Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_9.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_9.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_9.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Сириядагы курал-жарак террорчулардын колуна өтүп кетиши мүмкүн
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху "Сириядагы учактарга каршы курал-жарак жана химиялык куралдар Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды өзгөртүп, дүйнөлүк деңгээлде терроризм коркунучун пайда кылышы мүмкүн" деп айтты. Ошондуктан "бул өлкөдөгү курал-жарактардын радикалдуу исламчыл топтордун колуна өтүп кетишинин алдын алууга Израилдин укугу бар" деп билдирди ал. Мындан бир аз күн мурда Британия Еропа биримдигин Сириядагы козголоңчуларга карата курал-жарак эмбаргосун алып салууга чакырган болчу. Ошол учурда Биньямин Неттаньяху Лондон сапарында жүрүп, Британия менен Израиль Сириядагы кан төгүү жана террорду токтотуу үчүн бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн айткан.
Анда да Нетаньяху мырза козголоңчулардын колуна тийген курал-жарактар абдан татаал жана коркунучтуу кырдаалды жаратышы мүмкүн экенин эскерткен.
Израиль Аль-Каида менен байланышы бар делген Сириядагы Нусра Фронт сыяктуу топтордун күчтөнүп келе жатканына тынчсызданууда.


Ирак тынч турмушка ык алууда
Ирактыктар тынч турмушка ык алуу максатында 2011-жылдын этегинде америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин биринчи жолу муниципалдык шайлоодо кооопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта добуш беришти. Өкмөт башчысы Нури ал-Малики "Бүгүн биз Ирак мамлекетинин пайдубалын дагы бекемдеп, салабаттуу кадам таштадык. Күчтүү, таасирлүү жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен биз борборсуздаштырылган мамлекеттин түп негизин курабыз" деди. 8 миңден ашык талапкер жергиликтүү кеңештердеги 400гө жакын мандат үчүн ат салышууда. Иракта 14 миллионго чукул шайлоочу бар. Өлкөдө парламенттик шайлоо эмдиги жылы өтөт. Бул жолку добуш берүүгө болжолдонгондон азыраак киши келип, бирок шайлоо негизинен тынч өтүп жатканы кабарланууда.


Оппозицияны алдын ала коркутуубу?
Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында эң ири оппозициячыл партиянын жетекчисин сабап кетишти. Жума күнү кечинде белгисиз адамдар "Ислам кайра жаралуу" партиясынын төрагасы Мухамадал Хаитке үйүнүн жанында кол салышкан. Кесиптеши Хикматулло Саидулло-Зоданын айтымында Хаит оор жаракаттар алып ооруканада. "Бийлик муну менен оппозициянын жүрөгүнүн үшүн алып койгусу келип жатат" дегендер да бар. "Ислам кайра жаралуу" партиясынан башка бир да оппозициячыл партия тажик парламентинде жок. Тажикстанда президенттик шайлоо ушул күзгө пландалган. Коомдук турмушта исламдын таасирин күч алдырууну көздөгөн бул партия ноябрдагы ат салышка өз талапкерин көрсөтө элек. Ал эми бийлик тараптан өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келаткан 60 жаштагы Эмомали Рахмон кайра талапкер болоору күтүлүүдө.


Башар ал-Асаддын
"белин сындырганга"
белсенишүүдө
Сириялык оппозициянын башкы эл аралык колдоочулары Сириянын мамлекет башчысы Башар ал-Асадды кулатуу үчүн согушуп жаткан күчтөргө жардам берүүнүн жолдорун Стамбулда талкуулаганы жатышат. Сириянын оппозициясына куралдан башка жабдыктар менен аскердик жардам көрсөтүүгө 130 миллион доллар бөлүнөөрүн АКШнын мамлекеттик катчысы Жонн Керри жарыялады. "Сириянын достору" уюмунун уюткусун түзгөн 11 мамлекеттин арасында АКШ, европалыктар жана араб өлкөлөрү бар. Алар Асадды бийликтен четтетүүнүн жол-жобосунда бир пикирге келе албай жатышкан болчу. Эми Түркиянын Стамбул шаарына чогулушуп, Башар ал-Асаддын "белин сындырганга" белсенишмекчи.


Кытайда зилзала
Ишемби күнү Кытайдагы жер титирөөдөн кийин 124 кишинин сөөгү урандынын алдында калды. Жер титирөөнүн күчү 6.6 балл болду. Зилзаладан улам Кытайдын түштүк-батышындагы Сичуан дубанында жараат алгандардын саны 2200гө жетти. Жергиликтүү тургундардын бири "Жер титирөөнүн эпкини мени оңго, солго уруп, түз тура алган жокмун. Жердин титирөөсү эки мүнөттөй созулду. Анан дагы эки жолу жер силкинди" деп айтты. Жер титирөөнүн чордону Лушан ооданындагы Яан деген шаардын жанында болду. Аймакка 6 миңдей аскер куткаруу иштерине жөнөтүлдү. Мындай зилзала бул аймакта мурда да болгон. 2008-жылдагы 8 баллдык жер титирөөдө Сичуанда дээрлик 90 миң киши мерт кеткен эле.


Демонстранттар педофилди
жазалоо талабын коюшууда
Индиянын баш калаасы Нью-Делиде "5 жаштагы кызды кыйнап, зордуктады" деп шектелген 22 жаштагы жигит кайнатасы жашаган чыгыштагы Бихар штатына качып барган жеринен кармалды. Ага кызды "өткөн дүйшөмбү күнү уурдап кетип, үч күн кыйнап зордуктаган" деген айып тагылууда. Кыз шектүү кылмышкердин үйүнүн жанынан бейшембиде табылды. Дарыгерлер анын абалы оор экендигин айтышууда. Кыздын атасы полиция анын арызын албай, "кызың аман болгонуна сүйүн" деп жатканын билдирди. Бул окуяга байланыштуу шаардык полициянын жана кыз жаткан оорукананын сыртында демонстранттар чогулуп, Нью-Делиде мыйзамдуулукту бекемдөөнү талап кылышты. Дагы жаңы демонстрациялар болоорун Индиянын телеканалдары кабарлоодо.


Мушараф дагы жарым
ай түрмөдө отурат
Пакистандын экс-президенти Мушарафты дагы эки жумага абакта калтырууга Анти-терроризм соту ишемби күнү болгон соттук териштирүүдө өкүм чыгарды. Ал жума күнү камакка алынган эле. Мурдагы мамлекет башчысына "2007-жылы өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизген, Башмыйзамды убактылуу күчүнөн кетирген, сотторду мыйзамсыз кызматтан алган" деген айыптар тагылууда. Ал эми Мушараф өзүн "ак жеринен күнөөлөп жатышат" деп айтууда. Ал өткөн айда Пакистанга кайтып келип, 11-майга белгиленген шайлоого катышканы жаткан. Бирок анын талапкердиги четке кагылып, өзү камакака алынган. Мушараф 1999-жылы кандуу төңкөрүштө бийликке келип, 2008-жылга чейин мамлекетти башкарып турган.






Пикир: