Молтой Туман
Т А Ш Б А Р А Ң
"Киндик каным тамган айылым - Бакайырга, арка - бел туткан элиме арналат".
Автор


Күйгөн - Сарай

Батышта оттой кызарып, кылкылдап уясына жашынып, батып бара жаткан күндүн кызылы, эртеңки күндүн ысык болоорун айгинелеп тургансыйт. Асмандагы ала булуттарга тийген күндүн нурлары, айланасын ар кайсы түргө бөлөп, кызарган шоолалары батышты бүтүн каптап кеткендей болуп, көздү уялтат. Жылып-жылып, ылдыйлап отуруп, аздан соң күндүн көзү көрүнбөй да калды.
Бир күнгө бөлүнгөн убакыт дагы карып бараткандай.
Жер бети каймактап, жан - жаныбарлар жаралгандан бери кандай гана табийгаттын кубулуштары, өзгөрүштөрү болгон жок дейсиң. "Адам" ата, "Обо" эне жаралганча, андан кийин, биздин заманга чейин, кудайдын күчтүү кудурети менен түркүн - түркүн жан - жаныбарлар жаралып, кайра жоголуп, жер бети канча жолу жаңыланууга дуушар болбоду. Ошонун баарын жашырып, адамзаттын акылы жете бербегендей сырларды ичине камтып, кылымдардын кылымдарын карытып келе жаткан - убакыт. Күчтүүсү, сырдуусу, чыдамкайы, табышмактуусу дагы убакыт бейм…
Баарына чыдап, баарын жеңген дагы ошол деп ойлойм.
Ар кимдин өткөн күнү менен, болор күнүнүн ортосундагы көз ирмем "жашоо" деп айтылса керек? Бардыгы убакыт менен байланышкан.
Мына ошондай убакыттын зымырап учуп, жылт этип өтүп кеткен бир ирмеми алигече көз алдымда . . .
Быйылкы кыштын ызгаары, кардын калыңдыгы, айрыкча малчыларга бир топ кыйынчылыктарды, түмөн түйшүктөрдү жүктөгөнү эстен чыккандай болуп, эрте келген жаздын жыты аңкып, айлананы "буркуратып" тургансыйт. Кар эрип эрий электе, ар кайсы карайган жерден кылтыйып чыга келген байчечекейлер, кышкы сууктан кийин, жаздын жарчысы катары көзгө жакшы көрүнөт. Буудайдын данындай кылып топуракты тоголоктоп, анысын бирден ташып, ийин казган талаанын чычкандары дагы өздөрүнчө убара тартып, жаз келгени жанданышып, жашоого болгон далалатын улантышкандай. Жер бетиндеги жан - жаныбарлардын бардыгы жаз келгенде жаңырып, үстүндөгү "эски" кийимин чечишкендей болуп, түлөп, табийгаттын ушул көрүнүшүн, мезгилин чыдамсыздык менен күтүшкөндөй. "Жашоо" деп айтылгандай, ар жыл сайын кыбыраган жандуулар жазды, жаңыланууну күтүп жашайт турбайбы.
Кыштын кыраан чилдеси артта калып, ала - шалбырт болуп, жаз жадырап кирип келген учур. Жер бети "ак чепкенин" чечип салып, "жашыл чапан" жамынгандай, айлана жапжашыл. Алыстан көрүнүп турган, асман тиреген Ала - Тоо гана "ак селдесин" башынан түшүрбөй, чалкалап, көк мелжип менменсинет.
Эч нерседен бей капар, табияттын жакшы - жаман кубулуштары менен иши да жок, жайыттан жаңы келген койлор, короого кирээри менен маарагандары басыла түшкөнсүп, энесин издеген козулардын маараганы болбосо, кепшегендерин жазбастан жуушап калышкандай болду. Так секирген улактар гана арткы эки бутуна тура калышып, билинер - билинбес болуп чыгып келе жаткан мүйүздөрүн тарс тийгизип, сүзүшүп, короонун капталына, дубалга жармаша чуркап чыгышып, кайра түшө калышып, ойноп жүрүшөт. Энесинен адашкан козулар, үн алышып, жытташып энесин таап алган соң жүгүрүп келип, эңкейип, тизелей калып, "мамасын" тумшугу менен түрткүлөй, энесинин капталын жара тартчудай болуп, куйруктарын кыбыңдатып, аптыгып ээмп жатышат. Козусунун кыбыңдаган куйругун жыттап, жалаган энеси, мекиренип маашырлангандай.
Кечке койдун артынан калбай чуркап жүргөн "Кумайык", короонун оозуна, тилин салаңдатып, акактап жатып калды. Ит да болсо түшүнүп, мойнундагы "жүгүн" сезип, ишин так аткарып келип чарчагандай түрү бар. Арсылдап үргөн уялаш "Аңгыт - Маңгыт" дөбөт иттер, короону айлана жүгүрүшүп, кимдир бирөөлөргө үрүп жүрүштү. Келе жаткан жан - жаныбарларды туюп - сезип жатышкандай болуп, жан алы калбай жатышат. Алар дагы өз "кызматтарын" аткарып жүрүшкөндөй.
Жакут атынын ооздугун чыгарып, короонун оозунун оң жагындагы мамыга аса байлап, басмайылын бошотту. Жеңилдене түшкөн ат бышкырып - бышкырып, силкинип алды. Керели - кечке жаны тынбаган ат байкуш көзүн сүзүп үргүлөй баштады.
Үстүндөгү, жамгырда кийчү таар чепкенин чечкен Жакут, ээрдин үстүнө арта салып, жайып койду. Короонун оозун жаап, камчысын сүйрөй кармап, үйдү карай бет алды. Башындагы тебетейин чечип, чекесинин терин жеңи менен аарчып салды. Башынан чыккан "булоосу" көтөрүлүп, мончодон чыккан адамдыкындай болуп, көзгө алыстан эле көрүнүп турду. Кечке чейин аттын үстүндө жүргөндүктөн бели сыздап, буттары уюп, жаны жер тартып тургансыйт. Белине байлаган курун чечип, ийнине арта салды.
Бүгүн жардамчысы келбей калган. Сакмандарды аралаштырып жалгыз жайгандыктан, азга эс алганга дагы убактысы болгон эмес. Көп койду көз ирмебей караган. "Жаздын күнү жаш баладай" дегендей, жазгы жөө туман каптай калып, кайра "жарк" этип күн чыга калып жатты. "Жаш козулар сызга жатып калып, өпкөсүнө суук тийгизип алышпасын" деп, улам бирин койнуна катып, жылытып, кайра экинчисин ала коюп кечке убара тарткан.
Малдын да малдай азабы бар. Антип убараланбаса, бешенеден тер агызбаса, мээнет кылбаса, мал багуунун акыбети кайтпайт болчу. Аны жакшы түшүнгөн Жакут, таң аткандан бери наар албай, курсагы да абдан ачкан эле. Канжыгага байлай кеткен бир азыраак жарманы, түшкө жеткизбей жутуп алган. Жамбаштап жатып, ысык чайдан ичип, эс алаарын ойлоп, ичинен кымылдап келе жатты.
Үйдүн босогосун аттай электе, иттердин арсылдап үргөнү, жакындап келип калган машинанын үнү, Жакутту айласыз артына кылчайтты.
"Биздин айылда мындай машина жок эле, ким болуп кетти экен? "Чоңдордон" бирөө - жарым келе жатабы? Тынччылык эле болсо экен деги", - деп, өз ою менен алек болгон Жакут тиги, бөтөн адамдардын карпа - курпа келип калышкандарын да байкабай калды.
- Ассалоому алейкум, - деп Жакут тигилерди утурлай басып, - Келиңиздер, үйгө кириңиздер, - деди үй жакты жаңсап, эки колун алдыга сунуп.
- Сенин саламыңа жутаган киши жок, - деп "корс" этти, келген адамдардын алдыңкысы.
Жакуттун сунган колун карап да койбостон, жанынан өтүп, үйгө бет алды. Арткы экөөсү, Жакуттун колун алып, алик алышты.
Эки, үч күндөн бери ичип жүргөн баштанат, алиги саламды алик албаган неменин оозунан ачымык - кычымык жыт "бурр" эте түштү. Бою ортодон бийигирээк, чымыр денелүү, сакал - муруттарын беш, алты күндөн бери албаган, жашы отуз бештин ар жак - бер жагындагы кара тору жигит үйгө кирип, бут кийимин чечпестен эле төргө өтүп, малдаш токунуп отура кетти. Бут кийиминдеги ылайларды аарчып койгонго да чамасы жетпесе керек. Ылай - суу аралаш бутунун изи, таптаза жуулган "полдун" үстүнө балчайып түшүп калды. Төрдөгү төшөктөр булганганына карап да койбостон, өзүнчө эле эрдемсийт.
Артынан, ээрчип келишкен экөө дагы үйгө киришти. Бирөөсү кире беришке, босогодогу бурчка бүрүшүп отура кетти. Экинчиси, тиги бут кийимин чечпеген немени туурап, а дагы чечпестен жанына өтүп отурду. Экөө тең кылчакташып, тиги төрдөгүнүн оозун тиктегенсишет.
Тооду томкоруп келгенсиген немедей, манчыркап:
- Эй, койчуман, курсактар ачты, бир козу сое койгун да, катыныңа айт куурдак кууруй салсын. Өзүң болсо, куурдактын этин тез чыгарып бергин дагы барып, "бөтөштөн" экини алып келе калгын, аңгыча бир аз эс алып алайын. Же катып койгон арагың барбы, ыя? Болсо чыгар, - деп тиги тартиби жок неме жамбаштап кыйшайып, жата кетти.
Ээрчип келгендердин бирөөсү, тигинин жанында отурганы "лып" этип тура калып, бурчтагы жыйылып турган жүктүн үстүнөн бир жаздыкты ала коюп, чыканагына кое койду. Минтип жагалданып, кошомат кылып жатканына тигиниси ыраазы болгондой "жарайсың" дегенсип, маашырлана мыйыгынан жылмайып, көзүн сүздү.
Келген меймандын айткан сөзүнө жакшы түшүнө бербеген Жакут, саамга далдырай түштү. "Эшиктен келип, төр меники деген булар кимдер болду экен, ал - акыбалды сурашпастан эле "жаман үйдүн коногу бий" болуп, эмнеге эле кожоюн болуп жатат" деп тигинин сөзүнө, кылыгына жараша жооп бергиси келип, кайра бир аз өзүн кармап, "үйгө келген конокту ит кабат" кылбайын дегенсип:
- Жол болсун, кайдан, кандай иш - чарба менен биз жакка келип калдыңыздар? Байкасам, бу "тегерек - чекеден" эмес баштанасыздар? Кадыр - көңүл жарашса, куурдактын жарасы жеңил го, козу болбосо да куурдакка жетээр эт табылат. Ал эми аракка айылга барыш керек. Өзүм арак ичпегенден кийин, үйдө арак жок, - деди Жакут ачуусун билдирбеске аракет кылып, колундагы камчысын дубалдагы мыкка илип жатып.
- Эмине, айтканды түшүнбөй жатасыңбы ыя же менин ким экенимди билбейсиңби, энеңдурайын десе? Сенин көңүлүңдү издеп, таап, убара да болбойм, керек болсо. Мени кошомат кылат деп турасыңбы ыя? Катып калган, сүрсүгөн этиңди жебейм, жаш козунун жумшак этинен куурдак кыл. Эй, Тахир түшүндүр мобу келесооңо, болбосо койго кошуп өзүн дагы мууздап салам, - деп жанындагы отурган, жаздыкты ала койгон кошоматчы немеге опурулду.
Алиги кошоматчысы, тигиден бешбетер кабагын бүркөп, Жакутту көздөй обдулуп:
- Эй жигит, бул Доорон деген каратис, "Черный пойис". Уккан жок белең, айтканын аткарбасаң көргүлүктү көрөсүң, бир козудан кедей болуп калбайсың, тургун дагы тезирээк сой, - деп титиреңдеди.
"Каратис болсо эле эмне экен? Жөнөкөй адамгерчиликти билбейби, ата - энеден тарбия көргөн немеби деги? Зомбулук кыла тургандай падышанын заманы беле?" деп Жакут өз ичинен ойлонуп, тигинин кылып жаткан кылыктарына жини келе түштү.
Эч кандай кыймыл - аракет жасабай, моюн толгоп жаткан кандай жигит бул дедиби же бирөөлөр менен урушуп - талашып келе жаткан неме, ушудан ачуусун чыгаргысы келдиби, айтор:
- Жакшылыкча айтканды түшүнбөгөн неме экенсиң, өз убалың өзүңө, - деп Доорон ордунан атып туруп, Жакутту башка - көзгө муштагылап кирди.
Атаандашынан озунуп биринчи урмай ыкмасы бар эле Доорондун, ошонусун карматып, эч нерсени ойлобой шалдайып турган Жакуттун тумшугуна муштумун кадады.
Күтүүсүздөн сокку жей баштаган Жакут, беш - алты муштум жегенден кийин эсине келе калып, тигинин муштарынан качып, колдору менен башын калкалап, коргоно баштады. Чогуу келген Тахир дегени ордунан туруп, экөөсүн ажыратып койбостон, кайра тиги зөөкүргө кошулуп, бир жагынан чыгып, Жакутту муштагылап, тепкилей баштады.
Идиш - аяктар калдырап, сынганы сынып, сынбаганы чачылып, үйдүн ичи үч көтөрүлүп жатып калды. Канчалык муш жеп жатса дагы, бала күндөн ат үстүндө улак тартып, Көк-Бөрү тартып, көп ойноп машыккан Жакут, өз үйүндө келтек жеп жатканына намыстанып, чыйрала түштүбү, тиги экөөнү эки жакка көмөлөтө урду. Чалкасынан кеткен Тахирди Жакут курсакка тээп - тээп калды. Бүк түшүп жатканын жазбаган Тахир, Жакуттун тепкен бутунан бекем кучактап кармап алды. Бутун чыгара албай буйдала түшкөн Жакутту Доорон, коломтодо, темир мештин жанында жаткан көң, жыгач отундардын арасынан колуна илине калган алманын бутагы менен баш талаштыра "былч" эткизе бир урду. Маңдайы жарылып, каны "бурк" эте түштү. Бети канга боелгон Жакут эсинен танып, шылк этип кулап, суналып сулк жатып калды. Ошондо дагы ургандарын токтотпостон, тиги зөөкүрлөр, кабырга талаштыра, башы - көзүн карабай килейген өтүктөрү менен тепкилеп жатышты. Экөөлөп тээп - уруп жаткан муштарын сезбей калган Жакут, бу маалда өлүк катары былкылдабай калган.

(Уландысы бар)







Пикир: