Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
Мирбек АСАНАКУНОВ:
"Көлүбүз -биздин байлыгыбыз"

Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов менен маек.

- Мирбек Аскерович, быйыл туристтик сезонду кандай баштайлы деп турасыздар, деги эле учурда курорттук ден соолукту чыңдоо комплекстери эс алуучуларды кабыл алууга даярбы?
- Учурда областыбызда 250гө жакын курорттук ден соолукту чыңдоо комплекстери бар. Аларды замандын атаандаштыгына ылайык түзүү, чет өлкөлүк жарандардын талаптарына жооп бере турган кызматтарды көрсөтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Жалпысынан алганда туристтик сезонго даярбыз деп айта алам. Бул тармакты өнүктүрүү келечекте калкка киреше жана туруктуу жумуш орундарын камсыз кылат. Ал областыбыздын өнүгүү стратегияларынын бири болгондон кийин ага биз өзгөчө көңүл бөлүшүбүз керек. Мына жакында эле Ысык-Көл районунда форум өткөрдүк. Анда областтык мекеме жетекчилер, район акимдери, эс алуу жайлардын жетекчилери катышып, даярдык иштери талкууланды.Казакстанда өткөн туржарманкеге областыбыздан өкүлдөр барып, көл жергесинин көз кубанткан сулуулугун, андагы эс алуу жайлардын мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалап келишти. Жакында Маданият жана туризм министрлиги менен биргеликте көчмө жыйын болот. Өзүбүз болсо май айында туристтик жарманке өткөрүүнү пландап жатабыз. Ага да чет элдик коноктор, туристтик фирмалар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат. Жылдан жылга көлгө келген туристтердин саны көбөйүп жатканы бизди кубандырууда. Маселен, 2011-жылы курорттук ден соолук чыңдоочу мекемелерден түшкөн салык төлөмү 130174,7 сом болсо, 2012-жылы 162386,0 сом болгон. Быйыл да көлүбүзгө көптөгөн коноктор келет деген үмүттө турабыз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, туристтер көлгө жайкы сезондо эле эмес кышында да келип, биздин жаратылышта эс алуу керемет экенин белгилешүүдө. Келечекте жайкы, кышкы сезон деп бөлбөй, жылы бою туристтерди кабыл алууга жетишишибиз керек. Ал эми туристтик тармакты изилдеген дүйнөлүк талдоочулар 2020-жылдар аралыгында эң популярдуу делген саякатчылар Улуу Жибек Жолу менен маршрут жасайт деп айтышууда.
- Учурда сиз райондорду кыдырып жатасыз. Айыл чарба тармагында иштер кандай жүрүп жатат?
- Быйыл былтыркы жылга караганда жаз эрте келди. Андыктан, талаачылык жумуштар да жылдагыдан эрте башталды. Өкмөттүн токтомунун негизинде областтык, райондук штабдар түзүлүп, иштеп жатат. Биз дагы ошол максат менен жер-жерлерде жүрөбүз. "Миң уккандан бир көргөн жакшы" эмеспи, райондордо болуп, эмне көйгөйлөр бар сурап-билип, аны кандай чечүү керек деген аракеттебиз. 2013-жылга область боюнча 179448 гектар себүү милдети турат, анын ичинен 96742 гектарына дан жана буурчак өсүмдүктөрүн айдоо болжолдонулган. Андан тышкары 29000 гектар аянтка картошка, 2336 гектар жашылча, 140 гектар май өсүмдүктөрүн, 160 гектар тоют өсүмдүктөрүн жана 51070 гектар көп жылдык чөптөр айдалышы керек.
Бүгүнкү күндө Республикалык товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча комиссиясы тарабынан биздин областка 256 тонна буудайдын, 25 тонна арпанын, 25 тонна картошканын, 15 тонна эспарцеттин, 4 тонна гречиханын үрөндөрү бөлүнгөн. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтумун аткаруу максатында 35 трактор лизинг аркылуу бөлүндү. Май куюучу бекеттеринде солярка 39 сомдон сатылууда. Жергиликтүү бийлик тарабынан Балыкчы шаарында жайгашкан нефтебазадан арзандатылган солярканы ташып келүүнү уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Жер ээлери эң негизгиси үрөн маселесин көтөрүп келишкен. Азыр областыбызда бул боюнча өкмөттүк деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштен сырткары үрөн чарбалары дагы жакшы аракеттерди көрүшүүдө, андыктан, бул боюнча көйгөй жок деп айтсак болот. Бүгүнкү күндө жер семирткичтердин жеринде сатуу баасы 18-22 сомду түзүп, бардык жерлерде жетиштүү көлөмдө камсыздалды. Техника, үрөн маселеси боюнча дыйкандарга 10 пайыздык кредиттерди берүүгө карата иштер жүрүп жатат. Бардыгы 317 миллион 860 миң сом акча бөлүнгөн. Арык-каналдарды тазалоо маселеси жылдан-жылга кыйын болуп калган. Бул боюнча Өкмөт тарабынан токтом да чыккан. Дээрлик 10-15 жылдан бери тазаланбаган канал, арыктарыбыз бар болчу. Быйыл ушул боюнча жыл башынан маселе көтөрүп, марттын башында эле канал, арыктарды тазалоо ишин активдүү жүргүзүп келдик. Область боюнча баардыгы 3900 км сугат арыктары бар. Учурда анын баары тазаланды десек болот.
- Өзүңүз белгилегендей, агрардык сектор областыбызга кирешенин көп бөлүгүн берет. Бирок, дыйкандар ашыкча түшүмүн жакшы баада сатып өткөрүү боюнча кыйынчылык тартып келишет. Бул боюнча кандай кадамдар жасалып жатат?
- Бул-орчундуу маселе. 2011-жылы 160000 тонна картошка элдин колунда калды. Областтык деңгээлде сатуу баасы 3-5 сом болуп, сээп- өстүрүүнүн наркы 7 сомго чыгып кеткен. Ошого байланыштуу былтыркы жылы картошка эгүү азайып калды. Быйыл ошондой болбошу үчүн азыртадан иш-аракеттер жасалууда. Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги менен сүйлөшүп, "казак туугандарга канча картошка, канча башка өсүмдүктөр керек" деген маалыматтарды алдык. Былтыртан баштап Новосибирск шаары менен карым-катыш түзүлүп, соода-сатык маселелери боюнча меморандумга кол коюлган. Бул шаар менен Кыргызстандын консулдугу иш алып барууда. Тоң районунда Таш-Сарай деген жерде абрикостун эрте бышкан сорту өстүрүлөт. Былтыр ошол абрикос 32 сомдон жогору Россиянын Москва, Новосибирск шаарына чейин сатылды. Эл азыр жалаң эле картошка эмес, алманын түрдүү сортторун, алмурут, карагат жана башка жемиштерди өстүрүү керектигин түшүнүп, аракеттене баштады. Буудай болсо өзүбүзгө жеткидей айдалууда.
Кеген постун ачуу маселеси боюнча Өкмөткө 3 жылдан бери кайрылып келе жатабыз. Буюрса, майдын он бешинен кийин ачылып калат деген маалымат бар. Эгер ошондой болсо, Ак-Суу, Түп райондору эч бир кыйналуусуз картошка, алма, өрүктөрүн Казакстанга сатып алат эле. Эки элдин ортосунда канча жылдардан бери карым-катыш болуп келген, 2010-жылдан бери аталган пост жабылып калганына байланыштуу биздин дыйкандар Казакстанга соода-сатык ишин жүргүзө албай калган. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде көтөрүлдү, пост ачылса көп көйгөй чечилип кетет деп турабыз. Мындан сырткары, быйыл Ак-Суу районунда суткасына 30-40 тонна картошканы кайра иштетүүчү завод курулганы турат. Эң негизгиси-элден алган картошканын сортун, чоң-кичинесин ылгабайт экен. Мына ушу завод иштеп кетсе да биздин дыйкандарга жакшы болот. Муну кореялык инвесторлор курушат, бир жакшы жери, чыккан продукцияны сатуу жагын дагы өздөрү жүргүзүшөт. Өткөн жылдын декабрь айында Түштүк Кореянын консулдугунан өкүлчүлүк келип, Түп районуна көп жылдык дары чөптөрдү өстүрүү боюнча долбоор сунушташкан. Бул мамлекеттик деңгээлде чечилүүчү иш. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Израил мамлекетинен дагы чоң компания келип, теплица коюу, талаачылык иштерин уюштуруу, сугаруунун, өстүрүүнүн жаңы методдорун үйрөтүү боюнча мамлекеттик деңгээлде чоң комплекс курууну пландаштырууда. Биринчи кадамдар башталды десем болот.
- Сиз жакында Түштүк Кореяга барып келдиңиз. Иш сапарыңыздын максаты тууралуу эмнелерди айтып бере аласыз?
- Алгач Түштүк Кореянын Пуссан деген шаарында болдук. Биздин эң биринчи максатыбыз- кир сууларды тазалоочу жайлардын иши менен таанышуу эле. Баарыбызга белгилүү болгондой, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында, ошол эле көлдүн тегерегинде суу тазалоочу жайлардын көйгөйү көп. Ал жактан кир сууларды кайра реабилитациялоо боюнча көп маалымат алдык. Дагы бир максатыбыз теплицаларды иштетүү, жайы-кышы жашылча өстүрүү эле. Ал жакта ушул иш дагы абдан өнүгүптүр. "Кыргызстанда теплицаларды кандай өнүктүрөбүз" деген маселенин үстүндө иштедик. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде быйыл болбосо да, эмки жылы жүздөн ашуун теплицалар келгени турат. Бизди өзгөчө курулуш иштери суктандырды. Эки-үч кабат спорт комплекстер, жердин алдындагы курулуштар таң калтырды. Түп, Тоң райондорунда жердин астынан суу чыгып, элдин турак жайына залакасын тийгизүүдө. Мына ушундай абалдан кандай чыгуу керек, канализация, суу түтүктөрүн кандай колдонуу керектигин көрүп келдик. Электрондук буюмдарды жасоодо дүйнөлүк аренада аты чыккан компаниялардын иши менен тааныштык. Электрондук доскалар, кафедралардын мүмкүнчүлүгүн көрүп таң бердик. Тилекке каршы, мындай буюмдар азырынча биздин мамлекетке келе элек. Бул боюнча келишим түзүп келдик эле, аны билим берүү министрлигине жибердик. Корейлер өздөрүнүн адистерин жиберүүгө даяр. Ошондой заманбап буюмдарды эксперименталдык негизде жок дегенде саналуу мектептерге алып келсек деген ой пайда болду. Андан сырткары, ал жакта медицина тармагы жакшы жолго коюлган. Акыркы үлгүдөгү аппараттар колдонулуп, тейлөөсү да өтө жогорку деңгээлде. Экономика, жеңил өнөр жай өнүккөн экен, айтып болгус. Булар 35 жыл ичинде ушунчалык гүлдөп-өскөн, биз болсо 25 жыл ичинде алдыга жыла албай келдик. Буюрса, май айынын акырында алар Кыргызстанга келгени турат.
- Акыркы кездерде Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду боюнча "анын акчасы туура пайдаланылбай жатат" деген кеп-сөздөр да айтылып келет...
- Ооба, акыркы кезде ушу фонддун тегерегинде көп сөз болуп келет. Менимче бул пикир кайсы бир саясатчылардын жеке кызыкчылыгынын негизинде болуп жатат деп ойлойм. Тескерисинче, "көрө-көрө көсөм болосуң" демекчи, улам кийинки жылы райондук комиссиянын мүчөлөрү кайсы тармакты көтөрүү керек?" деген маселенин үстүндө көп иштеп жатышат. Бул фонддун акчасы алгач социалдык гана объектилерге жумшалчу. 2011-жылдын август айларында фонддун жоболорун өзгөрттүк. Ошого байланыштуу быйыл "Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду" деп гана аталып калды. Быйылдан тарта фонддун 40 пайызы өндүрүшкө жумшалмакчы. "Кумтөр" түбөлүктүү эмес, андыктан, фондду кармап калуу үчүн кирешесинин бир бөлүгүн кайра берүүчү өндүрүштүк ишканаларды салалы деген пландар бар. Кумтөр оперейтинг компони берген маалыматы боюнча быйыл фондго 8 миллиондун тегерегинде АКШ доллары түшөт. Фонд областка чоң жардам көргөзүп жатат. Маселен, 2012-жылы мамлекеттик казынага жалпы салыктын түрү боюнча эле 53 миллион 588миң 848 сом, ал эми социалдык фондго 18 миллион 63 миң137 сом түшкөн. Анын аркасында 37 фирма аркылуу эки жарым миң адам иштеп, аларга 104 миллиондон ашык айлык акы төлөнгөн. Ар бир райондо 40-50дөн объектилерибиз бар. Ошол эле билим берүү, медицина, маданият, айыл чарба, кайра иштетүү тармагын карайлы. Ал эми курулуучу объектилерди ар бир айыл өкмөт, айылдык кеңештин депутаттары акылдашып сунуш кылууда. Андан кийин областтык байкоочу кеңештин кароосуна коюлат.
(Уландысы 11-бетте)







Пикир: