Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Мыйзам тааныбас
директорду теске
салуучу адам барбы?
Адам укугун тебелеп - тепсөөгө жол ачкан мыйзам сыйлабас-тык же аны атайылап эле бузуу сыяктуу көрүнүштөр элибизди жүдөтүп келе жатат. Мындай мыйзам бузуулар эмгек мамилелеринде көбүрөөк кездешүүдө. Мындай жумуш берүүчүлөр адатта өзүм билемдикке салып, каалагандай эмгек акы төлөп, каалаган күнү жумушчуларды көчөгө айдап салышат. Дал ушундай мамилелер көмүскө экономиканын булагы болууда. Мындай фактылар баарыбызга маалым болсо да, канчалык ызы-чуу көтөрсөк да аны ооздуктап, мыйзам жолуна салган адам табылбай келет. Ал эми мамлекеттик болуп эсептелген бюджет менен каржыланган мекемелерде деле мыйзамдуулукту сактоо, аны сыйлоо чеке жылытарлык эмес.
Сөзүбүз куру болбосун үчүн Каракол шаарындагы №14 орто мектебинин директору Асылгүл Абдиеванын канчалык деңгээлде эмгек мыйзамдарын "билип сыйлагандыгын" окурмандарга кабарлап коюуну эп көрдүк. Ал өткөн жылдын 27-июлунда №13 буйругу менен аталган мектепте директор болуп 30 жыл иштеген, 46 жыл педагогикалык стажысы бар Саадагүл Талипованы мыйзамсыз иштен бошоткон. Ал учурда С. Талипова жылдын 30-майдагы №25 буйруктун негизинде 2012-жылдын 11-июнунан 6-августуна чейин узактыгы 56 календарлык күнгө барабар эмгек өргүүсүндө жүргөн.
Талипованы жумуштан бошотуу жөнүндө жогоруда биз мисал келтирген буйругун берип жатып, директор А. Абдиева кызматкерди эмгек өргүүдө жүргөн мезгилде жумуштан бошотууга жол бербей турган Эмгек Кодексинин 85-беренесинин 7-бөлүгүн эсинен чыгарып койгон. Бирок, мыйзамды билбей калгандык жоопкерчиликтен куткарбайт эмеспи.
Анысы аз келгенсип, А.К. Абдиева өзүнүн жогорудагы мыйзамсыз чыгарган буйругу аркылуу эмгек мыйзамдарын дагы бир ирээт бузуп отургандыгын кандай түшүнсөк болот?
Эмгек Кодексинин 80-беренесинде белгилүү мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, эгер тараптардын бирөө анын токтотулушун талап кылбаса ал мөөнөөтсүз болуп эсептелет, - деп кашкайып жазылып турса да аны көзгө илип койгон эмес. Ошондой эле, С. Талипова профсоюздун мүчөсү болгондуктан, директор ал боюнча профсоюз комитетинен макулдук алууну дагы ойлоп койгон эмес.
Жогорудагы жагдайларды белгилөө менен С.К. Талипова Каракол шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. А. Абдиева мындай кырдаал пайда болору менен мурдагы 2012-жылдын 27-июнундагы №13 буйрукту, 2012-жылы 24-октябрдагы №32 буйрук аркылуу жокко чыгарып, 2012-жылдын 25-октябрда №33 буйрук менен кайра С.Талипованы ээлеген кызматынан бошотуп салган. Бул эмне деген чалмакей чалуу? Адам укугун тебелөөнүн деле чеги бар го? Жогорудагы жагдай жана доо арызга байланыштуу материалды дыкат иликтегенден кийин Каракол шаардык соту 2013-жылдын 18-февралындагы чечими менен С.Талипованын арызын канааттандырып, мектеп директору Абдиеванын 2012-жылын 25-октябрындагы №33 буйругун жокко чыгарып, Талиповага аргасыз бош жүргөн күндөрүнүн эмгек акысын 30666 сом өлчөмүндө, жактоочусуна 15миң сом өлчөмүндө төлөп берүүгө өкүм чыгарылып, аны аткарууга мектептин директоруна милдеттендирилген.
Ошого карабастан, директор А. Абдиева апелляциялык арыз жолдоп, чечимде көрсөтүлгөн өндүрүлүүчү сумманы төлөп бербей, эмгек стажын калыбына келтирбей С.Талипованын мыйзамдуу укугун дагы бир жолу тебелеп жатат. Ушундан улам мыйзам тааныбас Абдиева Асылгүл өңдүү директорду тартипке чакырып, теске салып коё турган адам табылабы?- деген суроо туулат.

Бейшебай Муратов,
Кайыпбек Асаналиев
Эмгек ардагерлери, Каракол шаары




Мен мамчиновниктердин
мыйзамсыз ишин гана
ашкереледим, мыйзам
бузган жокмун
2013-жылдын 16-апрелинен 17сине оогон түнү болжол менен саат 1:30 чамасында белгисиз бирөөлөр менин (Кубатбек Айбашовдун, "Алиби" саясий-укуктук гезитинин Баткен облусу боюнча кабарчысы) Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнүн 8-үйүнүн 4-кабатында жайгашкан батиримдин эшигине өрт коюп кетишкен.
Окуя болгон учурда мен Бишкек шаарында семинарга катышып жүргөм. Батирде жубайым жана 3 балам болгон.

Өрттөнгөн эшик
Жубайымдын айтымында, түнкү саат 1:15 мүнөттө ал уктоо үчүн жатууга камданып жатканда подъездден тепкич аркылуу көтөрүлүп келе жаткан добушту да, бир аздан соң кайра түшүп кетип жаткан кадамды да уккан. Бирок, коңшулардын бирөөсү болсо керек деген ойдо уктап кеткен. Болжол менен 10 мүнөттөн соң түтүндүн жытынан кайра ойгонуп кетип, эмне болуп жатканын түшүнбөй коңшубузга телефон чалган. Батирдин коридоруна чыкса эшиктен кирип жаткан түтүн ал жакты жана ашкананы каптап жатканын көрүп, чуркап барып эшиктин өртүн өчүргөн. Бактыга жараша эшикке жабышкан өрт катуу күчөй элек экен. Ал арада коңшулар да чогулуп, эшиктин алдында бензиндин калдыктары бар бөтөлкөнү жана бензинге чыланып от коюлган чүпүрөктү көрүшкөн. Ошол эле маалда чогулгандар үйдүн биринчи кабатынан да түтүн уюлгуп көтөрүлүп жатканын байкашкан да, биринчи кабаттагы эки батирдин эшиктери да күйүп жатканын көрүшкөн. Жашоочулардын чакыруусу менен арадан 5-10 мүнөт өткөндө өрт өчүргүчтөр келген, 30 мүнөт өткөндө шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келишкен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери өрттөө фактылары боюнча тийиштүү актыларын түзүшүп, окуя болгон жердеги далил буюмдарды алып кетишкен. Өрттү өчүрүү убагында жубайым түтүнгө бир аз ууланган жана катуу стресстик абалга кабылып, денесинин бир жак бөлүгү убактылуу оорууга дуушар болгон.

Бензинге чыланып өрт коюлган чүпүрөк
Мен бул окуяны менин кызматтык милдеттеримди аткарууга байланышкан атайын жасалган акт деп эсептөөгө бир топ негиздер боюнча мажбурмун. Биринчиден , кылмышкерлер эшикке бензин куюлган бөтөлкөнү жана бензинге чыланган чүпүрөктү тыгып туруп от коюшкан. Бирок, эмне үчүндүр, Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуяны атайын уюштурулбаган, көчөдөгү балдардын орунсуз оюнунан чыккан деп эсептейт. Экинчиден , менин эшигимден башка да биринчи кабаттагы бир үйдүн эшигине от коюлуп, натыйжада ал да бир топ зыянга учураган. Бирок, бензин чачылып от коюлган үйлөрдүн тандалма (выборочный) мүнөзгө ээ экени шектенүүнү жаратат. Биринчи кабаттагы батирдин эшигин жана төртүнчү кабаттагы менин (К.Айбашовдун) эшигимди өрттөө кандайдыр бир максаттуу иш мерчемдердин алкагында жасалганын билдирет. Үчүнчүдөн , мындан мурдараак менин дарегиме эки чоң даражадагы мамлекеттик кызматкер тарабынан жумшак маанайда, бирок, коркутуунун элементтери бар эскертүүлөр болгон. Төртүнчүдөн , белгисиз бирөөлөр 2013-жылдын март айынын баш ченинде иш бөлмөмө айнектин тешиги аркылуу комьютерде терилген "Кубат, акырын жүр братишка" деген жазуусу бар барактын үзүмүн калтырып кетишкен. Андан кийин, ушул жылдын апрель айынын башында жогорудагыдай эле компьютерде терилген "тебе будет больно. Даже очень!" деген жазуусу бар барактын үзүмүн айнектин тешиги аркылуу калтырып кетишкен. Мен мындай коркутуулардын олуттуулугун түшүнгөнмүн, бирок, коркуткан тараптардын менин үй-бүлөмдү бутага алаарын, үй-бүлөмдү жапжаш балдарым менен кошо жок кылуу аракетин көрөөрүн эч болжогон эмесмин. Менин үй-бүлөмдүн жана коңшуларымдын өз учурундагы ыкчам аракеттери менен өрт өчүрүлбөгөндө бери дегенде дээрлик бир үй-бүлө, болбосо бүтүндөй бир көп кабаттуу үйдүн жашоочулары өрт кучагында калмак.
Мен өзүмдүн кызматтык милдеттеримдин алкагында Баткен облусундагы ар түрдүү коррупциялык схемаларды, мамлекеттик кызматтагы чиновниктердин элдин канын соргон мыйзамсыз жорук-жосундарын жана Баткен облусунун, Кыргызстандын малекеттик коопсуздугуна шек келтирип жаткан айрым күчтөрдүн деструктивдүү иш-аракеттерин ачыктаган сынчыл макалаларды жарыялап келгем.
Жогоркулардын негизинде, мен аталган өрттөө актысын менин үй-бүлөмдү жок кылуу аракети деп эсептейм жана окуяны өзүмдүн профессионалдык ишмердүүлүгүмө байланыштырууга негиздер жетиштүү деп ойлойм. Ошондой эле, эки версияны божомолдойм. Биринчиси, мамлекеттик ири чиновниктердин коррупциялык жана мыйзамга каршы иштери тууралуу макалаларымдын фигуранттары болушу мүмкүн. Экинчиси, Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздугуна шек келтирип, Кыргызстандыктардын кызыкчылыгын тепсеген иш-аракеттер менен алектенип жаткан айрым "сырткы күчтөр" тууралуу макалаларымдын каармандарынын заказы менен болушу да мүмкүн.
Болуп өткөн окуя боюнча Баткен шаардык ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Мен укук коргоо кызматкерлерине жогорудагы фактыларды келтирип, түшүнүк кат жазып бергем. Бирок, милиция кызматкерлеринин кылмышкерди табуу иштери абдан кашаңдык менен жүрүүдө жана Т.Садыков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер көрүлбөй жатканы бизди тынчсыздандырат.






Пикир:






??.??