Байас Турал, тарыхчы, жазуучу:
"Сырттан кирген идеология кыргызды талкалап жатат

(Башы гезиттин
өткөн санында)

- Сиз айткан Үчүнчү дүйнөлүк согуштун биздин республиканын аймагында жүрүп жаткан экинчи этабы кандай зыяндарды алып келип жатат?
- Үчүнчү Дүйнөлүк согуш бизге көптөгөн зыяндарды апкелүүдө. Кылымдарды аралаган кызыл кыргындарда да Кыргыз мындай "талкаланган" эмес. Бүгүнкү күнү Улутту "улут" кылып сактап турган эң башкы касиеттер: Улуттук аң-сезим, Улуттук эс-тутум жана Улуттук дүйнө тааным бузулуп, аны менен кошо биз өзүбүздүн Улутту өзүбүз талкалап, анын атын тарыхтан өчүрүү жолунда баратабыз. Чечмелеп айтып берейин.
Биринчиден , Улуттук аң-сезим, ал - Улуттук тилдин деңгээлине жараша өнүгөт. Улуттук тилдин деңгээли кандай болсо, демек, улуттук аң-сезимдин деңгээли да дал ошондой! Ошондуктан Улуттук тил - Улуттук идеологиянын өзөгү болуп саналат. Дүйнөнүн кайсы мамлекети болбосун ага "мамлекеттик" статус берип, аны алып жүрүүчүлөрдү жана өстүрүүчүлөрдү өзгөчө мамлекеттик камкордукка алганы да ошондон улам. Бизде болсо, 22 жылдан бери Улуттук тилди алып жүргөн жана өстүрүүчүлөр болуп саналган жазуучулар менен окумуштуулар мамлекеттик камкордуктан таптакыр сыртта калды. Кечээ Радлов таң калган Тил менен бүгүн чанда гана адамдар сүйлөйт. Бүгүн жаштардын көбү кыргыз тилинде сүйлөгөндө кекечтенип, оюн толук түшүндүрүп бере албайт.
Экинчиден Улуттук эс-тутум, ал - Улуттук тарыхтын деңгээлине жараша сакталат. Отурукташкан элдин табияты деңизге окшош. Деңиздин балыгын жана "балырын" жесе болор, бирок суусун ичкенге болбойт, анткени суусу шор. Ошондуктан келечекте адамзатты деңиз эмес, аккан суу сактайт. Аккан суу - таза суу, ал кыймылдагы суу. Менин айтайын дегеним - отурукташкан элдин тарыхы туруктуу бир территория менен байланышкан. Ошондуктан аны ар кандай замандарда, ар кандай элдер басып алып башкарганына карабай, ошол жердеги тарых ошол жерде жашаган элге тиешелүү болуп жазыла берет. Ал эми көчмөн элдин табияты аккан суу сыяктуу. Мисалы Сыр-Дарыянын башаты кыргыздар жашаган тээ Улуу Тоолордун чокусунан башталат да, Казакстан, Өзбекстан аркылуу агып өтүп, аягы каракалпактар жашаган Арал деңизине барып куят. Ошондуктан Дарыянын тарыхын жазгыбыз келсе, адегенде ага куюлган суулардын агып өткөн жолдорун изилдөөбүз керек. Дал ушул сыяктуу эле убакыттын ченеми боюнча, Кыргыз - башаты байыркы замандардан башталып, атын жоготпой агып келаткан бир улуу Дарыя. Ага агып келип кошулган "суулар" менен "булактар" "урук", "уруу" формаларында бүгүн да сакталып, жашап турат. Алардын аттары толук белгилүү, бирок, көбүнүн тарыхы ушул күнгө чейин белгисиз? Мунун өзү Улуттун тарыхы толук изилденип, жазылып бүтө элек дегенди айтып турат. Ага жараша улуттук эс-тутумдун абалы да бүгүн дал ошондой...
Үчүнчүдөн , Улуттук дүйнөтааным, ал - улуттук диндин же улуттук философиянын негизинде өнүгөт. Биздин түпкү улуттук динибиз - "Теңирчилик", ал эми улуттук философиябыз болсо илим катары али калыптана элек. Мунун өзү - илимий ой жүгүртүүгө негизделген Улуттук дүйнөтаанымыбыз жок деген сөз. Бирок биз миң жылдан бери исламдын ичинде, анын эрежелерин өзүбүздүн ата-бабалардын каада-салттары менен жууруп жашап келатабыз. Арийне, бүгүнкү күнү ислам биздин ата-бабалар кармап келаткан жолдон тайып, Кыргыз улутун "кыйратуучу" позицияны ээлей баштады. Миңдеген жылдар бою бизге "кудай таануу" илими катары кызмат кылып келген ислам дини бүгүнкү күнү ачык "арапташтыруу" идеологиясына айланды. Ал Кыргызды "улут" катары жок кылгысы келип жаткан башка диний секталарга каршы күрөшкөндүн ордуна, Кыргыз "кыргыз" болуп жаралгандан бери аны "улут" катары сактап, калыптандырып келаткан Теңирчиликке каршы катуу чабуул койуп, аны менен бирге Кыргыздын өзүнө каршы болууда. Арапташкан жаштар бүгүн ачык эле: "Мен - кыргыз эмесмин, мен - мусулманмын" деп, көчөдө төшүн кагып, кыйкырып жүрүшөт. "Дүйнөдөгү уруштун баарын улуттар чыгарып жатат" дешет алар. Диний согуштар тууралу ооз ачкылары да келбейт. Аларды ким ушинтип окутуп, ким кыргызга каршы тарбиялап жатканы белгисиз? Менин айтарым бул: "Биз "арапташтыруу" идеологиясына айланган Исламдын" эмес, биз "кудай таануу" илими катары кызмат кылган Исламдын ичинде турушубуз керек!"
- "Үчүнчү дүйнөлүк согушта Кыргыз өзүн өзү "кырып", өзүн өзү "талкалап" жатат" деп жатасыз. Эмнелер кыйрап, эмнелер жок болууда? Тактап айтсаңыз?
- Адамдарды "жакшы" же "жаман" деп баалоо критерийи өзгөрдү: Бир кезде премьер-министр болуп турган Чынгышевдин сөзү менен айтканда чынчыл, таза адамдар "кем акыл", ал эми "пара алып, уурулук кылган адамдар "мыкты адамдарга" айланды. Андан улам, "бастыра албаган жол бузат, башкара албаган эл бузат" дегендей, өмүрүндө ат минбеген адамдар ат минип, энеден төрөлгөндө "эл башкаруу" эмне экени канында болбогон адамдар эл башына келип, 22 жылдан бери мыкты кадрлар жок болду, Эл бузулду, анан ал адамдар СССРдин курамында турган 70 жылдан ашуун мезгилде жыйган-терген элдин байлыгын он жылга жетпеген убакыттын ичинде бүт чачып, өнүктүрүп келген өлкөбүздүн негизи болгон айыл чарбасын толук талкалады. Завод-фабрикалардын баарын кыйратып, уурдап, талап-тоноду, станокторун металл катары сыртка сатып жиберишти. Өлкөнү өнүктүрүүгө күч бере турган "бир миллионго" жакын улан-кыздарыбыз жумушсуз калып, көр тириликтин айынан сыртка чыгып кетти, ал агым дагы деле уланууда. Бир замандарда "эл четинде, жоо бетинде" жүргөн эр элдин урпактары бүгүн үй-бүлөсүн бага албай, аялдарынын алдында басынып, кор болду. Андан улам көбү ичип, көбү ар кайсы элдин эшигин шыпырып, иш табылган жерде өз башын өзү эптеп сактап, кул болуп жашап жүрүшөт. Кыргыздын кызы ичип алып, тамеки чегип жүргөнү же көчөгө чыгып, өткөн-кеткен эркектин жолун тороп, тийишип турганы тарыхта болгон эмес, азыр бул көрүнүш көнүмүш адатка айланды. Мезгилинде акылман акындар менен эл коргогон баатырларды төрөп-өстүрүп, Кыргыздын атын сактап, атагын чыгарып келген асыл жан, кымча бел кыз-келиндердин көбү эрге тийбей, башы бош жүрөт. Эри бир жерде, аялы бир жерде иштеп, көп үй-бүлө бузулууда. Сыртка кеткен кыргыздардын ордуна акырын сырттан башка элдердин өкүлдөрү агып кирүүдө. Экономикалык фактордон башка, мага бул көрүнүш кандайдыр бир сырткы күчтөр мажбурлап жаткан "саясий сүргүндүн" жаңы формасы сыяктанып көрүнөт. Басма сөздө жарыяланган бир маалыматта 2 млн. паспорт сыртка чыгып кеткени айтылган. Эгер ушул факты ырас болсо, анда он-он беш жылдын ичинде биздин республикада 2 млн. чет өлкөлүк келип жашап калышы мүмкүн. Буга ишенсе болот, анткени, биздин паспортту чет өлкөлүк жеке менчик бир фирма чыгарат. Ал паспорттун канчасын сатып, канчасын атайын дүйнөгө таратып жатканын бир кудай билет, бир ошол фирманын ээси билет. Күн санап кем акыл балдардын катары көбөйүүдө, аларга келген гумжардамдарды жана аларды караган фирмаларды КТР кезек-кезеги менен көрсөтүп, элдин көзүн көндүрүп жатат. Ошол эле убакта таланттуу балдарды тарбиялаган же окуткан бир мектеп салынганын же бар экенин али уга элекпиз. Бир убакта Европада кем акыл балдардын укугун коргогон еврей гуманисттер менен "акылдуу жана таланттуу балдарды мамлекеттик камкордукка алыш керек" деп талап кылган раса теориясын жактоочу арийлердин ортосунда катуу талаш-тартыш чыккан. Раса теориясын негиздегендер жана жактагандар: "Мамлекет өмүр бою мамлекеттин моюнунда отурган адамды камкордукка алыш керекпи же эртең коомду өзгөртүп, мамлекетти өстүрө турган адамды камкордукка алыш керекпи" деген суроону коюшкан. Ошентип, маселе катуу талкууланып, акыры ал таланттуу балдардын пайдасына чечилген. Ошондон тарта Европа элдери "таланттуу балдар өз нанын өзү таап жей берет, мамлекет кем акыл балдарды камкордукка алыш керек" деген принциптен артка чегинген. Өз генефондуна жана таланттуу балдарга жасаган мамиле өзгөрүп, натыйжада Европа бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк цивилизациянын деңгээлин аныктап келүүдө. Басма сөздөгү кээ бир маалыматтарга караганда, биздин республикада бүгүн 4 миңге жакын коомдук уюмдар, 400дөн ашык диний секталар, 200 жакын саясий партия бар, булардын көбү сырттан каржыланат, мунун өзү да ойлонтчу маселе. Кыргыз Республикасы бүгүнкү күнү КМШ өлкөлөрүнүн ичинде, тышкы инвесторлордун акчасына көз каранды болгон неоколониализмдин" жападан жалгыз үлгүсүнө айланды.
- Президенттик шайлоодо талапкерлердин көп болушу камчыга сап мыктыларыбыздын көптүгүн билдиреби, кандай дейсиз?
- Эл башкаруу кетмен чапкандай же күрөк тепкендей иш эмес, теориялык көз караштан алганда, байыркы Рим акылманы Сенека айткандай, өздөштүргөн адамды талап кылган кесип. Бирок, азыр ага болгон көз караш да өзгөрдү, мурун эл башкара турган адамды "бир болсо ушул жарайт" деп эл тандачу эле, азыр "элди мен башкарам" деп адамдар өздөрүн өздөрү көрсөтүүдө. Ооба кечээ жакынкы шайлоодо президентке 80ден ашык талапкер "тандалып" чыкты. Эмкиде анын саны жүздөн ашарына мен шек санабайм, биз өзүбүздү өзүбүз шылдыңдап жатабыз. Мындай эл башкаруу системасын жок кылышыбыз керек, а болбосо, мунун өзү Кыргызды башкаруу - "кой айдагандай эле кеп" деген сөз! Кыскасы, бүгүн Кыргызстанда кыргыздын түшүнө кирбеген нерселер болууда. Кыргыз согуш убагында да мындай жан кейиткен көрүнүштү башынан өткөргөн эмес. Азыр өткөрүүдө. "Жылаан чакпай, жылкы теппей" туруп эле адамдар "тирүү өлүктөргө" айланып калып жатышат. Элибизде: "Эр энеден төрөлөт, эл үчүн өсөт" деген тарбия бар эле. Азыр карапайым адам эмес, эл башкарып турган адамдардын эл менен иши жок. Өздөрү эмне кылып, өлкөдө эмне болуп жатканын билишпейт? Акылы айран, эси эки болуп, күн кечирүүдө. Эң кызыгы, ушул көрүнүштү уялбай, "жетишкендик" катары баалап, айтып жүргөн "башчылар" да бар. Эгер ушул процесс дагы улана берсе, анда дагы он жылдын тегерегинде биздин өлкөбүздүн аты өзгөрүп кетиши да мүмкүн? Кудай анын бетин ары кылсын!.. Жазуучу жана тарыхчы катары кантсе да мен элимдин келечегине оптимисттик көз караш менен карайм. Анткени, тарыхта "кыргызды кырып жок кылдык" деген элдер өздөрү жок болуп кеткен. Кыргыз - касиеттүү, тектүү, эч кимге жамандык каалабаган эл! Ошол үчүн аны ар дайым Теңир колдойт! Дагы ошондой болот, мен ага толук ишенем!






Пикир: