардар болушат, анткени "Центерраголддун" директорлор кеңешинде кыргыз тараптан да өкүлдөр бар. Кыскасы, Кыргыз Өкмөтү бир тыйын да коротпойт.


Мамкомиссияга Кыргыз Өкмөтү канча каражат жумшаар экен?
Бирок, алиге чейин ызы-чуу басылбай келүүдө. Кумтөргө барып келишкенден бир жумадан кийин комиссиянын мүчөлөрүнүн бири, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инс-пекциянын башчысы Осмонбек Артыкбаев пресс-конференцияда кен чыккан жерде өндүрүштүк-техногендик авария болгондугун, Кумтөрдүн менеджерлери компетенттүү эместигин, жоопкерчиликтүү иштебей жаткандыгын айтат. "Тоо тектеринин жылышына жол бербөөгө болот эле. Демек, бул менеджменттин компетентсиздигин көрсөтүп турат" деп билдирүү жасайт ал. Анын айтымында, Давыдов мөңгүсүндөгү тоо тектеринин жылышы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан берилген тактамаларда Геология институтунун Гляциология лабораториясынын бөлүм башчысы А. Н. Дикихтин 1994-жылдын 16-декабрындагы "Мөңгүлөргө жана бош тоо тектерине күч келгендиктен Давыдов мөңгүсүнө реакция болушу мүмкүндүгү тууралуу" тактамасы эске алынбаптыр, анда мөңгүлөрдө тоо тектеринин жылышына жол бербөө жөнүндө айтылыптыр. Бирок бул тактама Геология комитетинин эксперттери, Жаратылыш комитетинин адистери, канадалык "BGCConsulting" компаниясынын экологдору тарабынан кабыл алынбагандыктан, анын изилдөөсү объективдүү маалымат боло албайт.
Комиссия 9 пункттан турган отчет даярдашкан. Анда комиссиянын ишин белгисиз мөөнөткө узартуу жана тоо тектеринин жылышына дайыма мониторинг жүргүзүп туруу белгиленген. Бул иш-чараларга Кыргыз Өкмөтү канча каражат жумшаар экен? Артыкбаевдин айтымында, учурда мамлекеттик комиссиянын мындан аркы иш-аракеттерине акы төлөп берүү жагдайында сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр.






Пикир: