Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_5.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_5.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_5.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Мыйзам баарыбызга бирдей
Жабырлануучу М.Кожахметовдун Камчы Көлбаевге "дооматы жок", ага каршы арыз да жазбаптыр
Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевдин үстүнөн соттук териштирүү башталды. Белгилүү болгондой, прокуратура тарабынан Камчы Көлбаевге карата бир нече оор кылмыштарга шектүү катары айып тагылып жатат. Мамлекеттик айыптоочу Камчы Көлбаевди Кылмыш кодексинин "кылмыштуу топ түзгөн", "курал жана маңзат сактаган", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "адам уурдаган жана анын денесине залал келтирген" деген сыяктуу 10 беренеси боюнча айыптоодо.


Ошентсе да, ушерден, тактап коюучу нерсе, Көлбаев болобу же башка адамбы эгер кандайдыр бир кылмыш ишине карата шектүү катары кармалса, ага ар кандай айыптар угузулушу ыктымал. Бирок, ошол угузулган айыптын баарын эле ал адамдын кылган кылмышы катары кабыл алуу жана түшүнүү туура эмес. Бул жагдай КР Конституциясында так көрсөтүлгөн. Алсак, Баш мыйзамдын 26-беренесинде: "Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөлүү деп эсептелбейт" деп ак-карасынан жазылып турат. КР Кылмыш-жаза кодексинин 3-беренесинде да: "Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен күнөөлүү деп аныкталмайынча, эч ким кылмыш жасоодо күнөөлүү деп табылышы мүмкүн эмес" деп тастыкталса, КР ЖПКнын 15-статьясында: "Айыпкердин кылмыш жасоодогу күнөөсү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленмейинче, ал күнөөсүз болуп эсептелет" деген жобо бар.
Ушул өңүттөн алганда, Камчы Көлбаевге азырынча айыптар гана тагылууда, соттук териштирүү иши да эми гана башталды. Ага карата тагылган айыптар "жабырлануучулар" тарабынан тастыктала элек жана тастыкталбай да калышы толук ыктымал. Минтип ынанымдуу айтканыбыз, 18-апрелде болуп өткөн алгачкы соттук процесстин жүрүшүндө "Көлбаевден жабыркады" делген адамдардын айрымдары мурдагы көрсөтмөлөрүн жокко чыгарып, Камчы Көлбаевге карата эч кандай доосу болбогонун билдирип чыгышканы белгилүү болду. "Азаттык" радиосу маалымдагандай: "Алгачкы жабырлануучу, ишкер Медербек Кожакметов адегенде эле Камчы Көлбаевге каршы эч кандай доосу болбогонун, андан жабыркадым деп арыз да жазбаганын айтып чыгыптыр:
- Мен өзүмдү жабырлануучу деп эсептебейм. Ага каршы арыз да жазган эмесмин. Жөн гана 2007-2010-жылдары парламенттеги мурдагы депутаттар Бакыт Бекбоев менен Арзыбек Бурканов мага 355 миң доллар аласамды бербей жүрүшкөн. Мына ошол аласамды өндүрүү үчүн Башкы прокуратурага арыз менен кайрылгам. Ал арызымды Октябр райондук прокуратурасы карамай болуп, бирок андан эч майнап чыккан жок. Ошол учурда мен кадыр-барктуу адам катары бул маселеге Камчы Көлбаев чекит койот деген ниетте ага кайрылгам".
Бул Медербек Кожахметовдун сөзү. Жабырлануучу делген адам минтип "Көлбаевге дооматым жок" деп жатат. Демек, логика боюнча ишкер М.Кожахметов аталган кылмыш иши боюнча жабырлануучу болушу мүмкүн, бирок К.Көлбаев аталган кылмыш ишинин фигуранты эмес, болгону ишкер М.Кожахметов андан жардам сурап кайрылган. Арийне, андай болгондо прокуратура жабырлануучусу М.Кожахметов болгон кылмыш ишинде Камчы Көлбаевди эмненин негизинде айыптап жатканы тууралуу түшүндүрмө бербегени да көп суроону жаратат.
Эгер ишкер Медербек Кожахметовго 2007-2010-жылдары парламенттин мурдагы депутаттары Бакыт Бекбоев менен Арзыбек Бурканов 355 миң доллар аласасын бербей жүргөн болсо, анда биерде "эмне үчүн 355 миң АКШ доллар аласасын бербей ишкерди чыркыраттыңар" деп экс-депутаттардан сураш керек экени бешиктеги балага деле көрүнүп турат. Адам башына күн түшүп турганда, кимге гана кайрылбайт. Ишкер М.Кожахметов өзү айтмакчы, "кадыр-барктуу" адам катары Көлбаевге 355 миң АКШ долларын алууга жардамы тиеби деп кайрылса кайрылгандыр, мунун эмнеси бар? Ал эми бул соттук териштирүүдө аты аталган Арзыбек Бурканов тууралуу айтсак, аны Бакиевчил "Акжол" партиясынын эң бир активдүү депутаты, "бригада" аталган топтун мүчөсү катары жакшы билебиз. Бакиевдин камчысын чапкан бул жигит далай-далай иштердин ичинен чыкканы, ошол Бакиев мезгилинде алар өздөрүн мыйзамдан да жогору коюп калганы белгилүү эмеспи. Бул факт боюнча Көлбаевге эмес, жабырлануучу Кожахметовду канкакшаткан Бурхановдорго карата кылмыш иши козголууга тийиш эмес беле?
Бул соттук териштирүүдөгү факт боюнча Көлбаевде кымындай да күнөө жок экени көрүнүп турат. Дагы бир эске ала турган жагдай, Камчы Көлбаев Кыргызстанга өзү келип, атайын кызматка барып, "мына мен келдим" өзү колго түшүп берген. "Камчы Көлбаевди биз апкелдик" деп жарыя кылып ийишкен органдар кийин өздөрү эле уят болуп калышканын да жакшы билебиз. Эгер, ал мамлекеттик айыптоочу таккан айыптар боюнча өзүн "күнөөлүү" деп эсептесе, анда Кыргызстанга келмек эмес. Камчы Көлбаев өзү да соттук териштирүүнүн жүрүшүндө "Мага тагылган айыптар менен макул эмесмин жана өзүмдү күнөөсүз деп эсептейм" деп өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда.
Андай болгондо, мына ушул жерден "Эмне үчүн прокуратура Камчы Көлбаевди коомчулукка кылмышкер катары көрсөтүүгө кызыктар болуп жатат" деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Себеби, прокуратура жабырлануучу катары көрсөткөн ишкер Медербек Кожахметовдун өзү "Мен кадыр-барктуу адам катары бул маселеге Камчы Көлбаев чекит койот деген ниетте ага кайрылгам" деп, Камчы Көлбаевге кылмышкер катары эмес, кадыр-барктуу адам катары кайрылганын айтып жатат. Батукаевди аттап-тондоп Грозныйга аттандырууга түздөн түз да, кыйыр да катышы бар прокуратуранын Көлбаевге келгенде позициясын түшүнүп болбойт.
Ошол эле учурда, Камчы Көлбаевдин адвокаты Сергей Манукян да мамлекеттик айыптоонун таккан күнөөлөрүн негизсиз деп эсептөөдө. Анын айтымында, бул жолку соттук териштирүүдө "Камчы Көлбаев кимдир-бирөөгө басым жасадыбы, кимдир-бирөөдөн акча талап кылдыбы" деген суроолорго "жок" деген жооп берилди. Демек Көлбаевге тагылган айыптар азыртадан эле негизсиз катары чыга баштады. Демек, Камчы Көлбаевдин күнөөсүн тастыктоочу далилдер азырынча жок.
Калган сөз эмкиде болсун. Кийинки соттук процесс 23-апрелде уланат.




Дилдеги ойлор
Эне Тилге душман четтен келген жок,
Эртегидей Маскөө буйрук берген жок,


Тил жоголсо айрылабыз баарынан,
Атка окшойбуз бычып салган жаңыдан.
Атаганат, соолуп, чирип бүтөбүз,
Алмалардай күүлүп түшкөн шагынан.

Баарыңарды тил коргоого чакырам,
Чыңырамын, өкүрөмүн, бакырам.
Эгерде эртең Эне Тилим жоголсо,
Уу ичемин, муунам же атынам.

Жок, жок, болбойт!.. Эне Тилим өлбөсүн,
Жамандыгын эки көзүм көрбөсүн.
Жакшылыгын гана арнап элиме,
Жаратканым андай күндү бербесин.

Кыргыздар ай, жата бербей жашынып,
Кабыландай чыксаң боло качырып.
Кайран тилдин душмандары көбөйдү,
Качанкыга жашайбыз эй басынып.

Качанкыга жашайт тилим кордолуп,
Келчи эмесе келечекти ойлонуп…
Тил душмандын тилин сууруп алалы,
Тим койсок эй, жатышпайбы чоң болуп.

Өлкөсүндө өгөйлөнүп өз тили,
Өйдөсүнөт, өпкөлөнөт чет тили.
Эгемен эл болгондугуң ушубу,
Эне Тилиң кемсинтилди, өксүдү.

Азаттыкты алгандыгың ушубу.
Жакалашып Тилибизди утуру.
Төшкө түртүп төмөнсүнтө беришсе,
Төп сүйлөтпөй уул жана кызыңы,

Элейесиң эртең өзүң түшүнбөй,
Эжигейдей эзип ичи-тышыңы,
Ушунчада тарткыла эй тизгинди,
Уруп салат Манас Тилдин кусуру.

Эне Тилге душман четтен келген жок,
Эртегидей Маскөө буйрук берген жок,
Кыргыз Тилге кыргыздар жоо чыгышты,
Күйөм, түтөйм, тышым жалын, ичим чок.


Жүзү кыргыз, жүрөгү орус дөдөйлөр,
Жүз мертебе Эне Тилди өгөйлөөр…
Кыргыз Тилге кыянаттык кылышып,
Кылыч шилтеп жатышат чоң сөрөйлөр.

Уул-кыздары улуу кыргыз элинин,
Кыргыз болбой баратканга арданам.
Эки кыргыз текемаңдай отуруп,
Орусчалап сүйлөшкөнгө таңкалам.

Кыргыздарга кыргыз акмак орусча,
Акыл айтып жатса кыжыр келтирет.
Кылчактабай Орусия тарапка,
Качан деги жашайбыз эй элчилеп?

Мамлекет аты Кыргызстанда,
Мамлекет тили Кыргыз Тили эмес.
Мыйзамыбыз кагаз бойдон баягы,
Мыйзамдарың өлүп жатат, тирүү эмес!


Жандүйнөмдү жаркыраткан, агарткан,
Жалгыз гана Кыргыз Тилге сыйынам.
Жаратканга жалбаргандай жалбарып,
Таазим этем, бүгүлөмүн, жыгылам.

Башка тил жок тилибизге теңешчү,
Башың сыяк бул Тил сага керектүү.
Эй, молдоке, селдеңизге чок түштү,
Кудай тили Кыргыз Тили эмеспи!

Кылымдарды кезген диним Кыргыз Тил,
Кыргыз жолун арууланткан жылдыз тил.
Жезди алтынга айландырган сулуулап,
Жерди огунда чимирилткен чындык тил.

Кыргыз Тили жан-канымда жашаган,
Мен багынган, мен табынган Кудайым.
Ушу Улуу Кудайыңа сыйынып,
Улуу Кыргыз куунап жаша ылайым!

Көз жашымды Тилим үчүн сыгайын,
Көккө учуп, жерге конуп турайын.
Көз сүзүлүп, көргө башым киргиче,
Кыргыз Тилге жүрөгүмдү сунайын.

Эркалы ӨСКӨНАЛЫ.





Пикир: