Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_8.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_8.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_8.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Бийликтин түшүнө
кирген Мырзакматов

20- апрель күнү Бишкектеги Тарых музейинде "Улуттар Биримдиги" элдик саясый партиясынын 3-курултайы болду. Аталган курултайга конок катары чакырылгандыктан, баштан-аяк байкоо салып, көргөндөрүмдү жазайын деп чечтим.

А дегенде курултай "баягы эле эски адат менен өтөт болушу керек" деп баргам. Чыны менен эле өткөрүү методу мурдагылардан көп деле айырмаланган жок. Алдын-ала даярданып, галстукту кыкынта байлап, костюмду кычырата кийип, илгерки райкомпартиянын биринчи катчысынын пафосу менен жигердүү сүйлөп, сөздүн майын чыгаргандар жакшы эле жыйналышыптыр. Бул курултай ошентсе дагы мага бир нече "моменттери" менен мага өзгөчө жакты.
Биринчиси, буга чейин партиянын формалдуу эмес лидери катары эсептелген Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов партиянын төрагалыгына өзү шайланып, Бишкектин чок ортосундагы бийлик менен өкмөт отурган Ак үй менен Көк үйдүн маңдайында туруп алып, азыркы бийликтин ашмалтайын чыгара сындады. Өздөрүн оппозициянын лидери эсептегендер ачык айта албаган азыркы бийликтин былыктарын ачык айтып, бийликтеги түндүк-түштүк саясатын ырбатып, өз кызматын сактап калыш үчүн элди бөлгөн шылуун чиновниктердин "өпкөсүн үзгөндөй" эле болду.
Экинчиден, Жаныш Рүстөмбеков сыяктуу саясатта ондогон жылдар такшалып, далай ажону "узаткан" карт бөрүлөр менен ымала күткөнү. Дагы бир карт саясатчы Кубан Мамбеталиев айтмакчы, карт бөрү менен жаш бөрүнүн кол кармашышы кыйла саясатчынын түн уйкусун бузду.
Үчүнчүдөн, Мелис Мырзакматов учурдагы саясий кырдаалга таасын баасын берип: "Улуттар Биримдиги" элдик саясий партиясы өлкөдөгү саясий жоопкерчиликти алууга даяр" деди. Мындай билдирүүнү бийликтин бир учун чоюп отурган чиновник саясатчы эмес, көчөдө кылаарга иши жок кыйкырып жүргөн саясатчылар да айта албайт. Албетте, Мырзакматов топтогон команданын күнгөй-тескейине башкалар баа беришет. Ошентсе дагы кечээ эле Отунбаева менен Атамбаев теңине албаган, бир буйрук менен иштен айдамакчы болгон регионалдык деңгээлдеги саясатчынын бүгүн республикалык масштабга чыгып, бийликке ачык сес көрсөтүп турушу ал түзгөн уюмдун келечеги кең экенинен кабар берет. Болбосо өздөрүн президенттикке бирден-бир талапкер эсептегендер деле сайда саны жок партияларды түзгөнү менен айланасына киши топтой албай жүргөндөрү канча. Анан калса Мелис Мырзакматов болгону 43 гана жашта. Андыктан жаш жагынан алганда дагы, саясий позициясы жагынан алганда дагы анын саясаттагы өмүрү узун болоорунан шек жок.
Адаттагыдай эле мамлекеттик гимн менен башталып, гимн менен аяктаган курултайдын ичиндеги негизги өзгөчөлүктөр ушулар болду. Анан калса бул иш-чара Мырзакматов бүткүл кыргыздын башын кошконго дараметтүү саясатчы экенин дагы бир ирет далилдеди.
Курултайдан кийин анын катышуучуларына карата уюштурулган сый тамак "Египет" кафесинде өттү. Майдалабай, кыйшалактабай эле түптүз айтканда, буга чейин Мырзакматовду "бакиевчи", "наркобарон", "оштук" деп жүргөндөр аны айланып-тегеренип макташты. Каалоо айтышты. Бирок ал мактоолор кандайдыр бир материалдык кызыкчылыктын аркасы менен айтылды дешиңер мүмкүн. Андай эмес. Буга чейин бирөөлөрдүн ичи тардык менен каралаган сөздөрүнө ишенип келишкендигин, ал сөздөр саясий кызыкчылыктан улам ойлонуп чыгарылгандыгын эми туюшкандай болушту.
Ырдашты, бийлешти. Алгач музыкалык номерлерин аткарган ырчылар залдагы отургандарды кызыта албай кыйналышты эле, ортодо сөз алган Нарындын эгемендик доордогу биринчи губернатору Кемелбек Ашыралиев катыра сүйлөп гана тим болбостон, Боогачынын "Үкөйүн" созолонто ырдаганда залдагы отургандар "балилеп" эле жатып калышты. Андан соң депутат экенине, вице-спикер экенине карабай, депутаттардын "мен ырдайм" оорусу башталды. А дегенде Ош шаардык кеңешинин бир депутаты (атын унутуп калдым) ырдап, андан соң Надира Нарматова созолонгон обону менен жаштыгын бир эстеп алды. "Подружкем ырдап жатса менин карап турганым болбойт" дедиби. Айтор жанындагы "ухажер журналист" Сабыр Муканбетовдон тамадага кат жөнөтүп жатып, "ар-намысчы" Бөдөш Мамырова айым дагы Асанкалый Керимбаевдин "Кайдасың" деген ырын созолонтту. Ии, баса, ал ортодо жаштайынан Рыспай Абдыкадыровго шакирт болуп, аккордеондо обон созуп жүргөн үлкөн депутат Курманбек Осмоновду "ырдап бериңиз" дешип тамадасы бир жактан, депутаттары нары жактан кысташты эле, ал тамагы ооруганын шылтоо кылып тышка чыга качты.
Ошентип көп кызык менен коштолгон курултайдын уландысы да аяктап, акырында сөз алган Мелис Мырзакматов: "Белдин тиги тарабынан келгендерди "сарт эле сарт" дей берип жүрөгүнүн үшүн алып коюпсуңар. Биз атайы "ал жерде сарттар эмес, кыргыздар жашайт" деп бул жакка тууган издеп келдик. Эгерде ал жакта жашаган кыргыздардын жашоосун жакшылап көргүңөр келсе биздин партия деле кварт платасын төлөп берет, бир ай Сохко, бир ай Лейлекке, бир ай Ошко жашап келгилечи. Ошондо: "аа, бу туугандарыбыз бекеринен бул жакка келбейт турбайбы" дейсиңер. Ошондуктан бир журт, бир эл гана болбостон, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өз салымыбызды чогуу кошолу" деп жигиттик сөзүн айтып, баарына ийгилик каалады. "Баракелде Мырзакматов" дедим мен дагы…







Пикир: