Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_3.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_3.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_3.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Поюз… тоюс…
самолет менен
кетебиз
Депутат Ыргал Кыдыралиева эринбей "Кыргыз Темир жолу" ишканасына барып, андагы абал менен таанышып чыгып айтканы бул болду: "Кыргызстанда билеттин кымбаттыгынан жүргүнчүлөрдү ташуу төмөндөп кетиши мүмкүн. Мигранттар мага мурда эле билеттин кымбаттыгы боюнча айтып жүрүшчү. Буга мына өзүм күбө болуп отурам. Москвага билеттин наркы, бир жагына эле 12 миң сом турат экен. Эгерде эки жагына алсаң 300-400 доллар болот. Ал эми Москвага чейин самолеттун билети канча тураарын билбеймин. Бирок, поюздукунан анча ашып кетпесе керек. Эгерде минтип жүрүп отурсак, биздин жарандар "мындан көрө самолет менен эле баралы" дешип, поюздан кача баштайт го. Анда мунун аягы эмне болот?" Ырас эле "Кыргыз Темир жолу" ишканасы баа саясатын кайсы негизде жүргүзүп жатат, кызыгып көрүш керек окшойт.

"Атынып өлөм" деп Атамбаевди коркуткан губернатор ким?
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Көлдүктөр ажого бир катар суроолорду берип, кадр маселесинде катачылыктар көп экенин билдиришти. Суроолорго жооп берип жатып Атамбаев кээ бир мамлекеттик кызматкерлерди кызматтан алууда көйгөйлөр жаралып жатканын айтты.
"Кээ бир адамдар жакшы кызматка жеткенден кийин ордун бошоткулары келбей калат экен. Мисалы, мен бир губернаторду жумушунан бошотоюн десем, ал кетпей каршылык көрсөтүп, эгер кызматтан кетсе, атынып аларын айтты. Чынында биз мындай адамдардан кутулушубуз керек", - деди Атамбаев.
Бирок ажо ал губернатор ким экенин ачыктаган жок.


"Араб жазынан"
сабак алгыла дейби?
АКШ мамлекеттик секретарынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк "Твиттерди" пайдалануучулардын суроосуна жооп берип жатып, @mukabiri11 деген пайдалануучунун "АКШ Борбор Азиянын коррупциялашкан, диктаторлук өлкөлөрүн колдоп, эмне үчүн кош стандарт саясатын жүргүзүп жатасыңар?" - деген суроосуна: "-Бизде эч кандай кош стандарт жок, Борбор Азиядагы демократияны колдойбуз жана борбор Азия өкмөттөрүн ачык коомду түзүүгө, коррупция менен күрөшүүгө чакырабыз" деген жообун узатты. Ошондой эле "Борбор Азия өлкөлөрү "араб жазынан" сабак алышы керек" деп сөзүн табышмактуу бүтүрдү. Дүйнө эли "араб жазын" кимдер үйлөп күчөтүп жатканын билип эле турган шарттарда Роберт Блейктин мындай жообу эмнени каңкуулап турганын боолголосо болчудай.

Мыктыбек Абдылдаев
"ишенбейм" дейт
Өткөн жумада ЖКнын "Ата-Журт" фракциясы Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгызбек Узакбаевдин узакка созулган "жомогун" чыдап угушту. Акырында чыдабай кетти окшойт депутат Мыктыбек Абдылдаев: "… айыл чарба тармагындагы айтылып жаткан статистикалык маалыматтардын туура эмес экендигин, бирине да ишенбей тургандыгын, дыйкандар менен мамлекеттин ортосунда байланыштын начардыгын, көптөгөн айдоо сугат жерлеринин каралбай калгандыгын, мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарга социалдык шарттардын жоктугун" айтып өттү. Аны менен бирге министрликтин айткан статистикалык көрсөткүчтөрү канчалык реалдуу турмушка шайкеш келээрин жер-жерлерге барып, текшерип көрүүнү сунуштады. Жыйынтыгында фракциянын курамындагы депутаттар Айыл чарба министрлиги менен биргеликте жумушчу топ түзүп Чүй облусундагы айрым чарбаларга барып, жагдай менен жеринен кабар алуу чечимин кабыл алышты.


Депутатты коркутуптур
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Ш.Айтматова өзүн "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариев "көрсөтүп коём" деп коркутканын айтып чыкты.
Депутаттын сөзүнө караганда атайын түзүлгөн депутаттык комиссия, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары менен камсыз кылуу департаментинин документтерин текшерүү үчүн барышыптыр. Буга "Ротафарм" компаниясынын препараттары боюнча арыз түшкөнү себеп болуптур. "Мен фармацевтика боюнча адистер менен сүйлөшүп турсам, 20дай киши ээрчиткен Осунбек Жамансариев келип калды. Мени сабайбыз, болбосо, 7-апрелдин атынан "Ротафарм" боюнча текшерүүнү талап кылабыз дешти. Күбөлөрдүн көзүнчө "көрсөтүп коёмун" деп коркутту дейт Ш.Айтматова. Таңгалычтуусу бул "революционерлердин" "Ротафарм" компаниясына кандай тиешеси бар? Ал эми О.Жамансариев депутатты коркутканы чын болсо, мыйзамга ылайык жооп берип калышы да ыктымал.

Ак чөп башта...
Гезитибиздин өткөн санында "Турускулов тутулабы же "сүттөн ак болуп" кутулабы?" деген аталыштагы макалада: "Ошондой эле Турусбековдун келиши менен бул тармакта эмгектенгендер маалыматты жалаң гана "Де-Факто" гезити аркылуу алып калышканын айтышат. Жеке гезитте Турускуловдун кандай кызыкчылыгы бар экени белгисиз (айрым маалыматтар боюнча анын жубайы иштейт экен), "жазылбайм" деген оюна койбой, бул гезит ушул күнгө чейин зордук менен таратылат экен" деген такталбаган маалымат жарыланып кеткен. Бул чындыкка дал келбейт.


Жаңгакты айылдык кеңештин
төрагасы жайлаптыр
Базар-Коргон ИИБнин кызматкерлери "Мерседес-Бенс" үлгүсүндөгү машинаны кармаса ичинен 7,51 куб.м. жаңгак дарагы чыгыптыр. Жалал-Абад облпрокуратурасы сүрүштүрүп көрсө, бул иштин артынан Базар-Коргон районундагы Ооган айыл кеңешинин төрагасынын (У.А.) кулагы чыгыптыр. Жанында токой чарбасын арендага алган Ж.Б. деген бирөөсү жүрөт дейт. Бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 279 (өзгөчө баалуу даракты кыюу), 164 (уурулук) беренелери боюнча иш козголуптур. Эми, козголуп барып жатып калбай, иш аягына чыккай эле.


Соо кагаз эмес…
Чек ара кызматы өткөндө "списать" этилген беш жылдык документтерин Бишкек ТЭЦине алып барып, өрттөп жиберген экен саңырсыган түтүнү Медеров жана Абай көчөлөрүнүн жашоочуларын каптап, алар чүчкүрүп-бышкырып эшикке чыга качышыптыр. Анан алар "бул соо түтүн болбой калды, териштиргиле" дешип тиешелүү жерлерге кайрылса керек, чек ара кызматы "биздики эле" деп мойнуна алышыптыр. Атургай эки көчөнүн элинен кечирим да сурап жиберишти. Түтүнү эле мынчалык саңырсып турса, чыны менен соо кагаздар эмес окшойт…Эмнени өрттөштү экен я?!


Актануубу, мактануубу?
Депутаттар А.Маматалиев, А.Артыков, Н.Молдобаев, Б.Төрөбаев, Т.Мадылбеков, А.Сулаймановдор канчалык оң жамбашы менен уктайлы дешсе да болбойт имиш. Жакшы эле оң жамбаштары менен уктайлы дешет экен, бирок, көздөрүн ачса эле сол жагына оодарылып калышат тура бечаралар. Ошондон уламбы "оң" деген сөз айтсаң эле титиреңдеп кетишчү болду. Ошондон уламбы "оң" деген сөзгө оңбогондой өчөшүп алышкан булар, ЖКга жетээри менен оң рулдуу машиналар менен эл ташыганга "бовойт" деген токтом токуп жиберишип, палатада өткөрүп кетишти. Депутат А.Маматалиев: "Биз оң рулдуу машинелерди алып келгенге тыюу салган жокпуз, биз жүргүнчүлөрдү ташыганга болбойт деп жатабыз" деп актанып жатат. Же мактанып жатабы?


958 миң сом чогулду
Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрын баягы бизнесмен чалыш Б.Воробьев канча жылдардан бери чокулап отуруп, ишпалдасын чыгарып салган экен театрдын жамааты кайрымдуулук марафонун өткөрүүгө аргасыз болушту. "Көп түкүрсө көл" демекчи баш аягы 958 миң сом акча чогулуптур. "Эл минтип атса биз быякта турабызбы" дешкенби Жогорку Кеңеш менен өкмөт ар бири 200 миң сомдон, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 500 миң сом беришсе, калганы китепканалардан, филармониядан, жеке адамдардан чогулуптур.





Пикир: