Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Каптын дагы бир жеринен шибеге тешип чыкты
(Башы 1-бетте)
Коңшулардын коңурсуган саясаты
Тажикстандын Ворух анклавы Кыргызстандын Баткен облусунун аймагында жайгашкан. Административдик жактан Согди облусунун Исфара районуна карайт. Аймагы 130 миң км2 тегерегинде, калкынын саны 30 миң чамалуу, алардын 95%ы тажиктер, 5%ы кыргыздар. Ворухтун Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниси - анклав аркылуу Лейлек районун Кыргызстандын башка аймагы менен байланыштырган жалгыз унаа жолу өтөт. Эгерде ал жолду да ээлеп, Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштырып койчу болсо, анда Ворух эмес, Баткен районунун жарымы менен бүтүндөй Лейлек району Кыргызстандын эксклавына айланып калаары турган иш. Буга кошумча, анклавдын айланасында азыркыга чейин мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул аймакта Кыргызстан менен Тажикстан өзүнө каратып алгысы келип, көз салып жүргөн 70 чамалуу такталбаган участоктор бар.
Анклав менен анын тегерегиндеги кыргыз айылдарынын жашоочуларынын ортосундагы чатактардын ачык айтылып келген себептеринин бири - айыл чарба багытындагы жерлердин жетишсиздиги. Изилдөөчүлөрдүн баамында, ХХ кылымдын башы менен аягындагы Ворухтун калкынын өсүүсүн салыштырганда - 20 эседен ашуун өсүү болгон. Анклавдын аймагындагы тездик менен өсүп отурган демографиялык басым өз кезегинде жер жана суу ресурстарын бөлүштүрүүдөгү көйгөйлөрдү курчуткан.
Жер тилкелеринин, сугат жана ичүүчү суунун жетишсиздиги аймактагы курч конфликттердин чыгуусунун себептери катары каралып келет. Аймактагы кыргыздар менен тажиктердин ресурс талашуунун негизиндеги кагылышуулары 1982, 1988, 1989, 2003-жылдары болуп өткөн. Булар салыштырмалуу ирилери гана, ар кандай себептер менен резонанс жаратпай басылып калган "майда-барат" чыр-чатактар ар жыл сайын бир канча жолудан кайталанып турат.
1990-жылы Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун жетекчиликтеринин ортосунда Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштыруу багытында сүйлөшүүлөр болгон, албетте кыргыз тарап каршы болгондуктан бул сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаган. 1991-жылы анклавдын айланасындагы кыргыздардын жерин өткөрүп алуу максатындагы тажиктердин толкундоолору кайра күчөгөн. Алар Баткен районунун бул аймактагы 10 миң гектар жерин тажиктерге түбөлүккө өткөрүп берүү талабын кайрадан күчөтүшкөн. Эки мамлекеттин жетекчилери бири-бирин күнөөлөп, кайым айтышууга да үлгүрүшкөн. Бирок, аймактын көйгөйү ошол бойдон чечилбей, белгисиз мөөнөткө калып калган.
Анклавды Тажикстандын негизги аймагы менен бириктирүүнүн легалдуу мүмкүнчүлүктөрү Кыргызстан тараптан четке кагылган соң Тажикстандын бийлиги жылма экспансия саясатын колдонууну чечкен өңдүү. Маалыматтар боюнча, Кыргызстандын атайын кызматында Тажикстандын Президентинин Ворухту негизги аймагы менен кошуу жөнүндөгү жашыруун буйругу тууралуу маалыматтар бар экен. Ал буйрукка ылайык Ворухтун тегерегиндеги Кыргызстандын Ак-Сай жана Таш-Тумшук айылдарынын жерлерин акырындык менен өздөштүрүп, ээлеп алуусу айтылган. Аталган буйрукту аткарууга алган Тажикстандын расмий бийлиги өз жарандарынын аталган кыргыз айылдарындагы үйлөрдү жана жер тилкелерин сатып алууларын, андан соң Согди облусунун кадастр кызматкерлеринин өз планына киргизип алуусун астыртан шарттап келет.
Кыргызстандын жарандарынын аталган айылдардагы там-таштарын сатып алуу үчүн Тажикстан өз жарандарына 25-30 миң АКШ долларын кайтарымсыз бөлүп берип турат. Анклавдын тегерегиндеги айылдардын тургундары коңшулардын чыр-чатактарынан, өз өлкөсүнүн бийлигинин кайдыгерлигинен тажаганда турак-жайларын сатып (башка өлкөнүн жаранына болмоктон шайтанга болсо да) ал акчага мемиреген, берекелүү Чүй боорунан жер там сатып алып, жашоосун коогасыз улантпай жаны жокпу.
Маалыматтар боюнча, ушундай кысым көрсөтүү жолдору менен тажиктер Кыргызстандын 3 миң гектардан ашуун, жерлерин басып алышкан. Азыркы учурда тажиктер Ворухтун түштүк жагындагы Кыргызстандын жерлерин басып алууга аракет кылууда. Эгерде Ворухтун түштүк жагы барып Тажикстандын негизги жери менен бириксе эле анда Баткен районунун жарымы менен Лейлек району Кыргызстандын эксклавына айланып калмакчы. Эксперттердин пикиринде, Тажикстандын калкынын кыргыз жерин экспансиялоосу агрессивдүү түрдө жана артка кайткыс мүнөздө жүрүүдө. Ошондой эле алардын аракеттери чыныгы оккупацияга айланууда жана тажик туугандардын мындай мыйзамсыз аракеттери аймактагы эки коңшу элдин куралдуу кагылышуусуна чейин өсүп жетүүсү да толук мүмкүн. Тажикстандагы 3-4 жыл мурда чыккан географиялык карталарда Ворух анклавы менен Тажикстандын негизги аймагынын ортосундагы 20 километрдик Кыргызстанга тиешелүү аралык эми тажиктердин түсү менен көрсөтүлгөн. Бул деген расмий Дүйшөмбүнүн анклавды бириктирүүгө болгон олуттуу кызыкчылыгын билдиреби?
Ошондуктан, Тажикстан бийлигинин кечээги Ак-Сай жаңжалындагы айыптарын мойнуна алып, кыргыз элинен кечирим сураганын жөн гана бет кап кийген клоундун оюну катары карасак болчудай.

Тырмоокко кайра-кайра чалынган
кыргыз бийлиги
Баткен облусунун жергиликтүү бийлиги менен өлкөнүн жарандарынын коопсуздугуна жооптуу компетенттүү органдары Баткен облусундагы анклавдардын тегерегиндеги чыңалып турган жагдайларды эске алып, алдын-ала коопсуздук чараларын көргөн эмес. Бул жергиликтүү бийликтин, күч струкураларынын бери эле дегенде жыл башындагы Чарбак окуясынан, ошол эле Ак-Сайдын Көк-Таш айылындагы тажиктердин чабуулунан сабак албаганын жана алардан эч кандай жыйынтык чыгарбаганын айгинелейт.
Мурдунан алысты көрө албаган, же капчыгына куюлуп жаткан жашылбайлары кыя албаган жергиликтүү бийлик өзүнүн профессионалдык жарамсыздыгын канчанчы жолу далилдеп жатканы эсептелбей калды окшойт. Болбосо мамлекеттик чек аралардагы такталбаган аймактарды тешик кап сыяктуу ар түрдүү контрабандалык товарлардын агымдарына айлантпай, коңшулардын мыйзамсыз басып алууларына жол койбой, тескерисинче чоңдугуна, бийлигине карабай, ууру-кески, бизнесмен-чиновниктердин колун аёосуз чаап, каруусун казык кылып, элдин уулу катары чекти бекемдөөгө аракет кылмак. Тилекке каршы, бул бийлик анте албады…
Кыргызстандын жогорку бийлигинин да Баткен облусундагы анклавдардын тегерегиндеги көйгөйлөр, мамлекеттик чек аралардагы реалдуу абал жөнүндө жеткиликтүү кабары жоктугу, аларды чечүүгө кызыкдар эместиги Мекендин ар бир укум жери үчүн канын төгүп күрөшүп келген баткендиктердин жанын кашайтууда. Болбосо, Таш-Тумшук айылындагы тажиктерге өтүп кеткен жерлерди кайра сатып алуудагы коррупциялык иштерге жол бермек эмес. Ошондой эле, Кыргызстандын өз жеринде эле курулуп жаткан Ак-Сай-Тамдык айланма жолун "талаштуу жерлерде курулуп жатат" деген сөздүн эл жетекчисинин оозунан чыгып жатканынын өзү эмнени гана каңкуулабайт.





Пикир:






??.??