Карый көрбө, Карганбек
Депутат Карганбек Самаков "Бишкекте жүргөндө эмне кылайын" дегенби, Ак-Талаа районунун Жогорку Май айылынын эли менен жолугушуп, айыл ичиндеги көйгөйлөрдөн кабар алып кайтты.
"Ырас эле келбедиңби" деп жергиликтүү тургундар өз күчтөрү менен куруп алган китепканага китеп фонду жетишпей жатканын айтышыпыр. Карганбек карап турчубу, ошол эле жерден "китеп алгыла" деп 50 миң сом жардам көрсөттү. Мындан сырткары, депутат белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, 1937-жылкы репрессиянын курмандыгы болгон Нуркул Кулназаровдун эстелигин тургузуу боюнча айылдыктардын өтүнүчүн орундатты. Өткөн жылы Нарын районундагы 8-март айылында 3 көпүрөнү сел алып кеткен. Түзүлгөн кырдаалды өз көзү менен көрүп кеткен эл өкүлү К. Самаков көпүрөлөрдү калыбына келтирүүгө убадасын берген. Натыйжада депутаттын каржылык колдоосу менен сел алган көпүрөлөр салынып бүттү. Бүткөрүлгөн ишти жеринде көрүп, куруучуларга ыраазычылык айткан депутат айылдыктардын бир маселеси чечилип калганын белгиледи. Ошону менен бирге эле ушул эле айылдын 50 балага ылайыкташкан бала бакчасына балдар жата турган эмеректер, жууркан-төшөгү, оюнчуктары менен жеткирилген. "Атайын бөбөктөр үчүн" деп таттуу даамдар да алынып келинген. Кыскасы, айлыдыктар Карганбекти "дегеле карыба" деп жылуу-жумшак узатып коюшту.


Ажынын онунчу китеби
Акын-жазуучу, журналист, булар аз келгенсип ажы, молдо, аалым Ажем Жаманкуловдун "Аллах буйруган өмүрдө" аталган чыгармалар жыйнагынын X томдугу жарык көрдү. Белгилүү калемгердин бул жыйнагына "Залкар Чынгыз" деген ыр менен кара сөздү жуурулуштура жазган көлөмдүү чыгармасы кирген. Ошондой эле ажы болгондон кийин "исламий ырлардан" да кыя өтө алган эмес.


Жалал-Абаддагы "жалмагычтар"
ИИМдин билдиргенине караганда Жалал-Абаддагы Барпы атындагы облустук драм театрын текшерип көрүшкөндө (жамааттан келген арызга ылайык) 2010-2012 -жылдардын аралыгында, аталган театрдын жетекчилиги тарабынан айлык акынын ставкасын мыйзамсыз көтөрүп жиберишкендиктери (1,7ден, 3,7ге чейин) аныкталган. Натыйжада мамлекетке 731миң сом зыян келтирилиптир. Материалдар прокуратурага өткөрүлүп, КРнын Кылмыш кодексинин 315- (кызматтагы көз боемочулук), 304- (Кызмат абалынан кыянатык менен пайдалануу) беренелери боюнча иш козголду.

Бакыт Төрөбаев эл камында
1-май эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү, КР ЖКнын вице-спикери Бакыт Төрөбаев Өзгөн шаарындагы борбордук стадиондо дыйкан-фермерлердин республикалык слётуна катышты.
Эл өкүлү элди эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү менен куттуктап, жолугушууга келгендер менен ачык-айрым сүйлөштү. Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери дыйкан-фермерлердин көйгөйлүү маселелерин чечүүдө айыл чарба министрлиги чабалдык кылып, аталган министрликке бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары максатсыз жумшалып жаткандыгын, министрликтин айыл чарбасын көтөрүүгө жөндөмсүз жасаган аракеттерине сын айтты. Элет элинин жашоосу айыл чарбасы менен байланышканын белгилеген Бакыт Төрөбаев өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн негизин түзгөн айыл чарба жана кайра иштетүүгө тез аранын ичинде кечиктирилгис чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын алдындагы "Өнүгүү"кыймылы республиканын аймагындагы айрым райондордо түзгөн техникалык сервисттер учурда өз жемишин берип, элдин үй-бүлөлүк бюджетине бир топ пайдалуу жактарын көрсөтүп жатканы слёттун катышуучулары тарабынан айтылып, Бакыт Төрөбаевге ыраазычылыгын билдиришти. Аны менен катар эл өкүлү мындай техникалык сервистердин катары уламдан-улам кеңейип, тракторлордун саны алдыңкы жылдары 100гө жетээрин жана жылына 500 миң гектардан ашуун жерди иштетүүгө болоорун баса белгиледи. Слёттун жыйынтыгында техникалык сервистин техникалары жана шаймандары тууралуу дыйкандарга кеңири түшүндүрүү иштери алып барылып, айыл чарбасына ыңгайлуу каражаттарды иштетүүнүн тажрыйбасын кеңейтүү аракеттери көрүлөөрү айтылды.


Гүлдөрдү үзбөгүлө,
айланайындар!
Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов шаардагы гүл өстүрүүчү жайларды кыдырып чыккандан кийин каңырыгы түтөй буларды айтты: "Айланайын шаардын тургундары! Шаардагы гүлдөрдү үзбөгүлө, жашыл жайларды тепсебегиле! Буларды "Зеленстройдун" жумушчулары күн-түн билбей, маңдай терин төгүп өстүрүп жатышат. Кур дегенде ошолордун эмгегин сыйлагыла! Быйылкы жылы "Зеленстрой"дун оранжереяларында 1млн.200 миң даана бир жылдык гүл өстүрүлдү. Анын уругун Чехиядан 1млн.592миң сомго сатып келгенбиз". Ырас, эле мэрди ыйлатпай, гүл өстүрүүчүлөрдүн эмгегин талаага кетирбей, өзүбүздү да, гүлгө бөлөнгөн борбор шаарыбызды сыйласак болбойбу!



Сооп гана
кылышыптыр
Чуулгандуу А.Князевди Алматыдан уулу менен келатканда чек ара кызматкерлери Кыргызстанга кийирбей койду. А.Князев: "Мен Орусиянын жаранымын. Ушул паспортум менен эле жер-сууну кыдырып келем. Мени киргизбей коюшканы саясый заказ" деп оозунан ак-көбүк чыкканча күпүлдөп, өзү айткандай жер-суунун баарын бузуп бакырып жатканы. Чек арачылар киргизбей сооп эле кылышыптыр. Мындай кесири башынан ашкан неме Кыргызстандан оолак эле жүргөнү жакшы.


Качырдыкы, эшектики дейби?!
2013-жылдын I кварталында Кыргызстанга 546 млн.сомго (11 млн.446 миң доллар)сырттан эт алынып келиниптир. Башкача айтканда 10 миң 136,3 тонна эт жана эт азыктары киргизилген. Бажы кызматынын маалыматы боюнча сырттан келген 1кг. эттин наркы 1,5 долларды түзөт. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын маалыматына таянсак, Кыргызстанга жыл сайын алыскы-жакынкы өлкөлөрдөн (АКШ, Бразилия, КЭР, РФ) 80 миң тоннанын тегерегинде, наркы 3,5 млрд. сомдук эт жана эт азыктары киргизилет экен. "АКИпресс" сайтына (1-апрель) жарыяланган ар кандай эттер келип жаткандыгы тууралуу маалыматтардын арасынан төмөнкүлөрдү окуп, төбө чачыбыз тик турду. Анда мындай деп айтылат: "Уйдун, чочконун,койдун, эчкинин, жылкынын, эшектин, качырдын жаңы же муздатылган, тоңдурулган тамак-аш субпродуктулары" деп жүрөт. Бул "субпродуктулар" жалпы келип жаткан эт жана эт азыктарынын 0,097 пайызын түзөт экен, башкача айтканда наркы 3 438 014 сомдук (1кили-32 сомдон) ушундай эт келип түшүптүр. Буга караганда качырдын, эшектин этин деле импорттоп жатсак керек. Муну аныктап, тактап берчү бирөө табылар бекен?!


Жалал-Абадда 7-канал акыры өзбекче "сүйлөдү"
Жалал-Абад шаарындагы 7D телеканалынын өзбек тилинде программаларын чыгарууну пландап жатканын эфирден телеканалдын жетекчиси Алтынбек Жумаев айтып чыккандан кийин, коомчулукта ар-түрдүү каршы пикирлер жаралып, жада калса бир нече жолу бул идеяга каршы нааразычылык акцияларын уюштурган жарандардын тобу тынчтык митингдери, тегерек стол жана газета, телевидение эфирлеринен каршы пикирлерин билдиргенге үлгүрүштү эле. Өлкөдөгү мекенчилдик идеологиясын туу туткан жана "Ата Журт" мекенчил партиясын түптөп, калыптандырган Камчыбек Ташиевдин менчик "7D" каналы өзбек тилинде жанылыктарды алып чыгууну көздөп жатканын сындаган, каршы пикирлерин билдирген жарандардын саны күндөн -күнгө өсүп, коомчулукта бир топ пикирлерди жараткан соң, телеканал жетекчилиги эл менен дагы бир жолу акылдашып, пикирлерди эске алуу менен анан гана чечим чыгараарын айткан эле. Натыйжада эл менен кеңешип, жыйынтыгы ушундай болдубу же менчик канал өзү билип өтүгүн төргө илдиби, кыскасы, кечээ 7-каналдын эфиринен "Атайын чыгарылыш" деген өзбек тилинде программа эфирге чыкты. Негизинен бул кадамга каналдын жетекчилигинин барып жатканы, бул чет өлкөлүк эл аралык уюмдардын каржылоосундагы долбоордун ишке ашып жаткандыгында. Бирок акча жана материалдык дүйнөгө кызыгып, идеологиябызды, тилибизди сата берсек болобу? Же он - он беш минуталык программа азчылыкты түзгөн элдердин мүдөөсүн канааттандырып, унутулуп жаткан тилин сактап, жетпей жаткан маалыматтарын камсыз кылып береби? Балким ушул кадамдарга баруу менен жакындап жаткан шайлоолорго даярданып, кимдир бирөөлөр упай топтоп, "бирөөлөрдүн" добушуна жетүүнүн амалыдыр?


Майрамбек
Адылбеков,
өз кабарчы,
Жалал-Абад
Областы






Пикир: