Молтой Туман
Т А Ш Б А Р А Ң
"Киндик каным тамган айылым - Бакайырга, арка - бел туткан элиме арналат".
Автор

(Башы өткөн санда)

Мамлекетибизди, улутубузду ойлой тургандар барбы? Эртең урпакка эмне деп жооп беребиз? Бизди урпак кечирбейт.
- Деги эмне кыл деген турасың? - деп Карымшак ормое карады Эшимди.
- Бир кишинин колунан келе турган иш эмес.
Биринчиден, жер, суу, кен, жана башка байлыктарды сатпаш керек. "Сатам" дегендерге жол бербеш керек. Жалаң эле бул маселе эмес, толгон - токой маселелер бар. Бирок, бардыгы бири - бирине байланышкан, чырмалышкан. Атайын жасалып жаткан нерсе. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дейт элибизде. Абдан таамай айтылган сөз. Эсил кайран "ЭСЭСЭР" өзү эле кулап түшкөн жери жок, ошондой болгону бирөөлөргө керек болду. Улуу Орус эли туруштук бере албаганга биз туруштук бере аларыбыз күмөн. Бирок, "жатып өлгөнчө, атып өлүш керек". Илгертен кыргыз эли жоокер эл болгон, баатыр эл болгон.
- Ой, сенин билбеген балээң жок экен да, ыя? Баатыр болуп экөөбүз эми кимди атып салалы? - деди Карымшак Эшимди какшыктап.
- Сен какшыктаганча угуп турсаң. Кеп, менин билип - билбегенимде эмес. Сөздү бөлбөй, чыдап уксаң. Биздин карызга белчеден эмес, кекиртектен батканыбыз дагы, эне - тилибизди кыйратып өздөштүрө албай, өз эли - жерибизде өз тилибизди таамай колдоно албай жатканыбыз дагы, бирөөлөргө керек болуп жаткансыйт. Жаштарыбызга Ата Мекенге болгон сүйүүсүн ойготуу, тарбия берүү иштери дээрлик жүрбөй жтканы дагы, иш издеп, бала - чакасын таштап, тентип кетип жатканыбыз дагы, кыздарыбыз "көчө бойлоп" кеткени дагы, дагы - дагы толгон - токой иш, маселелер кимдир бирөөлөргө керек. Болбосо, мынчалык болмок эмес.
- Атайын жасалып жатат деген турасыңбы? - деди Карымшак какшыктаганын койбой.
- Ооба. Жанатан мен эмнени айтып жатам сага? Мына угуп тур. Жаштайынан тарбия көрбөгөн муундарыбыз ким болот? Туура, ууру - кески, шылуун, жалганчы, жалкоо, билимсиз, наркоман, аракеч болот. Мунун баары кайдан чыгат? Өзүбүз чыгарып, өстүрүп жатабыз. Бизге "жардам" берип жатышат. Жаштайынан туура тарбиянын жоктугунан, "тескери учкан жагалмайдай" болуп жатат. Күнү - түнү көргөн - укканынын баары "ыплас", элибизге жат көрүнүштөр болуп жатса, жаштар кайда качмак эле? "Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат" дегендей.
- Кантип эле балдарыбызды жаман болсун дейли? Сүйлөйт десе сүйлөй бербе да? - деди Карымшак териге түшкөнсүп.
- Балдарыбыз жаман болсун дебейбиз, биз үчүн башкалар "деп" койгон. Өзүң ойлосоң. Элдин дээрлик көпчүлүк бөлүгү начар жашайт. Жакшы жашаш үчүн, уурдаш керек. Ошого өбөлгө, шарт түзүлгөн. Бири - бирине көз каранды кылып койгон.
Бул бир жагы.
Жалпы коом бузулуп баратат. Ушунун баарын "чоңдор" билбейт дейсиңби? Билет. "Бийик" жерде туруп алып калп эле "күрөшөбүз" деген болот. Күрөшпөйт. Күрөштүрбөйт.
Кытай элинде мындай сөз бар: "Бесплатный сыр бывает только в мышеловке" деген. Кандай таамай айтылган сөз. Бизге бекер келип жаткандай болгон "жардамдардын" баарын акыр бир күнү кайтараар мезгил келет да. Биз кайтарбасак дагы биздин балдарыбыз, балдарыбыздын балдары, кыскасы качандыр бир күнү "кустураары" бар, "кустурбай" койбойт. Кустурбаса эмнеге алтыныбызды, суубузду, жерибизди, кылган ишибизди талашып жатат. Итке сөөк ыргыткансып "ме" деп атайын жардам беримиш болуп жатат. Анткени, өтө көп алып алгандан кийин, "келе" дегенде "ме" деп шыр кайтара албаарыбызды алар билишет.
Болбосо, сыртка, бирөөлөргө кол сунуп, "берчи" деп отурбай, өз "арабабызды өзүбүз айдасак" болбойт беле? Биздин, казак, өзбек туугандардан, акорус (белорус), элинен эмнебиз кем? "Газыбыз, көмүрүбүз жок, кедейбиз" дегенге мен таптакыр кошулбайм. Биздей бай мамлекеттер көп эмес. Газыбыз дагы, көмүрүбүз дагы өзүбүзгө, бала - чакабызга жетээрликтей бар. Кыргызстан ошончолук эле кедей болсо, эмнеге эле (жакындарды айтпайын), океандын ар жагынан баштап, жан талашып Кыргызстанга кызыгын артып жатышат. Акылдуу адамды деле "акмаксың, акмаксың" деп башка чапкылай берсе, акыр бир күнү "ии, акмак турбайымбы" деп ишенип калышы мүмкүн. Болбосо кичинекей - чакан мамлекетибизди тыптыйнактай кылып, гүлдөтүп өстүрсө болот эле да. Гүлдөткөнгө көп акылдын деле кереги жок. Ишти туура жолго салса эле, байлык биздин таманыбызда. Эңкейип алгандан эринип жатабызбы же эңкейсек эле желкеден ары бир муштап, жерге киргизгени турабы?
- Дегеле, карасаң мунун акылдуулугун. Сенден мыкты, мээлүү окумуштуулар башын мыкчып, "элди кантип багабыз?" деп ойлонуп, жолун таппай жатышат. Кыйын экенсиң жашообузду оңдоп жибербейсиңби, өзүң айткандай кылып? - деп Карымшак бир чети шылдыңдагансып, экинчи чети, кыйынсынган Эшимге жини келе түшкөндөй болду.
- Мени ким угат дейсиң? Мен Улуу орус эли айткандай "мысли в слух" айтып жатам да, башкага айта албасам да сага айтып дегендей. Менден башка мыктылар, күнүгө гезиттин бетин бербей безилдетип жазып, илимде далилденген мыйзамдарга такап жатышса дагы эч ким көңүл бурбай жатпайбы, укмаксанга салып. Жанатан айтып жатканымдын бир далили мына, ушул.
- Кайсы?
- Угуп тур, иштетпейт дебедимби. Мисалы:
Алыс барбай эле, биздин айылды алалы. Бизде, эл эмне менен оокат кылат, мал чарбасы анан дыйканчылык менен, туурабы? Кийинки күндөрү элдин көпчүлүгү эмне иш кылат? Туура, "төө буурчак", бизче айтканда "новуя" эгишет. Өзүң билесиң, төө буурчакты өндүрүш үчүн кандай гана азап - тозокту баштан өткөрбөйбүз? Жерди айдатып, тегиздетип, жөөгүн салдырып андан соң, эктиресиң, жер семирткич септиресиң. Мунун баарынын ыгым - чыгымын мен айтпасам да сен сопсонун билесиң.
Өнүп чыккандан кийин, чаптырып, чөбүн ототуп, сугартып, жулдуртуп, кургатып, аягында комбайнга тарттырып, койчу түшүмүн алганча канча түйшүк тартасың, канча деген күч - кубатыңан, нервиңен ажырайсың. Ушундай азапты, кордукту көрүп, анан түшүмдү өткөрө келгенде эле, кеткен ыгым - чыгымыңды араң жаап турса, кээде жаппай да калып жатса, баасы 30 сомдон ашпай турса, жаның кашаят да, туурабы? Ушунун баары мурун мамлекет тарабынан уюштурулчу.
Мына, өкмөт бир тыйын чыгын болбой туруп эле, ушул биздин, элдин өндүргөн түшүмүн өзү сатып алса болбойт беле? Буга көп акылдын кереги жок. Дүйнөлүк базарда (мировой рынок), төө буурчактын баасы 10 америка долларын түзөт экен. Биздин акча менен (азыркы акча бирдиги менен) 350 - 400 сомду түзөт.
Илгерки, эсил кайран ЭСЭСЭРдин убагындагы "даярдоо кеңселерин", орусча айтканда "заготконтораларын" кайра ачып, элден 100 эле сомдон алып, кайра башка мамлекеттерге 300 сомдон эле сатсынчы, канча деген пайда көрөөрүн эсептеп чыгыш кыйын эмес. Жеке киши башка мамлекетке сата албайт, билесиң, жол кире, бажы жаңжалы дегендей толуп жаткан "баш ооруу" бар. Ал эми мамлекет деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "экспорттосо" болот да. Эмне үчүн минтпейт, акылы жетпей жатат дейсиңби? Жок. Акылы жетет бирок, кылдырбайт. Кылайын дегендердин жолун тосушат. Колун кесишет. Ага да көнбөсө "ким билди" кылып өлтүрүшөт. Себеби жөп - жөнөкөй. Мамлекетке түшө турган пайданы, үстүндөгү айрыманы "өздөрү" бөлүштүрүп алып жатат. Элге, өкмөткө бергиси келбей жатат.
- Ой, саат канча болду өзү? Мен, үйүмдүн тушунан эбак өтүп кеткен турбайымбы? Айылдын шамдары да күйүп калыптыр. Кой, мейли анда сак - саламатта бол, мен кеттим. Аңгемең кызык экен, аттиң шашпай уксам жакшы болмок экен? - деп Карымшак Эшимге колун сунду.
- Жүр, биздин үйгө. Үйүңө барганда эле эмне кыласың? Телевизор болсо иштебейт. "Свет" болсо жок. Андан көрө бир азга аңгемелешип отуралы, кемпириме куурдак куурутуп, самоордун чайынан ичели, - деди Эшим тигинин колун кое бербей.
- Рахмат, башка күнү ичээрбиз. Үйгө барайын, балдар эмне болду экен? Улуусу таянесиникине кетти эле, келди бекен, билейин? Анан, баягы эле бүтпөгөн көр тирилик да, бир азыраак иш бар эле, балдарга баш - көз болуп турайын, - деди Карымшак Эшимдин колунан колун сууруп.
- Караңгыда кайдагы жумуш? Шам жагып алып кайсы жумушту бүтүрөсүң? Кудайдын берген "эртеңи" келгенде эле иштесең деле жетишесиң, "караңгыда каман күркүрөйт" болбой.
- Ээ досум, тирилик деген бүтчү беле?
- "Элүү граммдан" экини "тептиребиз", "самоордун чайы" деп тергеп айтсам да түшүнбөйсүң? - деди Эшим жармашканын койбой.
- Ыя? Андай болсо мейли, болуптур, барса барайын. Жумуш бүтпөйт атасын оозун урайын, өлгөндө эле бүтпөсө, - деп гүл-гүлүнөн жанды Карымшак "элүү граммды" укканда.
Жогортон чымын - куюн болуп "учуп" келе жаткан машина Карымшак менен Эшимди коюп кете тургандай болуп, жанынан "шуу" этип өтө берди. Эшимдин шамдагайлыгынан аман калышты, болбосо чоң жүк ташыгыч КамАЗ экөөсүн эки жерге тоголото койдуруп кетмек экен. Карымшакты түртүп жиберип, өзү жолдун четинен алыс секирип кеткен Эшим, чалынып барып оңоло калды. Байкоосуздан келе жаткан Карымшак, Эшимдин түрткөнүнөн чалкасынан кетип, ылай сууга түшүп кала жаздап, колу менен таяна, тизелей калып туруп кетти. КамАЗ болсо тигилерге көңүл бурбастан, калдырап - шалдырап, "куйруктан" кур калгансып "сызып" баратты.
- Ой, энеңдурайын бул ким? - деп Карымшак сөгүнүп калды.
- Өлгөнү калган неме го, номурун да көрө албай калдык? Биздин айылдын машинасы эмес, - деди Эшим, кетип бараткан машинанын артынан үңүлө карап.
- Мас баштанат, болбосо соо киши минтип айдабайт да, - деп жатты Карымшак кир болгон кийимин кагынып.
Азыркы кеткен машинаны сөз кылышып, экөө ээрчишип Эшимдин үйүнө келишти. Үйдө шам чырак күйүп туруптур. Короодо кемегенин жанында күйпөлөктөгөн Эшимдин келинчеги Апаркан тигилерди утурлай басып:
- Келгиле. Свет болсо жок, "газ балон" түгөнүп калыптыр, минтип тезек жагып, убара болуп жатам, - деп жылмайды.
- Арбаңыз аяш? Кандай аманчылыкпы? Жыйырма биринчи кылымдын босогосунда туруп, тезек жаккан убакка кайрылып барабыз деп ким ойлоптур, - деп Карымшак Апарканга карады.
- Шүгүр. Өзүңөр кандай турасыңар? - деди Апаркан.
- Ой, кандайын сурайсың, аяш? Азыр эле Эшим экөөбүздү бир жиниккен машина коюп кете жаздады? Биринчи кудай экинчи Эшим сактап калды, - деди аптыкканын баса албай Карымшак.
- Байбиче, куурдагыңан кууручу, үйгө конок келди. Ооба, катуу келе жаткан КамАЗдын шопуру мас баштанат, бир кудай сактап калды, - деди Эшим.
- Азыр, тез эле даяр кылам, куурдакты. Силер үйгө кире бергиле, - деп шашкалактап калды Апаркан.
Эшим коногун үйгө киргизди.
Төргө көлдөлөң көрпөчө салып, Карымшакты "отур" дегендей ишарат кылып, башын ийкеди. Ортого дагы бир шам чырак алып келип койгон келинчегине карап, Эшим:
- Тагайга айтчы, самоор койсун, анан "алигиден" апкелгилечи, Какең экөөбүз куурдагың бышкыча бир азыраак эрмек кылалы, - деди.
Башын ийкеген Апаркан сыртка чыгып кетти.
- Жана сен эмне деп жаттың эле? - деп Карымшак Эшимди суроолуу карады.
- Жашообузду оңдоо үчүн, жакшы "идеяларды" аткартпайт, кылдыртпайт дебедим беле, - деди Эшим Карымшакка карап.
- Ии, айткандай, ким кылдыртпайт?
- Менин да суроом ушул. Бирок, менин баамымда "ЭСЭСЭРди" кимдер коңторсо, ошолор кылдыртпайт. Мына, жогоруда мен келтиргендей мисалдар толтура. Мен бир эле төө буурчакты айттым, ал эми биздин түндүгүбүздө эле буудай, арпа, сулу, картошка, кызылча, алма, алмурут, өрүк, кара өрүк, помидор, бадыраң, пияз, сабиз, баклажан жана башкалар баары өсөт, түштүгүбүздү айтпаганда. Түштүктөгү өсчү жер - жемиштерибизди, чынын айтсам толугу менен билбейм, оголе көп.
Демек, биз жалаң гана айыл - чарбасын өнүктүрсөк, жакшы жашоого жол ачкан болобуз. Өнүктүрө турган да маселе жок. Анткени эл өзү өндүрөт, илгеркидей "жер айдоо компаниясы", "себүү компаниясы" деп өкмөт башын оорутуп отурбайт. Болгону элди убара кылбай бир жерден, туруктуу бир баада, дыйкандар үзүрүн көрө турган баада сатып алса, андан ары мамлекеттик деңгээлде сатууну уюштурса эле болду. Завод, фабрикаларды "бутубузга туруп" алгандан кийин деле куруп - иштетсек жетишебиз.
- Ким кылдырбай жатканын билбесең билбейт чыгарсың, бирок кыйытып айтып кеттиң баштанат. Мен деле өтө келесоо эмесмин. Эмне үчүн кылдырбай жатканын билесиңби деги, себеби барбы? Ушунун баарына башың "жетимиш" болуп жаткандан кийин, себебине "башым жетпей жатат" десең, ишенбейм.
- Бар, билем. Себеби, эл канчалык жаман жашаса, ошончолук башкарганга оңой болот. Жөнөкөй эле мисал, минип жүргөн атың семиз болсо, ойноктоп, мойнун толгоп, ала кача тургандай болуп, секирип турат. Эл дагы ошондой, канчалык ток, жакшы жашаса, ошончолук баш бербейт, бийлик талашат. Көпчүлүк эл антпеши да мүмкүн, бирок ошентет деп ойлошот. Бул, дагы бир "шылтоо".

(Уландысы бар)




Пикир: