Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Жумгалдагы жулунган
"чечекти" баса алабызбы?

Кыргызстанда калктын 65 пайызы айыл жеринде жашаса, алардын баккан малы жалпы айыл чарба өндүрүшүнүн 44 пайызын түзөт. Демек, элибиз негизинен мал багуу менен жан сактап келет. Бирок, мал деле тири жан болгондон кийин ар кандай ылаңга алдырып коет экен. Мындай ылаңдар массалык мүнөзгө өтүп кетсе өтө коркунучтуу. Тилекке каршы ветеринардык адистер, тиешелүү ветлабораториялар жетишпегендиктен Кыргызстандын тигил же бул бурчунан ар кандай жугуштуу ылаңдардын чыга калмайы бар.

"Баракелде" сайтына (20-апрель. 2013) аймактык кабарчысы Мирбек Асаналиевдин Жумгал районундагы эпизоотикалык абалга токтолгон макаласы жарык көрдү. Анда өкмөттүк комиссия койдун чечек ылаңынын бул райондо "чектен чыгып кеткенин" ачыктаган жыйынтыгы айтылат. Өткөн жылы бул райондо 159549 миң койду чечекке каршы эмдөө пландалса, анын 100000 миңи эмделиптир. Дагы калып калса керек.
"Баракелде" сайты билдиргендей Жумгалдык бир "кыраан" өткөн жылы Баткен облусунан жөн кочкор эмес 8 өндүргүч кочкор алып келиптир. Анын кочкор алып келгенин коңшулары эле билбесе, райондук ветеринардык кызмат билбей калыптыр. Тагыраагы, алар "өзүң эле барып, өндүргүч кочкор алып келе кал" деген уруксат беришпептир. Чындыгында, биздин "берен" аларга кайрылбаса да керек. Ошону менен 8 кочкордун бири чечек илдетин илештире келген экен, ооруп калып, жергиликтүү "эскулап ветеринардын" (ветсервиздин мүчөсү делет) "жеңил колу менен" "окситетрациклин" жана "нитокс" деген дарыларды колдонушуп "дарс" окуп жиберишет. Бирок булар ушинтип "ийне сайдык", "дарс окудук" дешип райондук ветеринария кызматына расмий билдиришкенди унутуп калышыптыр.
Өкүнүчтүүсү сырттан мал же мал дарылоочу, эмдөөчү дары-дармектерди алып келгенде атайын ветеринардык кызматка кайрылуу эрежеси, биздин жарандар арасында калыптанбагандыгы өкүндүрөт. Кээде ветеринария адистеринин өздөрү да бул маселеде шалаакылык кылган учуру жок эмес. Эске сала кетсек, өткөн жылы Сузак районунун "эскулап ветврачы" (эскулап -латын тилинде врач сөрөй дегенди туюнтат) Талип Ташполотов аркы Өзбекстандан ушул эле чечекке каршы вакцина алып келе коюп, натыйжада Жалал-Абад облусунун бир катар айылдарында кой кырылып кеткен. (Официалдуу 1 миң 733 кой чыгым болду деп айтылат). Ал эмне деген вакцина экенин атайын адистер эмгиче тактай алышкан жок окшойт.
Жумгалдагы "өндүргүч кочкор" окуясы ушунун эле бир көрүнүшү. Ошол кочкорлордун ээси малды ак тилек менен алып келгендигинде шек жок. Бирок, аны ветеринардык кароодон өткөрүү оюна да келбегендигин же ал кочкорлорду дарылаган ветврачтын тиешелүү жерлерге билдирбегендигин кайран кыргыздын канга сиңген камаарбас мүнөзүнө шылтоолоп койгондо болбойт. Себеп дегенде, Кыргызстанда эпизоотикалык кырдаал курч. Мунун себеби ветеринардык кызматка мамлекет тарабынан дээрлик көңүл бурулбай калгандыгы, ветеринардык кадрлардын жетиштсиздиги, аргасыздан малчылар өздөрү билгениндей дарылай баштагандыгы менен түшүндүрүлөт.
Учурда Жумгал районунун "Чаек" айлында койдун чечек ылаңынын жайылып кетүү коркунучу бар окшойт. "Баракелде" сайты жазгандай бул ылаң Барчынбек Орозобековдун короосунан 11-март күнү байкалса, 15-мартта ушул эле айылдын тургуну Жээнбек Орозматовдун короосунан чыгыптыр. Күнүгө кырылып жаткан малдын дартын аныктай албаган айылдыктар 20-мартта гана райондук ветеринария кызматына кайрылышкан. Көрүнүп тургандай ортодо көп убакыт өтүп кеткен. Ушундан улам "бул айылда ветврач барбы, болсо эмне үчүн ушундай болуп жатат, атайын адистерге, ветеринардык лабораторияларга өз учурунда эмне себептен кайрылган эмес?" деген суроолор туулат. Чаап жетип келишкен райондук ветеринария адистери "Чаек" айылына чечек ылаңы боюнча карантин жарыялашыптыр. Бирок, өкмөттүк комиссия "карантиндин талабы толук аткарылбай жатат" деген пикирде экен.
Ошондой эле айыл тургундары өлгөн малдарды "Май кокту" аталган таштанды төгүлүүчү жайга ачык эле ыргыта беришкендиктен, иттер жеп, ар кайсы жакка ташып жаткандыгы айтылат. Кыскасы, "чечекти" ченебей эле жайылтып жатышыптыр. Буга көз салган айылда эстүү-баштуу бирөөлөр жок окшойт. Жергиликтүү бийлик, ошол эле ветеринария адистери каякты карап отурган дейсиң? Бир сөз менен Жумгалдан чыккан чечек ылаңын учурунда баспаса мал киндиктүү Нарын жергесине жайылып кетүү коркунучу бардай. Мунун аягы экономикалык жактан, саясатка айланып кетсе бийликтин шаштысын алып коюшу да мүмкүн.




Ушуну кылмак!
БШК "быкшып" кетти
Жалпыга маалымдоо каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Туйгуналы Абдураимовдун айланасында акыркы күндөрү көптөгөн "жагымсыз" сөздөр айланып жүрүүдө. Алсак, жаңы шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын төш белгисин жана күбөлүктөрүн жасатуу үчүн мыйзамсыз эле 4 миллион 900 миң сом акча чогултуп алганы, кымбат баалуу кызматтык автоунаа алып жана ж.б чуулгандуу окуялардын арасында аты аталып калууда.
Жакында Жалал-Абад шаарында да бул адамдын дагы бир "ат жүрүш" ишинин чекеси байкалгандай болду.
Алсак, буга чейин Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Амирбек Атакулов Базар - Коргон районундагы Акман айыл округуна башчы болуп шайланып кеткендигине байланыштуу, бош калган кызматтык орунга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан сынак жарыяланып, сынакка өкмөттүн областтагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкери Масабиров Ислам жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Базаралиев Нурмырза документтерин тапшырышат. Документтерин тапшырышып, мамлекеттик кадр кызматы тарабынан уюштурулган компьютердик тестин тапшырып, экинчи турга өтүшөт. Экинчи турда талапкерлер менен аңгемелешүү болуп, бирок экөө тең комиссиянын чечими менен өтпөй калышат.
Таң калыштуусу 1996-жылдан бери шайлоо процесстерине катышып, областтык, шаардык шайлоо комиссияларында мүчө болуп жүргөн Нурмырза Базаралиев жана мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы бар, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда уюштуруу бөлүмдөрүндө жана аппарат жетекчи болуп иштеп келген Масабиров Исламдардын өтпөй калгандыгында болууда. Анан эле шайлоо процессинде тажрыйбасы жок, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаряланган сынакка документерин тапшырбай туруп эле Алыкулов Тыныбек Маматжанович "Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү болсун" деген буйрук менен кызматтуу болуп калат. Жогорудагы талапкерлердин өтпөй калышы, кантип эле эки тажрыйбалуу адистер "жарабай" калып, тээ бир кезде Туйгуналы мырза менен чогуу бир парламентте депутат болгон адам "шайлоону уюштурууда мыкты, кесипкөй жана БШК талаптарына жооп берген адис боло калганына таң каласың. Дагы бир имиштерге караганда, бул адам ажобуздун досу да болуп чыга келет экен.
Эмнеси болсо да, Тыныбек мырза убагында курчап турган чөйрөнү коргоо министри болуп, бийликтин тээ жогорку эшелонунда жүрүп, акыркы күндөрү көрүнбөй кетти эле, көрсө шайлоочулардын тизмелерин тактап, шайлоо мезгилинде шайлоолорду уюштурууну көздөп жүргөн окшойт. Бул адамдын жаңы кызматына дайындалышына эч кандай деле "дообуз" жок, бирок мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик кызматкерлердин укугун коргой турган жана өлкөдөгү мамлекеттик кызматкерлерди "өнүктүрүп-өстүрүүчү" орган болгондуктан, укугу тебеленген талапкерлер, кызматкерди бир караштырып койсо жакшы болмок. Ушинтип эле бош кызматтарга сынак жарыялашып, жарым -жартылай уюштурушуп, анан эле экөө тең өтпөй калып, башка эле бир адамды ошол кызматка алып келсе, жаңы өсүп келе жаткан муун, "мамлекеттик кызматты аркаласамбы" деген келечек ээлери мындай "операцияларды" көргөн соң мамлекеттик кызматка келмек турсун, жакын жолдон алыс болушат да.
Кыргызстандын жарандарынын тагдырын чечүүчү жоопкерчиликтүү кызматтарга мына ушундай мамиле менен, тааныш-билиш аркылуу келип калган "случайный" кадрлар, кыргыз журтчулугун будуң - чаңга айлантып, эртеңки күнүбүздүн даңгыр жолуна туман түшүрүп жатат. Кесипкөй жаш кадрлар болсо, алды Кара-Суу, Дордой базарларында соода кылса, арты Россияда орустардын короолорун шыпырып, Казакстанда "шешеңди кыргыз" деген сөккү угуп, кордук көрүп жүрүшкөндүгү ачуу чындык, жалпы журттун трагедиясы. Өлкөбүз ушул мамлекеттик кызматтардагы жердешчилик, тууганчылык, дос-жоро жолдошчулуктан качан арылып, тажрыйбалуу, билимдүү жана профессионалдуулукка качан көңүл бурат болду экен? Чындап эле өлкөбүздүн стабилдүүлүгүн, бүтүндүгүн жана өнүгүшүн ыраматылык Сталин айткандай "баарын кадрлар чечеттир".








Пикир:






??.??