Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_13.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_13.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_13.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Колуңду
таза тут
Мыйзамдын чечмелениши:
Абийири таза, эмгекчил адамдын образын түз: сенин колдоруң эч качан катачылыктарга жол берген же жаман иштерге малынгандай болбосун. "Эзели кир жукпагандай" көрүнгөн жүзүңдү сактай бил, башкаларды өзүңдүн куралың катары пайдалан, сенин "түктүү" кулагың эч жерден көрүнбөсүн.

(Башы өткөн санда)

II БӨЛҮМ.
Мышыктын
таманын
пайдаланганды
үйрөн
Тамсилде маймыл жакын досу мышыктын таманы менен куурулуп жаткан каштан данын тартып алганы айтылат. Ошону менен маймыл денесин өрткө чалдырган жок, каалаган данына да жетти.
Эгерде сен кайсы бир жагымсыз, эл жасабаган ишти жасагың келсе, анда тобокелчиликке барба. Мындайда сага мышыктын таманы керек болот же кимдир бирөө сен үчүн ал ишти жасап бергендей болсун. Мышыктын таманы сен каалаган нерсени тутуп берет, кимдир бирөөнүн бетин апчыткың келсе, ал уу тырмактар апчып да берет. Ал эми адамдар бул иштин артында сенин турганыңды байкабайт. Тиги уу тырмакчандан көрөт. Ошентип башка бирөөлөр сенин аткаруучу - желдетиң же кабарчың болсун. Алар жаман кабарларды жеткирип турсун. Сен болсо, аны уккандардын кандай абалда калганын угуп, жыргалга батасың.

Мыйзамдын
сакталышы

Б.з.ч. 59-жылы болочоктогу каныша Клеопатра, он жаштагы кезинде өзүнүн атасы фараон Птоломей XIIнин тактан кулатылып, куугунтукка алынышынын күбөсү болот. Ал кутумду өзүнүн улуу эжелери уюштурган эле. Фараондун кыздарынын бири Береника кутумчулукту жетектеп, Египетти мындан ары жеке өзү башкарарына ишенип алган ал, сиңдилерин түрмөгө тыгып, күйөөсүн өлтүртүп салат. Бул анын эсеби боюнча өз бийлигинин коопсуздугун сактоо үчүн керек болчу. Бирок, дээрлик падыша айым болуп калган анын мындай ырайымсыздыгы, ачыктан-ачык өзүнүн бир туугандарын, падышанын үй бүлөсүн кордошу, үзөңгүлөштөрүн үркүтүп, эбегейсиз кубаттуу оппозициянын келип чыгышына жол ачат. Төрт жыл өткөндөн кийин оппозиция Птоломейди кайра такка алып келээри менен ал, Берениканы баш кылып, кутумчулукка катышкан берки кыздарын оо дүйнөгө аттантып жиберет.
Б.з.ч.51-жылы Птоломей өлүп, артында төрт жаш баласы калат. Ал кездеги Египет салтына ылайык анын улуу уулу, он жаштагы Птоломей XIII эжеси Клеопатрага үйлөнөт. (Ал 18 жашта эле). Ошентип, жубайлар фараондун тагына отуруп, Египетти башкарууга киришет. Канткен менен фараондун төрт баласынын бири да (анын ичинде Клеопатра) окуянын бул өңүттө кетишине ичтери чыгышпайт. Ар кимиси чоң бийликке ээ болгусу келет. Көп өтпөй Птолемей менен Клеопатранын ортосунда от күйүп, ал отко бир-бирин түртүп ийгиси келет.
Б.з.ч. 48-жылы бир нече бийлик эгелеринин жардамы менен Птоломей эже-аялы Клеопатраны өлкөдөн кууп чыкканга мүмкүнчүлүк алат. Ошону менен ал өлкөнү жеке бийлеп калат. Куугунтукка кабылган Клеопатра жөн жатпайт. Ал Египетти жалгыз бийлегиси келип, анын бир кездеги жер жарган даңкын кайрыгысы келет. Бул инилеринин, сиңдилеринин колунан келбей тургандыгын сезет. Бирок алар тирүү турганда Клеопатра оюндагысын ишке ашыра алмак эмес. Бир жагынан Берениканын мисалы да көзүн ачып койгон эле. Себеп дегенде, өзүнө теңдерди өлтүргөн падыша айымга эч ким кызмат кылмак эмес. Птоломей XIIIнүн өзү да Клеопатранын чет жерде жөн жатпасын туйганы менен аны жок кылууга батына албады.
Клеопатра куулгандан бир жыл өтпөй, Римдин диктатору Юлий Цезарь Египетке келип, аны кезектеги колониясына айландырсам деп турду. Багы дал ушу жерден ачыларын билген Клеопатра Египетке жашыруун келип, Александрияда отурган Цезарга жетүү үчүн узак жолду басып өтөт. Легендага ылайык резиденцияга кирүү үчүн өзүн килемге ороп салууга буйрук берет. Килемди Цезардын бут алдына алып келип жайышканда, периштедей суйкайып Клеопатра тура келет. Ал Цезардын театрга, Египеттин тарыхына болгон ышкысын жакшы билгендиктен, ченде жок сулуулугу менен чабуулга өтүп, аны арбай баштайт. Цезарь көпкө деле туруштук берген жок, акыры Клепатраны такка отургузуп жаны тынды.
Клеопатранын инилери, сиңдилери түшүнбөй эле калышты. Утуш Клеопатрада эле. Птоломей XIII окуянын аягын күтүп отургусу келген жок: Александриядагы өзүнүн ак сарайынан чыкпай туруп, Цезарга каршы чоң армия топтой баштайт. Цезарь жооп катары Птоломейди баш, калган бир туугандарын төш кылып, үй камагына алдырат. Бирок, кичүү сиңдиси Арсиноя сарайдан качып чыгып, борборго бет алган египет армиясын жетектей баштайт. Клеопатра ушул жерден да бир мүмкүнчүлүк келип турганын туюп, Цезарды камактагы Птоломейди бошотуп жиберүүгө көндүрө баштайт. Ага ортого түшүп, тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүү шарты коюлат. Бул жерде Клеопатра иниси ишти теңирден тескери жасап, Арсиноя менен бийлик, Египет үчүн кан-талашка түшөөрүн сезип турган. Мындай кадам үй-бүлөнүн ортосунда келишпес чатакка айланып, негизи Клеопатранын пайдасына чечилмек. Экинчи жагынан Цезарга инилерин, сиңдилерин кан майданда өлтүргөнгө себеп болмок.
Цезарь Римден кошумча күч алып, баш көтөргөндөрдү тез эле кынына киргизет. Египеттиктер чегингенде Птоломей Нилге чөгүп өлөт. Цезарь Арсинояны кармап алып, туткун катары Римге жөнөтөт. Ал ошондой эле Клеопатраны көрө албаган, анын душмандарын жок кылат, кээ бирлерин түрмөгө тыгат. Бийликтеги позициясын чыңдоо үчүн Клеопатра жалгыз калган бир тууганына, он бир жаштагы Птоломей XIVгө тийип алат. Төрт жыл өткөндөн кийин Птолемей түшүнүксүз жагдайда уудан көз жумат.
Б.з.ч. 41-жылы Клеопатра Римдин дагы бир улуу уулу Марк Антонийдин башын айлантып (кудум Ю.Цезардай), кулагына өзүнүн камактагы сиңдиси Арсиноя, ага каршы "бир балээ" ойлоп жатканын кыйытат. Буга ишенген Марк Антоний Арсиноянын жанын, жалаңкычтан мурда сууруп алат. Ошону менен Клеопатра өзүнүн акыркы жана коркунучтуу бир тууганын жайлатып, жаны жай алды.

Түшүндүрмө

Легенда боюнча алганда Клеопатра ийгиликке баарыдан мурда ай төгүлгөн ажары менен жеткен делет. Бирок, чындыгында анын бийлиги башкаларды өзүнүн талабын аткарта билген жөндөмдүүлүгүндө эле. Алар Клеопатранын ойлогонун кантип аткарып жатканын өздөрү да байкабай калышты. Цезарь менен Антоний аны бир гана коркунучтуу жатындаштарынан - Птоломей XIII менен Арсиноядан куткарбастан, башка дагы башкаруу чөйрөсүндөгү душмандарынын, Египет армиясындагы ою бузук аскер башчыларынын көзүн тазалап беришкен. Бул белгилүү эки Римдик Клеопатра үчүн мышыктын таманындай кызмат кылышты. Алар Клеопатра дегенде оттон-чоктон аянбады, бардык жаман, бирок зарыл иштерди жасашты, ошол эле учурда бир туугандарынын, Египеттик боордошторунун канын ичкен Клеопат-ранын репутациясына көлөкө да түшкөн жок. Акыр аягында экөө тең Клеопатранын Египетти колония эмес, көз карандысыз мамлекет катары башкаруусуна жол ачып беришти. Булардын баарын тиги эки эргул Клеопатра өз баштарын кандай тегеретип жатканын туйбастан туруп аткарышкан. Мунун артында ынандыра билүүнүн кылдан ичке чеберчилиги жашынып жаткан эле.
Королева эч качан жаман иштерге колун булгабайт, ошондой эле король да эл алдына канжалаган жүзү менен көрүнбөйт. Канткен менен адамдардын эркин басып турбаса, ал бийлик эмес - хан тактыда отуруш үчүн сага, дайыма тигил же бул жексур ишти жасап туруу зарылдыгы келип чыгат. Андыктан, Клеопатра өңдүү мышыктын тырмагын пайдалана бил, аны менен күйгөн оттон каштандын данын ала бил.
Бул үчүн өзүңдүн чөйрөңө кирбеген кимдир бирөөнү таптай жүр. Ал сенин кантип пайдаланып кеткениңди түшүнө да албайт. Мындай көөдөктөрдү сен дайыма таба аласың. Алар сага жагынуудан чексиз ырахат алышат. Айрыкча анда-санда сөөк ыргытып койсоң, терилерине батпай калышат. Бирок, алар тапшырманы аткарып жатышып, аны өздөрү үчүн күнөө деп деле сезишпейт, бери болгондо мыйзам чегинен чыгышпагандай туюлат. Иштин аныгында алар сенин ишмердүүлүгүңө арык чаап, сен кандай кааласаң ошондой маалыматтарды таратышат, ишиңди алга жылдырышат, колдорун булгашат, ошол эле учурда сенин колуңа кымындай так да жукпаган болот.

Мыйзамдын
сакталышы (2)

1920-жылы Кытай бийлиги үчүн улутчулдар менен коммунисттик партиянын ортосунда айыгышкан согуш күч алат. 1927-жылы улутчулдардын лидери Чан Кайши коммунист аттууну түгөл кырып салууга буйрук берет. Мындай кан төгүшүү 1934-35 жылдары коммунисттер узакка созулган чегинүүгө аргасыз болгонго чейин уланат. Бул чынында узак түштүк -чыгыштан, өлкөнүн түндүк-батышына чейинки алты миң милдик азаптуу, жоготуунун жолу эле. Катарлары да кыйла суюлат. Акыры Чан Кайши 1936-жылы акыркы чабуулун жасап, аларды биротоло күм-жам кылайын дегенде, өз ичинен козголоң чыгып кетет. Аны өзүнүн солдаттары колго түшүрүп, коммунисттердин колуна салып берет. Эми ал ажалды гана күтүп калат.
Ошол учурда Япония Кытайга аскерин киргизет. Чандын таңгалганына жараша коммунистердин лидери Мао Цзедун аны өлтүрмөк тургай тынчтык келишимге келүүнү, улутчулдар менен коммунисттердин башында туруп, жалпы душманга биргеликте күрөшүүнү сунуштайт. "Булар эми кыйноого алып, эзет го" деп ойлоп, ошого даярданып жаткан Чан өз кулагына ишене албайт. Кызылдардан мындайды күткөн эмес. Мындан ары коммунисттерге каршы бычак ала жүгүрбөй турган болгондон кийин, ал адегенде япондуктарды жайлап, анан кызылдарды кыйынчылыксыз эле кырып салууну чечет. Ал мындан эч нерсесин жоготмок эмес, бирок, макулдук берүү менен баары колунан келмек.
Коммунисттер япондуктар менен өздөрүнүн адатынча тийип-качып партизандык ыкма менен күрөшүшөт. Ал эми улутчулдар салттуу армиялык стилде маңдай-тескей согушушат. Биргелешип кырчылдашып жатышып, бир нече жылдардан кийин япондуктарды сүрүп чыгышат. Ошондо гана Чан каапыр Маонун эмнени каалагандыгын кеч түшүнөт. Анын өзүнүн армиясы япондуктардын артиллериясы менен согушта абдан алсырагандыктан, аны калыбына келтирүү үчүн көптөгөн жылдар керек эле. Коммунисттер япондуктардын түз соккусунан качып гана тим болбостон, бул согушту күч-кубатын топтоого, бүт Кытай боюнча таасирин арттырууга пайдалана алышыптыр. Япондуктар менен согуш бүтөр замат, кайрадан жарандык согуш башталат. Бирок бул жолу коммунисттер алсыраган улутчулдарды эки чайнап, бир жутуп, бардыгын өздөрүнө баш ийдиришет. Бул жерден япондуктар Мао үчүн мышыктын таманы болуп беришкен эле. Алар коммунисттерге жумшак кыртышты камдап берүүнү каалабаса дагы, улутчулдардын түбүнө жетүүгө жол ачып беришпедиби.
(Уландысы бар)







Пикир: