Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_2.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_2.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0424_2.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Таластыктар
мина болуп жарылабы?

22- апрелде Талас шаарындагы Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо "Талас эл ынтымагы" коомдук уюму тарабынан уюштурулган митинг болуп өттү. Бул митингди болот экен деген күнү, таң атпай редакциянын кичине камерасын көтөрүп алып мен да жөнөдүм. А дегенде ойлогом, буга чейинкидей эле 200-300 адам чогулуп, аны-муну сүйлөп, анан тарап кетсе керек деп. Таластыктардын таскагы мен күтпөгөндөй болуп чыкты. Борбордук стадионго топтолгон элдин сүрүнөн чочулаштыбы же жогору жактан ушундай тапшырма алышканбы, айтор буга чейин пландалбаган спорттук иш-чараны дароо уюштура коюшуптур. Жыйынды баштаган уюштуруучу, "Талас эл ынтымагы" уюмунун жетекчиси Серен Шейшенов жыйынга кыйла тоскоолдуктар болгонун, ар кандай чагымчылар түрлүү чагымдарды уюштурууга аракет кылып жатышканын айтып, чогулгандарды чагымга алдырбоого үндөдү. Чыгып сүйлөгөндөр ортолоп калганда мага да сөз беришкенинен кен маселеси боюнча оюмду айтып сүйлөп жатсам, Талас облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева өзүнүн жактоочулары менен келип калды. Ал киши дагы тиешелүү суроолорго жообун берди.


Жыйындын уюштуруучусу, "Талас эл ынтымагы" коомдук уюмунун жетекчиси Серен Шейшенов:
- Башмыйзамда "сөз эркиндиги, жер казынасы эл казынасы"- деп жазылып турат. Эл чечими - мыйзам. Бийлик - бул эл, силерсиңер бийлик. Биз дагы бийликтин түптүү болушун, мамлекеттин күчтүү болушун каалайбыз. Учурда бийлик алтынга көзүн кызартып, элди, Талас жергесинин табиятын уруп да ойногон жок. Эгерде эл аралык мафиянын курмандыгы болуп калбайлы десеңер, анда Таласта кен чыккан жерлерде 50 жылдык мораторий жарыялансын, ушуга добуш берсеңиздер.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева:
- Биздин максат деле Жерүйдү мыйзам чегинде иштетүү. Эгерде элдин ден соолугуна, жаратылышка зыян боло турган болсо, аны ачууга эч кимдин акысы жок. Эгерде, мыйзам чегинде иштеп, элибизге, ден соолугубузга, экономикага зыян келбесе, кен эл үчүн кызмат кылышы керек.

Жергиликтүү активист Орозбек Курамаев:
- Президентпи, Жогорку Кеңеш депутатыбы Башмыйзамдын үстүнө колун коюп "мамлекеттин байлыгы эл" - деп ант берет. Эмне үчүн алар элдин камын ойлобостон, жердин алдындагы алтындын камын ойлоп жатышат? Биз көпкөнүбүздөн жумушубузду таштап келген жокпуз, биз таранчыдай чырылдап таза суубузду, таза абаны сактайын деп келдик. Биз, Таластын эли бийлик үчүн дайыма торпеда болуп келгенбиз, эми өзүбүздүн таза аба, таза суубуз үчүн мина болуп жарылабыз.

"Коомдук парламент" коомдук кыймылынын жетекчиси Касымбек Райымкул уулу:
- 50 жыл мурун Миң-Кушта так биздин Жерүйдөй болуп, калдыктарды сактоочу жай курулган. Азыр ошол жер алааматтын алдында турат. Ал жерде көчкү жүрүү, жер титирөө коркунучу бар. Ошон үчүн Жерүй, Талды-Булак, Андаш кендерин иштетүүгө жол бербешибиз керек.

Акырында чогулган эл тарабынан Бишкектеги 24-апрелде боло турган митингге 12 адамды шайлап, ошол эле учурда "Жерүй" маселеси боюнча дагы ушул комиссия иштеп, тийиштүү аракеттерди көрө турган болду. Жыйындын негизги талабы катары "Жерүй" кенин иштетүүгө 50 жылдык мораторий жарыялоо маселеси коюлду. Эгер өкмөт бул талапты 10 күндүн ичинде аткарбаса, өкмөттүн отставкасын талап кылып, мөөнөтсүз митингге чыга тургандыгын айтышты.

Адилет АЙТИКЕЕВ
adi77@inbox.ru




саясый партиялардын эсине
Кыргыз Республикасынын
Борбордук шайлоо комиссиясына
"Алиби" гезити Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүнө, 49-беренесинин 6-бөлүгүнө жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Президент А.Атамбаевдин "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө" жарлыгына ылайык, 2013-жылдын 26-майына, жекшембиге дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун үгүт-насаат иштерине катыша тургандыгын билдирет.


1-бет түстүү 1 см2 х 70 сом (70 000)
2-7-беттер түссүз 1 см2 х 35 сом (35 000)
8-9 -бет түстүү 1 см2 х 40 сом(40 000)
10-15-беттер түссүз 1 см2 х 30 сом (30 000)
16-түссүз 1 см2 х 50 сом(50 000)




Пикир: