47 млн. сомдон дайын жок же аянттын курулушу бүтсөчү…

Жалал-Абад шаарында борбордук "Эркиндик" аянты менен "Мир" кинотеатрынын алдын заман талабына ылайык кайрадан оңдоп куруу иштерин өткөн жылы "Транс-Юг-Авто" жана "Эрк-Строй" фирмалары башташып, ага жергиликтүү бюджеттен 46 млн.14 миң сом бөлүнгөн. Өткөн жылы 80-90 пайыз курулуш иштери бүтүп калганына карабай, курулуш иши дале аягына чыкпай турат. Бирок, шаардыктар аталган аянттарга барып, иштеп жаткан фонтандардын алдында отуруп, эс алууну адатка айлантып алышкан. Бул боюнча азыркы учурда тергөө иштери жүрүп, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилигин шаардык сот териштирип жатат. Мунун негизги себебин билүү үчүн атайын журналисттик иликтөө жүргүзүп, жетекчилердин жүйөлөрүн билүүгө аракет жасап көрдүк.

Бул эки аянтты кайрадан куруу демилгеси шаардыктардын өзүнөн чыкканын экс-мэр Бакыт Адылов билдирди. Анын айтымында, буга чейин "Эл Достугу" аянты митинг өтүүчү жерге айланып, кароосуз калып, бак-дарактары убагында каралбай, мурдагы союз мезгилиндеги фонтандар иштебей, "Мир" кинотеатрынын алдындагы фонтан бирде иштесе, бирде иштебей калып, шаарда эс алуучу жай болуунун ордуна, жок болуп кете турган аянттардын катарына келип калган болчу.
"Бул аянттар чекесинен кертилип, сатылганы сатылып, ижарага берилип кеткен экен. Ошол себептен, шаардыктар үчүн эс алуу жайы түзүлсүн, жаштар келип эс ала турган, чындап эле Жалал-Абад шаары - жаштар шаары экен деген максатта ушул демилгени колдогонбуз. Эмне үчүн мен муну демилге - деп жатам? Бул демилге менин жеке өзүмдөн чыккан эмес. Ушул шаардык атайын кызматтар тарабынан сунушталып, кайра-кайра жергиликтүү ММК тарабынан талкууга коюлган. Элдин арасында талкууга алынып, ошол жерде көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгондон кийин демилгени ишке ашыруу максатында жасадык",- дейт экс-мэр Б.Адылов.
Жалал-Абад шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Азамат Раматиллаевдин берген маалыматына караганда, Жалал-Абад шаардык мэриясы менен ЮСАИД эл аралык уюму "Эркиндик" аянтын кыргыз-өзбек улуттарын жараштыруу максатында "Эл Достугу" аянты деп атап, алар 10 млн. сомду бере турган болушкан. Ал эми калган 15 млн. сомду "өзүңөр жергиликтүү бюджеттен карагыла" дешкен. Жергиликтүү бюджеттен 15 млн. сомду аянтка бөлгөндөн кийин, "биз быйыл каржылай албайт экенбиз" - деп алар расмий кат менен баш тартып коюшкан.
"Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин бир нече токтомдору менен "Эл Достугу" аянтына жалпысынан жергиликтүү бюджеттен 33 млн. 262 миң 500 сом, "Мир" кинотеатрынын алдындагы аянтка жалпысынан 12 млн. 751 миң 500 сом бөлүнүп берилген. Мурдагы каржы министри А.Жапаровго да шаардык кеңештин, мэриянын атынан жардам сурап кайрылганбыз. Ал аянттын курулушуна колумдан келишинче жардам берем деп айткан, бирок кийин бюджеттин тартыштыгына байланыштуу акча бөлүнбөй калган", - дейт А.Раматиллаев.
"Эркиндик" аянтын кайрадан курууга облустук ардагерлер кеңеши каршы болушкан
Мурдагы "Эркиндик" аянтын кайрадан куруу иши башталганда Жалал-Абад облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров баш болгон бир топ адамдар каршы болуп чыгышты. Бул боюнча облустук бийликте жолугушуулар өтүп, алар өздөрүнүн нааразычылыктарын Б.Адыловго ачык эле билдиришкен. Алар тарыхый мааниси бар аянтты бузуунун кереги жоктугун, бюджеттин каражатын үнөмдүү пайдалануу керектигин айтышкан болчу. Ардагерлердин айтымында, бул аянт буга чейин эки жолу оңдоого дуушар болгон. Биринчиси 2003-жылы курулуш иши башталып, ал жерде өсүп турган бак-дарактар түбү менен алынып, алар "Телтору" ат майданы менен шаардын көчөлөрүнө көчүрүлгөн. Анын ордуна үч кабаттуу фонтан аянты курулган.
"Ал фонтаны бар аянтты куруу боюнча ошол мезгилдеги облус губернатору Жусупбек Шарипов ПРООН менен ушул маселени чечип, ПРООНго Жалал-Абад шаарындагы управалар менен кварталдык комитеттер кичи 10дон ашык долбоорду жазышкан. Борбордук фонтан аянты менен бирге №2-мектептин, Токтогул эс алуу паркынын темир тосмосу, парктын ичиндеги коомдук ажаатканасы бүткөрүлгөн. Жалпысынан 3 млн. сомго жакын каражат кеткен", - дейт шаардын экс-вице-мэри Садыр Айтбаев.
Ошондой эле, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сектор башчысы Ажимамат Исаевдин айтымында, 2005-жылы ошол фонтаны бар аянттын ордуна "Март ыңкылабынын башаты монументин" тургузуу боюнча атайын иш-чара иштелип чыгып, сынак жарыяланган. Маразыков деген скульптордун автордук эскизи өткөн. Сынактык комиссия талкууга алышкандан кийин иш башталып, атайын "Ак-Ниет" деген фонд түзүлгөн. Ошол фонд буйрутмачы жана куруучу болгон. Бардык район-шаарлардан аталган фондго акчалай жардам көрсөтүлгөн. Президенттин резервдик фондунан 3 млн. сом акча берилген.
"Кийинчерээк "Ак-Ниет" фондусу өз убагында курулушту бүткөрө албай калгандан кийин, атайын буйрук менен буйрутмачы болуп, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациянын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы дайындалган. "Март ыңкылабынын башаты монументи" Жалал-Абад шаарынын 135 жылдык мааракесине карата 2007-жылы бүткөрүлүп, тапшырылган. Бүткөндөн кийин шаардын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген. Мен жаңылышпасам, курулушка 7 млн. сомго жакын каражат кеткен", - дейт А.Исаев.
Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тендерди өткөрүүдө катачылык кетирген.
Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин директору Акылбек Нуркуловдун берген маалыматына караганда, "Эл Достугу" аянтын кайра куруу жумуштары боюнча 2012-жылдын 17-апрелинде тендер өткөрүлүп, "Транс-Юг-Авто" жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) 25 млн. 147 миң 767 сом, ал эми 12-октябрда ошол эле аянттын кошумча жумуштарын аткарууга тендер өткөрүлүп, 7 млн. 938 миң 832 сом утуп алган. Аянттын жалпы баасы 33 млн. 86 миң 599 сом болгон. "Мир" кинотеатрынын алдындагы аянтты реконструкциялоо жумуштары боюнча 2012-жылдын 14-майында тендер өткөрүлүп, "Эрк-Строй" ЖЧКсы 9 млн. 363 миң 90 сом, экинчи жолу 12-октябрда 3 млн. 342 миң 100 сом утуп алган. Бул аянттын жалпы баасы 12 млн. 705 миң 190 сом болуп бааланган.
Эки аянтты кайра куруу иши жергиликтүү бюджеттен каржыланып жаткандыктан, күзүндө шайлоого катыша турган саясий партиялар аркылуу бийликке келүүнү каалаган айрым саясатчылар муну өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн да пайдаланып кетишти. Ошентип, Б.Адыловдун оппоненттеринин көмөгү менен бир нече жолу тоголок каттар Президентке, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, укук коргоо органдарына жиберилет. Анын натыйжасында текшерүү иштери башталып, тендер өткөрүүдө бир нече тартип бузуулар аныкталат.
КР мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин (МУКК) Жалал-Абад облустук башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Алайбек Нургазиевдин айтымында, тендердик комиссиянын курамында депутаттар, мэриянын кызматкерлери болгон. Алар атайын адистер эмес, тендер өткөрүү үчүн лицензия алышы керек. Шаардык кеңештин кабыл алган токтомунун негизинде, тендерди өткөрүү, техникалык жагы шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине жүктөлгөн. Тендердик комиссиянын төрагасы ошол департаменттин кызматкерлери: Бурханов, Жороева, директору Нуркулов болгон.
"Ушул адамдардын кетирген катачылыгынан улам, азыркыга чейин курулуш иши бүтпөй, түзүлгөн келишим аткарылбай жатат. Биринчи булар керектүү документти бүтүрүп туруп, тактап, экспертизадан өткөрүп, анан реконструкция жасоого уруксат бериш керек эле. Тендердик комиссия эскиздик долбоор менен сүрөт аркылуу тендер өткөрүп, "аянттарды кургула" деп берип жатат. Эскиздик долбоор менен смета түзүлбөйт. Муну "Транс-Юг-Авто" ЖЧКнын жетекчиси Н.Сидиков, "Эрк-Строй" ЖЧКнын жетекчиси Э.Паизов өздөрү эле "биз ишти баштаганда эскиздик эле долбоор болуп, жумушчу долбоор болгон эмес" деп тергөөдө көрсөтмө берип жатышат", - дейт А.Нургазиев.
Мындан сырткары, эки аянтты куруу боюнча тендерди өткөрүүдө кетирилген катачылыктар боюнча А.Нургазиев өз оюн төмөндөгүчө билдирди:
- Бул жерде "Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө" мыйзамда көрсөтүлгөн ар бир пункттары тендерди өткөрүүнүн күнү, сааты, жери так аткарылган эмес. Тендердик комиссиянын негизги катачылыгы - курула турган обьектилерге тендер жарыялаганга чейин архитектуралык пландаштырылган жумушчу долбоору түзүлгөн эмес, ал долбоорлор керектүү мамлекеттик экспертизадан өтпөгөн. Ошолору жок болгондуктан, булар эскиздик долбоор менен кабыл алып, тендерден утуп алган фирма ишти баштай албай туруп калган. Себеби, иш долбоору жок болгон. Анан алар аянтты бузуп алып, эмне кылышын билбей калат. Архитекторлор өз жеринде келип, ошондон кийин параллелдүү түрдө иш долбоорун түзүүнү чечишкен. Мыйзамда мындайга жол берилбейт. "Эл Достугу" аянты стратегиялык обьектилердин катарына кирет. Мамлекеттик бюджеттен каржыланып жаткандан кийин биринчиден, сөзсүз түрдө мамлекеттик экспертизадан өтүш керек. Мамлекеттик экспертизадан өтүп: "Силердин долбооруңар туура келет, дал келет" дегенден кийин гана курулуш иши башталышы керек болчу. Мына ушул нерсе болгон эмес, - дейт ал.
(Уландысы 12-бетте)







Пикир: