Кыргыз гезиттер

Ашулляны "ийлеген",
"Анжыян полька" бийлеген
Төрөбай Зулпукаров
Учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында таасирдүү фигурага айланган Төрөбай Зулпукаровдун кичи мекени Ноокат районундагы Кара-Таш айылы. Бул айыл округу Ноокаттагы эң кичине округ болгондуктан, Жогорку Кеңешке, жергиликтүү кеңештерге жана Ноокат районунун акимдигине, Ноокат шаарынын мэрлигине, айыл өкмөттөрдүн башчылыгына шайлоо болгондо, КСДПнын саясатын ал жерде толук кандуу жүргүзүү чындап эле оорчулук жаратаары бышык. Албетте, Төрөбай Закирович КСДПнын алдыңкы адамдарынын бири болгондуктан, өзүнүн таасиринен айрылбашы үчүн жогорудагыдай шайлоолордо көп улуттуу, 250 миңге чукул калкы бар Ноокатты алаканына мыкчып, өз адамдарын бийлик башына дайындап тургусу келет. Мына ушул "маанилүү" маселени өз пайдасына чечүүнү көздөгөн Төрөбай Зулпукаров учурда Ноокат районундагы таасирдүү өзбек лидерлерин өз карамагына топтоп жаткан чагы. Себеби, өзбектер Ноокаттын 30 пайыздан ашыгын, ал эми райборбор Ноокат шаарынын калкынын 90 пайызын түзүшөт. Ошондуктан, районго таасирин арттыргысы келген Зулпукаров Шавхат Гапаров баштаган өзбек лидерлери менен тыгыз кызматташып, коюн-колтук алышып жаткан учуру. Ошко күн ара каттаган ЖКнын төрага орун басары Төрөбай Зулпукаровду түштүк борборго барган сайын аэропорттон Шавхат Гапаров өзү тосуп алып турганы эмнени каңкуулайт? Же Төрөбай Зулпукаровду тосуп чыкчу кыргыз калбай калганбы?
Жакында эле Ноокат РИИБинин начальниги болуп Мурат Боронов аттуу жигит дайындалды. Бул жигит дагы Төрөбай Зулпукаровдун кадры. Учурда Ноокатта кылмыш кылган өзбек улутундагы жарандар эч кыйынчылыксыз тез эле убактылуу кармоочу жайдан бошонуп кетип жатышканын тастыктап берчү күбөлөр жетиштүү. Анан калса, Төрөбай мырза Ноокаттагы иш-чараларда бир катар жыйналыштарды, өзбектердин таасирдүү лидерлери менен жолугушууларды так ошол Мурат Боронов жетектеген РИИБдин имаратында өткөргөнү дагы көп нерседен кабар берип турбайбы. Булардын иштөө ыкмасы мындай экен: Эгерде өзбек улутундагы адамдардын бири кылмыш жасап, Ноокат РИИБине түшүп калса, алар өздөрүнүн лидерлери Шавхат Гапаровго даттанышат. Шавхат мырза дароо Төрөбай Зулпукаровго телефон чалат. Ал эми Төрөбай мырза Ноокаттагы Кара-Таш айыл кеңешинин депутаты болуп иштеген бир тууган иниси Нурлан Зулпукаровго айтып, Нурлан мырза агасынын "салам-дубайын" РИИБ башчысы Мурат Бороновго жеткирет экен. Мына ушул ыкма менен тез эле кылмыш жоопкерчилигинен бошонуп кетип жатышкан өзбек улутундагылар жергиликтүү кыргыздарга кыр көрсөтүп, баягы 2010-жылдын июнь окуясына чейинкидей "настройго" өтө башташты.




Урматтуу окурман! "Алиби" гезити мындан ары ар жуманын шаршемби күнү түшкү саат 12. 00дөн 13. 00гө чейин эл көзүндөгү саясатчы, коомдук ишмерлер менен түз байланыш өткөрөт. Келээрки шаршемби күнү 8-майда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловду редакциябыздын төрүнө чакырып, окурман журту менен түз байланыш өткөрөлү деп жатабыз. Шаар турмушуна байланышкан көйгөйлүү суроолоруңар болсо редакцияга түз чалып, мэрдин өз оозунан жооп алсаңыздар болот.
Байланыш телефону: 31-29-49





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Яндекс.Метрика