Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_6.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_6.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_6.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
"Сот Машанын үйүн
Сашанын пайдасына
чечсе боло береби?..."

Редакцияга Бишкек шаарынын тургуну, 70 жаштан ашкан Лариса Дигурова кайрылды. Үй талаш маселе менен кайрылган улгайган аялдын айтканын угуп, алып келген кагаздарын карап отуруп, Кыргызстанда мыйзамдан мурун, ким күчтүү болсо ошол менчик ээси катары таанылып жатканына дагы бир жолу ынандык. Кайрылган адамдын жана анын каршылаштарынын маселеси Чүй облустук сотунун кароосунда. Талаш болуп жаткан Бишкектин Нижний Ала-Арча конушунун Киргизская көчөсүндөгү №283-(285)үй.

Аталган үйдүн башы Лариса Михайловнанын маркум эжеси Таужан Дигуровага таандык. Муну айылдыктар жокко чыгарбайт. Жогоруда аталган үйдө күйөөсү В. Г. Тамбиев менен жашап, 1987-жылдын 19-ноябрында экөөнүн мүлк талаш маселесине ошол кездеги Аламүдүн райондук элдик соту чекит койгон экен. Же болбосо, Т. М. Дигуровага үйдүн 2,20х3,10 метр өлчөмүндөгү бөлмөлөр жана 2, 65х240 өлчөмүндөгү веранда В. Тамбиевге 3,60х3х10 метр өлчөмүндөгү үйдүн бир бөлүгү тиет. Соттун ошол кездеги чечими күчүн жоготкон десек деле болот. Аламүдүн райондук элдик сотунун чечими түгүл, Союздун изин таппай калганыбыз качан.
Лариса Дигурова эжеси каза болгондон кийин аталган үйгө 2006-жылдын 3-октябрында мураскер катары күбөлүк алып, 12-октябрда райондук кыймылсыз мүлктү каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөрүлгөн. Нижний Ала-Арча айыл өкмөтү тарабынан 2006-жылдын 6-октябрдагы №113 токтому менен үйдүн айланасындагы 395,0 кв метр жери бекитилип берилген. Айыл өкмөттүн бул токтомун эч ким жокко чыгарган эмес жана азыр да күчүндө. Бул - маселенин бир жагы.
Ал эми үйдүн бир тарабына ээ болгон В. Тамбиев Т. Дигурова менен жашап, келип-кетип жүрүп, акыры 1993-жылдын 3-августунда аталган үйдөн сөөгү чыгат. Кыскасы, тиешелүү кагаздарын көтөрүп чаап, үйдүн В. Тамбиевге тиешелүү тарабына Дигуровдор менен туугандык байланышы жок, В. Тамбиевдин андан кийин үйлөнгөн аялынын бөлөк никесинен төрөлгөн кызы ээлик кылып жатып калат. Наталья Ивановна Кучумова аталган үйдүн В. Тамбиевге тиешелүү бөлүгүнө 2005-жылдын 13-октябрында, тактап айтканда үй ээси каза болгондон 12 жылдан кийин ээ болгон. Албетте, бир караган адамга сот процесстеринде көрсөтүлгөндөй нотариус мыйзам бузган эмес, бардыгы мыйзам чегинде жасалган. Бирок, адамгерчилик жактан алганда Акматтын үйүн, Ташматтын аялынын мурдагы күйөөсүнөн төрөлгөн балдары талашып, басып ала берсе болот тура. Анда кыргызстандыктарды бири-бири менен тыгыз байланыштырып турган туугандык катыштын, мурас калтыруунун зарылчылыгы барбы? - деген аргасыз суроо туулат.
Тактай кетүүчү жагдай, тиешелүү техникалык паспортто Н. Кучумова үйдүн бөлүгүн өзүнө каттатып алган учурда аталган бөлүгү урап калгандыгы 2005-жылдын 21-июнунда белгиленген. Бирок, күбөлөндүргөн нотариус муну көңүлгө албай, ураган үйгө мураска калтыруу күбөлүгүнүн берилишине жол берген. Эң эле кызыгы, мураска калтыруу боюнча келишимдин Киргизская 285-үйгө тиешелүү керектелүүчү жана жалпы аянты тууралуу маалыматтар жазыла турган жери чийилип коюлган. Анткени үйдүн өзү урандыдан турса, аны барып ким көрөт? Бул жагдайлар деле териштирген тараптардын көңүлүнө алынган эмес. Сот учурунда аталган келишимдин экинчиси пайда болуп, калем менен 10,8 кв м делип оңдолуп калгандыгын Л. Дигурова айтып түгөтө албай, көп сандаган арыздарында да көрсөткөн.
Ошентип үйдүн В. Тамбиевге тиешелүү тарабына мураскер болгон Н. Кучумовадан жээни О. В. Муратова 2007-жылдын 12-февралында өзүнө каттатып, чоң энеси экөө 1999-жылдан бери аталган үйдө жашап келгендигин бетке кармап, сотто өз чындыгын далилдегенге аракет кылып келүүдө.
2006-жылы үйдүн айланасында чыр чыгып, буга айыл өкмөтү, участкалык инспектор, жергиликтүү кеңештин депутаттары аралашып, жер участогу эки кожоюнга бөлүнүп берилген. Ал эми үйдүн В. Тамбиевге тиешелүү тарабы 2007-жылдын 12-февралында Н. Кучумовадан О. Муратовага өткөндүгү тууралуу Л. Дигурова сот процессинин учурунда гана билген.
Албетте, чырдан арылбаган үйдө "эки кочкордун башы" бир казанга кайнабай, үйдүн айланасындагы жерди пайдалануу, суу бөлүшүү деген маселелер да кошулуп, бирин-бири сотко берип, Чүй райондук жана облустук сотунун баштары шишип кеткен экен. Анткени 2006-жылдын 6-октябрдагы №113 токтому менен үйдүн айланасындагы 395,0 кв метр жер участогун Л. Дигуровага бекитип берген Нижний Ала-Арча айыл өкмөтү бала-чакасы менен каттоодо турган О. Муратовага 2010-жылдын 12-майында кайрадан №69 токтомун токуп, үй салууга уруксат берген. Албетте, бул жерде дагы айыл өкмөтү мыйзам бузган эмес дегенибиз менен эки тараптын тең укугунун бузулушуна жол берилген. Алгачкы токтомдо экинчи, кийинки токтомдо биринчи тараптын укугу бузулган. Антели десек, алгачкы жолкусунда үй Л. Дигуровага таандык болуп, ал О. Муратованын мурас ээси болгондугун кийин гана сот процессинен билген. Демек, айыл өкмөтүнүн да бул тууралуу маалыматы жок болгон жана ал учурда эч ким кайрылган эмес.
Ошентип фундаменти бир, ээси экөө үйдүн бир капталынан бузуп жатса экинчисиникине доо кетип, бири-тосмо койсо экинчиси өтө албай, айтор соттон баштары чыкпайт. Эң эле коркунучтуусу күчтүүрөөк тарабы алсызыраагын коркутууга өтүп, Л. Дигурова туугандарыныкында баш калкалоодо. Ал эми О. Муратова жагдайды башкача сүрөттөйт. Бирок, кемпирдин келинге туруштук берүүсү кыйыныраак болсо керек, Л. Дигурова эмес, учурда аталган короодо О. Муратова жашап жаткандыгы так маалымат.
Чындап келгенде талаштуу жагдайга шарт түзгөн В. Тамбиевдин аталган үйдө канча убакыт жашагандыгы тууралуу айыл өкмөтү деле так маалымат бере албайт, анткени тиешелүү чарба китеби архивге өтүп кеткен. Ал эми 1993-жылы кайтыш болгон адамдын үйүнө жергиликтүү бийлик органы он жылдан кийин 2003-жылдын 22-майында Н. Кучумова ээлик кылып жаткандыгы туурасында токтом чыгарган. О. Муратованын мурас кагаздарынын калганы чындыкка жакындашса да, мына ушул тарабы чийкирээк. Токтом чыккан учурда үй ээсинин көзү өтүп кеткен. Жергиликтүү бийлик кайсы кагаздын негизинде Н. Кучумовага токтом чыгарып берген? Аламүдүн райондук кыймылсыз мүлктү каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын архивинде жогоруда аталган токтом жок экен. Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү дагы аталган токтомду өздөрүндө жок экендигин райондук сот процессинде белгилешкен.
Үйдүн О. Муратова менчиктеп алган тарабындагы урап калган бөлүгүнө уруксатсыз курулган курулушту райондук өзгөчө кырдаалдар кызматынын, райадминистрациянын, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн турган комиссия карап чыгып, курулуш жүргүзүүдөн Л. Дигурова жашаган тарабына доо кеткендигин аныктап, сотко кайрылууга кеңеш берип кетип калышкан. Чүй облустук мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы 2010-жылдын 12-августунда эскертүү берген. Бардык жагдайларды карап чыгып, Аламүдүн райондук соту бул ишти Л. Дигурованын пайдасына чечкен. Бирок, О. Муратова мындай жагдайларга көңүл буруп отурбай эле Л. Дигурованын мураскер экендигин жокко чыгарууга аракет кылууда.
Эки тараптын чатагын ички иштер башкармалыгын баш кылып, сот органдарын төш кылып карашкан. Бирок, жыйынтык жок. Райондук соттун судьясы Б. Кубанычбековдон башкасы, чаташып кеткен маселени чечүүдө архивдик материалдарды карап, тиешелүү тараптарды сот процессине чакыртып, ишти адилет карап берүүнүн ордуна 70 жаштан ашкан кемпирдин жана анын каршылаштарынын маселесин футболдун тобундай тепкилеп, бири-бирине узатып эмдигиче чекит коюлбайт. Эртең бул ишти карай турган Чүй облустук сотунун өкүлдөрү маселени чечүүдө токтомдорду топудай токуган айыл өкмөтүнүн, архивинен ал токтомду таппай койгон райондук кыймылсыз мүлктү каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын, ураган үйгө "мурас ээлиги" кылып каттап берген нотариустун кызматкерлеринин жоопкерчилигин карап койсо деле ашыктык кылбас эле. Анткени, аталган тараптардын ишти жөндөп уюштура албагандыгынан же атайылап жасаган аракетинен менчик ээлеринин укуктары бузулууда. Сот органдары Машанын үйүн Сашага чечип бере берсе кыргызстандыктардын менчик укугун ким коргойт? "Алиби" саясий-укуктук гезити ар дайым акыйкаттык үчүн үн кошуп келген. Ошол себептен болсо керек, укугун талашкандардын аягы үзүлө тургандай көрүнбөйт. Чүй облустук соту бул маселени кылдат карап, талаштуу маселеге чекит коет деген ишеничтебиз.






Пикир: