Жол маселесинде керектөөчүлөрдүн укугу четте калган…
8-май күнү Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов "Алиби"гезитинин редакциясына келип, түз байланышка чыккан окурмандардын суроолоруна жооп берди. Окурмандардын суроолору жалпысынан социалдык маселелерге арналып, айланып келип эле жол маселесине такалды. Ушул эле күнү өкмөткө караштуу мамлекеттик монополияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү шаардагы жолдордун ремонтунун сапатын текшеришти. Түштөн кийин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баш болуп, жолдордун абалы менен таанышып кайтышты.

Тактай кетүүчү жагдай, ""Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамдын 49-беренесине ылайык аталган кызмат керектөөчүлөрдүн укугун коргоону көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелет. Бул багытта мамлекеттик монополияга каршы күрөшүү кызматы алгачкы жолу шаардагы негизги салык төлөөчү болуп эсептелген керектөөчүлөрдүн укугун көзөмөлдөө максатында мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгына караштуу жол курулуш башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда аталган иш-чараны өткөрүштү. Ар кайсыны айтканыбыз менен "Алиби" гезитинин мурдагы башкы редактору, учурда Өкмөткө караштуу мамлекеттик монополияга каршы күрөшүү кызматынынын жетекчилигин аркалап жаткан Бабырбек Жээнбеков өз иш аракетин билгендиктен шаардын көйгөйлүү маселесин көңүлдөн сырт калтырбай, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында аталган иш-чараны уюштуруп жаткандыгын айта кетсек ашык деле болбойт.
Албетте, "жоор аттын жонундай" болгон жол маселеси тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары "жаактары талыгыча" айткандары менен абалы алынча экендиги белгилүү. Бирок буга чейин, жолду пайдаланган шаардыктардын, тактап айтканда керектөөчүлөрдүн талабын көтөрүп чыккан тараптар болгон эмес. Ошол себептен болсо керек, "мамлекеттик монополияга каршы күрөшүү кызматынын шаардын жолу менен кандай чатагы бар эле?" - деп "маңыроо" суроо узаткандар да болбой койгон жок. Жогоруда айтылып өткөндөй, мамлекеттик монополияга каршы күрөшүү кызматынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоону көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу орган болуп эсептеле тургандыгын уккандар иш-чаранын маңызын аңдагандай болушту.
Шаардын жолунун абалы белгилүү. Жалпысынан шаар жолдору 1400 чакырымдын ары жак, бери жагын түзөт десек, мунун ичинен талапка жооп берген жолдун узундугу 130 км гана түзөт экен. "Кыргызча" эсептесек, 1991-жылдан 2010-жылга чейин 90 км жол салынса, анын 83 км Бүткүл дүйнөлүк Банктын эсебинен салыныптыр, 16 км гана жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Же болбосо , мамлекет ушунча жылдар аралыгында 16 км гана жол салган деп түшүнсөк болот. Үстүбүздөгү жылы шаар жолдоруна Турциядан алынган кредиттин эсебинен 30 миллион доллар бөлүнсө, анын ичинен жолдорду жамаганга 35 миллион сом каралган.
Иш-чара "ачка отургуча айранга нан туурап жегенди" элестеткен "жолдорду жамоо" (ямочный ремонт) иштерин жүргүзүүдө керектөөчүлөрдүн укугун коргоого арналгандыктан көп суроолор жаралды. Шаардагы Тоголок Молдо, Щербакова, М. Ганди сыяктуу көчөлөрдүн абалы менен таанышкан тараптар абал айтылып жүргөндөн да алда канча оор экендиктерине күбө болушту. Анткени эң эле ириде заказ берүүчү болуп эсептелген мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгына караштуу жол курулуш башкармалыгы менен жолдун ремонт иштерин жүргүзгөн компаниялардын (подрядчиктердин) ортосунда келишим көп суроону жаратты. Кызыгы асфальтын курамынын жана тыгыздыгынын сапатын лабораториядан өткөрүүнү подрядчиктер жүргүзөт экен. Мында баары бир "бармак басты көз кысты" боло тургандыгына ынандык. Иш-чаранын катышуучулары жолдорду жамоо сапатсыз жүргүзүлүп жаткандыгына четинен эле күбө болушту. Үч күн мурун куюлган битум күнгө кургап, асфальттын жамала турган бир метр аянтына талап боюнча 800 грамм битум куюла турган болсо, мунун жарымына деле жетпеген битум куюлган чуңкурлар четинен чыкты. Асфальттын сапаты жана тыгыздыгы тууралуу кеп козгоонун кереги деле жок. Жолдун жамалган жерлери таш тийсе чачырап кетип жатты. Жолдордун битум куюлуп даярдалган аянттары топурактан көрүнбөйт.
Кыскасы, шаардагы жолдордун чала чампаланган жамоо иштерин кыдырып карап көрүп, мэрия, жумушту аткарган компаниялар, жолдун сапатын текшерген тараптар деле керектөөчүлөрдүн укугун уруп ойнобой тургандыгына көз жетти.
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында иш-чараны өткөрүп жаткан мамлекеттик монополияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү сапатсыз жүргүзүлгөн жолдордун жамоо иштери боюнча мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгына караштуу жол курулуш башкармалыгына же болбосо ишти аткарган тараптарга предписание беришет. Албетте, административдик укук бузуулардын алкагында аталган тарапка 50 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Мындан башка арга жок.
Жамалган жолдордун мышык ыйлагыдай абалын карап көргөндөн кийин мэриянын капиталык курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы Темирбек Мамашевге суроолор жаады. Ал абалдын оор экендигин моюнуна алып, керектен чыккан шаардын жолдорун жамоо иштери айла кеткенде, жок дегенде автоунаалар каттап туруусун камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.Мындай абалда керектөөчүлөрдүн укугу, жолдордун ремонт иштеринин сапаты тууралуу кеп козгоонун деле кереги жок болсо керек. Алынган маалыматка караганда акыркы жылдары каражаттын жетишсиздигинен шаардагы Литовская өңдүү бир катар көчөлөр жада калса жамоо иштерине да жарабай таптакыр керектен чыккан. М. Ганди, Тоголок Молдо сыяктуу көчөлөрдүн жамоо иштери эптеп эле жасалган. Мэриянын өкүлү жол тармагынын тамтыгы чыкканын жокко чыгарган жок.
"Жоор аттын жонундай" болгон жолдорду кыдырып чыккандан кийин курулуш материалдарды жана иштерди текшерүү боюнча лабораторияга келдик. Мэрияга караштуу болгону менен чарбалык эсепте иш алып барган лабораториянын жетекчиси көрүп келип, кемчиликтерин бетине такап жатса да, мындайды далай жолу башынан өткөрүп бышып калганбы, Бишкектин жолдорун кыздардын бетине салыштырып, лабораториялык иш аракеттер өз деңгээлинде жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, дегеле эч нерсени жууткан жок. Монополияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнүн "бир жылда жараксыз деп чыккан анализдердин саны канчаны түзөт?" деген суроосуна "андай болгон эмес" деген жооп алынды. Демек карапайым калк кашкайып көрүп турган асфальт жолдорунун анализинин жыйынтыктары "сыдыргыга салгандай" экен. Укугун биле бербеген карапайым калктын эсебинен "жолдорду жамоо" иштеринин лабораториялык анализдери формалдуу түрдө гана ишке ашып келе жатыптыр. Айтор бул күнү шаар жолун пайдаланган керектөөчүлөрдүн укугунан башталган маселе бир топ кызыктар менен коштолду. Калашниковдун автоматындай токтолбой жооп берип жаткан лаборатория башчысынын бир дагы кемчиликти жуутпай турганын көрүп , мамлекеттик монополияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси аны ээрчитип алып, кемчиликтерди жеринде көргөзүү үчүн жөнөп кетти. Бул маалда шаар мэри "Алиби" гезитинин окурмандарынын суроосуна жооп берип жаткандыктан, мурунку күнү көйгөйлүү маселесин көтөрүп келген окурмандардын аманатын жеткирели деп, биз редакцияга жөнөдүк.




"Бишкек" эркин экономикалык
аймагынын башкы директору
Орозбек Нусувалиев:
"Түштүккореялыктар өз чөнтөгүн толтурууну гана көздөшкөн"

(Башы 6-бетте)
Ошондой эле жыйында "Бишкек" эркин экономикалык аймагында (ЭЭА)болуп жаткан алгылыктуу иштер айтылды. ЭЭА чыгарган продукциялар Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Польша, Чехия, Ооганстан сыяктуу 10дон ашык чет мамлекеттерге экспорттолот. Тактап айтканда, продукциянын 70 пайызы чет мамлекеттерге чыгарылат.
"Эркин экономикалык аймакта суу түтүктөрү, электр жылыткычтары, жеңил өнөр жай продукциялары, эмеректер, курулуш материалдары, спорттук бут кийимдер, азык-түлүктөрдүн бир канча түрлөрү, килем жана башка продукциялар өндүрүлөт. "Бета" чай, "National Paints" боёктору,"Алькони" тез татымдары өтө жогорку суроо-талапка ээ", - деди О.Нусувалиев. Ал эркин экономикалык аймакка чет жактан алынып келинген техникалык жабдыктар жана сырьёлор салыктан бошотулгандыгын белгиледи.
2012-жылы "Бишкек" эркин экономикалык аймагында 4 миллиард 233 миллион сомдук продукция өндүрүлгөн болсо, быйыл 1-кварталда 834 миллион 400 миң сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5 пайызга жогору. Ал эми республикалык бюджетке салык катары которулган каражат 163 миллион 857 миң сомду түзгөн. Бул 2011-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 43,3 пайызга жогору дегенди билдирет. Демек келишимди каакы ордуна көрбөгөн, пайдасынан зыяны көп түштүккореялык "Борборазиялык корпорациясы" өңдүү фирмалардын адамкерчиликке сыйбаган, өз чөнтөгүн гана толтурууну көздөгөн иш-аракеттерине буга чейин эле чекит коюп, өлкөбүздүн экономикасына олуттуу пайда алып келчү мындай жер тилкелерин пайдалануунун натыйжалуу башка жолдорун табышыбыз керек болчу. Бул жагынан алганда да "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору Орозбек Нусувалиевдин иш-аракеттери колдоого татыктуу.







Пикир: