Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_9.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_9.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_9.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Ооганстан Пакистан менен элдешүү аракетин көрүүдө
Ооган президенти Хамид Карзай АКШ-нын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Пакистандын расмий адамдары менен жолугуп, аймактагы тынчтык маселесин талкуулоо үчүн Брюсселге барды. Бул жолугушуу Кабул менен Исламабаддын ортосундагы мамилени оңдоо үчүн уюштурулганын Карзайдын расмий өкүлү Аймал Фаизи билдирди. Буга чейинки элдешүү жаатындагы сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы, чечилбеген чек ара талашы, эки коңшу өлкөнүн кырды бычак мамилесине себеп болууда. Ооган элинин Исламабаддын аракетине карата чыдамы түгөнүп баратканын, Пакистан элдешүү боюнча убадаларына турбаганын Карзайдын өкүлү кошумчалады.

Ал-Каида Канаданы
бутага алды
"Канадада терракт жасоону пландады" делген эки киши жүргүнчүлөр поездинде кармалды. Канаданын атчандар полициясы Раед Ясир жана Чихеб Эссегайер аттуу адамдар аль-Каида колдоого алган чабуулду жасоону мерчемдегенин, бирок алардын аракети түздөн-түз коркунуч жаратпаганын билдиришти. Кармоо операциясын Канаданын укук коргоо органдары, АКШнын коопсуздук департаменти жана Федералдык чалгын бюросу биргелешип жүргүзүштү. Канадада кармалган адамдар менен Бостон жардырууларынын байланышы жоктугун АКШнын юстиция департаментинен билдиришти.


Сириядагы кыргынды күчөткөндөр кимдер?
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун араб өлкөлөрү Сириядагы араздашкан тараптарга курал-жарак берүүнү токтотушун айтты. Баш катчы мындай пикирин дүйшөмбүдө Араб лигасынын башчысы Набил ал-Араби жана Катардын эмири Хамад бен Халифа ал-Тани менен БУУнун баш кеңсесиндеги жолугушуусунда билдирди. Бирок Набил ал-Араби азыр курал-жарактын агымын токтотуу мүмкүн эмес-тигин айтты. Ал Сирия өкмөтү "белгилүү тараптардан" курал алып жатканын, көтөрүлүшчүлөрдө да "тең салмактуулук" болушу зарылдыгын белгиледи. Ошол эле мезгилде Иран, Орусия, жана "Хезболлах" уюму Сирия өкмөтүн курал-жарак менен жабдып жатышканы айтылууда.


Сербия өкмөтү Косово
менен келишим
долбоорун жактырды
Евробиримдиктин ортомчулугу астында Сербия менен Косовонун мамилесин оңдоого багытталган келишим даярдалды. Документке ылайык, Косовонун түндүгүндө калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн сербдер полицияга жана башкаруу иштерине тартылышат. Мунун ордуна сербдер Косовонун борбордук өкмөтүнүн бийлигин тааныйт. Келишим долбоорун эки жактын премьер-министрлери өткөн жума күнү Брюсселдеги жолугушууда макулдашты. Бул маселе боюнча Сербия парламенти апта соңунда атайын сессия өткөргөн жатат. Косовонун парламенти келишимди көпчүлүк добуш менен жактырды. Ошол эле учурда ЕБ Сербия менен мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кылды. Косово Сербиянын көз карандысыздыгын 2008-жылы жарыялаган.


Жохар Царнаев айыпталды
АКШнын федералдык прокурорлору жардырууга шектелген Жохар Царнаевге айыпты ооруканада коюшту. Ал "массалык кыргын салуучу куралды адамдарга жана мүлккө каршы колдонуу менен кутумга барган, мунун арты адам өлүмүнө алып келди" деп айыпталууда. Ак Үйдүн расмий өкүлү Жей Карнинин билдиргенине караганда, Царнаев террорго каршы согуштун алкагында эмес, АКШнын жараны катары соттолот.Чечен улутундагы Жохар Царнаев бир тууган агасы Тамерлан Царнаев менен Бостондо өткөн дүйшөмбүдө марафон учурунда жардырууну жасаган деп шектелишкен. Тамерлан Царнаев өткөн жума күнү полиция менен атышууда каза тапкан. Ал эми 19 жаштагы Жохар Царнаев ооруканада. Ал моюнундагы жараатынан сүйлөөгө жөндөмсүз болуп, жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүдө. Өткөн дүйшөмбүдөгү Бостондо кош жардыруудан үч адам өлүп, 173 киши жаракат алган эле.


Эрдоган Керринин кеңешине муюду
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Түркия менен Израилдин ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн түрк премьери Режеп Тайып Эрдоганды Газа тилкесине сапарга барбай туруусун билдирди. Жекшембиде Стамбулда сүйлөп жатып, Керри Эрдоганды "ылайыктуу шартты" күтүүгө кеңеш берди. Ал мындай оюн түрк премьери Палестинанын жаңжалдуу аймагына барганы жатканын билдиргенден кийин айтты. Палестиналыктарды өзгөчө колдоп келген Эрдоган Израилдин эмбаргосун алууга жардамдашуу максатында бул айда Газа тилкесине барууну мерчемдеп жаткан. Бирок бул сапар Вашингтондун эскертүүсүнөн кийин кийинкиге жылдырылды. Түркия менен Израилдин ортосунда ич ара тирешүү 2010-жылы Газа тилкесине чабуулда тогуз түрк жараны мерт болгондон бери сакталып келет.


Сиз билесизби?

Дүйнө жүзүндөгү 68937 575 чакырым жолдун 10 пайызы АКШнын аймагында жайгашкан. Жалпы жолду жан кишиге бөлүштүрсө 1018 сантиметрден тиет.


***
Дүйнөдө жылына өндүрүлгөн 174,4 миллион тонна жер семирткич ар бирибизге 25,8 килограммдан тиет.

***

Жыл сайын жерге жааган 505 000 метр куб жамгырдын 107000 куб.метри кургакка түшсө, калганы дүйнөлүк океанды толтурат. Адамдарга бөлүштүрсө ар бирибиз минута сайын 30 метр куб жамгырга ээ болобуз.

***

Адамзат тарыхында өндүрүлгөн бардык алтынды үлөштүрсөк дүйнө жүзүндө жашап жаткан ар бирибизге 23,3 граммдан тиет. Дүйнөлүк алтын Кеңештин эсебинде адамзат бүгүнкү күнгө чейин 158 миң тонна алтын казып алууга жетишкен.

***

Космос доорунда жер шарын айланып жүргөн космостук таштандылар адистердин эсебинде 5500 тоннага жетип калды. Геостационардык орбитада миллиондогон жылдар бузулбай турган бул таштандыларда ар бирибиздин 0,81 граммдан үлүшүбүз бар.

***

Дүйнө калкынын ар бирине жылына 4 литрден таза спирт туура келет. Ичимдик ичүү жагынан Уганда биринчи орунда - бул өлкөнүн ар бир жашоочусуна жылына 19 литрден, Люксембургда -18, Чехияда - 16 литрден спирт туура келет.

***

Ар жыл сайын дүйнөдөгү донорлор 81 миллион дозалык (ар бири 450 мл.) кан тапшырышат. Бөлүштүрсө жер шарында жашаган ар бир жанга 5 мл. кан туура келет.

***

Эксперттердин эсептөөсүндө жер шарында ушул тапта келемиштердин саны 27 миллиардга жетип калды. Бул бир кишиге 4 келемиш туура келет дегенди түшүндүрөт. Кытайдын 97 миллион калк жашаган Хунань провинциясын суу каптаганда 2 миллиард келемиш аман калыптыр.






Пикир: