Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_8.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_8.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_8.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Назира БЕРДИГУЛОВА, теле алпаруучу, актриса:
"Сүйүүнүн баркы кетти, илгери сүйүшкөндөр көздөрүнө тике карай албачу экен"

"Кыргыз керемети" кайрадан жанданып, жаңы тасмалар чыга баштаган сайын улам жаңы актрисаларды, жаңы өң, жаңы жүздөрдү көрө баштадык. "Мен сүйгөн карагат" тасмасынан кийин элге таанылып, андан кийин "Президент жана бомж", "Мезгил жана Алыкул" тасмаларында роль жараткан Назира Бердигулова бүгүн бизде конокто.


- "Дүйнө - толкуган океан; анда компас менен сүзгөн суучул бактылуу. Компас бул - тарбия" - деген Карамзиндин сөзү бар. Маегибиздин башын сага тарбия берген ата-энең жөнүндө баштасак?..
- Талас обласынын Манас районундагы Покровка айылында төрөлгөм. Төрт бир туугандын улуусумун. Мектепте жакшы окуп, алтын медаль менен бүттүм. Волейбол, баскетбол командаларын жетектеп, активист болдум. Биздин үйдө сабактан "4" алуу деген жок болчу. Кокус "4" алып калсак, апам колунда келтеги, көлөчү болобу чаап калчу эле, ошондуктан "4" алуу - биздин үйдө ушунчалык трагедия болчу. Курсагыңар ток, кийимиңер бүтүн силерге эмне жетпейт, окубайсыңарбы" - деп апам урушуп калар эле. Ата-энем тартипти катуу кармаган адамдар. Классташтар менен отуруш уюштуруп калсак, атам кызыл Жигулиси менен жеткирип, кайра эки сааттан кийин алып келчү. Атамдын ал мүнөзү азыр деле кала элек. Чөнтөк телефонума чалат, эгер бир нерсе болуп телефонду албай калсам, дароо үй телефонума чалып, үйдө экенимди, эмне иш кылып жатканымды сурап, текшерип турат. Окуумду аяктап, КГУСТАга тапшыргам. 2012-жылы университетти кызыл диплом менен аяктап, кайра магистратурага тапшырып койгом, Кудай буюрса бир жылдан кийин бүтөм.
- Телевидениеге качан келдиң, кандайча келдиң?
- Мен негизи табиятыман кыймылдуу адаммын. Ошондуктанбы эртең менен бир жерге кирип, кечинде чыккан жумуштарга иштей албайм. 2008 - жылы "НБТ" каналына алпаруучулукка сынак жарыяланып жатканын угуп келгем. Телевидениенин босогосун ошондо аттап, мына андан бери беш жылдын жүзү болуптур. Ошентип сынактан өтүп, "НБТда" иштеп калгам. "Муз белек" көрсөтүүсү менин көрсөтүүм. Ал жерде 8 ай иштеп, андан кийин "ЭлТР" каналында иштеп калдым. Ал жерден көптөгөн бут тосуулар болду, көп кыйналдым. Ошондой күндөрдө киного тартылууга сунуштар түшүп, кино дүйнөсүнө кетип калдым. Андан кийин Темирбек Токтогазиевдин сунушу менен "Манас жаңырыгы" телеканалына келип калдым. Ошондон бери ушул жерде иштеп келе жатам.
- Кино дүйнөсүнөн да сени байма-бай көрө баштадык?
- Ооба алгач Жаныш Кулманбетовдун "Кандуу сүйүү" тасмасына тартылгам. Ошондон баштап киного аралаша баштадым. Андан кийин "Мезгил жана Алыкул", "Мен сүйгөн карагат", "Президент жана бомж" тасмаларына тартылдым. Ойногон ролдорумдун ичинен "Президент жана бомж 2" тасмасындагы ролум бир аз көңүлүмө толот. Бул жерде аял байлыкка апасы үчүн кетет. Бай адамды ээрчип кеткеним үчүн мырзалар мени жаман көрүп калышты, демек мен ийине жеткире ойной алсам керек деп ойлойм.
- Ал эми тартылган тасмаларыңдын ичинен кимисинин ролун жаратуу кыйынчылыкка турду?
- "Мезгил жана Алыкул" тасмасындагы Айдайдын ролун жаратуу кыйын болду. Себеби, биринчиден, тарыхый кино болгондуктан, анын үстүнө ошол кездеги адамдардын сүйүү сезимин чагылдыруу чоң кылдаттыкты талап кылат экен. Ошо тасмадан кийин мен азыркы учурдагы сүйүүнүн баркы кеткенин билдим. Азыр бирөөнү сүйүп калсак, түз барып эле айтабыз же көчөдө кетип баратсаң деле кучакташып, өбүшүп турушат. Ал эми ошол убакта сүйүшкөндөр көзүнө тике карай алышчу эмес экен. Мына ушундай сезимдерди чагылдыруу, анын үстүнө өзүм дагы көп сүйлөгөн, күлкүчү, шайыр кыз болгондуктан мен үчүн кыйыныраак болду.
- Алпаруучулук менен актрисалыкты бирдей алып келе жатасың, жүрөгүңө кайсынысы жакыныраактай сезилет?
- Жакшы роль жаратсам абдан кубанам. Ошондой эле алпарган көрсөтүүм жакшы өтүп, элге жакса да сүйүнөм. мага экөө тең бирдей, экөө тең жакын.
- Беш-алты айдан бери "Манас жаңырыгы" телеканалында башкы продюсерликти аркалап, андан сырткары "Алтынчы күнү кечинде" көрсөтүүсүн эфирге чыгарып келесиң. Тасма талаасынан да кездештирип калуудабыз. Бул иштердин баарына жетишип жаткандан кийин убакытты туура бөлүштүргөндү билет окшойсуң?
- Бекер үйдө жата бергенден көрө, "азыр бул ишти кылам, анан ал ишти кылышым керек" - деп, мээң бир нерсеге толуп турган жакшы экен да. Жумуштан үйгө барганда деле аял кишинин түйшүгү түгөнбөйт. Тамак жасайм, үй жыйнайм, балдардын кийимдерин жууйм, ошол эле убакта "эртеңки эфирге кимди чакырам, кайсы кийимди кием" деп ойлоном, интернетке кирем, ал ортодо апама телефон чала калам, айтор ушундай да. Бирок, кээде үйгө батпай кетем. Бул иштерге жетишип жатканымдын эч кандай деле сыры жок. Адам жакшы нерселерди ойлоп, аракет кылып жанталашса баары болот.
- "Унчукпасаң дудук, аз сүйлөсөң дөдөй, көп сүйлөсөң бабыр" деген атка конуп, айтор бул жашоодо сөз илээшпеген адам жок экен. Өзүң жөнүндө ушак, туура эмес маалымат уксаң, кандай реакция кыласың?
- Мурда андай сөздөрдү териштирчү элем. Азыр андай эмес. Азыр "ушул айтылган маалымат чынбы, ушундай болду беле?" деп ойлоном. Мен жөнүндө ушак таратса демек, "мени тааныйт, мени көрөт экен" деп гана коем.
- Бош убактыңды кайда кимдер менен кандай өткөрөсүң?
- Негизи бош убактым деле болбойт. Боло калса эле жаратылышка чыгам. Анткени жаратылыш менин жан дүйнөмө жакын. Досторум же жакын санаалаш адамдарым менен жаратылышка чыгып, козу союп, ичеги карынын артып, шиш кебек жасап, шар аккан сууга бетиңди жууп эс алган кандай жакшы! Кээде бардык жумуштарыңды таштап, телефонду өчүрүп, кызымды жаныма алып, муздаткычтагы болгон тамакты жеп, үйдө эс алган жагат.
- "Сулуулук эч нерсеге арзыбайт, эгер ага суктанбаса" деген кыргызда сөз бар эмеспи, ал эми ошол сулуулар сулуулукту кандай түшүнөт болду экен?
- Албетте, сулуулук дүйнөнү сактайт эмеспи. Жаратылыштан кийин эле эмне сулуу? - десе албетте, аялзаты - деп жооп бермекпиз. Сулуулукка суктанбаган адам, сулуу кызга тизе бүкпөгөн баатыр болбосо керек. Анткен менен кээде ички дүйнөсү бай, ички дүйнөсү сулуу адамдарды кездештирип калабыз. Сулуу, жагымдуу эмес болсо да, эмнегедир ошол адам менен дайыма баарлашкың келет. Ал эми кээде сулуу бирок ушунчалык муздак, начар мүнөздүү адамдарды кездештирип калабыз. Ошондуктан адамдын ички дүйнөсү бай, таза, көңүлү ток болсо, ошол нерселер жуурулушуп сыртка, анын жүзүнө чыгат. Мына ошол сулуулук. Сулуулукту сактоо дагы өзүнчө эле бир чоң жумуш. Мисалы мен, бийге барам. Теледе жүргөндүктөн бетиме көп макияж коюлат, ошондуктан бир айда эки жолу косметологго барып турам. Кечкисин майлуу тамактарды жебегенге аракет кылам.
- Үй иштерине кандайсың?
- Айылда өскөндүктөн үй жумуштарынын бардыгын жасайм. Колума кол кап кийип алып от жагам, эшиктин алдын шыпырам, үй актайм, короомо гүл тигем, тамак жасайм. "Не могу" деген кыздардан эмесмин.
- Китеп окуйсуңбу, акыркы окуган китебиң кайсы болду?
- Ооба, китеп окуйм. Акыркы ирет Чыңгыз атабыздын "Тоолор кулаганда" чыгармасын окуп чыктым. Мааниси абдан терең, турмуштан алынган мыкты чыгарма. Ал романда да Жаабарстын бийиктикке умтулушу терең чагылдырылат, адам деле ошондой.

Жазнура
Токтоболотова,
jazi011288@mail.ru






Пикир: