Жарыяланганга кайрылабыз
АССАМБЛЕЯ АРТТА КАЛБАЙТ
Сиздердин газетаңыздардын ушул жылдын 29-апрелиндеги №42-санындагы "Кыргыз тилинин өркүндөп жайылышына ушулар эле чоң салым кошмок" деген маанидеги биздин дарегибизге карата айтылган репликаны окугандан кийин тактоо иретинде төмөндөгүлөрдү билдирип коюуну чечтик. Быйылкы жылдын башталышынан тартып, Ассамблеяда мамлекеттик тил боюнча атайын кабинет жабдылып, анда жумасына 5 жолудан уюмдун курамындагы маданий-улуттук борборлордун мүчөлөрүнө, ошондой эле бир катар министрликтердин жана ведомстволордун жооптуу кызматкерлерине мамлекеттик тил үйрөтүлүп келе жатат. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар. Ассамблеяга кирген бирикме, уюмдардын мүчөлөрү үчүн окутуу акысыз, ал эми сырттан келгендер келишимдик негизде акы төлөө менен окушат. Каалоочулардын бардыгына акысыз мамлекеттик тилди үйрөтүүгө бизде эч кандай каржылык, материалдык мүмкүнчүлүк жок. Мындан сырткары Ассамблеянын курамындагы маданий-улуттук борборлор чыгарган газеталарда "Мамлекеттик тилди үйрөнөбүз" деген рубриканын алдында кыргыз тилин өз алдынча үйрөнүү боюнча материалдар берилип келе жатат.
Ассамблея түзүлгөндөн берки 20 жылдын ичинде расмий иш кагаздарында, жыйын чогулуштарында мамлекеттик тил таптакыр колдонулбаган болсо, быйылдан тартып буйруктар,токтомдор кыргыз тилинде да чыгарыла баштады. Мындан ары зарылчылыгына жараша отурумдарды, жыйындарды да адегенде аралаш тилдерде, анан акырындап мамлекеттик тилде өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. КРнын " Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесинде "Кыргыз тили мамлекеттик тил катарында улуттар аралык тил болуп эсептеле тургандыгы" көрсөтүлгөн. Биз бул мыйзамдык талапты, Улуттук Стратегиянын 3-бабындагы мамлекеттик тил саясаты боюнча, КРда элдин биримдигин жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо Концепциясындагы мамлекеттик тилдин негизинде Кыргызстандын элин бириктирүү жөнүндөгү директивалык көрсөтмөлөрдү ырааттуу жүзөгө ашыруу боюнча каржылык мүмкүнчүлүктөрүбүздүн аябай чектелгендигине карабастан күч аракеттерибизди жумшоону мекенчилдик жана жарандык милдетибиз деп эсептейбиз.
Бирок, мамлекеттик тилди пропагандалап, жайылтуу, колдонулуу чөйрөсүн кеңейтүү биринчи кезекте ал үчүн айлык алып, бюджеттин эсебинен атайын штаттарды кармап турган мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, министрликтер менен ведомстволордун, ЖОЖдордун,ошондой эле кыргыз тили боюнча республикалык деңгээлдеги мекемелердин милдеттери экендигин сиздер жакшы билесиздер, мындан аркы чыгармачылык иштериңиздерде бул жагдайды да эске аласыздар деп ойлойбуз. Ал эми биз болсо болгону коомдук уюмбуз. Эгерде жогоруда аталгандар мамлекеттик тилге биздей эле ынтаа-ыклас кылып, колдон келгендерин эле жасашса, бул жааттагы маселелер заматта чечиле тургандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Бирок, "керегем сага айтам..." дегендей кылып мамлекеттик тил үчүн тынчсыздангандыгыңыздар үчүн ыраазылыгыбызды билдиребиз.
Б.Мурзубраимов,
Кыргызстан элинин Ассамблеясынын
Кеңешинин төрагасы, академик




Алтын бул - азезил
Өткөн кылымдын 1970-80-жылдары Тогуз-Торо районундагы "Макмал" алтын кенин иштетүүгө иш аракеттер башталды. Бул Союздук деңгээлдеги ишкананын курулушу болду. Мындай иштерге көбүн эсе жаштарды (комсомолдорду) тартып СССРдин бардык өлкөлөрүнөн кесипкөйлөр келээр эле. Биздин да ал кезде жаш (комсомол), ишке-ашка тойбой, күчүбүздү каякка жумшаарыбызды билбей жалындап турган кезибиз.

Бул курулушта негизинен көпчүлүк жаштар иштегендиктен бизди өнөр адамдарынан концерттик топторду түзүп ЦК комсомол, ЦК КП ошол жаштарды маданият жактан тейлөөгө тынбай жиберип турар эле. Тогуз-Торо району эң алыскы жана ага барышка жолдордун татаалдыгы, кыйынчылыктары, тосколдуктары көп болгондуктан артисттер көп барышчу эмес. Ошентип, райондун борбору "Казарман" кыштагынын түндүк жагындагы чакан айылдарга Нарын дарыясынан "паром" менен өтүп барып (азыркыдай ал кезде көпүрө жок) концерт коюп жүрдүк.
Концерттен кийин сөзсүз сый конок болчубуз. Ошондой коноктордун биринде биз менен бирге ошол айылдын жүзүнөн нур тамган, акжуумал, бойлуу бир аксакалы кошо отуруп калды. Бизди коштоп барган райкомдун 2-катчысы Болот Алаков деген инсан бул аксакалды райондун эң кадырлуу аксакалы экенин айтып тааныштырып отурду. Аксакал дагы сөзмөр, көптү көргөн, кепти куюлуштуруп суйлөп, бул жер Тогуз-Торо атынан башка дагы "Алтын-чөйчөк" аталарын "Казарман" деген ат илгери орустар келгенде ушул жерге Казарма салып, туруп калышкандыктан "Казарман" аталып калганын айтып, ошол аймактын санжыра тарыхынан кеп салып отурду. Ошол отурушта бул кадырлуу аксакалдын бир сөзү эч эсимден кетпей калды.
"Ээ балдарым, силерге айтар бир кебим: азыр Макмалдан алтын алабыз деп сүйүнүп жатасыңар, бул алтын элибизге, айрыкча Тогуз-Торо элине жакшылыкты алып келбейт, жамандыкты көбүрөөк алып келет. Жыргалынан ургалы көп бул алтындын" деп калды. Алтын чыккан жердин эли эч убакта жыргаган эмес, тескерисинче куураган, ал гана эмес, ошол жерден башка жерге жер которуп кетүүгө аргасыз болушкан. Бул алтындын баарын "Москва" алып кетет, Кыргызстанга кыпыны да калбайт. Жерибиз да, элибиз да ууланып, ар түрлүү кырсыктар көбөйүп, тирүү калгандары башка жакка жер которуп кетүүгө аргасыз болушат". Эч кимибиз каяша айта алган жокпуз.
Бирок, бул сөздөр менин жан дүйнөмө бүлүк салып койдү. Биз чыгармачыл инсандар мындайды жадыбыздан оңою менен чыгарбай "эмне үчүн?" деп эле жооп издеп, убарасын тарта беребиз. Бул сөздүн жандырмагын ошол окуядан кийин 20 жылдан кийин билдим. Биз барган жылдары (1980-1990-жж) Тогуз-Торо жери, укмуштай кооз, таптаза, эли андан укмуш таза, бузулбаган табигый абалда, айтылуу Талип молдо жазып кеткен илгери 1980-жылдардагы жашаган кыргыздардын жашоо образына шайкеш эле. Ушундай кыргыздарды Тажикстандын "Мургаб" районундагы кыргыздардын жашоосунан да байкаган элем. Кийин 20 жылдай убакыт өткөндөн кийин Тогуз-Торого концерт коюп кайрадан барып калдык. Шумдугуң кур! Баягы аксакал айткан сөздөр толугу менен аткарылып жатыптыр. Элинин шүйкүмү башка. Мейман дос элдин мейман достугунун изи да калбаптыр. Жаратылыш бир башкача, бозомук тартып, радиация өтө күчтүү, көбөйүп калыптыр. Ар түркүн оору сыркоолор көбөйгөндөй сезилди. Айткандай эле "Казармандын" алтынынын баарысын "Москва" алып кетти. Калган калдыктарын азыр да казымыш болуп жатышат. Эми дагы алтын чайкаганды үйрөнүшүп клан-кланга бөлүнүшүп, каршылашып анын себебинен өлүм- житим да болуп жатканын айтып жатышты. Калдык уу заттар көп калганын, элдин пейли бузулуп, ар келген эл менен аралашып, мурдагы Тогуз-Торонун эли эми башка элге айланганын аксакалдары айтып кетишкендерин уктум. Деги эле "Макмал" кени Тогуз-Торого эмнелерди берди? Айыл кыштактагы жолдор союз учурундагыдай эле. Борборуна он чакты кабаттуу үйлөр салынып, борбордук көчө асфалтталып, социалдык бир аз мекемелер жаңы маданият үйү салыныптыр.
Көптөгөн тонна алтын алынган жердин кейпи ушу. Ошончо алтындан 1кг калса да бул өрөөн гүлдөп өсөт эле го. Кейигенден башка сөз жок. Атактуу Байзак бабабыз айткандай "Алтын жылтылдап адамды азезил азгырат. Адам алтын таппай азап табат" дегени чындык дейм. Илгертеден ата-бабаларыбыздын алтын алууга, казууга катуу тыюу салганы бекер эмес экен. Бабаларыбыз алтындын үстүндө отургандарын эң сонун билишкен. Алтындын куруткуч күчүн да, азап алып келерин да жакшы билишкен. СССР доору гана бул "алтын" азезил жинин сыртка чыгарып жибербедиби. Азыркы оңоло албай жаткан мамлекетибиздин кейиштүү абалы ушул алтын азезили менен байланыштуу болуп жүрбөсүн?
Ошол үчүн алтын казганды кан буугандай токтотуу керек. Антпесек алтын азезили тынбай азгырып, өзүбүздүн алтыныбыз өзүбүздүн түбүбүзгө жетет. Алтын чын эле азезил тура. Эмне үчүн жаратылышыбыз ушунча кооз, сууларыбыз күмүш суу аталат? Ушунун баарын алтыныбыз бизге тазалап берип турат. Алтындан да кымбат бул суу байлыгыбыз. Жер шары жашап турганда миндеген жылдар, кылымдарда суу байлыгы эч убакта түгөнбөйт. Мына ушул күмүш сууларыбызды өзүнүн керемети менен бизге тазалап берип жаткан алтыныбызды каздырбай сактабайлыбы. Уккан кулакта жазык жок демекчи, угушума караганда Ала-Бука, Чаткал жериндеги алтыны казылып алынган жерлерде суу өтө булганып ичүүгө жарабай калганы айтылууда. Солтон-Сары жеринде да ошондой булганууга кириптер болуптур. Пейлибизди оңдосок кыргыз эли, жалаң суубуз, ГЭСтерибиз менен эле жыргап жашамакпыз. Ачкөз, ыймансыздарды алтынга көмүп койсо да аз эле аз, дагы эле дагы деп кыйкырышат эмеспи. Себеби, алтын азезилинин табияты ушундай "Алтын эч убакта жакшылыкты алып келбейт, жамандыкты гана алып келет" - деп айткан бабаларыбыздын керезин унутпайлы!

Атайбек Бөдөшов,
КР эмгек сиңирген артисти,
композитор, обончу








Пикир: