Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Байас Турал, тарыхчы, жазуучу:
"Сырттан кирген
идеология кыргызды талкалап жатат"
- Жакында "Улуттар Биримдиги" партиясынын республикалык сьезди болуп, анда сизге сөз берилбей калды деп жүрдүңүз эле, ошондо эмнени айтайын дедиңиз эле?
- Кечээ жакында эле россиялык көрүнүктүү саясатчы - В. Жириновский бир телеберүүдө сүйлөп жатып: "Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталганына көп болду…" деди. Мен чын эле "согуш жүрүп жатканын" билбейт элем. Анткени, биздин бир да окумуштуу политологдун же саясатчынын оозунан ушул убакка чейин ушундай сөздү мен уга элекмин. Демек, Үчүнчү Дүйнөлүк согуш жүрүп атканын алар да билбейт?... Көрсө, Жириновскийге чейин, атактуу Нострадамустун өмүр жолун изилдеп, дүйнө элдеринин келечеги тууралу анын айткандарын чечмелеп жазып жүргөн фарангиз Мишел Морен 1993-жылы эле: "Көптөр Үчүнчү дүйнөлүк согуш баштала элек деп ойлошот. А чынында Үчүнчү дүйнөлүк согуш 1990-жылы 2-августа Ирак Кувейтти басып алганда эле башталган. Бул, Батыш үчүн согушту андан нары тутантып, улантып жиберүүгө шылтоо болду. Ошондо Бириккен Улуттар Уюму (БУУ): "эгер Ирак 1991-жылдын 16-августуна чейин аскерин Кувейттен алып чыгып кетпесе, ага каршы Бириккен аскердик күчтөрдүн аракетине тоскоолдук кылбай турганын" билдирген" деп айтыптыр. Кийин БУУ чын эле Бириккен аскердик күчтөрдүн алдын тосуп, токтоткон жок. Алар акыры Ирактын президенти - Саддам Хусейнди өлтүрүп тынышты. Ошентип, андан нары уланган "Үчүнчү дүйнөлүк согуштун" Биринчи этабы бат эле, 1991-жылы СССРди кыйратуу менен аяктады.
- Анын биздин өлкөгө кандай тиешеси бар?
- Ошол эле СССРди ураткан "Үчүнчү дүйнөлүк согуштун" экинчи этабы "22" жылдан бери биздин республиканын аймагында жүрүп жатат. 22 жылдан бери бул согушта Кыргыз жеңилип келатат. Эң кызыгы - сырттан бир элдин бир куралчан аскери же танкасы басып кирген жок. Бирок, сырттан танкалардан да жаман жана коркунучтуу нерселер келүүдө. Сырттан, алган адамды байытып, ошол эле убакта аны өзүнө көз каранды кылган "акча" менен улутту талкалаган "идеология" кирүүдө. Башкача айтканда, сырттан келген акча аны алган адамдарды бай адамдарга айлантууда, ал эми ал акчаны берип жаткан адамдардын идеологиясы ошол сырттан келген акчаны алып байыган адамдарды бийликке алып келип, аларды өзүнүн кызыкчылыктарына кызмат кылдырууда. Натыйжада, ошол "акча алган адамдар" менен "акча албаган адамдар" согушуп, Кыргыз өзүн өзү өлтүрүп, өзүн өзү талкалоодо. Анан, өзү өлтүргөн балдарды өзү "баатыр" атап атат. Дээрлик 20 жыл бою эл эмне болуп жатканын түшүнбөй эси эки болууда. Улуттук интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү да Үчүнчү Дүйнөлүк согуш жүрүп жатканын, ал кантип бизди жок кылып жатканын эми аңдай баштады. Мындан жүз жылдар мурун куралчан орус аскери куралсыз кыргыз элин кандай кырса, азыр Дүйнөлүк согушту жүргүзүп жаткан элдер да ар кандай аталыштар менен аталган "суперкурал" менен ага каршы колдоно турган "куралы" жок Кыргызды дал ошондой эле кырып санын азайтууда. Атактуу Фирдоусинин "Шах наме" деген чыгармасындагы башкы каармандын бири - Кабус шах Рустам баатырды таштап, колду өзү баштап, Мазендаран деп аталган жиндердин өлкөсүнө барганда, күн тутулуп, асман алай-дүлөй түшүп, чөлдүн куму сапырылып, аскерлер өзү менен өзү согушуп, бири-бирин кырып, аман калган аз гана адамы менен шах өзү колго түшүп кулга айланат. Аларды кийин Рустам баатыр издеп келип, таап бошотот. Азыр Кыргыз, дал ошондой - баатыр, акылман адамдардын баркын билбеген Кабус шахка окшогон башчылар башкарган заманды башынан өткөрүп жатат.
- Тактап айтсаңыз, Үчүнчү Дүйнөлүк согушту жүргүзүп жаткан элдер Кыргызды кандай жолдор менен кырып санын азайтып жатышы мүмкүн?
- Мүмкүн эмес, бул чындык. Бул согушту политологдор: "идеологиялык согуш" же "маалыматтар согушу" деп аташууда. Улуттук аң-сезимди бузуп, улуттук эс-тутумду талкалап, улуттук дүйнөтаанымды бурмалап, бүтүндөй элди маңкуртка айлантып жаткан анын эң башкы куралдары:"демократия" деген атты жамынган "Анархия", "Адам укугу", "Базар экономикасы", "Глобализация", мамлекеттин негизи - жерге болгон "Жеке менчик" жана башкалар. Ал эми алардын таянып иш кылган эң башкы мыйзамы - эл аралык эксперттер жактырган "Конституция" болуп саналат. "Глобализация" деп аталган бул Дүйнөлүк согуштун идеологиясына каршы унитардык түзүлүштөгү мамлекети бар дүйнө элдери "улутчул" идеологияны каршы коюуда. Башка курал менен аны жеңүүгө мүмкүн эмес. Ал эми бул куралды таланттуу, билимдүү, улутчул сезими күчтүү интелектуал эр-азаматтар гана колдоно алат. Анткени, бул согуш - Адамды Улуттан жогору көтөргөн "улутсуз интеллектуалдар" менен Улутту Адамдан улуу деп эсептеген "улутчул интеллектуалдардын" согушу. Кыргыз - бул согушта өзүнүн эмне деген эл экенин эми көрсөтөт. Эң башкысы - сырттан келген акчаларды алып байып, башкалардын кызыкчылыгына кызмат кылып жаткан адамдардан этият болушу керек. Анткени, "сырткы душманга караганда, ички душман коркунучтуу", ички душмандар - ошолор. Дүйнөлүк согуштун биздин жердеги алгачкы идеологиялык Программасы "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деп аталган. Натыйжада, республикадагы башка улуттардын өкүлдөрүнүн баарынын башын бир жерге бириктирген "Кыргызстан элдер ассамблеясы" түзүлүп, Кыргызстандын эли "кыргыз" жана "кыргыз эместерге" ачык бөлүнгөн. Бүгүнкү күнү бул уюмдун ичинде кабинеттер менен жабдылып, бюджеттин эсебинен кармалып турган 32 Улуттук маданий борбор иштеп жатат. Эң кызыгы "Кыргызстан элдер ассамблеясы" деп аталган ушул уюмдун ичинде кыргыздардын өздөрүнүн Улуттук маданий борбору жок? Ал эми "эмне үчүн жок" деген суроого жооп бере турган адам 2005-жылы 24-мартта качып кетип, азыр Москвада жашап жүрөт. Бул "суроого" экинчи экс-президент да жооп бере албады. "Жооп бергин" деп эл жыйылып келгенде, ал Минскиге барып бекинип, ошол бойдон эч кимге көрүнө элек. Бул суроого жооп бергиче, "үчүнчү" президенттин убактысы бүтүп калды. Эми бул суроого "эмне деп жооп берерин" билбей, азыркы президенттин башы катууда.
- "Балык башынан сасыйт" болуп кыргыз элин бийликтегилер өздөрү түндүк-түштүккө бөлүп жүрүшпөйбү…
- Ооба, ошол эле Аскар Акаев "улутту жок кылуу" идеологиясын ийгиликтүү улантып, кыргыздардын өзүн "түндүк-түштүк" кылып бөлүү аракеттерин жасады. Ал айрыкча кадрлар маселесинен ачык көрүнүп турду. Түндүкчүл бузукулар түштүктүн элин "сарттар" деп атаса, түштүкчүл арсыздар түндүктүн элин "калмак" атка кондурушту. "Ашуунун ары жагы, бери жагы" болуп, арабыз алыстап баратканда, кудай жалгап элибиздин мыкты эр-азаматтарынын бир тобу Кыргыздын "уруу" түзүлүшүн, Үч Канат системасын ордуна келтирүү идеясын көтөрүп жиберишти. Натыйжада, бир вариантта "Кыргыз ата" деп айтылса, экинчи вариантта "Долон бий" деп аталган түпкү аталардын аттары аталган санжыра кайра калкып чыгып, Кыргыз түбү бир атанын үч уулунан "Үч Канат" болуп калыптанган калк экени элдин эсине салынды. "Эгер, партиялык системасыз Өлкөнү башкаруу - "артта калгандыктын белгиси" болсо, анда Үч Канатты "үч партияга" айланталы" дешти алар. "Сырткы күчтөрдүн" идеологдору уруу түзүлүшүнүн артыкчылыктарын айтып чыккан ал адамдарды: "Булар ушинтип элди "үчкө" бөлгөнү жатышат", "мындайлар феодализмдин калдыгын даңазалагандар", "көздөрү желкесине бүткөн интеллигенттер", "элди адаштырып артка сүйрөгөндөр" деп шылдыңдашты. Илгерки Орхон-Энесай аймагынан табылган таштарда акылман аталарыбыздан калган осуят сөздөр бар. Анын биринде минтип айтылат: "Табгачтар элди таттуу сөзү менен алдап, жибеги менен мууздап, көп эр азаматтар өлдү". Натыйжада Улуттун тагдырына күйгөн өзүнүн улутчул уул-кыздарынын сөзүнө эмес, эл батыштык идеологиянын таасирине кабылган адамдардын акчасына алданып, "200 жакын" саясий партия түзүлдү. Үч Канат Эл - "200 топко" бөлүндү. Ал турсун бири - бул, экинчиси - тигил партияга мүчө болуп кирип, ата менен баланын, эри менен аялынын, энеси менен кызынын, агасы менен инисинин ортосунда уруш чыкты. Бүгүн бул партияда мүчө болсо, эртең тигил партияга өтө качып, же бир эле убакта эки-үч партияга мүчө болуп, эл бузулду. Үч Канат "үч партияга" айланганда, адамдар минтип жолунан адашпайт эле. "Оң Улус" партиясына тиешелүү адам "Сол Улус" партиясына же "Ички Улус" партиясынын адамы жогорку "эки партиянын" бирине өтө алмак эмес. Анткени, кыргыздар бул "саясий системаны" эки миң жылдан ашык убакыт бою электен өткөрүп, этникалык түзүлүшкө негиздеп түзүшкөн. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин эл, өзүнүн элинин тарыхын, салтын билген, улуттук жолун изилдеген уул-кыздарынын эмес, сырттан келип жаткан арам акчага сатылып, эки жүздүү "евроидеологияга" кызмат кылган балдарынын айткандарын жасап келатат. Кыскасы,эсти оодарган "200" партия элге эмне кызмат өтөп атканын эки-үч жылдан бери көрүп келатабыз. Мен, тигил же бул партиянын мүчөлөрүнө акыл айтуудан алысмын. Бирок, элибиздин тарыхын, каада-салтын, байыркы Туран аймагындагы анын ээлеген ордун жана бүгүнкү күндөгү абалын салыштырып, изилдеп келаткан жазуучу жана тарыхчы катары, Батыш көрсөтүп жаткандан башка, элди бузбай турган, өзүбүздүн ата-бабалар салган, алардыкынан алда канча мыкты жолдор бар экенин алар билип коюшу керек. Анткени, "партия" деп айтылбаганы менен Кыргыз коомунда Үч Канат "үч" партиянын ролун аткарып келген. Анын эң башкы артыкчылыгы: Үч Канатта "түндүк-түштүк" деп, элди аймактык жактан экиге бөлгөн "арам сийдик" саясат жок. Тескерисинче, Үч Канатта, Кыргыз - түбү бир Атанын Үч Уулунан тараган эл экенин айтып турган "үч миң" жылдык тарых, элди бириктирип турган Улуттук эс-тутум бар. Менин айтайын деген оюм бул: негизинен дал ушул "Үч Канат" идеясын көтөрүп жибергендердин айынан Кыргызды "экиге" бөлүү программасы ишке ашпай калды. Ошентсе да, алыстан туруп башкарып жаткан акчалуу адамдардын таасирине таянып, аны күч менен ишке ашыруу аракеттерин көрүп жүргөн душман адамдар азыркы учурда да бар экенин унутпообуз керек.
(Уландысы эмки санда)







Пикир:






??.??