Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Комуз чертип, ырдап, ыр жазган
Алтай Бөрүбаев

Коомдук ишмер, мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты, сиңирген илимпоз, академик, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев жакында "Илимдеги ысым" деген ардактуу наамга татыды. Эл аралык Сократ сыйлыгын тапшыруу аземи Лондондо өтүп, А.Бөрүбаевге диплом жана көк тасмадагы "Дүйнө илимине кошкон салымы үчүн" белгиси ыйгарылып, сыймыктуу замандашыбыздын ысымы Бүткүл дүйнөлүк белгилүү окумуштуулардын тизмесине киргизилди. Алтай аганы куттуктап барып, бир аз аңгеме дүкөн куруп кайттык.

- Алтай ага "сыйлык жалкы, сыймык жалпы" дейт эмеспи кыргыздар, анын сыңарындай биз да кубанып турабыз, сыйлыгыңыз кут болсун! Алган сыйлыктарыңыз жөнүндө айтсаңыз?..
- Рахмат. Мен элиме, тагдырыма ыраазымын. Эми сыйлыктарым боюнча айтсам, математикада "Нобель" сыйлыгы жок. Мен үч нерсени баса белгилеп айткым келет. Биринчиси, 2001-жылы Москва мамлекеттик университетинин сунушу Эл аралык обсерваториянын чечими менен менин илимий иштеримди мейкиндиктер менен байланыштырышып, бир жылдыздын атын "Алтай" деп коюшкан. Бул мен үчүн чоң сыймык. Андан соң 2003-жылы Карлов университетиндеги жетишкендиктеримди баалашып, алтын медаль менен сыйландым. Эми минтип "Илимдеги ат" деген эл аралык сыйлык берип отурушат.
- Сиз математиксиз да, эмнеге ушул татаал тармакты тандап алдыңыз эле?
- Бардык сабакты бирдей эле окучумун. Биздин айыл Жер үйдөгү алтын чыкан жердин суусунун жээгинде жайгашкан, тегереги тоо менен тосулган ажайып кооз жер. Бала кезимде тулаң чөпкө жатып алып, асманды карап, "булуттар кандай мыйзам ченемдүүлүк менен жылат, алардын көлөмүн чыгарса болобу?" деп ойлончу элем. Математикага кызыгып калганым ушундан болду окшойт. Математик болушума айылымдын ошол чөйрөсү да таасир эттиби деп ойлойм.
- Илим тармагына кандайча келип калдыныз?
- Студенттик кезде биздин группа "дифференциялык теңдемелер группасы" деп аталчу. 17 бала окусак, анын он үчү медалист, калганы 61-мектептин физика-математика багытындагы атайын профилин бүтүп келген балдар болчу. Буга чейин мындай группа болгон эмес. Биздин группа атайын эксперимент катары түзүлгөн эле. Группа ушунчалык күчтүү болгондуктан, күчтүүлөрдүн алдында болуу үчүн абдан аракет кылчубуз. Атаандашуу катуу болгондуктан, абдан изденээр элек. Илимге болгон кадамым ошондо эле башталган экен. Топология тармагын тандап, аспирантурага тапшырып, аны Москвада университеттен окудум. Кандидаттык диссертациямды Тбилиси мамлекеттик университетинде коргодум. Андан кийин Прагада 900 жылдык тарыхы бар Карлов университетинде бир жыл стажировкадан өтүп, докторлук диссертациямдын негизин ошол жерден түптөп келдим. Андан кийин Москвада дагы эки жыл докторантурада окуп, Москва мамлекеттик университетинде Орто Азияда биринчилерден болуп докторлугумду жактадым. Эми азыр Кудайга шүгүр, өзүмдүн илимий мектебим бар. Илимий эмгектерим 18 өлкөдө жарыкка чыгып, бир топ жетишкендиктерге жетиштим. Мамлекетибиз аны баалап, "илимге эмгек сиңирген" деген ардактуу наам беришти. Эки жолу илим жаатындагы мамлекеттик сыйлыкка татыдым. Адегенде илимдер академиясына мүчө-корреспондент, андан кийин академик болдум. Мезгилдин талабы, элдин сунушу менен Билим берүү министрлигинде иштеп, окуу жайлардын калыптанышына, жаңы системага түшүшүнө колумдан келген аракетти кылдым. Андан кийин эки чоң окуу жайда ректорлук ишти аркаладым. Депутат, парламенттин спикери сыяктуу мамлекеттик кызматтарда жүргөндө да илимди таштаган жокмун. Сөзсүз айына бир жолу келип, илимий семинарларды өткөрүп турчумун. Математика сулуу, кызганчаак аялга окшош. Сен аны бир күн карабай койсоң, ал сени бир жума таштап коет. Сен бир жума таштап койсоң, ал сени бир жыл таштап коет. Ал эми бир жыл карабай койсоң, ал сени түбөлүк таштап коет. Ошондуктан мен мамлекеттик кызматтарда жүрсөм дагы илимди таштаган жокмун. Дүйнөнүн 23 мамлекетинде лекция окуп, чоң-чоң илимий конференцияларга катыштым.
- Өмүрүңүздүн көпчүлүк бөлүгүн илимге арнадыңыз. Жогорку Кеңештин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы болуп, саясатка аралашып, мамлекет башында жүрүп калдыңыз. Сурайын дегеним, саясат менен илим тармагынын айырмасын байкай алдыңызбы?
- Айырмасы абдан чоң. Бирок илимпоз адамга саясатчы болуу жеңилирээк. Себеби ой жүгүртүү илимпоздо жогорураак. Илимпоздун күндүр-түндүр иштөөсү саясатка келгенде ар бир кадамын, сүйлөгөн сөзүн ойлонтуп, саясий чечимдерди да илимий тажрыйбага таянып, анан чечим кабыл алууга мажбурлайт.
- Атаңыз Асылкан Бөрүбаев кыргыз элине таанымал инсан. Акын, публицист, котормочу, чоң журналист жана кыргыз журналистикасынын алиппесин түзгөн адамдардын бири. Сиз ал киши боюнча эмне айта аласыз?
- Мен айылда чоң ата, чоң энемдин колунда чоңоюп, студент болгондо гана өз ата-энемдин колуна шаарга келгем. Эми атам чыгармачыл адам эле. Бир топ ырлары, публицистикалык жыйнагы чыгып, котормолук иш менен да алектенчү. Яндын атактуу "Чынгызхан" романын, Борис Полевойдун "Бакыт" романын которуп, кыргыз окурмандарына сунуштаган. Атам өзгөчө гезит тармагында көп иштеди. "Советтик Кыргызстанда" башкы редактордун биринчи орун басары болуп көп жыл иштеп, андан кийин Оштогу "Ленин жолу" гезитин 25 жыл жетектеди.
"Советтик Кыргызстанда" иштеп жүргөндө биздин үй Дзержинский бульварында болуп, басмаканага жакын болчу. Кээде түнкү саат 1-2де гезитке кол койгондон кийин атамды жумушунан тосуп келээр элем. Үйгө келгенде да уктабай, калган материалдарды карап уктабай чыгаар эле. Менин окумуштуу, инсан катары калыптанышыма атамдын таасири чоң. Атам комузду жакшы чертчү. Үйүбүзгө комузчулар, артисттер, драматург, жазуучулар абдан көп келээр эле.
- Апаңыз кандай адам эле?
- Апам Суусар педагог болгондуктан, көп жыл кыргыз кыздар интернатында мугалим болуп, кийинчерээк атам Ошко которулганда Ош педагогикалык институтунда иштеди. Ал киши да ыр жазчу, чыгармалары республикалык гезиттерге байма-бай чыгып турчу. Менин апам болгон үчүн мага ошондой сезилчүбү, айтор абдан сулуу адам эле. Юмор менен сүйлөгөн тамашакөй адам болучу. Апам ушундай мүнөзү менен эсимде калды.
- Агай, сизди музыка жандуу деп көп угам. Илим тармагын тандабаганыңызда балким искусство адамы болот белеңиз?..
- Илим менен искусство жакын. Ошондуктан экөөнү тең алып кетүү керек. Илим жаатында жетишкендиктеримдин себеби маданияттан, искусстводон көп нерсе алгандыгым. Ошол нерселер мени байытып, жан азык болуп турганы деп эсептейм. Мен өзгөчө көркөм адабиятты көп окудум. Эйнштейндин: "Мага көп физиктердин эмгектерине караганда Достоевскийдин "Идиоту" же математикалык формулаларга караганда скрипкада ойногон көп жардам берет" деген сөзү бар. Анын сыңарындай чоң атам, атам сыяктуу мен дагы комуз чертем. Чоң күүлөрдү билем. Досторум менен отурганда ырдайм. Толкундоо, сүйүнүч сезимдер болгондо ыр жазам. Сүрөт тармагынан живописти дагы жакшы көрөм. Москвада жүргөндө Третьяковская галереясын, Эрмитажды, Францияда жүргөндө музейлерди, Римге барганда Ватикандагы чоң музейлерди, галереяларды көрүү менен убактымды өткөрчүмүн. Дүйнөлүк залкар сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын көрүү менен ички дүйнөмдү азыктандырам.
- Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз. Илимпоз адамдар бош убактыларын китеп окуудан да башка нерселерге арнайбы?
- Жаш кезимде спорт менен, өзгөчө футбол менен алектенчүмүн. Футболдун чоң күйөрманымын. Сууга сүзгөндү жактырам, азыркыга чейин сууга сүзүүгө барам. Азыр 62 жашка келип калдым. Эми убактымдын көбүн неберелериме арнайм. Андан арткан убактымды интернет алат.






Пикир:






??.??