Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_5.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_5.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_5.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Бата менен эр көгөрөт...
Элетти сыйлаганды эл сыйлайт
"Жаздын бир күнү жылды багат" дейт кыргызда. Бүгүнкү күндө карапайым калк жер тырмалап, жаздын бир күнүн текке кетирбей, дыйканчылык менен алек. Жаз саясаттын эмес, кара тер төгүп, эмгектенүүнүн мезгили. Муну жакшы түшүнгөн "Өнүгүү" саясий партиясы алгачкы түзүлгөн күнүнөн баштап, карапайым элдин бакубат жашоосун ойлоп, дыйкандардын жазгы-күзгү айдап-себүү, оруп-жыйноо иштерине жакындан жардам кылып, өз кызматын көрсөтүп келет.
Жашырганда эмне, жазгы жана күзгү айдап-себүү, түшүм жыйноо кызыган маалда Өкмөтүбүздүн карапайым дыйкандарды техника жана жер семирткич менен камсыздай албай жатканы учурдун ачуу чындыгы. Албетте, буга мамлекетибиздин экономикасынын алсыздыгы, коррупциялык схемалардын терең тамыр жайышы себепкер болуп жатканы талашсыз. Ошентсе да, элдин саламаттыгын, бакубат жашоосун, мамлекеттин экономикасынын өсүп-өнүгүүсүн ойлогон эр-азаматтарыбыз Өкмөттү карап отура бербестен, жеке демилгелери менен үлгү болчу бир катар иштерди жасап жатышат. Буга Жогорку Кеңештин вице-спикери Бакыт Төрөбаев башында турган "Өнүгүү" саясий партиясынын аткарып жаткан иштери далил боло алат десек эч жаңылышпайбыз.
"Өнүгүү" саясый партиясы түзүлгөнүнө аз убакыт өткөнүнө карабай, айыл чарбасын өнүктүрүү, элеттин жашоо шартын жакшыртуу, дыйкандарга колдоо көрсөтүү багытында бир жылдан бери карапайым адамдардын жүрөгүн жылыткан иштерди жасап жатат десек аша чапкандык болбойт. Карапайым эл дегенибиз, жаз келгени жер тырмалаган дыйкандар. Аталган партиянын өкүлдөрү дыйкандарды техника жана жер семирткич менен камсыз кылып, өздүк наркынан арзан баада айдап-себүү, оруп-жыйноо иштерин жүргүзүп келишет. Муну менен "Өнүгүү" партиясы интрига менен алектенбеген эл мүдөөсүн көздөгөн партия экенин тастыктап койду.
"Өнүгүү" саясий партиясынын техникалык сервисинин тракторлору күнүнө бери дегенде 40 гектарга чейин дыйкандардын жерин арзандатылган баада айдап берүүдө. Учурда жеке менчик тракторлор бир гектар жерди 3000 сомдон айдашса, техникалык сервистин тракторлору 1900 сомдон айдап дыйкандын жеке үй-бүлөлүк бюджетин ашыкча чыгымдан арылтып, алкышка ээ болууда. Буга дейре "Өнүгүү" партиясы ачкан МТСтер өлкөбүздүн түштүк аймагында элге жакындан жардам көрсөтүп келишсе, эми Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйкандарына да кол сунду.
Өткөн жумада вице-спикер Бакыт Төрөбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров башында турган "Өнүгүү" саясий партиясынын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Нарын облусунун Ак-Талаа райондорунда шайлоочулар менен жолугушту. Вице-спикер эл менен жолугушуу учурунда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жана айыл чарбасын көтөрүп, атамекендик өндүрүштү жандантып, элеттин жашоосун оңдомоюн, өлкөдө өсүш болбостугун белгиледи. Ал үчүн куру сөз менен эмес, иш жүзүндө эмгек кылыш керектигине токтолду. Ошондой эле, аталган райондордо мурда убадалангандай дыйкандарды колдоо багытында айдап-себүү, оруп-жыйноочу шаймандары менен бир канча трактордон турган МТС ачты.
Аталган иш-чарага Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков катышып, Өкмөт башчысы Жантөрө мырза элет турмушун жакшыртуу, айыл чарбасын өнүктүрүүгө болгон мындай иштерди кубаттай турганын билдирип, чын ниеттен ыраазы болду.
Эми аталган райондун эли жазгы-күзгү айдап-себүү, оруп-жыйноо талаа иштеринде жогоруда кеп кылгандай базар наркынан арзан баада кызмат көрсөткөн "Өнүгүү" партиясынын тракторлорунун кызматынан пайдалана алышат.
"Ат сыйлаган жолдо калбайт, эл сыйлаган жерде калбайт" демекчи, Бакыт мырзанын минтип курулай сөз менен эмес, нагыз иш аркылуу эл жүгүн аркалап, кызмат көрсөтүп жатышына аталаган райондун эли ыраазы болушуп, ак батасын беришти.

Болотбек Таштаналиев






Бармак басты, Көз кысты...
Ала-Тоо жаңы конушунун жашоочусу Ыргалай Бекмуратова:
"Риха" компаниясынын короосунда
"Сибир жарасы" менен ооруган мал көмүлгөн жер бар"

Ала-Тоо жаңы конушунда 1940-жылдары "сибир жарасы" менен ооруган малдар көмүлгөн жер бар. Ошол жердин тегерегине үйлөр салынып, элдин отурукташканына бир топ жыл болду. Бирок, ал жерге жакын жашоо кооптуу деп Өкмөт элге үйлөрүн мыйзамдаштырбай келет. Үйлөр мыйзамдаштырылбагандан кийин ал жерде жашаган карапайым калк каттала албай (пропискага тура албай) жүрүшөт. Каттоосу жок болгондон кийин жумуш табуу да кыйын экенин баарыбыз жакшы билебиз, андан тышкары балдарын мектепке, бала бакчага бере алышпай кыйналууда. Элдин ушул көйгөйлөрү менен биздин редакцияга Ала-Тоо жаңы конушунун жашоочусу Ыргалай Бекмуратова кайрылды.

- Көп жылдан бери "үйлөрдү мыйзамдаштырсак" деп эле чуркап жүрөсүздөр. Ал жерге канчанчы жылдары көчүп бардыңыздар эле? 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин басып алышкан деп да айтып жүрүшөт?
- Биз ал жерди басып алган эмеспиз. 2000-жылдары айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Шабданбеков ал жерлерде "Сибирь жарасы" көмүлгөн жер бар экенин билбей эле элдерге жерлерди берип койгон эле. Бирок, ушул кезге чейин мыйзамдаштыра албай келебиз. 1990-жылдары да бул жерде үйлөр канча аралык алыстыкта курулуу керектигин текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, комиссия "125 метр аралыктан жакын болбошу керек" деп тыянак чыгарган. Ошого таянып алып Феликс Кулов айтып жатпайбы "Сибирь жарасы көмүлгөн жерге 125 метрге жакын жайгашкан үйлөрдү түрттүрүп салыш керек" деп. Элдин убалынан коркпогон киши экен. Андай эле түрттүргүлөрү келет экен, анда элге башка жактан үй беришсин.
- Сибирь жарасынан өлгөн мал көмүлгөн болсо демек, ал жерде жашаган адамдарга, балдарыңыздардын ден соолугуна зыян да, ооруп калуудан коркпойсуздарбы?
- Биз канча жылдан бери Өкмөттүн мыйзамдаштырып беребиз деп айтканына ишенип келгенбиз. Кийин Куловдун айткандарын уккандан кийин, өзүбүз аракет кылып, кайра-кайра кирип атып 2012-жылдын 16-апрелинде Мамлекеттик комиссия түздүрдүк. Ал комиссияга Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Өмүрбекова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты У.Адылбеков, Бишкектин башкы архитектору А.Абдыкаров жана башка кишилер кирген. Ошол комиссиянын изилдөөсү менен бүт архивди тинтип чыктык. 1940-жылдары сибирь жарасы менен ооруган малдар кислота менен күйгүзүлүп, күлү гана көмүлгөн экен. 40 жылдан бери ветеринарлардын лабораториялык изилдөөлөрүндө бир дагы жолу вирустун сыртка чыкканы байкалган эмес. Негизи сибирь жарасынын вирусу 100 жылдан кийин жок болот экен. Азыр мына 60 жыл болуп калды. Жылына эки жолу лабораториялык текшерүүдөн өтүп турат. Тегерегинин баары чоң бетон тосмолору менен тосулуп, үстү цемент менен куюлган. Ал жакка мал эмес, адамдар да өтө албайт. Бирок, 30 дан ашык үй 55 метр алыстыкта салынып калган. Ошону түрттүрөбүз деп жатышат. Ал эми Аламүдүн районунда "Риха" колбасасын чыгарган компаниянын короосунда да 10 метр жакындыкта Сибирь жарасынан өлгөн мал көмүлгөн жер бар. "Риха" колбасасы бир гана Кыргызстанда эмес бүтүндөй Борбор Азияда сатылат, элдин баары ошол колбасаны алып жешет. Эгер Өкмөт ошончолук эле элдин камын ойлойт экен анда, эмне үчүн "Риха" компаниясын жаптырбайт да, карапайым калктын үйлөрүнө асылат? Мында "көз кысты, каш какты" болуп жаткан жокпу? Андан тышкары Беловодский районунда 1978-жылы Сибирь жарасы көмүлгөн жер бар экен, ал жерде 4 метр алыстыкта арыктан суу агат, аны менен элдин баары огородун сугарат, кой, уйлар да ошо арыктан суу ичишет. Ал эми үйлөр 50 метр алыстыкта салынса да, кызыл китептери бар. Муну менен биз Өкмөттү "элдин баарына тең карагыла" деп айтып жатабыз. Аларга уруксат бар да, бизге жок. Анын үстүнө Беловодский районундагы ушундай жерди бир метрдей эле цемент менен куюп жаап коюшуптур. Алар менен биздикин салыштырууга болбойт. Ушулар боюнча Өкмөттүк комиссия жакшылап изилдеп чыгып, бардыгы комиссиянын жыйынтыгында жазылган. Аны Бишкек шаардык кеңешине жибердик. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин каралбай жатат. Бишкек шаардык кеңештин мурдагы спикери Аманбай Кайыпов өзү мага: "Эгер мен кайра спикер болуп бекитилсем, сиздердин үйлөрүңүздөрдү сөзсүз мыйзамдаштырып беребиз" - деп сөз берди эле. Бирок, ал спикер болбой калды да, эми шаардык кеңештин депутаттары карабай жатат. Биздин ушул көйгөйүбүздү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзү көзөмөлгө алып, чечип беришин өтүнөбүз.






Пикир: