Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Океңдер, "ишенбейбиз" дейт
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Орусияда жүрөт. Андагы жолугушуулардын биринде Орусиянын Федералдык Бажы кызматынын жетекчиси, кыргыз-орусиялык ишкердик кеңешинин теңтөрагасы Андрей Бельянинов бизге болгон ич күптүсүн да айтып алды. Ал: "Эмне жетишпей турат? Кыргызстандагы саясый абалдын туруктуулугуна ишеним жетишпей турат. Бизнес өтө сезимтал келет. Биз Орусиянын компанияларын Кыргызстанга үндөп жатабыз. Бирок, бул үчүн мамлекеттик аппарат туруктуу иштеши керек. Биздин бизнесмендер ким менен иштешти түшүнүп, билип алгысы келет. Силерде болсо кызмат адамдары калейдоскоптой эле тегеренип, алмашып турат экен"…Биздин премьер-министр: "эч кандай рейдерлик басып алуу болбойт. Силер бизге ишенгиле. Биздин өкмөт болгону 8 айдан бери иштеп жатат…" деп, дагы башка жибиткен сөздөрүн айтып, тигилерди ынандыргандай эле болду. Аныгында бийлик башындагылардын ай өтпөй эле тебетейдей алмашып турушу тышкы инвестициянын келишине кедергисин тийгизип жатат. Баарынан да 70 жыл жетелеше баскан орустар минтип "ишенбейбиз" дегендей айтып жатканы күйгүзүп жатпайбы. Кебетеси жетчү жерибизге жетип калганбыз го?!


Капа болду… Кейиди… "Настроениеси" түштү
ЖКнын депутаттык этика жана регламент боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков аябай таарынды. Капа болду. Кейиди. "Настроениеси" түштү. Бөлөктөрдүкүн да түшүрдү. Эмнеге анчалык абалга жетти десек, мындай деген жүйөөсүн айтып жатат: "Көпчүлүк депутаттарга класстык чин берилди. Кандай берилди, мен айталбайм. Бирок, кандай критерийлер менен беришти? Мына мен 30 жылдан бери мамлекеттик кызматта келатам. А класстык чинди кечээки эле балдар алышты. Мындан тышкары соода-сатыкта жүрүп, депутат болгондон кийин минтип алып жаткандар да бар. Ушул калыстыкпы? Ой, мен өмүр бою мамлекеттик кызматта келатпаймынбы?". Муну угуп, биз да жашып кете жаздадык. Кебетесине карасак, дагы бир аздан кийин ыйлап ийчүдөй болуп турат. Өзү чоң киши болсо, жөн киши эмес депутат болсо, анан класстык чинге кейип, башкаларды да кейитип турса, бооруң ооруйт экен. Сыягы, башкага бербесеңер дагы Т.Мадылбековго берчүңөрдү берип, көңүлүн көтөрбөсөңөр "бовойт" окшойт.


"Эмчектеш"
болгула дейт
Депутат Равшан Жээнбеков "мамлекет менен бизнес эриш-аркак иштебесе эч нерсе чыкпайт" деген оюн айтты. "Кыргызстандын өкмөтү менен бизнес бирге эле иштешип жатат, бирок акыркы 15 жылда ортодогу чечилбеген маселелер көбөйүп кетти. Эгерде биз экономиканы өзгөртөбүз десек, биз ишкерлерге толук шарт түзүп беришибиз керек. Ошондо гана бюджеттеги 18 млрд.сом таңсыктыкты жоё алабыз… Өкмөт менен бизнес биргелешип иш алып барсын. Жумушсуздук -Кыргызстандын өнүгүшүнө бут тоскон чоң көйгөй. Ал эми жумуш берүүчүлөр болуп, бизнес өкүлдөрү саналышат. Өкмөт бизнеске көмөктөшпөсө, биздин экономиканын кыйраганы ошол" - дейт депутат. Айтканында го калет жок, бирок, иш жүзүндө өкмөт менен бизнес эзилишип эле "эмчектеш" болуп кеткенин байкай элекпиз.


Кыргыз өчөйдү...казак озду
Коңшу Казакстан туризмди өнүктүрүүгө 10 млрд.доллар жумшайбыз деп жатышат. Эгерде баары ойдогудай болсо 2020-жылга чейин туризмден түшкөн пайданын ИДПдагы үлүшү 2,5тен 7 млрд.долларга жетиши мүмкүн экен. Тагыраагы, 7 жылдан кийин эле бул каражат дээрлик акталат дешет. Мындан тышкары 250 миңге жакын киши туризм тармагында жумуш менен камсыз болоору да айтылууда. Муну угуп, калп айткан менен болобу ичиң тызылдайт экен. Туризм болбосо дагы, биз качан кайсы бир тармагыбызды өнүктүрүп кете алар экенбиз? Же бири-бирибизди буттан чалып коюп, өчөйүп отура беребизби?!

Эми, Анкара көчөсүн тааныбай каласың
Билинбей жатып Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов "бир топ" дипломат окшойт. Ал Анкара муниципалитетинин жана Түрк агенттигинен (ТИКА) келген беш өкүлдү кабыл алып, чечиле сүйлөшүп, Бишкектеги Анкара көчөсүнүн маселесин да чечип алды окшойт. Бул делегация атайы Түркиядан аталган көчөнүн ал-абалы менен таанышканы, аны реконструкциялоо боюнча түзүлгөн техникалык-экономикалык негиздерди карап көрүү үчүн келишиптир. Кыскасы, үч айдын ичинде Түркия тарап ары карап анализдеп, бери карап ТЭОсун түзүп, анан бул көчөнүн капиталдык ремонтун жасоого тендер жарыялаша турган болуптур. Тендерге келгенде "каражатты биз берип жаткандан кийин, биз эле Түркияда өткөрбөйлүбү?" деп кыйытышса керек Иса Өмүркулов дароо эле "макул" дептир. (Дипломат да ат-аа). Анан туура да. Байдын ашын, байкуш аямак беле. Бизге бүткөнү керек эмеспи. Ошону менен узуну 5км, туурасы 15м келген Анкара көчөсүнүн багы ачылганы калгандай. Жогоруда айтылгандай капиталдык ремонтту Түркия тарап гранттык негизде жүргүзө турган болушту.


…Бакылдап эле жатышат
А.Батукаевдин иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия: "Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын ачендиги Зарылбек Рысалиев "иш бүткөнчө "мишайт этпей" эс алып турсун" дегендей бакылдап жатышкан. Басма сөздөргө да анын убактылуу кызматтан четтетилгени тууралуу маалыматтар чыгып кеткен. Аңгыча эле З.Рысалиев "бакылдаган андай эмес, мындай" дегенби, айтор, буларды айтып бакылдады: "Мен өз кызматымда иштеп жатам. Эч ким мени алган жок. Мен кызматымды убактылуу тапшыра турайын деп арыз да жазганым жок"... Ошентип бакылдап эле жатышат. Кимисин угарды да билбейсиң.


"Китеп" деген
эмне? Аны жейби?…Ичеби?…
Кечээ Кыргызстанда "Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук" күнү белгиленди. Бул күндү белгилөө ЮНЕСКО тарабынан 1995-жылы бекитилген. Ошондон бери майрамдалып келет. Бирок, китеп жагына келгенде Кыргызстандын маанайы пас. Мунун себеби, элдин калың катмарынын, айрыкча жаштардын китеп окубай калгандыгында дешет айрымдар. Кыргызстандын басмалар жана китеп таратуучулар Ассоциациясынын аткаруучу директору Олег Бондаренконун айтымында өлкөдөгү калктын 90 пайызы китеп окубай калыптыр. Ал эми PISA аталган Эл аралык билим деңгээлин аныктоо боюнча программасынын маалыматы боюнча өсүп келаткан жаштардын 17 пайызы гана китептеги жазылгандарды эптеп түшүнгөнгө жарайт экен. Калганынын мээсине китепти каксаң да кирбей калыптыр. "Ушу деңгээлге түштүкпү?" деп биздин да башыбыз маң.

Арак ичпей таш, балакет,
мээнет ичишпейби…
Кара-Суу районунда бир эрди-катын " балабызды жоготуп ийдик" деп милицияга кайрылышыптыр. Аялы 27де, эри 36да экен. Булар бир жерде арак ичип отурушуп, 4 айлык баласын жоготуп ийишиптир. 4 айлык бала бир жакка басып кетмек беле, каерден арак ичсе ошо жерге калтырып басып кетишсе керек. Аракка алдырган эрди-катын каерден ичкендерин да унутуп калышканбы, айтор, милиция издебеген жери калбайт. Кийинки күнү гана бир аял келини сырттан бала таап алганын, аны асырап алгылары келип жатканын айтып телефон чалат. Милиция тиги эне-ата сөрөйдү кошуп алып бара калышса, жоголгон бала ошол экен дейт. Баланы соолуккан эне-атасына кайрып беришиптир. Капырай, "арак дегенде эмчектеги баласын унутушкан кандай немелер?" деп, дене-боюбуз үркүп калды.





Пикир:






??.??