Эл үнү
1000 күн өттү
Чыңгыз жана чындык
Башкаларды билбейм, мен кыргыз болуп жаралып калганым үчүн сыймыктанам. Анткени, кыргыз улуу эл. Касиеттүү эл. Аны далилдеп да кереги жок. Кыргыз байыркы эл, баатыр эл, таланттуу эл десең, бүгүн кыргыздар өздөрү күлүшөт. Мейли, мен андай кемчонтойлор менен талашкым да, кыргыздын улуу эл экенин далилдегим да келбейт. Дегеним, короз кыйкырбаса деле таң аткандай, алиги кыргыздын өзүнөн чыккан кемчонтойлору антип канчалык былжырабасын, кыргыз эли улуу бойдон кала берет. Андай майда кептер, кесирленүү кыргыздын улуулугуна көлөкө түшүрө албайт.

СССР деген социалисттик кең державанын адабият тармагы боюнча улуу сыймыгы - Лениндик сыйлыгы улуубу же СССР деген коммунисттик мамлекеттик кол баласы "койчуманы" Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (адабият тармагы боюнча) улуубу? Лениндик сыйлыкка Айтматовдун "Жамила" баш болгон "Тоолор жана талаалары" ("Повесть гор и степей") 1963-жылы Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. Ал эми бөлөк чыгармалары үч жолу СССР деген ири өлкөнүн (1968, 1977, 1988-жж) мамлекеттик (Сталиндик) сыйлыктарына арзыган. Булар Кыргыз элинин Улуу жазуучусунун СССР деген ири державадан алган сый урматтары. Чет элдик, дүйнөлүк адабияттардагы сыйлыктардын, ардактуу орден-медалдарын атасак өтө көп жана сыймыктуу. Китептеринин нускасы боюнча орустун улуу жазуучулары Л.Толстой, М.Горький, М.Шолохов жана башкаларынан өтсө өтөөр, асты кем калбайт. Айтор, дүйнөлүк адабият классиктеринин алдыңкы тобунда тураары анык. Бул чындык. Кыргыз деген тарыхый Улуу эл бар экендигин азыркы шартта дүйнө журтчулугуна Чыңгыз Төрөкулович таанытты, муну моюнга алуубуз керек. Эми Чыкебиздин эл журтуна калтырган опол тоодой эмгектери кылымдардан-кылымдарга дүйнө алкагында жашай берет, изи өчпөйт дагы. Мезгил-мезгили менен миллион нуска менен ар дайым чыга бермекчи.
Эми Чыкебиз өз элибизден "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүздөн" эмне сый, урмат көргөндүгүн учкай эрикпей айтып эстеп койсок болотко деген ойдомун.
Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы Айтматов 1979-жылы Лениндик сыйлык алгандан 16 жылдан кийин берилиптир. Адабият тармагы боюнча Лениндик сыйлыкка дүйнөлүк адабияттын корифейлери Луи Арагон (Франция), Муктар Ауэзов (Казакстан) жана россиялык ири жазуучулар сунуштаган. Кыргыз жазуучулары мыкты чыгармалар деп сунуштамак турсун Ысмайыл деген эл коргобогон качкын (дезертир), ууру уй уурдап союп жеп үңкүрдө жүргөн коркок, Жамила дегенибиз "бузулган аял" никелүү эри согушта жүрсө жарадар болуп тентип келген Даниярды ээрчип кеткен "шалп этек", "Саманчынын жолундагы" Алиманды эри согушта жүрсө никесиз төрөп алган уятсыз бети кара деп сомдогон жок белек? "Гүлсараттагы" Танабайдын түн катып көйнөк ыштанчан ойношчулук кылып жаан жаап жаткан чагылгандуу түндө чапкылап үйгө барганын жазгандыгын аттуу-баштуу жазуучуларыбыз, сынчыларыбыз партиялык жыйналыштарда "тепкилешкендерин" басмалардан китеп кылып чыгарбай коюшкандан кийин орус тилинде жазып чыгарбады беле. Алаамат жылдар - согуш мезгилинде атасыз, никесиз төрөлгөн уул-кыздар болгон жок беле? Болгон. Кыргызстан КПсынын борбордук комитети "сылап-сыйпап" чекесинен өөп сыйлабаган чыгар? Качан гана Лениндик сыйлык тийгенден кийин Кыргыз Республикасынын жана СССР Жогорку Советтерине депутат көрсөтүлгөн, ал дагы Москвадагы жетекчилердин сунуштамалары түрткүлөөсүнөн кийин болгон. Бардыгы кечигип берилген.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын анык мүчөсү академиктин даражасы (адабият) 1974-жылы ыйгарылган. Көрө албастык, ичи тардык, кенебестик, билбестик, билип туруп билмексен болуп калган арамзалык абдан өнүккөнбү деген ой да кетет. Чыкебиз болсо эл жеринен түбөлүк кетти, атасынын жанынан "Ата Бейиттен" түбөлүк орун алды. Элинен, жерине коюлуп топурак буйруду. Буга да тирүүлүктө каниет кылуубуз керек, бирок аз да болсо эл, коомчулук алдында уяткерчилик бар деп ойлойм. Бул ойлор жеке пикирим бирок, эл алдында колдоого алынат деген өкүнүчтүү пикирим. Алар атап айтсам: Чыкенин монументалдык эстеликтери "Ата Бейитте" Талас шаарына Кара-Бууранын Кызыл-Адырына туулуп өскөн айылы Шекерге алигиче коюла элек. Качан? Кайсы убакта, кандай шартта коюлары али белгисиз? Монументалдык скультуралык эстеликтерге конкурс жарыяланганбы? Шарттары кандай? Көпчүлүк элге али белгисиз. Эстеликтердин төл башы Бишкек шаарына коюлду, бирок кандай эл купулуна толдубу? Архитектуралык чечилиши кандай, кеп ошондо? Эстеликтин турган жери туура тандалган Ала-Тоо аянты "Манас Ата" менен учурашып тургандай. Эстелик Чыкеге окшош, бирок улуу Айтматов эмес колуна кармаган китеби жок бак ичинде сейилдеп костюмун ийнине салып эс алып жүргөн жөнөкөй адам болуп калгандай. Бул менин жеке пикирим.
Эми Ата-Бейитке кандай монумент коюлат кеп ошондо. Элибизге жерибизге дүйнөнүн бардык жеринен жеке адамдар, туристтер, мамлекеттик делегациялар, искусство чеберлери ат тезегин кургатпай келе берери бештен белгилүү. Алар "Ата Бейитке алып баргыла гүлчамбар коет элек, куран окуйт элек" дейт. Мамлекеттик шартта ар кандай ритуалдар аткарылат. Менимче эстелик монумент десе, кыргыз ат жалына өскөнбүз, Чыкеге Аккуладай ат мингизишибиз керек, мезгилинде мал чарба адиси болгон деп М.В.Фрунзедей кылып колду астыга сундуруп койбосок. Эстелик монументте Айтматов каармандарынын Жамила менен Даниярдын улуу сүйүүсү, дезертир Ысмайылдын, Сейденин чындыкты жеңе билиши, картаң ат Гүлсарат менен Танабайдын элестери, Эмрайн менен Мылтундун, энесин жаа огу менен аткан Дөнөнбай - маңкурттун ж.б. чыгармаларындагы каармандардын элестери бюст-барельеф түрүндө болсо да жасалышы шарт. Андай көркөм каражаттарды көргөн ар бир инсан чыгармаларды толук окуп чыккандай болот. Ошондой болсо гана дүйнөлүк Изоискусствонун талаптарына жооп берген болот. Ал эстелик монументтер 5-10 же 20 жыл эмес миңдеген жылдар, кылымдарды карытары анык. Ошондуктан коом- тарых алдында аткарар жоопкерчиликтүү атуулдук улуттук ар намыстуу милдеттерибиздин бири.
Муну Кыргыз Республикасынын башчылары президент - Алмазбек Шаршенович, өкмөт башчысы - Жантөрө Жолдошевич, парламенттеги 120 депутаттарыбыз терең ойлоп бирок, тез арада чечүүсү зарыл. Ансыз деле үч жыл 1000 (миң) күн өтүп кетти. Дүйнөлүк коомчулук алдында уят болуп жаткан жокпузбу? Эшмат менен Ташматты камактан чыгаргыла деп пикетке чыгып, ачкачылык жарыялайбыз. Эмне үчүн биз өзүбүзгө Чыкенин эстеликтери Ата-Бейитке, Таласка, Шекерге коюла элек деп суроо койбойбуз? Океңдер (россиялыктар) Санкт-Петербургга Чыкенин эстелигин коюп койду. Президент В.В.Путин өзү ачып лентасын кесип гүлчамбарын койду. Теледен көрсөттү. Ойлонгула, орундаткыла кыргыздар дегенсип. Чыңгыз Айтматов атындагы адабият, кино тармагы боюнча Эл аралык сыйлык уюштуруунун астында турат. Алар ачат, биз белимчидей болуп андан кийин ойлонобуз. Ыкшоолукту ошондо да көрсөтөбүз. "Өзүбүздү өзүбүз билебиз"- дебей Чыңгыз ага дүйнөлүк улуу адам дүйнөлүк шартта эстеликтери үчүн конкурс жарыялоо керек. Ошондой шарт конкурска дүйнөнүн дөө шаа скульптор-архитектору катышат. Жеңип чыккан өлкө каражатты өздөрү чыгарып куруп беришке ыктымал. Алар үчүн сыймык, биз үчүн утуш болмокчу. Болбосо каражат жок минтет элек, антет элек деп дагы далай жылдар Чыкенин 90 жылдыгын создуктуруп отуруп 100 жылдык мааракесине чейин созулуп кетиши мүмкүн. Кенебестиктин айынан улуу Манас эпосубузду ЮНЕСКОго, кытайга тарттырбайт элек го же бул калппы?
Дүйнөдөгү кайсы тилде чыккан китептеринин топтомдорунан 3-4-нускадан топтоп Бишкектеги улуттук китепканада, улуттук тарых музейинде, Ата-Бейиттеги музейде, Таласта, Шекерде эстелик комплекстеринде койсо болбойбу, болот да. Кол башындай чакан бюстун жасантып чет элдик туристтерге, мамлекеттик делегацияларга чапан менен калпак бербей Чыкенин бюстун берсе жарашмак. Элибизде баш кийимди бербейт, сыйлайт. Чет элдиктер аны кийип жүрөт дейсизби. Кандай гана шарт болбосун Кыргызстандагы бардык мектептеринде, айылдык китепканаларда Айтматовдун 8 томдугу милдеттүү түрдө турушу керек. Ага каражатты чет элдик инвестициялык каражаттан жумшаса болот. Ансыз деле келген каражаттар жок болуп жатат. Милдеттерибиздин бири Чыңгыз Айтматов атындагы адабият сыйлык кино тармагы боюнча да уюштурулса кино телефильмдер да өсүү жолунда болмокчу. Айтматовдун каармандары түшүрүлгөн открыткалар, альбомдор чыгуусу керек. Туристтер алып кетишмекчи. Айтматовдук окуулар мектептерде, ВУЗдарда жана колледждерде өтүп туруусу зарыл. Ошондой шартта гана дүйнө элине уят болбойбуз. Кыскача ой пикирим ушундай калган сөз Сиздерде урматтуу окурман.

Мукул Жүзүмов







Пикир: