Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт
Талас райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Нуржан Сыргалиев экөөбүз илгертеден таанышпыз. Тээ 90-жылдары, мен Талас шаардык кеңешинде башкы адис болуп турган жылдары эле ал Талас районунда маданият бөлүмүн башкарчу. Оо, андан бери канча заман өтүп кетти. Былтыр Нуржан мага телефон чалып, 2012-жыл Талас районунда "Эр Солтоной жылы" деп жарыяланганын айткан. Быйыл 19-апрелде куттуу Манас жергесинде "Эр Солтоной жылынын" жыйынтыгы чыгарылып, "Урпактары минтип бир жылды Эр Солтонойдун элесине арнап, анын баатырдыгын даңазалап жатса, а киши да жаткан жеринен бир оодарылып алган чыгар. Арбак ыраазы болсун. Таластыктарды Эр Солтоной бабабыздын арбагы колдой жүрсүн" деп, райакимчиликтин чакыруусу менен Таласка барып келдим.

Эр Солтоной
ким болгон?
Эр Солтоной - улуттук баатыр. Кокту-колоттун намысын эмес, бүтүндөй кыргыз улутунун намысын коргоп, башын канжыгага байлап койгон тарыхый инсан. Калмактар менен кармашып жатып, жоо колунан курман болгон. Демек, эл-жерин коргогон баатыр бабабызды эскерип, атадан балага, муундан-муунга айта жүрүү, Эр Солтонойдой чыныгы баатырлардын эрдигин даңазалоо, жаш муундарды аталар көрсөткөн эрдиктин духунда тарбиялоо биздин атуулдук парзыбыз.
Талас чөлкөмүнөн чыгып, 17-кылымдын экинчи жарымы менен 18-кылымдын баш жагында өмүр кечирген, эрдигин мүлдө кыргыз калкы баалаган эл баатырын - эл ырга салып, "Эр Солтоной" эпосу жаралган. Эр Солтоной жөнүндө маалыматтар кол жазмаларда да кездешет. "Кызыл кыргыз тарыxы" деген эмгектин автору Белек Солтоноев аталган китебинде Эр Солтонойдун калмак баатыры Дөңкөнөйдү жеңгендеги эрдиги баяндалган. Ал эми белгилүү таластык санжырачы Үмөт Молдо Түгөлбай уулунун жазып калтырган эмгегинде жекеге эч ким чыкпаган соң, Эр Солтонойдун өзү анын калмактарга кыргын салып, экинчи күнкү салгылашта аты жүрбөй калып, шейит болгонун жазат. Анда "Чабдар аттуу Солтоной, Салтанаттуу Солтоной, Кыргызга жардам болгон Солтоной, Калмакка кыргын салган Солтоной" делет (КУИА, инв №191,115-120-беттер). Ал эми жазуучу Асанбек Стамов "Жортуул" деген чыгармасында: "Алтын кемерлүү Эр Солтоной токсондон ашканча эр сайышка түшүп, жортуулдан калган эмес" - деп жазат. Баатырдын эрдиги жөнүндө Бала Айылчынын санжырасында атайын кеп кылынган ("Ала-Тоо" журналы, 1991, 8-санында). Кыскасы, Эр Солтоной жомоктук каарман эмес, кыргыздын кыйырына таанылган улуу инсан, улуттук баатыр. Анын атасы Байсейиттин миңдеген урпактары Кыргызстандын бардык аймактарында жашашат, ал эми жеке Эр Солтонойдун жүздөгөн укум-тукуму Талас жана Чүй өрөөндөрүндө өмүр кечиришет. Муну эми тарыхты, тамырыбызды биле жүрүү үчүн айттык. "Эр Солтоной 93 жашында калмактар менен Сокулук суусунун боюндагы теңдешсиз салгылашуудагы 1733-жылдын кеч күзүндө курман болот" деген маалымат бар. Ушундан улам баатырды 1640-жылы туулган деп эсептешет. Бул маалыматты туура деп эсептешкендер: жазуучу Асанбек Стамов, изилдөөчү Бейшенбек Кенжегараев, Үсөнбек Өмүралиев жана бир катар жергиликтүү санжырачылар. Экинчиси - жылы көрсөтүлбөгөн окуя. Ал Белек Солтоноевдин жазып калтырган маалыматы. Анда "Солтоной 60 жашка келгенде Тынайдын 13 жаштагы Атаке, солтодон 13 жашар Момоконду алып, 200 киши менен келип, Карабалта, Аксууда жаткан калмак менен урушуп, көп мал алып, Карабалта ашып, жылкыны 100 киши менен жөнөтүп, Солтоной Атаке менен Момоконду жанына алып калып Кызыл Белестен тосуп жатканда, Жыламыштан Дөңкөнөй баштап көп калмак урушка чыгып, урушта Солтоной баштап 30 киши өлүп, калганы качып Кошойго барган. Кыш түшүп калып, Кошой калмак менен уруша албай калган. Себеп Коңур-Өгүздүн жолу бекип калып, кыштын күнү Чүйгө киши келе албай калат" (Б.Солтоноев, "Кызыл кыргыз тарыxы" 1993, 140-141-беттерде).
Эр Солтонойдой чыныгы элдик баатыр мамлекеттик деңгээлде бааланышы керек эле. Тилекке каршы, кокту-колоттун баатырларын даңазалаган Кыргызстанда Эр Солтонойго татыктуу баа берилбей келатат. Ошентсе да, Таласта Эр Солтонойдун эрдигин унутуша элек. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Талас шаарынын борборуна Эр Солтонойдун айкели орнотулган.

Антка бекемдик
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Бектур Исаков агай эл баатырына арнап "Эр Солтоной" аттуу китебинде: "Биз мындан ары да элибиздин улуттук эң мыкты сапаты катары тутуна турган нерсе - антка бекемдик, бир сөздүүлүк. Мына ушул сапаттар Эр Солтоной бабабызда кездешет. Калмактын чапкынынан азап чегип канкакшагандарды көрөт да: "Элди кор кылбай өмүр бою коргойм!" деп ант берет. Баатырдын бул антын Абдыракман:

"Тозокко түшүп калсам да,
Каңгайдан өчтү алууга
Өлгөнчө намыс сактаймын.
Желдеттери чогулуп
Желкеден басып сойсо да,
Моюнга золу салса да,
Кокого тике сайылган,
Колокту жутуп калсам да,
Жазатта сулк жатсам да,
Көргөзөмүн аларга
Кыргыз кандай экенин.
Алмадай башын топ кылам.
Куттуу жерден кубалайм,
Башынан жулам айдарын.
Жаан жуугандай тыйбасам.
Туулбай туна чөгөйүн,
Туяксыз болуп өтөйүн" - деп ыр менен чагылдырган (Б.Кенжегараев, "Эр Солтоной", 2004,59-61-б). Эң башкысы - баатыр бабабыз жогоркудай элге берген антын аткарган, бир жолу да тайсалдаган эмес. Себеби бул анттар терең көз караштан өсүп чыккан. Маселен, Эр Солтоной: "Кыргыз кыйырына жоо келгенде, баатырдын ооруп жана карып калганга акысы жок" - деп ар дайым айтчу экен. Бул сөздү эл оозунан мен эчен курдай укканмын. Дагы да "Чөгөлөп жүрүп өткөнчө, Эл сактап жан кыйган жакшы эмеспи" деп айткан (Б.Кенжегараевдин китебинде, 44-бет). Ушул эки түшүнүктөн акылман киши экени байкалат" деп жазат. Мындан биз Эр Солтоной баатыр гана эмес, кеменгер да киши болгонун билебиз.

"Эр Солтоной - 2013"
Ошентип, өткөн жылы Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Байрак Сейдибалиевдин демилгеси, орунбасарлары Кубат Алапаев, Азият Жаркыналиевалардын уюштуруучулук иш-аракеттеринин натыйжасында, былтыр Таласта "Эр Солтоной жылы" белгиленди. Болсун. Бул "Кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп үйрөнүүнү тереңдетүүнү жана жарандык атуулдук калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27 -январындагы №18 Жарлыгына дал келет. Кыргыздардын биримдигин сактап калууга бүт өмүрүн арнаган, акылы менен кылган эрдиги төп келген өз заманынын кол башчысы, журт башчысы болгон Эр Солтоной Байсейит уулун жаш муундарга таанытуу максатында райондун билим берүү мекемелеринде алгылыктуу иштер уюштурулду. Билим берүү мекемелериндеги 9-10-11-класстын окуучуларынын арасында " Эр Солтоной ким болгон?" деген темада ачык сааттар, класстык сааттар өтүп, дил баяндардын кароо сынагы жарыяланды. Нуржан Сыргалиев жетектеген райондук маданият бөлүмү тарабынан райондогу баардык маданият үйлөрүндө, райондук борборлоштурулган китепкананын тейлөө бөлүмүндө "Эр Солтоной элдик баатыр" аттуу китеп көргөзмө жана чакан бурчтар уюштурулуп, Көкой орто мектебинин окуучулары менен бирдикте тегерек стол өткөрүлдү.
"Эр Солтоной" жылынын жыйынтыгы 19-апрелде Талас районунун Ү.Өмүралиев айыл аймагына караштуу Ак Сай айылында чыгарылып, Талас райондук мамлекеттик администрациясы, Талас райондук маданият бөлүмү, райондук мекеме-уюмдар, айыл аймак башчылары жана райондун жашоочулары, Бишкектен, областтан келген коноктордун арасында, бул жыйынга мен да катышып келдим. Жылуу сөздөр, изги тилектер айтылып, кыргыздын улуттук баатыры "Эр Солтоной" бабабыздын баатырлыгын даназалаган чыгармачыл адамдарга, "Эр Солтоной" жөнүндө китеп жазган авторлорго райондук мамлекеттик администрация жана "Эр Солтоной" фондусу тарабынан баалуу белектер жана ардак грамоталар берилди. Эң башкысы, бул күнү Эр Солтоной баатырды даңазалашты. "Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" дейт, анысы кандай, баатырды даңазалаган таластык агаиндерди Эр Солтоной бабабыздын арбагы колдоп жүрсүн.






Пикир: