Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Соттордун мыйзамсыз иштерине мыйзамдуу баа берилеби?
Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева башында турган сот бийлигинин "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевге тикесинен тик туруп кызмат кылып, "ден соолугуна байланыштуу" деген шылтоо менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотуп жибериши, азыркы бийликтин алсыздыгын, саясый жөнтөктүгүн дагы бир ирет далилдеп койду. Дагы бир ирет дегенибиздин да жөнү бар. Анткени, Феруза айым июнь окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду актоону талап кылып, экс-судья Перизат Абакировага акча сунуштап, базарда отургандай соодалашкандыгы жалпы журтка жакшы маалым. Бул боюнча Перизат Абакирова сотторду тандоо кеңешинде өзү да жар салып чыккан. Эмесе, сөзүбүз кур болбосун үчүн анын кайрылуусунан кыскача үзүндү келтире кетели. Анда минтип айтылат: "Я как докладчик и председательствующая по уголовному делу Азимжана Аскарова неоднократно заходила к Ф.Жамашевой. В один прекрасный день, она вкрадчивым голосом сказала "Эже, что Вам стоит отменить решения судов в отношении А. Аскарова и оправдать его. Все это Вам не бесплатно и в будущем при прохождении в суд Вам это будет зачтено. Тогда я ответила, что судебный состав изучил дело и пришел к выводу о том, что приговоры судов являются законными и обоснованными, поэтому нет оснований не то чтобы отменить, даже изменить судебные акты". Мына окурман. Жогорку соттун төрайымы ушундай төбө чачты тик тургузган мыйзам бузууларга барып, соодалашып жатса, деги анда эмне жөнүндө сөз кылууга болот? Бул боюнча эч бир мамлекеттик бийлик органдары, парламент, тийиштүү укук коргоо органдары да колун колго уруп, эч кандай иш алып барышкан жок. Батукаевди түрмөдөн бошотуу маселесинде да куду ушул "Бооруке шыбыр" болгон жок деп ким кепилдик берет? Же Жогорку сот төрайымы Феруза Жамашевага баары боло береби? Учурда Ф.Жамашева Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин жаңы жагдайлар менен кайрадан каратып, аны сүттөн ак кылып актоонун үстүндө жан үрөп катуу аракет көрүп жатат дешет. Албетте, мунун баарысы өзү айткандай "не бесплатно" болор.
Кримавторитет Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулушу да ушул сценарий менен жүргөн деп айтууга толук негиз бар. Анткени, А.Батукаевдин ишин караган Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматовдун Жогорку соттун жетекчилигинин кийлигишүүсүз мындай чечкиндүү кадамга барууга эрки жетмек эмес. Мындай терс көрүнүштөр Феруза айым бийликке келгени өзгөчө тамыр жайып баратканын кантип танабыз. Ал эми буга чейин куландай соо жүргөн Жамашеванын А.Батукаев камактан бошотулар замат "больничныйга" чыга качканында да бир мандем бардай. Бул да болсо анын абалдан кургак чыгуу боюнча ойлоп тапкан амалдарынын бириби? Феруза Жамашева төрайым катары кызматтык абалынан пайдаланып, соттук иштерге кийлигишип, судьяларга басым көрсөтөрүн, эгерде анын басымына көнүп, анын оюндагыдай чечим чыгарбагандарга аркасын салып, аларды Ак үй, Көк үй, Боз үйгө чейин барарын, жогорку жана жергиликтүү соттордун судьялары бери карап күлүшүп, ары карап ыйлашып айтып жүрүшкөндүктөрү да тегин жерден болбосо керек. Анын үстүнө, соттук отурум бүтөр замат соттун чечимин соттолуучунун колуна кармата салуу буга чейин тарыхта болгон эмес. Учурда соттун чечимин ала алышпай айлап соттордун эшиктерин каккылап жүрүшкөн жарандарыбыз, ошондой эле Азиз Батукаевдикиндей, ал тургай андан да оор айыккыс дартка чалдыгышкан түрмөдөгү карапайым жарандарыбыз жүздөп саналат. Эмнеге Феруза Жамашева башында турган сот бийлиги аларга гумандуулук көрсөтүп мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарбайт? Сот бийлиги капчыгы калыңдарга гана өзгөчө көңүл болуп, ошолор менен гана иш алып барып калышкандай туюлат. Же мыйзам карапайым калк үчүн гана иштеп, ал эми бийликтегилерге, капшыты калыңдарга мыйзам жокпу? Буга, ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыга алышпай, чалдыккан айыккыс дарттарынын айынан темир тор артында жарык дүйнө менен кош айтышкан ондогон жарандарыбыз далил боло алат.
Акыйкатчы Турсунбек Акун мырза ошол колунда жок карапайым жарандарыбыздын укугун коргоп коңгуроо каккандын ордуна, кримавторитет А.Батукаевди коргоп коомчулукка жар салганы таң калтырат. Колунда барлар акыйкатчынын жардамы жок эле, өз укуктарын тийиштүү деңгээлде коргоп алууга кудуреттери жетет. Андыктан А.Батукаевди камактан бошотууга Чеченстандын таасирдүү күчтөрү миллиондогон америка долларын жумшагандыгы куралданбаган көзгө дагы даана көрүнүп турат. Ал эми "Азиз Батукаевди боштондукка чыгарууга 1,5 миллион доллар жана алтындан жасалган кымбат баалуу белектер тартууланыптыр" деген сөздөр элге жеткени гана. Эгерде мындай чоң суммадагы акча ортодо ойнобосо сот бийлиги баш болуп, башкы прокуратура төш болуп жана өлкөбүздүн бир катар бийлик органдары жапа тырмак болуп көрбөгөндөй ыкчамдык, уюшкандык менен 4 сааттын ичинде Азиз Батукаевге чартердик аба каттам уюштуруп, кызыл килем төшөп Кыргызстандан чыгарып жибербейт эле. Биздин жарандар үчүн бийликтегилер ушундай күйүп-бышып уюшкандыкта, ыкчам кызмат кылышса гана, чиркин. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюшуп, Жогорку сот да, башкы прокуратура да кызарып койбостон "кримавторитеттин түрмөдөн чыгарылышы мыйзамдуу болгон" деп актанып жатышат.
Өзгөчө Жогорку соттун "Азиз Батукаев Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 363-беренесинин талабына ылайык, ооруусуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотулду" деп расмий маалымат таратканы таң калтырат. Себеби, 2013-жылдын 27-февралында Жогорку Кеңеш уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, ага ылайык уюшкан кылмыш тобунун өкүлдөрүн мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошотууга тыюу салынган. Андыктан кримавторитет Азиз Батукаевдин сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылышы одоно мыйзам бузуучулук дегенге толук негиз бар. Эгерде Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева баш, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматов төш болуп, кылмыш кодексине киргизилген жогорудагы өзгөртүүнү билбесе, деги анда эмне жөнүндө сөз кылууга болот? "Уялбагандан өзүң уял" деген ушул.
Кыргызда "шамал болбой дарактын башы кыймылдабайт" деп коет эмеспи. Анын сыңары, эл арасында "Акмат Бакиевдин жеңил жаза алышына жана анын өлкөдөн чыгып кетишине да Жогорку соттун түздөн-түз болбосо да кыйыр катыштыгы бар" деген кептер айтылып жүрөт. Ф.Жамашева Марат Бакиевдин жердеши жана курсташы экендиги да жалпы журтка жакшы маалым. Судьялыкка да Марат Бакиевдин колдоосу менен келген деген да имиштер бар.
Ал эми Феруза Жамашева Жогорку соттун төрайымы болгондон бери "эмне иш жасоого жетишти" деген суроого, биринчиден, "июнь окуясына катыштыгы бар" деп күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин (бул чуулгандуу иш соттук коллегияга төрагалык кылган судья Перизат Абакированын принципиалдуулугунун натыйжасында гана аягына чыккандыгын белгилеп койгубуз келет) бир жылга жакын эч бир негизсиз каратпай кармап келди деп айтууга болот. Экинчиден, кесиптештерин сыздатып өзүнө жана жакынына мыйзамсыз квартира алганы ММКда көп айтылды, жазылды. Ушул жерде белгилеп кетүүчү жагдай, Бакиевдин бийлигинин тушунда коргоо министри болуп турган Исмаил Исаковду министрликтин кызматтык квартирасын уулуна алып берди дешип, сот жообуна тартылып, эркинен ажыратылгандыгы белгилүү. Эгерде чындап эле укуктук өлкөдө жашап жаткан болсок, эмнеге анда Ф.Жамашева жоопкерчиликке тартылбайт? Же Феруза айымга мыйзам жокпу? Үчүнчүдөн, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Жекшен Жандралиев менен биригип алып финансылык одоно мыйзам бузуучулукка барып, натыйжада мамлекетке жалпы суммасы 4697,5миң сомдук зыян (муну ведомстволор аралык комиссия ачыктап чыккан) келтирген. Төртүнчүдөн, иштин кызыкчылыгынан да керт башынын кызыкчылыгын жогору коюп, ойдон чыгарылган шылтоо менен мыйзамды одоно бузуп, алтургай өзүнө ылайыктап жалган протокол даярдап, өз ишин мыкты билген кесиптешибиз Бактыбек Рысалиевди кызматтан алды",- дегенден башка жооп табуу мүмкүн эмес.
Ошондой эле Феруза Жамашева Ош областтык сотунун төрагасынын орунбасары болуп иштеп турган жылдары Жекшен Жандралиев менен биргелешип (анда Ж.Жандралиев Ош областтык сотунун төрагасы болуучу) 80 кг 807 грамм опий жана 3 кг 849 грамм героин менен колго түшүп Ош шаардык соту тарабынан 20 жылга эркинен ажыратылган Акрам Каримовдун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден 9 ай өткөндөн кийин мыйзамды одоно бузуу менен ишти кайрадан каратып, анын жаза өтөө мөөнөтүн кескин кыскартуу боюнча өкүм чыгарып, актап жибергендиги бар. Муну менен катар, акыркы мезгилдерде мурда болуп көрбөгөндөй Жогорку соттун кызматкерлери жана жергиликтүү соттун судьялар биринен сала бири пара менен кылтакка түшүп жатышканы ойлондурбай койбойт.
Бийликтегилердин жана сотторду тандоо кеңешинин бийик трибуналардан "Сот реформасы өз натыйжасын бере баштады" деп ооз көптүрүшүп, кан какшагандары бүгүнкү күндө суу кечпей калды. Бийликтин сот системасын реформалоо демилгеси жөн эле бийликке ыңгайлуу адамдарды сот системасына алып келүү үчүн жасалган саясий шоу болуп калгандыгын турмуш өзү көрсөтүп отурат.
Жогорку соттун төрайымдыгына дайындалган Феруза Жамашева Президенттин арткан ишеничин актай алдыбы? Эмне үчүн минтип суроо коюп жатабыз? Анткени, жаман деген Акаевдин жана Бакиевдин бийлиги бошотпогон кримавторитет Азиз Батукаевди азыркы бийлик ишеним кылган сот бийлиги бошотуп жиберип отурат. Муну менен Феруза айым башында турган сот бийлиги өлкө башчысына гана эмес, ошондой эле бүтүндөй кыргыз бийлигинин бетине көө жапканын кантип танабыз. Болот Шер башында турган депутаттык комиссия бул маселенин аягына чыга алабы, аны убакыт көрсөтөт. Сот бийлиги минтип өзү мыйзамсыз иштерди жасап жатып, башкалардын иштеринин мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин тергеп-тескей алабы? Азыркы бийлик сот бийлигинин мыйзамсыз иштерине мыйзамдуу баа берүүгө кудурети жетпесе, анда буга эртели кеч эл тарых, өзүнүн калыс баасын берери бышык.

Бек Мамашев







Пикир:






??.??