Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_7.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_7.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_7.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
"Чечимди президент гана кабыл алат"...
Азиз Батукаевдин бошотулушун иликтеген депутаттык комиссия "кримавторитетти узатуу аземине" "кол кабыш кылган" укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматтан убактылуу четтетүү сунушун премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге жөнөткөн. Ага чейин эле күч түзүмдөрүн жетектеген вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматын тапшырып, "кулагын жапырып" кетип калган. Аңгыча, Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев да кызматын убактылуу тапшырды. "Кезек Башкы прокурордо" деп "кулак түрүп" тургандардын жаагын Аида Салянова айым жап кылды. Же болбосо, Башкы прокурор "24.kg" агенттигине "Азиз Батукаевдин бошотулушун иликтеген депутаттык комиссиясынын убактылуу кызматтан четтетүү чечими - бул кеңеш гана. Биз мыйзам чегинде иш жүргүзгөнбүз. Андыктан, кызматымды убактылуу тапшырууга негиз жок" аны кызматтан четтетүү чечимин президент гана кабыл алаарын билдирди.


Акимдин уулуна алдары келбей…
"Алиби" саясий - укуктук гезити 15-апрелдеги санына Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчы Майрамбек Адылбековдун Аксы районундагы май куюучу жайды тоноого шектүү делген акимдин баласы Жылдыз Айдаралиев тууралуу макаласын баскан. Беш күн өтпөй, Аксы районунун милиция кызматкерлери май куюучу жайды тоноого шектелген акимдин баласын камакка алалбай жаткандыгын маалымдады.
Көрсө, соттун чечимине ылайык "талоончулук кылды" деп шектелген акимдин баласы эки ай убактылуу тергөө изоляторуна камалышы керек экен.Бирок, "колу туткак" баласынын ооруп калгандыгын шылтоолоп, аны ата-энеси алып кетишип, райондук ооруканага жаткырып коюшуптур. "Биздин маалыматыбызга ылайык, ал азыр үйүндө эле жүрөт", - деп зырылдашкан милиция кызматкерлери.
Ошентип, өзү оператор болуп иштеп туруп, кылмыштуу топту уюштуруп, май куюучу жайга 700 миң сомдук чыгым келтирип, Кылмыш кодексинин 171, 164-беренелерине ылайык кылмыш иши козголгон Аксы районунун акиминин баласына алы келбей калган милиция кызматкерлерине өкмөт башчы жардамга келди. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Аксы райондук мамлекеттик админис-трация башчысы Медетбек Айдаралиевди анын уулуна кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу убактылуу кызматынан бошотту. Албетте, "баласы үчүн атасы жоопко тартылбайт". Ошентсе да, өкмөт башчы өзү колдоо көрсөтүп жаткандан кийин Аксы райондук милиция кызматкерлери акты ак, караны кара деп, аталган кылмыш ишин кылдат териштирет деген ойдо калдык.


Амалкөй ардагерлер…
Кыргызстандын Аскердик прокуратурасы аскер кызматын аркалап жүрүп, пенсияга чыккан адамдарга жана айрым мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө байланышкан жети кылмыш ишин козгоду.
Көпчүлүгү Кылмыш кодексинин 166 (алдамчылык), 304 (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмачылык) жана 350 (жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамп, печать, бланкаларды даярдоо жан колдонууга таратуу) беренелери боюнча экен. Көрсө, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо кызматынын ардагерлери Бишкек жана Ош шаарларында бардык ыңгайлуулуктары бар үйлөрүндө отуруп алышып эле, деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте жайгашкан, "алыскы Алайдагы Сары-Таш айыл округунда туруктуу жашап жана каттоодо турабыз" деп пенсиялык бөлүмдөргө жасалма документтерди өткөрүшкөн. Натыйжада катаал шартта жашаган калктын катмарынын өкүлдөрү менен катар, анын үстүнө аскер кызматынын ардагерлери болгондон кийин 1,80 коэффициент менен пенсия алышчу экен. Ошентип, бюджетке амалкөй ардагерлер эле 2008-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион 952 миң сом зыян келтиришиптир.


Жолдун акчасын жегендер…
Нарын облусундагы "Нарын-Баетов" автотрассасынын курулушунда ири суммадагы каражат желип кетиптир. Же болбосо, УКМКнын өкүлдөрү жол жээгин бекемдөө жана суу тосмо куруу ишинде мамлекетке ири суммада зыян келтирилгендигин аныкташкан.
Текшерүүнүн маалыматына караганда 2009-жылы транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана "Кыргызсуу долбоор" ААКнын ортосунда Нарын дарыясынын жээгин бекемдөө үчүн курулуш мөөнөтү 14 айга эсептелген 38 млн. сомдук жумуштарды аткаруу боюнча келишим түзүлгөн экен. Бирок, тендерден утуп чыккан "Бата-Жол" курулуш ишканасы белгиленген жумушту аткарбай,тиешелүү жумуш 2012-жылы "Унистрой" ЖЧКсы тарабынан бүткөрүлүптүр. Ошондой эле, эксперттик комиссия тарабынан жалпы суммасы 5 млн. 248 миң 931 сомду түзгөн таш жетишпегендиги жана курулуш нормалары бузулгандыгы далилденген. Бул жеп-ичүү фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 166, 221 жана 316-беренелерине ылайык тийиштүү жетекчилерге кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатыптыр.


УКМК "байбиченин",
ИИМ "токолдун баласы" беле…
Өткөн жумадагы ИИМдин, УКМКнын, БКМКнын байкоочу кеңештеринин бирдиктүү жыйыны "акыйнек" менен коштолуп, "байбиче менен токолдун балдарынын урушун" эске салды.
"Свердлов райондук ички иштер башкармалыгындагы милиционерлердин баарын кызматтан бошотуп, жаңы курамды түзүү керек", - деп УКМКнын коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Кайрат Осмоналиев ансыз да башчысы ыргып кеткен райондук ички иштер башкармалыгына "таш ыргытты". "Ички иштер башкармалык башка райондорго салыштырмалуу кармалгандарды уруп-токмоктоо, кылмыш материалдарынын жоголуп кетиши боюнча "чемпион" болуп саналат. Бул фактылар алардын кесипкөйсүздүгү, тартиптин жоктугунан кабар берет", - деди.
Айтылуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова күч түзүмдөрүнүн ортосундагы чыр-чатак алардын кесипкөйсүздүгүн далилдегенин белгиледи. А. Абдрасулованын пикирине караганда мындай операцияларды аткаруунун алдында, Баңги затты көзөмөлдөө кызматынын жетекчилиги ИИМ жетекчилигине маалымат берилиши керек экен.
Кыскасы, "кыл чайнашкан" тараптардын ар бири өз чындыгын далилдегенге аракет кылышты. ИИМдин коомдук байкоочу кеңеши УКМнын төрагасынын 1-орун басары Б. Сыдыгалиевди убактылуу кызматтан алууну талап кылышып, аталган кызматтын төрагасына кайрылуу жолдошту. ИИМдин байкоочу кеңешинин мүчөсү Дамира Дөөталиева Свердлов жана Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын начальниктери кызматтан убактылуу четтетилгенден кийин экинчи ведомствонун жетекчисинин орун басары да бошотулушу керек экендигин айтты.


Илинчек табылды…
Азиз Батукаевди дүйнө жүзүнө бекер рекламалап берген Кыргызстан дүйнөлүк маалымат булактары жаңылыктарында кыпчылып, кыйыр болсо аралашып калууда.
Бостондогу жарылууда шектүү делген Тамерлан менен Жохар Царнаевдер да Токмок шаарынан көчүп кеткен үй-бүлөнүн балдары экендиги маалымдалып, жердештери "алардын колунан мындай нерсе келмек эмес" деп ишене албай отурушат. Кыргызстан 70 миңден ашык адамдын өмүрүн алган Сириядагы согушка да кыпчылып жатып калды.
Же болбосо, өткөн жумада "Сирияга согушка кеткен кыргызстандыктар" тууралуу чуулгандуу кабар дуулдап, Жогорку Кеңештин депутаты Бакиров баштаган балдардын эне-аталарынын айрымдары Турцияга учуп кетишкен. Турциянын прокуратурасынан да кабар жок. "Сириядагы согушка алып кетишти" делгендердин саны да так эмес болуп, болгону Баткендин Кызыл-Кыя шаарында бири-бирине жакын жашаган коңшулардын кичүүсү 18де, улуусу 36 жашта экендиги айтылууда. Бул арада Мамлекеттик чек ара кызматы "өспүрүмдөрдү Сирияга согушка алып кетүүгө азгырган" деп шектелген адамды кармады. Же болбосо, Ош шаарындагы аэропортто "Ош - Стамбул" багыты боюнча учуп жаткан адамдардын документтерин текшерүү учурунда "диний-экстремисттик топтор менен байланышы бар" деп шектелген Кыргызстандын жараны кармалган. Бул адамдын аталган кылмышка катышы бар же жоктугун так айтууга эотелик кылат, ошентсе да изи чыкпай жаткан балдар тууралуу маалымат алууда илинчек табылды десек болот.





Пикир: