Манастын элин "мародер" дебегиле

"Улутман" саясий партиясынын төрагасы, Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк конгрессинин президенти Саызыкбай Турдумалиевдин "Кыргыздар! Биз уңгулуу элбиз! Биз көрөңгөлүү элбиз. Биз Манастын элибиз. "Манастын эли" болуу оор озуйпа. Оор жүк. "Манастын эли" болуу ар кимдин эле пешенесине жазылган эмес. "Манас-тын эли" деген ыйык атка татыктуу бололу. Эл - эне, жер - ата. Өз элиңди жамандап, өзгө элдин кадырына жетем дебе. Өз жериңди жамандап, өзгө жерден бактыңды издебе. Сен канчалык башкаларга көшөкөрлөнбө, башка эл сага эл болуп бербейт, башка жерди жердеп, курсагыңды тойгузган менен, башка жер сага мекен болуп бербейт. Эл мазар, элден безген - азар. Элдин эки тиреги бар, биринчиси - акылман, экинчиси - баатыр. Элге эл кошулган - дөөлөт, элден эл бөлүнгөн - мээнет. Элге кылган жакшылык жерде калбайт. Калкымдан айрылдым дегиче канатымдан айрылдым де. Эр эл менен бийик, элден чыккан кийик. Биз, ар бирибиз "Манастын эли", эл тууралуу кесир сүйлөөгө акыбыз жок. Элди жамандоого, кыянат сүйлөөгө, элге чыккынчылык кылууга укугубуз жок" - деген жалпы элге кайрылуусун окуп, көңүлгө көп нерселер кетти.

Сазыкбай аке туура айтат. Кыргыз уңгулуу эл. Кыргыз - көрөңгөлүү эл. Кыргыз-Манастын эли. Кыргыз тууралуу, кыргыз эли тууралуу жаман сөз укканда, менде да кадимкидей аллергия пайда болот. Өзгөчө кыргыздын өзү кыргыз эли жөнүндө "кыргыздар улут болуп калыптана элек, биз улуттун деңгээлине өсүп жете элекпиз, биз да элбизби" дегендей маанайдагы көз караштарын айтып, кыргызды жамандай баштаганда, кадимкидей чыйрыга түшөм. Менин намысыма тиет. Өз эли тууралуу кир, ыплас ойлонгон мекендештеримди аяйм, бечара экенине кейийм.
Өзгөчө акыркы жылдарда 2005-жылдын 24-марты менен 2010-жылдын 7-апрелинин түнүндөгү Бишкекте болгон талап-тоноочулукту бетке кармашып, кыргызды "мародер" атап жамандаганды адат кылып алгандар көбөйдү. Минтип акылы ашып-ташкандар Кыргызстанда болгон бул эки элдик ыңкылапты Япониянын Фукусимадагы атомдук станция жарылган окуя менен салыштырып, "Карагылачы, япон элин - улут болуп калыптанган да, ошон үчүн ээн калган шаарда эч кандай талап-тоноочулук болгон жок. Эгер, япондуктардын ордунда кыргыздар болсо, анда Фукусиманы ошол эле түнү тоноп, катуудан казаны, жумшактан күлү калмак, анткени биз улут катары калыптанган эмеспиз" деп өтө эле акылдуу жыйынтык чыгаргандарды жакшы көрүшөт. Минтип карапайым адамдар же эсине кире элек балдар айтса да мейли эле, антип, жашы улгайып калгандар, журт кадырманы боло турган куракка келип калган адамдар айтышат.
Кыргызда "жакшы карыш керек" деген кеп бар. Адам карыганда, нускалуу сүйлөп, нускалуу карыганы жакшы. Өз улутун малга теңеп, өзгөлөрдү айга-күнгө теңеп, куру акылдуусунуу бул нарктуулукка, салттуулукка жатпайт. Анча болду, мен кыргызды "мародер" деген аксакал-көксакалдарга каяша айтсамбы деп турам. Биринчиден, Кыргызстанда 2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде элдик революция болуп өттү. Эл текей тергени Акүйдүн алдына чыккан жок. Кыжыры кайнап, көзү канталап, Акаев менен Бакиев колуна урунса, жүндөй кылып тытып иеин деп чыкты. Тиги экөө Бишкектен, Кыргызстандан сыртка сыртка чыгып кеткени үчүн аман калды. Эгер, элдин колуна тийсе, эл ал экөөн, алардын үй-бүлөсүн тирүү калтырмак эмес. Жүндөй кылып тытып кетишмек. Туура, ошол ачуусу менен ал күнү көтөрүлүшкө чыккандар ачууга алдырып койду. Ал ортодо жини кайнаган элди шыкактагандар да болду. Дүкөндөр талкаланды. Акүй өрттөндү. Албетте, өрттөбөсөк болмок. Акүй да, "Народныйлар" да, башкасы да өрттөнбөсө болмок. Арийне, Акаев менен Бакиев бийлигине 20 жыл бою тирүүлөй өрттөнүп, тирүүлөй талап-тонолгон карапайым элдин талап-тоноочулукка барышы мыйзам ченемдүү нерсе эле. Мындан бүтүндөй кыргыз элин "мародер" атап, трагедия жасап кереги жок. 20 жыл бою эзилген эл, жарым ачка, жарым жылаңач жашаган эл ачууга алдырып Акаев менен Бакиевдин мүлкү, дүкөндөрү деп, "Народныйларды" өрттөгөн экен, мындан улам эле бүтүндөй кыргыз элин "мародер" деп атаганыбыз өтө эле осолдук. Акмакчылык. Өрттөнсө, таланып-тонолсо, Акаев менен Бакиевдин мүлкү дегендер өрттөлдү, жамандын кесепети демекчи, тиги экөөнүн кесепети жүздөгөн бечара бизнесмендерге тийип кетти. Жүздөгөн адамдардын бизнеси күйдү. Оокатынан айрылды. Мында талаш жок. Маселенин тузу ушерде. Эгер, Акаев менен Бакиев бийлиги адилет болгондо, 2005-,2010-жылдагы элдик революциялар да, Акүйдөгү авторитардык бийлик кулаган түндөгү талап-тоноочулук да болмок эмес. Эмне үчүн биз Акаев менен Бакиевдин 20 жылга созулган талоончулук бийлигин, кыйраткыч саясатын айыптабайбыз да, 2005-жылдын 24-марты, 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулук үчүн "кыргыздар мародер" деп айыптайбыз. Мен муну менен талап-тоноочулукту актагым келбейт. Бирок, "алагушту атынан ата" дегендей, ким мародер экенин атынан атасак кантет? Эгер, Кыргызстанда мародерлор болгон болсо, анда алар - Акаев менен Бакиев. Алардын үй-бүлөсү. Башка эч ким!
Экинчиден, ошол эле Кыргызстандагыдай эле элдик ыңкылаптар болгон араб мамлекеттерин карагылачы. Ал жакта талап-тоноочулукту мындай койгула, жарандык согуш жүрүп жатат. Дүкөндөрү эле эмес, шаарлары кыйрап калды. Мамлекети кыйроо алдында турат. Кудайга шүгүр, Кудайыбыз бар экен. Биз ушуга шүгүр кылышыбыз керек. "Кыргыз да элби" деп Манастын элин жамандагандан мурда, "кесир сүйлөп алган жокмунбу" Кудайдан кечирим сурашыбыз керек.
Үчүнчүдөн , өнүп-өнгөн, биз суктанган Европа мамлекеттерин карагылачы, футболдук мелдештерден кийин футбол фанаттары жолдон кезиккен машина болобу, дүкөнбү өрттөп, талкалап кетип жаткан жокпу? Кокус, аларда Кыргызстандагыдай революция болсо, эли жарым жылаңач, жарым ачка жашаса кандай болот, аны элестетүү кыйын.
Төртүнчүдөн , Япониянын Фукусима шаарында элдик көтөрүлүш болгон жок. Ал жерде табият кырсыгынан соң, атомдук станция аварияга учурады. Аба да, үй-жай да, тамак-аш да, баары ууланды. Атомдук уулануу деген эмне экенин япондуктар жакшы билишет. 1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Хиросима жана Нагасакиге ташталган атомдук бомбадан кийин, бул эки шаар жер менен жер болуп талкаланып, миңдеген адамдар курман болушкан. Миңдеген адамдар өмүр бою атомдук бомбанын залакасын тартып жүрүп өтүшкөн. Минтип, атомдук кесепетти көргөн элге ууланып калган шаарды талап-тонош керек деген ойдун өзү жат экени түшүнүктүү эмеспи. Фукусима ууланган шаарга айланган үчүн ал жактан эч ким эч нерсе уурдаган жок. Арийне, Японияда мародерлук фактысы болбогон менен, Фукусимада атомдук станция аварияга учураган күнү "Күн чыгыш өлкөсүнүн" чоң шаарларындагы супермаркеттерде азык-түлүктөр, өзгөчө ичүүчү суулар бир күндүн ичинде сатылып кеткенин бүт дүйнөлүк телеканалдар ошол эле күнү айтып чыгышканы күнү бүгүн эсимде турат. Биздин кадырман аксакалдар муну эмнеге эскеришпейт да, кыргызды жамандайт?
Андыктан, аксакалдарга айтарым, кыргызды жамандап, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция менен Япониянын Фукусима шаарындагы атомдук станциядагы авариядан кийинки абалды салыштыруу - өтө осол нерсе. Бул "тигил калмак, бул калмак" деп, алаканга толбогон кыргызды ич ара бөлүп-жаргандай эле кеп.
Мен биерде бир гана мисалды айтып, ага түшүндүрмө берип жатам. Дегинкисинде, кыргызды башкалар эмес, кыргыз өзү жамандайт. Боктойт. Сөгөт. "Кыргыз да элби?" деп элге асылат. Президент жаман болсо да, элди күнөөлөшөт. Депутаты, парламенти жаман болсо да, эл күнөөлүү болуп чыга келет. Менимче, элди жамандап, элди күнөөлөп, элди боктогонду токтото турган убак жетти. Мен "кыргыз улут катары калыптана элек" дегенге кошулбайм. Кыргыз - эл катары капкачан эле калыптанган. Сазыкбай Турдумалиев деген агам туура айтат, кыргыз мындан 3 миң жыл мурда эле эл катары калыптанган. Эл катары, улут катары калыптанбаган эл тил жарата алабы? Кыргыз тили жаралганда эле, биз эл катары калыптанганбыз. Мен ар дайым ата-бабаларга таазим этем. Бизге караганда ата-бабаларыбыз акылдуу болгон экен. Алар бизге, кыргыз тилин жаратып, мурас калтырды. Биз бүгүн "Кыргыз мамлекетинде кайсы тил расмий болуш керек, кайсы тил мамлекеттик болуш керек?" - деп, ошону чече албайбыз. Эгер, биздин маңдайыбызга тил жаратуу озуйпасы туш келгенде, анда биз тил жарата алар белек? Илимдин жүз докторун, миң профессорду ар бирине миллион сом айлык акы коюп, тил жарат дегилечи, тил жарата алар бекен? Жарата албайт. Ата-бабаларыбыз бизге каада-салттарды калтырган экен, бүгүн ошол салттарды "эски" деп чанып, бизге "туура келгенин алып, калганын жоготуу керек" деп кыйынсып жатабыз. Ревизия жасагыбыз келет. Ой, кудайды карасаңар боло, ата-бабалардын салтын чангандай, биз өзүбүз эмне кыйраткан салт ойлоп таптыкпы? Кыргыздар уруу сүрүштүрөт деп, уруучулдуктан өйдө көтөрүлө албай койдук деп, уруу сүрүштүргөндөрдү жактырбагандар четтен табылат. Батыштын өнүккөн өлкөлөрүнөн "саясый партия" дегенди үйрөндү элек, бүгүн саясый партиялар иттин кара капталынан да көбөйүп, азабыбызды тартып жатабыз го. Андай болгондо, Манастын эли тууралуу кесир сүйлөп, элди жамандагандар өз сөзүн кайра артка алышы абзел.






Пикир: