Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

"Улуттар Биримдиги" Кыргызстандын келечеги үчүн жоопкерчиликти алууга даяр
"Улуттар Биримдиги" элдик партиясынын төрагасы
Мелис Мырзакматовдун партиянын III съездинде сүйлөгөн сөзү
(2013-жылдын 20-апрели, Бишкек шаары)


Партиябыздын съезди мамлекетибиз кыйын кырдаалга келген учурда өтүп жатат. Өлкөдө абал татаал. Экономикалык кризис күндөн-күнгө тереңдөөдө. Тышкы карызыбыз жыл өткөн сайын өсүп, анын көлөмү 3,3 миллиард долларга жетти. Бул Ички Дүң Продуктынын 47% пайызын түзөт. Дүйнөлүк экономикада бул көрсөткүч 50% пайыздан ашканда өлкө дефолтко учурап, мамлекет банкрот болот. 2013-жылы мамлекеттик карызды жабууга 15,4 миллиард сом жумшалат. Мындай кырдаалда улуттук экономика тармагын реформалоо тууралуу сөз кылуунун да кажети жок. Демек, Кыргызстандын экономикасы бул темп менен кургуйга кулап отурса жакында мамлекетибизди жоготуп аларыбыз толук мүмкүн.
Бирок, бул дагы эч нерсе эмес. Кыргыздар айтмакчы: "Ач курсак тоюнат, айрык кийим бүтөлөт". Эң башкысы элибиздин Адилеттүүлүккө жана Мыйзамга болгон үмүтү үзүлүп баратат. 2005-жылы 24-мартта бир үй-бүлөнү экинчисине алмаштырган кадыресе бийлик алмашуу болду. Карапайым калктын көктөмдөгү көтөрүлүшкө болгон үмүтү акталган жок. Ал эми 2010-жылы 7-апрелде кыргыздын 90 азаматы "акыйкат коом курабыз" деп шейит кетишти. Арадан үч жыл өткөн соң алардын аруу тилек, асыл үмүтү акталдыбы? Тилекке каршы, жок! Себеби, бир үй-бүлөлүк башкаруунун ордуна бир ууч саясый партиялардын кландык башкаруусу орноду. Бийликтин сырты өзгөргөнү менен, ички маңызы баягы бойдон калды. Мамлекеттик бийлик бутактарында мурдагыдай эле коррупция менен паракорчулук гүлдөп жатат.
Коррупция менен күрөшөбүз деп кечээ эле элди Эркиндик аянтына чогулткан партия лидерлери "эки тизгин, бир чылбыр" колуна тийип, бийликке келген соң чыныгы ажыдаарга айланып кетишти. Коалициялык Өкмөт кураган үч-төрт партия бийликтеги майлуу-сүттүү орунга өңчөй тааныштарын, жоро-жолдошторун, партиялык казынага каражат кошкон "спонсорлорун" коюп жатышат. Же жалганбы? Ооба, сиздер айткандай, чын! Мейли, парламенттик башкаруунун принциби ушундай дейли. Бирок, кашайып, алардын көбү мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок, профессионалдык деңгээли төмөн, сабатсыз, алешем кадрлар болуп жатпайбы! Мамлекеттик кызматта бир күн иштебеген эргулдар министр болуп отурушат. Анткени алар кечээ кайсы бир партиянын арыгын чабышкан. Бул көрүнүш бийлик менен бизнестин чырмалышкан чыныгы үлгүсү! Парламенттик системада коррупция бүгүн дал ушундай жолдор менен гүлдөөдө! Натыйжада мамлекеттик кызматтын кадыры кетип, бийликке карапайым калктын ишеними өчүүдө!
Соттор мурдагы эки бийликтин көзү менен кантип тең айланса, бүгүн да ошол озуйпасын так аткарууда. Сот системасын реформалоо чыныгы фарска айланды. Сотторду тандоо кеңеши парламенттик фракциялардын "заказын" ишке ашырууда. Сот болом деген талапкердин билими, иш тажрыйбасы жана моралдык тазалыгы эмес, анын саясый көз карашы менен капчыгынын калыңдыгы чечүүчү факторго айланды. "Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" дегендей, сот болууну көздөгөндөр бүгүн башкаруучу коалициядан "тууган" издеп, "кайсы партиянын байрагын көтөрсөм?" деп чуркап жүрүшөт. Мурда бир үй-бүлөгө кызмат кылган соттор эми 120 депутаттын кызыкчылыгын айкалыштырып, "элдик дипломатиянын" мыкты үлгүсүн көрсөтүшүүдө. Акыркы үч жылда саясый буйрук менен камалган коомдук ишмерлер менен депутаттардын саны көбөйдү. Сот системасы бийликтин оппонентерин тизеге чаап, аламан жарыштан аксаткан союлга айланды. Андыктан алардын адилеттүү, эркин, акыйкат чечим чыгарганга кудурети жетпейт! Ошол үчүн карапайым калк саясий буйрук аткарган "сагызган" сотторго ишенбей турат!
Учурда криминал менен күрөшүү кезектеги саясый оюнга айланды. Анын айкын далили катары "кылмыш атасы" атыккан Азиз Батукаевдин сот аркылуу бошоп, суроо-соопкутсуз Кыргызстандан чыгып кетишин көрсөтсөк болот. Эгерде жогорку кызматтагы мамлекеттик чиновниктер көмөктөшпөсө, ал эч качан коррупциялык схема менен өлкөдөн чыга албайт эле. Демек, тиешелүү укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуулукка жана криминалга каршы жүргүзгөн күрөшкө ачыктан-ачык бойкот жасашууда. Эң өкүнүчтүүсү, криминал менен күрөшүүчү биздин укук коргоо органдары бири-бири менен тирешип жатып, карапайым элдин ишениминен кетти. Натыйжада карапайым калк менен бийликтин ортосундагы ажырым күндөн-күнгө тереңдөөдө.
Ушундай татаал кырдаалда "Улуттар Биримдиги" элдик партиясы өлкөдөгү жаңы саясий күч катары мамлекетибиздин келечеги үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алышы керек деп эсептейм. Ага биздин ар-намысыбыз менен акыл-эсибиз, патриоттук духубуз менен билимибиз толук жетет!
Кыргыз Республикасынын Конституциянын преамбуласы: "Биз, куттуу Кыргызстандын эли" деген сөздөр менен башталат. "Биз" деп көптүк мааниде жазылган Кыргызстандын эли бүгүн биримдиктүүбү? Азыркы Конституциянын авторлору "Биз, эл" деген түшүнүктө эч кимди унуткан жокпу? Бул суроолордун жандырмагын жандыруу үчүн жердешчилик, же болбосо кыргыз трайбализми тууралуу ачык айтып, ак сүйлөгөнүбүз оң. Адатта кыргыз саясатчылары "бизде түндүк-түштүк проблемасы жок, элибиз биримдиктүү" дешет. Ал эми иш жүзүндө алакандай кыргызды тең экиге бөлгөн теңирден тескери иш жасашат. Акыркы кезде аймактык ажырым Кыргызстандын коопсуздугуна өтө чоң коркунуч келтирүүдө. Ачыгын айтыш керек, мурдагы бийлик да, азыркы бийлик да, орусча айткандай, "разделяй и властвуй" деген принципти бек тутуп келишет. Карапайым калк бөлүнбөйт, элди бөлгөн саясатчылар!
Өз бийлигин сактап калуу үчүн кээ бир саясатчылар нааразычылык акцияларына чыккандарга каршы атайын топторду уюштуруп, элдердин жердештик сезимин козутуп, "тигилер басып алмай болду" деген сөздөрдү таратып жатканы кашкайган чындык. "Тигилер" дегени башка өлкөдөн келген душмандар эмес, алар деле кыргыздар. Митингке чыккан кыргыздарга каршы атайын спортсмендерди даярдап, аларга "ДНД" деген ат коюп, "тигилерди" бул жерден кууп чыгыш керек" деген саясатчылардын жоон тобу бар. Алар теледен сүйлөсө улуттук биримдик тууралуу жалындуу сөздөрдү сүйлөйт. Көшөгө артында бир аймактын калкын башкаларга каршы тукурат. Мен мындай саясатчыларды кыргыз элинин душмандары деп айтар элем.
Парламенттеги саясый партиялар да электоратты аймагына карап "менчиктештирип" алышкан. Конституциядагы: "Биз, куттуу Кыргызстандын эли" деген биримдиктүү түшүнүк кагаз бетинде калып, аймактык ажырым улам чоңоюп барат.
"Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дейт элибиз. Келгиле, трайбализм оорусуна ачык диагноз коюп, дартка дабаа табалы. Элди ары-бери чайпаган арам саясаттын айынан мамлекетибизди талкалап алышыбыз толук мүмкүн. Дал ушундай маанайдагы саясатчылардын эптеп бийликке жетүү үчүн өзбек жамаатынын улутчул-сепаратист көз караштагы лидерлерине таянып, алар менен соодалашып жатып, 2010-жылы калабалуу июнь коогалаңына от чачып жибергенин унутпашыбыз керек.
Эл бузарлар Кыргыз мамлекети оор кырдаалды баштан кечирип, саясый элитанын ыркы ыдырап турган кезде өзбек тилине мамлекеттик статус берүү жана өзбек улутундагы кадрларды жогорку бийлик тепкичине тартуу маселесин көтөрүп чыгышты. Анын артында Кыргызстанды бөлүп-жарып, улуттук автономия алуунун кулагы оркоюп көрүнүп турганы кашкайган чындык эле. 2010-жылдагы улуттар аралык араздашууга борбордук бийликтин улуттук саясатты жеткиликтүү жүргүзө албаганы, улуттук идеологиянын өксүктүгү жана К.Батыровдой улутчулдардын кутумчу иш-аракеттери себепчи болду. "Улуттар биримдиги" саясый партиясы дал ошол кайгылуу мезгилде түзүлгөн. Ошон үчүн партиянын аты - "Улуттар Биримдиги" деп аталат. Партияны мекенчил жаштар, тополоңдо үй-жайынан ажыраган карапайым элдер, кыргыз, өзбек, орус жана башка улуттардын патриот өкүлдөрү түзүшкөн.
Бүгүн биз трайбализм менен этноулуттук маселеде туңгуюкка келип такалдык. Жердешчилик, уруучулук жана аймактык ажырым кээ бир саясатчылар үчүн башкы куралга айланды. Кээде ал мамлекеттик саясаттын деңгээлине чыгып кетүүдө. Ошондуктан бизде бир эле тилек бар. Ал тилек - кыргыздар трайбализмге, уруучулукка жана регионализмге бөлүнбөй, куюлган коргошундай биримдиктүү болсо. Ал тилек - Кыргызстандагы башка улуттар улутчул чакырыктарга алдырбай, кыргыздар менен бирге Улуттук биримдикти чыңдаса!"
Биздин партиянын милдети, миңдеген патриоттордун милдети Кыргызстандыктардын Улуттук биримдикке болгон үмүт отун жандыруу. Үмүт качан жанданат? Туура тандалган жол, көргөзүлгөн моралдык үлгү, авторитеттүү лидерлер үмүттү жандандыруунун негизги шарттары. Бизде андай мүмкүнчүлүк толугу менен бар. "Улуттар Биримдиги" элдик партиясы эң оболу улуттук биримдикке доо кетирип, аймактык ажырымды күчөткөн терс көрүнүштөргө чечкиндүү сокку урууга даяр. Ал үчүн биз 2010-жылдагы июнь коогалаңынан оң жыйынтык чыгаруубуз зарыл. Биздин партия Кыргызстан калкынын биримдигин ооз жүзүндө эмес, иш жүзүндө чындоо позициясында турат. Улуттук консолидацияга жетишүү үчүн өлкөбүздүн саясий элитасынын башын бириктирүү зарыл.
Бул багытта биздин демилге менен 2011-жылы 23-июлда касиеттүү Чыйырчык жайлоосунда Ала-Тоонун алты дубан аймагынан чогулган калың эл кабыл алган "Алай декларациясын" өзгөчө канааттануу менен белгилеп кетким келет. "Алай декларациясынын" негизги максаты - жалпы Кыргызстан калкынын улуттук биримдигин чыңдап, өлкө бүтүндүгүн сактоого багытталган саясатты турмушка ашыруу эле. "Улуттар Биримдиги" партиясы, түпкүлүктүү кыргыз калкы өлкөдөгү бөлөк улуттардын келечек тагдыры жана жарандык коопсуздугу үчүн жоопкер экенин белгилейт. Биз Кыргызстанда жашаган бардык улуттарды "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып", Улуттук биримдикти чыңдоого чакырабыз.
Өлкөнүн бүтүндүгүн жана эгемендигин көздүн карегиндей сактоо, Кыргызстандын бирдиктүү элин түзгөн бардык этносторду баш коштуруу - биздин партиянын башкы максаты. Эгерде кимде ким Кыргызстанды түндүк менен түштүккө бөлүүгө аракет кылып, жикчилдик менен жердешчилдик идеясын туу тутса, аны "Улуттар Биримдиги" партиясы кыргыз калкынын чыныгы душманы деп эсептейт. Кыргыз мамлекетин бөлүүнү каалаган жикчилдер, улуттук биримдикке доо кетирген бузукулар карт тарыхтын катаал сурагына кабылат.
Бүгүнкү күндө биздин идеяларыбыз менен асыл ой-максаттарыбыз Кыргызстандын бардык аймагына тарап, партиябыздын мүчөлөрү он миңдеп саналат.

1-маселе -
Кыргызстандын
улуттук
биримдигин бекемдөө
"Улуттук биримдик" - деп биз эмнени түшүнөбүз? Кыргызстанда жашаган 80ден ашуун этностор өздөрүн "Кыргызстандын бирдиктүү элибиз" деп түшүнүп, Конституцияда жазылган "Биз, эл" деген сүйлөмдөн өздөрүн таамай табышы. Ала-Тоону байырлаган бардык этностор Башмыйзамдын преамбуласын окуганда эң оболу өздөрүн көрүшү зарыл. Биз да ушул жол менен өнүгүшүбүз керек. Аны чечиш үчүн биз негизги 3 принципке таянышыбыз абзел.
1-принцип: кыргыз элинин мамлекетти түзгөн тарыхый ролун көтөрүү. Бул жерде көп нерсе биздин, түпкүлүктүү калк болгон кыргыздардын, бардык улуттарды бириктирүүгө болгон бекем саясий эркине жана даанышмандыгына жараша болмокчу.
2-принцип: Кыргызстандагы бардык улуттардын өкүлдөрүнүн бири-бири менен шайкеш келген ич ара аракеттеринин этникалар аралык диалогун түзүү.
3-принцип: Кыргыз Республикасында жашаган бардык улуттардын жалпы кызыкчылыктарын коргоо. Улуттук биримдикти бекемдөө үчүн кыргыз улутунун генофондун сакташыбыз керек жана кыргыздар менен чогуу жашаган ар бир этноско өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүн камсыз кылган тарыхын, маданиятын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшүбуз керек.

2-маселе -
Кыргызстандын мамлекет-түүлүгүн бекемдөө.

Бул маселени чечүүдө биз биринчи кезекте жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу бийлик системасын түзүшүбүз керек. Бүгүнкү эпсиз мамлекеттик аппараттын ордуна чакан, жоопкерчиликтүү түрдө иштей турган бийлик механизмин түзүү күндүн талабы. Учурда мамлекеттик бюджеттин үчтөн бир бөлүгү чиновниктердин маянасы менен алардын ишин камсыз кылууга сарпталып жатат. Башкача айтканда, бир жылда мамлекеттик аппаратка 30 миллиард сом жумшалат. Бул туура эмес. Казахстан менен Россияда мамлекеттик аппаратка бюджеттен 2,5 эсе азыраак акча кетет, аларда 12 пайыздан ашык бөлүнбөйт. Биз азыркы 30 пайызды келечекте 10 пайызга түшүрүш үчүн министрликтердин санын кескин кыскартып, мамлекеттик органдарда иштеген, айрыкча аткаруу бийлигиндеги чиновниктердин санын үч эсе кыскартышыбыз керек. Ошондо биз 20 миллиард акча үнөмдөп, бюджетке кошумча киреше таап, ал каражатты экономикалык маселелерди чечкенге жумшасак болот.
Экинчиден , бүгүнкү күндөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири - бул бийликтеги башкаруу вертикалынын жоюлуп калганы. Бүгүн аким губернаторго баш ийбейт, айыл өкмөт акимге баш ийбейт. Минтип отурсак, бара-бара мамлекеттик башкаруу жоголуп, өлкөбүз чачырап кетиши мүмкүн. Мындай тенденция бүгүнкү "чала-молдо дин бузар" өңдүү жетекчилерибиздин "партиялашкан" парламенттик саясатынан келип чыгып жатат. Парламенттик башкаруу деген биринчи кезекте партиялардын Жогорку Кеңештеги эң зор жоопкерчилигин туюндурат.
Конституциянын 2-беренесинде: "Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат" деп айтылат. Ал эми Жогорку Кеңештеги 5 партия шайлоочулардын болгону 29% пайыз добушун алып келип, мамлекетти башкарып отурат. Ошондуктан биздин партия келечекте шайлоо системасын да, башкаруу системасын да жалпы элдин кызыкчылыгына жооп бергидей кайра кароону сунуштайт. Бул мезгил талабы!
Парламенттик башкарууда Жогорку Кеңешке кирген партиялар ички жана тышкы саясаттын, кадр тандоонун, экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүнун ыкмаларын иштеп чыгып, аларды Өкмөт алдына коюп, аткарылышын Өкмөттөн талап кылса туура болмок эле.
Мамлекеттеги ушундай оор кырдаалга ким жооп берет? Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти өзүнө албаса, Өкмөт да жоопкерчиликти өзүнө албаса, анда ким алат? Ошол үчүн мындай парламенттик башкаруу бизге жарашпайт экен, президенттик башкарууга өтүшүбүз керек деп эл бекеринен айтып жаткан жок.
"Улуттар Биримдиги" партиясы мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө ушул маселеге да өзгөчө көңүл бурат. Менин жеке пикирим боюнча, мамлекеттүүлүктү бекемдөө философиябыз мындай болушу керек.
Биринчиден , ар бир мамлекеттик органдын, анда иштеген ар бир чиновниктин мыйзамдын алдында жана элдин алдында жоопкерчилигин жогорулатуу абзел. Жоопкерчилик качан болот? Ар бир чиновниктин функциялары менен милдеттери так аныкталганда гана. Демек, тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып, ар бир мамлекеттик органдын функциялары менен милдеттерин аныктап, аларды аткарбай койсо же аткара албаса мыйзам алдында жоопко тартууну эреже катары киргизишибиз керек.
Экинчиден , бийликтеги башкаруу вертикалын тез арада калыбына келтирүү зарыл. Мында биринчи кезекте бүгүнкү партиялардын мамлекеттик башкаруу органдарынын ишине түздөн-түз кийлигишүүсүн токтотуш керек. Конституциябызда мамлекеттик органдар менен партиялык институттардын биригип кетүүсүнө жол берилбейт деп жазылып турат. Бирок, ага карабастан министр, губернатор, акимдер гана эмес, жада калса айыл өкмөттөрү да парламенттеги саясый партиялардын көз каранды болууда.
Үчүнчүдөн , мамлекеттик аппараттын натыйжалуу иштеши үчүн кызматка тажрыйбалуу, өз ишин мыкты билген адистерди ачык конкурс аркылуу кызматка тартуу да өз натыйжасын берет деп ишенем. Бул жерде мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү тууганчылыкка тыю салган мыйзамдын керектигин да белгилеп кетейин.
Төртүнчүдөн , мамлекеттик кызматка келген адам өз бизнесимди коргойм, же болбосо дүнүйө жыйнайм деп келбестен, элиме, өлкөмө кызмат кылам деп келиши да өзгөчө шартта каралышы керек. Башкача айтканда, биз мындай кадамдардын механизмин мыйзам менен бекитебиз. Маселен, депутаттардан кол тийбестик иммунитетин алып салсак, депутат болом деген бизнесмендердин арышы кемий түшөөрү айтпаса да түшүнүктүү болот. Анан эл үчүн кызмат кылам деген карапайым калктын арасынан чыккан патриот, жаш уул-кыздарыбызга, өз ишин мыкты билген, тажрыйбалуу адистерге кеңири жол ачылат.
Бешинчиден , мамлекеттин ички жана тышкы саясатын аныктоодо партиялардын ролун жогорулатуу керек. Айрыкча, парламенттик партиялар Өкмөттү түзүп, анын программаларын жана мамлекеттик бюджетти бекитип, отчетун алып жаткандан кийин, алардын жоопкерчилигин арттыруу боюнча да иш-чараларды иштеп чыгуу, аларды жүзөгө ашыруу да бүгүнкү күндүн талабы.

3-маселе - жарандарыбыздын жашоосун жакшыртуу.
Элибиздин жашоо-турмушу экономикабыздын кандай өнүгуп жатканына, социалдык көйгөйлөр кандай деңгелде чечилгенине байланыштуу. Биринчиден, өлкөбүздө рынок мамилелеринин өнүгүүсүндө мамлекеттин ролун жогорулатуу абзел. Кандай болгон күндө да мамлекет рынок мамилелеринде башкаруу жана координациялоо ролун жоготпошу керек. Кеп бажы, салык жана ушу сыяктуу маселерди чечүүдө гана эмес. Кеп мамлекет рынок шартында жалпы жарандардын кызыкчылыктарын өйдө коюп, аларды натыйжалуу коргоодо болуп жатат. Бүгүн эркин рынок деген түшүнүккө таянып алып, банктар, айрыкча микрофинансылык мекемелер өтө жогорку пайыз менен акча каражатын берип, канчалаган чакан ишканалар, жеке ишкерлер, дыйкандар күрөөгө койгон үй-жайларынан айрылып, "күйүп" кетип жатат. Биз жапайы рынокко жол бербешибиз керек.
Экинчиден, биз жеке жарандардын өз жашоо-турмушу оңдолуп-түзөлүп кетишине, алардын бардар болушуна шарт түзүшүбүз керек. Укуктук, экономикалык шарттардан сырткары, мында мамлекеттик кепилдиктин жолдорун да тапсак жакшы болмок.
Үчүнчүдөн, элибиздин, ар бир жарандын жашоо-турмушу өсүш үчүн өлкөбүздө тынчтык жана саясий туруктуулуктун болушу менен тыгыз байланышта. Мындан тышкары, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коопсуздук маселелерин чечүү да партиябыздын көңүл борборунда болуусу шарт.

4-маселе - жаңы экономикалык саясатты калыптандыруу.
Анын өзөгүн Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын аймактык рынокто өтүмдүүлүгүн камсыз кылуу, ишкерликти өнүктүрүүнүн жаңы саясаты, мигранттардын кызыкчылыктарын коргоо сыяктуу маселелер түзөт. Биздин бул жааттагы негизги максатыбыз - жакынкы жылдары Кыргызстан экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуусуна көмөк көрсөтүү. Ошондуктан жакынкы убакытта жаркын келечекке багытталган жаңы экономикалык стратегияны иштеп чыгабыз.

5-маселе -
өлкөбүздө укуктук тартипти орнотуу
Бул багытта биз мыйзамдын диктатурасын орнотуп, паракорчулук менен күрөшкө чыгып, мамлекеттик жана коомдук турмуштун кайсы гана чөйрөсү болбосун укуктук тартипти камсыз кылууга жетишибиз керек.
"Улуттар Биримдиги" партиясы элибиздин жана мамлекетибиздин кызыкчылыгы, келечеги үчүн керек болсо ар кандай позициядагы саясий күчтөр менен иштешүүгө даярбыз. Ушул жерден ачык айтайын. Биз бийлик органдарынын мыйзамдуу жолдор менен гана алмашып, өлкөбүздө тынчтыкты жана туруктуулукту сактоону көздөйбүз. Күч менен, айрыкча кан төгүү менен бийликке келгенге караманча каршыбыз. Биз мыйзам менен жашап, мыйзамды урматтап, кандай гана оор кырдаалга кептелген күндө да, мыйзамдуу жолдо болууга бардык саясий күчтөрдү чакырабыз. Биз үчүн Кыргызстандан башка жер жок. Бийликти талашып отуруп мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калбайлы. Андай бийликтин эч кимге кереги жок.
ХХ кылымдын эң чыгаан саясатчысы Мустафа Кемал Ататүрктүн ишмердүүлүгүнөн бир мисал келтире кетейин. Өткөн кылымдын 20-жылдарында Осмон империясы ураган соң түрктөрдүн улуттук биримдиги ыдырап, аймактык ажырым күчөп, ар кайсы саясый топ бийликти эптеп басып алууну көздөп калган эле. Түркиянын ошол учурдагы оор абалы куду бүгүнкү Кыргызстандагыдай эле. Мекенчил патриоттордун колдоосу менен бийликке жаңы келген Мустафа Кемаль Ататүрктүн чакан армиясы бир убакта Анадолуга чогуу кол солган Англия, Италия, Франция жана Греция менен согушуп жаткан. Жаңы Түркия үчүн, анын аймактык бүтүндүгү, эгемендик үчүн салгылаш жаңы башталып жаткан учурда бир чет өлкөлүк дипломат Ататүрккө мындай суроо ыргыткан экен: "Начар курал менен, кедей, сабатсыз калк менен кантип эми эли-жериңерди сактайсыңар, кантип мамлекет курасыңар?"
Ошондо Ататүрк ага мындайча жооп айткан экен: "Биз ушул жер, ушул мамлекет үчүн колубуз карышканча кармашабыз. Колубуздун күчү жетпесе тырмагыбыз менен, тырмагыбыздын күчү жетпесе тишибиз менен кармашабыз. Анткени бизде улуттук биримдик, улуттук дух бар"!
Биз, кыргыздар да, өз мамлекетибизди, эли-жерибизди жан-дилибиз менен, Ататүрк айткандай, колубуз менен, кол күчү жетпесе тырмагыбыз менен, ал да аздык кылса тишибиз менен тырышып сакташыбыз керек. Ал үчүн бизге эң оболу улуттук биримдик зарыл!
Кийин, Лозанн тынчтык келишимине кол коюлуп, түрктөр жеңишке жеткен соң Ататүрк элге кайрылып: "Мамлекеттин келечеги үчүн жоопкерчиликти биз алууга даярбыз" деген экен. Натыйжада 1923-жылы 29-октябрда Түркия Республикасы түзүлгөн.

Урматтуу партиялаштарым!
Биз, "Улуттар Биримдиги" партиясынын мүчөлөрү, Кыргызстандын келечеги үчүн жоопкерчиликти моюнубузга алганга даярбыз деп расмий түрдө жарыялайм! Бакубат, бирдиктүү жана күч-кубаттуу Кыргызстанды куруу биздин асыл максатыбыз. "Улуттар Биримдиги" партиясы Кыргызстанды "өз үй, өлөң төшөгүм" деп түшүнгөн бардык башка улуттун өкүлдөрүн кыргыз калкы менен бирге Улуттук биримдиктин уугун улап, түндүгүн чогуу көтөрүүгө чакырат!

Мелис Мырзакматов







Пикир:






??.??