Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Иракта жардыруулар күчөдү
Шаршемби күнү Ирактын бир катар шаарларында авто унааларга коюлган бомбалар жарылып, 25 адам мерт болду. Негизинен жарым-жартылай аскердик өкмөтчүл түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен полиция кызматкерлери ажал тапты.
Апрелдин этегинде эле өлкөнүн түндүгүндө сунниттер менен коопсуздук күчтөрү кагылышкандан кийин 240тан ашуун адам өлдү. Бомба чабуулдарынан улам Иракта сунниттер менен шииттердин диний жаңжалы кайра башталышы мүмкүндүгү айтылууда.


Окуучу кыздарды
ууландырыштыбы?...
Ооганстандын башкалаасы Кабулдун мектебинен ооруканага 120дай окуучу кабыл алынганын, алардын 10унун абалы оордугун ысымын Амин деп атаган дарыгер Рейтердин кабарчысына билдирди. Дарыгерлердин пикиринде, кыздар бир нерсени ичкенден улам да ууланышы мүмкүн. Ал эми Кабулдагы Разия Султан жогорку мектебинин мугалимдеринин бири окуучу кыздар класстык бөлмөлөрдөн газ өңдөнгөн бир нерсенин жыты чыккандан кийин ооруп калышканын айткан. Ооганстанда буга чейин эскичилдер менен ашынган динчилдер кыздардын билим алышына ачык каршы чыккан учурлар болгон.


Басма сөз эркиндиги басмырланууда
Баш кеңсеси АКШда жайгашкан "Фридом Хаустун" долбоорлор боюнча директору Карин Дойч Карлекардын билдиргенине караганда, басма сөз эркиндигиндеги тескери тенденция дүйнөнүн бардык аймактарынан байкалган. Учурда дүйнө калкынын 14% гана прессасы эркин өлкөлөрдө, 43% жарым-жартылай эркин, дагы 43% пресса эркин эмес чөйрөдө өмүр сүрүүдө. "Фридом Хаус" иликтөөгө камтылган 197 өлкөнүн 63нө "эркин", 70не "жарым-жартылай эркин", 64нө "эркин эмес" деген мүнөздөмө берген. Кыргызстанды Борбор Азиянын калган мамлекеттерине салыштырмалуу "кыйла ачык жана кыйла айрымаланат" деп санаганы менен мурдагыдай эле "эркин эместердин" тизмесинде калтырган. Борбор Азияда эң оор абал Түркмөнстанда. Ал Түндүк Кореядан кийинки эң акыркы орунда. Алардын алдында Өзбекстан менен Беларус турат. Грузия менен Армения оңолгон. Азербайжанда басма сөз эркиндигинин абалы кыйла начарлаган. Азия чөлкөмүнөн Ооганстан журналисттерге каршы кыянатчылыктарды токтотуу, расмий цензураны, прессага куугунтукту азайтуу жагынан Бирма мамлекетинен кийин эң жакшы жылыш жасаган экинчи өлкө болгон. Ал эми Орусияда теле, радио, басма сөз дээрлик толугу менен көзөмөлдөнөт экен.


Мушарраф президенттикке ат салыша албайт
Пешевар шаарында Жогорку Сот Пакистандын мурунку президенти Первез Мушаррафка президенттикке ат салышууга өмүр бою тыюу салды. Буга чейин сот Мушаррафтын шайлоого катышуу тууралуу арызын канааттандырбай койгон эле.
Пакистандын мурунку лидери учурда үй камагында отурат. Ал 1999-2008-жылдары кызматта турганда "Баш мыйзамды бузган, бир канча сотторду иштен алып камаган, мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттону жана белужи козголоңчуларынын лидерин өлтүрүүгө тиешеси бар" деп айыпталып жатат. Экс-президент 11-майдагы парламенттик шайлоого катышуу максатында төрт жылдан бери Лондондо жана Дубайда бозгунда жашап жүргөн жеринен өткөн айда кайтып келген болчу.


Дин эркиндигин чектеген өлкөлөр
АКШнын Эл аралык дин эркиндиги боюнча комиссиясынын 2013-жылкы баяндамасына ылайык, Ирак, Иран менен кошо Борбор Азиядагы үч мамлекет - Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан дин эркиндигин эң көп чектеген өлкөлөрдүн катарына кирди. Комиссия аталган мамлекеттердеги диний кырдаал чоң кооптонууну жаратарын белгилеп, АКШ өкмөтүн эмбарго сыяктуу тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды. Баяндама боюнча Азербайжан, Ооганстан, Казакстан менен Орусия экинчи баскычтагы динди чектеген өлкөлөрдүн катарына кошулду.


Бостон жардыруусуна
айыптуулар арбып жатат
АКШда Бостондогу марафондо жардырууга байланыштуу камакка алынган үч адамдын соту болду. Алардын экөө - казакстандык студенттер Азамат Тажаяков менен Диас Кадырбаевге "сот адилеттигине тоскоолдук кылуу үчүн чагымчылыкка барган" деп күнөө коюлуп жатат. Ал эми үчүнчү адам - АКШнын жараны Робел Филиппоско "жалган көрсөтмө берген" деген айып коюлду. Маалыматка караганда, Тажаяков менен Кадырбаев коллеждде чогуу окуган Жохар Царнаевдин рюкзагын полициячылардан жашырууга аракет кылган. Эгер күнөөлөрү далилденсе казак студенттер 5, ал эми Филиппос 8 жылга чейин эркинен ажыратылып, 250 миң долларга чейин айып пул салынышы мүмкүн. Теги чечен ага-ини Тамерлан менен Жохар Царнаевдер күнөөлөнүп жаткан 15-апрелдеги Бостондогу жардыруулардан үч адам өлүп, 260тан ашык адам жаракат алган болчу.




Пикир:






??.??