Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_6.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_6.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_6.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
УКМК эмне унчукпайт?
Бостондогу жардыруу дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүрүп, шектүү делген Царнаевдердин ата-энеси Россиянын жараны экендигине карабастан аталган мамлекет "тиешебиз жок" деп бутун тартып алды. Кыргызстан тарап эчак көчүп кеткен Царнаевдердин туугандарын таап, дүйнөлүк окуянын күнөөкөрлөрү Кыргызстанда жашап кеткенин айтып түгөтө албай мактанып жатып калдык. Муну менен мамлекеттин коопсуздугуна доо кетип, маалымат барымтасында калаарыбызды капарыбызга алган деле жокпуз. Чек ара кызматы менен УКМК "Царнаевдердин Кыргызстанга тиешеси жок экендигин" маалымдап, жууп-чайкап жымсалдашты.
УКМК акыркы кездеги Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кылдат талдоо жүргүзүп, калктын коопсуздугуна кам көрүшү күндүн темасы болуп турат. Бишкекте участкалык инспектор Шамил Усубалиев баштык таап алып, ачам деп ажал тапканы деле күндүн бүктөмүндө калып кетти.
Үч-төрт күн мурун Эркиндик бульварынан дагы шектүү баштык табылды. УКМКнын саперлору менен милиция кызматкерлери табылган шектүү баштыкты жардырып жиберип, зыянсыздандырып, тиешелүү тараптар изилдегени турат. Ага кошулуп, маал-маалы менен телефон менен "бомба тамаша" ыргыткан адамдар арбын. Демек, кооптоно турган жагдайлар Кыргызстанда болуп эле жатыптыр. УКМК калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсө ашыктык деле кылбачудай.




Болсо сабак, болбосо атаңардын башы..
"Матросская тишинадан" кийин түрмөдөн башым чыккан жок
Редакциядан чыгып кетип бара жатсам бир адам токтотту. Кебетсине караганда аракты "өкүртө" ичкендиги көрүнүп турат. "Гезитте иштейсиңби?" деп кекетип койду. Менин жообуман кийин "кел мен башыман өткөнүмдү чиймелеп берейин, жанагы түрмөдө жатып чыкса эле "блатной" болуп калчудай сезген мадырабаштарга сабак болсун"деди. Сураштырсам, туш келген жерде жан сактайт экен. "Макул" деп коюп жолумду уланттым. Эртеси убадасында туруп, өзү айткандай үч барак таап жазып келиптир. Биз да убадабызга туруп гезит бетине жарыялап коюуну туура көрдүк.

"Мен буларды карапайым, жаш балдарга айрыкча өз тагдырына өздөрү балта чаап, жаштайынан суук тумшук болгон жаштарыбызга үлгү болоор деген ойдо жаздым.
Өзүм Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында чоңоюп өскөм. 1988-жылы Москванын Останкиносунун жанында стройбатта армияга түшкөм. Ызы-чуулуу тагдырым дал ошол жерден башталат. Батальондо 13 кыргыз бала болчубуз жарымы Нарындан, жарымы Көлдөн, бир туугандай жашачубуз.
Бизди "чурка" деп армян улутундагы сержант Мыкыртчьян дегенди командир отделение коюп койгон. Он күндөй иштеп, анын сөздөрүнө чыдабай кыргыз балдар сабап, мен колумдагы күрөк менен башка чаап салсам, госпиталга жатып калды. Ата-энеси Армениянын пианино, скрипкада ойногон искусствосуна эмгек сиңирген кишилер экен "балабызды сабаган кыргыздарга көрсөтөбүз" деп бизге иш козготту. Ошентип сүйрөп, бир жарым айдан кийин төрт баланы 1 жыл 7 ай дисбатка "арбат" трибуналы менен Ростов-на-Донунун жанындагы Весково шаарчасына жөнөттү. Баарына чыдаган жаным, ошол дисбатка чыдабай койдум. Шарты ит чыдагыс болчу. Анан дисбаттан көрө түрмөдө болоюн деп, бир украин баланы вилка менен атайылап сайып салдым.Мени кайрадан "арбат" трибуналы менен айтылуу "Матросская тишина" дегенге жөнөтүштү. Ошол жерден түрмөдөн түрмөгө "айылчылаган" таржымакалым башталды. Кийин 4 жыл күчөтүлгөн режим сенен соттоп, "азиатов к месту жительство" деп этап менен Кыргызстанга айдады. Ошентип, кыргыздын даана тентектери, азыркыча айтканда кыйын балдары менен чогуу болуп, чай ичишип жүрдүм. Рысбек Акматбаев, Азиз Батукаевдер ал кезде жөн эле жүргөн балдар болчу. Анда биз тентек болчубуз. Рысбекке азыркыга чейин куран окутуп турам.
1997-жылы кайрадан түрмөгө тыгышты. Болоор-болбос кап-кайдагы нашаа менен. Өзүм ууру кылган эмесмин. Бирок, бир жолу соттолуп, түрмөгө түшсөң, милиция менен соттор "карганын шыйрагындай көрүп" кылбаган ишиңди моюнуңа алдырып, түрмөгө тыга берет. Ага адам өзү деле көнүп калат экен. Мени аябай ыза кылышты. Соттон мойнума алган эмесмин жана азыркыга чейин албайм. Ошентип болоор-болбос шылтоо менен 4 жолу кесилип, көрбөгөнүм калган жок. Азыр кургак учук менен ооруйм. Кээде тура албай жатып калам. Дагы рахмат Кудайдын боору ооруп, жакшы адамдар жардам берип, ошону менен жан сактап жүрөм.
Айтылбай калган арман жок. Баш аягын айтсам "атаңдын башы" деп коёт элеңер, болбосо үлгү.

Байыш МОЛДОКАНОВ




Айтматов арман…
Президенттин Иш башкармалыгы демилгечи болуп, Өкмөт колдоп, "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги" деген мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдады. Ага ылайык, мамлекеттик резиденцияда жайгашкан кыймылсыз мүлктөрдү сатууга тыюу салынмакчы. Мамлекеттик маанидеги резиденция үчүн иш башкармалыктын жасап жаткан аракетин колдоого алууга болот, бирок жада калса бул маселеге да аалам сыйлаган Чыңгыз Айтматовдун атын аралаштырып койгондуктары көңүл оорутат. Иш башкармалык атактуу жазуучунун үйүнүн сатылып кеткендиги туурасында маалыматка коомчулуктун көңүлүн бурганы менен, жазуучунун кызы Жогорку Кеңештин депутаты интернет сайттагы өзүнүн баракчасына "Я не проживаю в доме, в котором жил Айтматов. Я не наследница этого дома. Этот дом мне никоим образом не принадлежит и не нужен. Вдова Айтматова и младший брат Эльдар никакого дома не продавали. Власти дезинформируют" деп жазып чыкты. А түгүл атактуу жазуучу Бельгияда элчи болуп турганда минип жүргөн "Ягуар" автомашинасы деле сатылбай, Тышкы иштер министрлиги автомашинаны "атактуу жазуучунун музейине экспонат кылганга" деп сурап алып, уялбай эки жылдан бери урунуп жаткандыгын жазып чыкты.
Бул арада "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын директору Дүйшөн Ирсалиев үн катып, "Чыңгыз Айтматов урунуп жүргөн автоунааны туугандарына эмес, музейге берүүгө даярбыз" деп, автоунаа эки жылдан бери гаражда эле турганын кошумчалады.
Биз билгенден 80 жашка чыга элек болсо да, кайра-кайра "торколуу тоюн" эске салып, Акаевден, Бакиевден үй алган жазуучуларыбыз деле болгон. Алар көп, Айтматов бирөө. Чыңгыз Айтматовдун бирөөнөн үй сурап же жай сурап кат көтөрүп жүргөнүн көргөн кыргыз жок болсо керек. Дүйнө жүзү 85 жылдыгын белгилегени жаткан улуу жазуучунун ысымын чуулгандуу ишке аралаштырбай, үйү, автоунаасы түгүл бут аарчыган чүпөрөгүн чогултушубуз керек эмес беле. Кыргызды дүйнөгө тааныткан алп жазуучунун арбагын сыйлоо деген кайда?





Батукаевди барктаса болот, башкалардычы?
Айыбы угузулмак түгүл, Кылмыш кодексинин оор беренелери менен 16 жылга соттолгон криматалыктын абактан гана эмес, өлкөдөн чыгарылышы кыргыздарды жана кыргызстандыктарды катуу ирээнжитти.
Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин Нарындан келген тарапкерлери маалымат жыйын өткөрүп, аны үй камагына чыгарууну суранышууда. Алар Түлеевдин үстүнөн жүрүп жаткан сот иши атайын создугуп, ал ортодо камактагы депутаттын саламаттыгы начарлоодо. Ошондуктан Нариман Түлеевди үй камагына чыгара турууну суранышууда. УКМК Бишкек шаарынын мурдагы мэри, "Ата-Журт" партиясынын депутаты Нариман Түлеевди өткөн жылдын 21-июнунда тергөө абагына камакка алып, ага 2008-жылы мэр кезинде Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирген деген айып тагылган эле. Аныктала элек "автобус" чатак менен кесилген 16 кыргыздын кулагынын айырмасы болсо керек. "Өз агасын агалай албаган, кулагын кескендердин агасын агалады" болдук окшойт.


Кыргызстандык учкуч Афганистанда барымтага алынды
Афганистандын чыгышындагы Логар провинциясында менчик "Хорасан Карго Эйрлайнс" авиакомпаниясына таандык Ми-8 тик учагы мажбурлап кондурулгандыгын Россиянын тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Афганистандын расмий өкүлдөрү жана Эл аралык коопсуздук күчтөрү тик учактын бортундагылар бул аймакты көзөмөлдөгөн талибдер тарабынан кармалгандыгын маалымдашты.
Россиянын Афганистандагы элчилигинин маалыматына караганда 10 адам туткунга алынып, алардын катарында Түркия, Россия, Афганистандын жарандары жана 1966-жылы туулган Кыргызстандын жараны Нургазы Конушбеков болгон. Россиянын элчилиги Афганистандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, буга президенттин тапшырмасы менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да кол кабыш кылып жатыптыр.
Элдин эсинде болсо, Россиянын Владимир Садовничий деген учкучу Тажикстанда кармалып, Коргон-Төбө шаарында 8, 5 жылга соттолгондо ошол кездеги президент Дмитрий Медведев "симметриялуу да, асимметриялуу да аракет кылабыз" деп, тажик мигранттарын жүдөтүп жиберди эле эси оогон тажик бийлиги Эстониянын атуулу Алексей Руденкону кошуп туруп, чыгарып бергенге аргасыз болгон. Кыргызстандык учкучту да жалгыз таштамак беле, бир айласын таап бошотуп берет деп үмүт артып турабыз.






Пикир: