Кыргыз гезиттер

Каптын дагы бир жеринен шибеге тешип чыкты

Баткен районунун Ак-Сай айылынын Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешкен аймагында 27-28-апрелде кыргыз-тажик жаңжалы тутанды. Расмий бийликтин канчалык жаап-жашырып, ыйынып-ычкынып "Баары жайында! Абал көзөмөлдө!" деп кыйкырганына карабай, бул жолу да бышып жетилген жара дагы бир жеринен чарт жарылды. Бийлигибиз болсо бири-бирине чалынып, өрттү өчүргөнгө далбастады. Тилекке каршы, дагы деле өрттүн алдын алаар эч ким жоктой…

Коңшулардын кезектеги чабуулу
27-апрелде түшкө жуук Ак-Сай, Самаркандек айыл округдарынын жашоочуларынын Кишемиш, Геревшин, Тамдык жайлоолоруна баруучу Ворух анклавын айланып өтүүчү көз карандысыз Ак-Сай-Тамдык автожолун салып жаткан куруучуларды Тажикстандын 100 чамалуу жарандары топтолуп келип, чек арадагы такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзүп жатканын, кыргыз тараптын бул аракеттерин эл аралык келишимдерди одоно бузгандык катары эсептеп, чыр чыгарышкан. Кайым айтышуу бат эле колу-буттарды ишке киргизип, көптүккө салган тажиктер Кыргызстандын 5 жаранын сабап, натыйжада, бир трактористтин колун сындырып, башка тракторист менен айыл башчысынын башын жарып, айыл молдосу менен аксакалын сабап салышкан. Курулушчулардын техникалары таш бараңга кабылып, талкаланган.
Коңшулардын чектен чыккан зөөкүрлүгүн угуп кыжырданган кыргыз тарап тездик менен чогулуп Ак-Сайдын Ворух тараптагы чек арасына топтолушкан. Ал учурга карай тажик жарандары да чек ара тилкесинде топтолушуп, алардын саны өсүп бараткан экен. Бат эле кыргыз тараптан 500 чамалуу, тажик тараптан 4000 чамалуу адамдар чогулуп калышкан. Тараптардын тирешүүсү келишкис агрессияга айланып баратканда ортодо турган чек арачылар эки тараптын кагылышуусун болтурбоо максатында асманга эскертүүчу ок атууга мажбур болгон.
Тажиктердин агрессивдүү жоруктарына жооп кылып, кыргыздар Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштыруучу автожолду тосуп салышкан. Өз кезегинде тажиктер да Ак-Сай айылын эки тарабынан - Ворух жана Кожо-Аъло айылдарынан жолду бууп, Ак-Сайды курчап алышкан. Көптүккө салган тажиктер Кыргызстандын Жийде, Көк-Таш, Жалгыз-Өрүк айылдарын каптап кирип, там-таштарын талкалап, өрттөп, жашоочуларын уруп-сабап, малдарын айдап кетишкен.
Кыргыз бийлиги жыл башындагы Чарбак окуясынан кийин чек араларды бекемдөөгө жана чек ара аймагындагы айылдардын инфраструктурасын чыңдоого жалпысынан 371 млн. сом бөлгөн. Анын ичинен 30 млн. сому жогорудагы 27 километрдик Ак-Сай-Тамдык айланма жолун курууга каралган. Кыргызстандын расмий бийлигинин маалыматы боюнча, тажик тарапка 5-апрелде чек ара аймагындагы Ак-Сай-Тамдык айланма унаа жолун куруу жөнүндө расмий билдирүүсү берилген. Жол куруу иштери 10-апрелде башталган, Жол Кыргызстан менен Тажикстандын болжолдуу чек арасынан 500 метр ичкери тарапта салынган.
Бирок, таң калыштуусу, облус башчысы Жеңиш Разаков өзү моюнуна алгандай, Баткен облусунун жетекчилигинин аталган жол куруу иштери, долбоору жана башка техникалык маселелери тууралуу жеткиликтүү маалыматы болгон эмес. Мынча болуп, чыр чыкпаганда жол бүтүп, лента кесүүгө барганда гана кайдан-жайдандыр жол салынып калганын билмектир.

(Уландысы 2-бетте)






меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Яндекс.Метрика