Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_12.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_12.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_12.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
"Кыйналбай" жашайм десең, кылмыш кыл

Азыркы учурда, биздин өлкөдө, карап турсаң "кылмышкерлердин" жашоосу карапайым калктын жашоосуна караганда алда канча өйдө, жакшы десем, жаңылбайм. Ал "кылмышкерлердин" өз атын тактап айтсам, бирөөгө акча карыз болуп, ал карызын бербей качып жүргөн, "жер тилке алып берем" деп, (учас-ток), акча алып, же жер бербей, же акчасын кайтарып бербей, алдап жүргөн, же дагы башкача алдамчылык менен алектенген адамдар. Расмий тилде "мощенниктер" деп коебуз. Мыйзамдарыбыз дал ошолорго, "мощенниктерге" ылайыкталып жазылган. Себеби, демократия - милдетибизден укугубуз көп дегендей. Чындыгында эле ошондой болуп жатат.

Бирок, ошол "кылмышкерлерге" "мощенник" деген атты ыйгарыш үчүн өтө көп күч, убакыт жана каражат керек десем да аша чаппайм. "Алдамчылык" деген берене Кылмыш-жаза Кодексибизде каралган. Бирок, ошол берене менен кылмыш ишин козготуу, жумшак айтканда оңой эмес. Кээде мүмкүн да болбойт.
Себеби, өлкөбүздөгү жүз кишинин 99у бири-бирине карыз десем туура болчудай. Ошондуктан милицияга арыз менен кайрылган адамдардын көпчүлүгүнө "культурный", кылмыш ишин козгоодон баш тарткан "аткез" бериле берет. "Жарандык иш экен, сот-ко кайрылгыла" таризинде. Бул бир жагы, "аткез" бериле турган "башка" да жолдору көп, толгон токой. Алар башка тема. Убагы келгенде кайрыларбыз.
Түрлүү-түрлүү алдамчылык жолдор менен элди алдап жүргөндөрдүн саны канча экенин дагы так айтууга болбойт. Себеби, мамлекет кызыкпайт, эсепке албайт дагы, "кереги да жок" деп эсептейт. Чынын айтсам, эсепке алынса, талкууга салынса туура болмок. Кимдин ким экенин эл билсе, жашообузга өбөлгө гана болот болчу.
Сот демекчи, сотко кайрылып, соттон чечим чыгарып алсаңыз дагы "алдамчыларга" эч нерсе кыла албайсыз. Карыз акчасын кандай кайтарбай жүрсө, андан ары дагы бербестен жүрө берет. Мыйзамыбыз ошондой. Демократия. Өзүңүз талдап көрсөңүз, окурманым.
Сиз, сотко карыз акчаңызды өндүрө албай жүргөн адамдын үстүнөн арыз менен кайрылдыңыз дейли. Эртеби, кечпи, айтор сот Сизге "карыз акчаны өндүрүү" жөнүндөгү чечимин чыгарып берет. Райондук соттун чечими жогору жактагы сотторго арыздалышы мүмкүн. Ошондой мыйзамдар бар экени да жалган эмес. Бирок, нечен ирет "исходный точкага", райондук сотко кайрылып барып, кайра башынан башталып каралышы да мүмкүн. Же "жаңы ачылган жагдайлар боюнча" деген "жоон шылтоо" жамынып кайталанып каралышы да мүмкүн. Андай дагы мыйзамдарыбыз бар.
Кыскасы, соттун акыркы чечимине "жирный" чекит коюлганча далай ирет кар жаап, далай суу агат. Сиздин кара чачыңызды бир топ ак чач аралайт.
Ал маселе жөнүндө да сөз башка. Биз, азыр, соттун акыркы чечими кандай, кантип аткарыла тургандыгынын тегерегинде гана сөз козгоп жатабыз.
Ошентип, "чечим чыкты, эми өнбөй жүргөн карызымды өндүрүп алат экем" деп кубансаңыз, жаңыласыз. Иш жүзүндө андай болбойт. Кубанганыңыз эрте экенин көп өтпөй эле билесиз. Соттун чечимин сот аткаруучулар аткара келгенде, карыздакордун артында эч кандай мүлк жок болуп чыгат. Андай "алдамчылар" "официалдуу" түрдө эч жерде иштебегенге аракет кылышат, демек айлык маяна албайт. "Пенсия, пособие" алышпайт. Өз аттарына эч кандай мүлк каттабайт.
Мындай учурда, сот аткаруучу кандай кылат? Атайылап маалыматтарды чогултат. Анан "Соттун чечимин аткарууга мүмкүн эмес экен. Себеби, карыздакордун атында эч кандай мүлк катталган эмес, пенсия же пособие албайт экен, банктарда акчасы жок болуп чыкты" "итыды, итыпы" деген акт түзөт дагы, "Ушул эле иш менен Сиз бизге кийин дагы кайрылганга укугуңуз бар" деп токтом "токуп", соттун чечиминин негизинде жазылган аткаруу барагын Сизге кайтарып берип коет. Болду.
Сиз соттун чечимин, аткаруу барагын "кучактап" отуруп каласыз. Мыйзам боюнча тиги, Сизге карыз адамдын "богуна куурай сайылбай" "тайраңдап", "сайрандап" жашоосун уланта берет. Жөн гана тынч жашабай, башка, карапайым адамдарды алдаганын токтотпой, андан дагы башка кылмыш кылышы да мүмкүн. Себеби, мыйзам боюнча ал жоопкерчиликке тартылбай калбадыбы. Мындайча айтканда, "безнаказанность порождает новое злодеяние" дегендей болуп калышы мүмкүн.
Калыстык иретинде айтсам, биздин Кылмыш-жаза Кодексибиздин 338-беренесинде төмөндөгүдөй талап каралган.
"Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны кыянаттык менен аткарбагандык, ага тете аларды аткарууга тоскоолдук кылуу - беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деген мыйзамыбыздын талабы бар болчу.
"Болчу" деп жатканымдын да себеби бар. Биздин урматтуу депутаттарыбызга бул мыйзамдын талабы, "алдамчыларыбызга" карата колдонулган өтө эле "катуу" чара имиш. Ошондуктан, "алдамчылардын" дагы укугу өтө катуу, "дерзкий" тебеленип жаткандыктан "жумшартып" коюшту. Он жылдык жаза эки жылга чейин кыскартылды. Демократия.
Ал эми карызын өндүрө албай жүргөн "шордуунун" укугу эмне болду? Же ал "байкушка" демократия дегениң "действуйт" этпейби? Соттун чечимин "кучактап" отура береби? Суроо көп, бирок мен жооп таппай турам.
"Мыйзамда каралган экен, эмне үчүн соттун чечимин аткарбай койгондугу тууралуу кылмыш ишин козгоого болбосун? Жөн гана сүйлөй бергендин эмне керги бар?". Ж.б.д.у.с. калыс ойлор айтылышы мүмкүн. Туура.
Чындыгында, чындап калыс болсок, соттун чечими аткарылбай жаткандыгы тууралуу каралган мыйзамыбыздын бул беренеси "иштебеген", "инвалид", "замороженный" беренелердин бири десем дагы жаңылбайм.
Себеби, бул беренеде "Кыянаттык менен соттун чечимин аткарбай койсо . . ." деп жазылган. Ал эми "кыянаттык" деген түшүнүк, колунда мүлктөрү бар, банкта же башка жакта акчасы бар, карызды бергенге мүмкүнчүлүгү бар болуп туруп, бирок ошого карабастан кыянаттык кылып, карызды бербей койсо гана кылмыш жоопкерчилигине тартылат дегендикке жатат. Кылмыш ишин козгоп, сотко жеткирчү болсоңуз, соттон ушундай "аткез" аласыз. Соттуку туура болот. Даттансаңыз, бардык жерден "аткез" гана аласыз. Мындай мисалдар толуп жатат. Айта берсек, гезит бети түтпөйт.
Көрдүңүзбү, урматтуу окурманым демократиянын "кылганын"? "Колуңда эч нерсең жок болсо жооп бербейсиң, карыз акчаңды дагы бербей косоң болот, ж.б." дегендик бекен? "Кылмышкерлерге" ылайыкталган бекен? Же мен аша чаап жатамбы?
Мындай "инвалид" мыйзамдарыбыз, алардын беренелери дагы толуп жатат.
Алыс барбай, кечээки эле мисалды айталычы. Кыргыз элине, айрыкча бийликтегилерге "чуру-чуу" салып кеткен А.Батукаевди бошотуп жиберген "жоон топ аткаминерлер" жоопко тартылабы? Менин оюмча тартылбайт. Себеби, соттун чечими бар. Ал эми соттор мыйзамдардын талабына ылайык чечим чыгарышкан.
Ал эми ал мыйзамдарды "инвалид" кылып кабыл алган депутаттарыбыз өздөрү кандай акыбалда калышты? "Жаза өтөп жаткан адамдын катуу ооруп калгандыгына байланыштуу жазадан бошоткон шаардык соттун чечими он күндүн ичинде жогору турган сотторго даттанууга жатат" деген мыйзам талабы жок экенин Башкы прокурорубуз урматтуу А.Салянова айтып чыкты. Депутаттарыбыздын өздөрү кабыл алган мыйзамдарын аткарып жаткандыгын белгиледи. Эмне жыйынтык чыкты? Катуу талкууга алынымыш болду, ошо менен иш бүттү. Депутаттык комиссия түзүлдү. Жыйынтыгын көрө жатарбыз.
Бирок, "инвалид" мыйзамдын талабын оңдойлу, мындан ары мындай одоно ката кетирбейли, болгон иштен сабак алалы" деген бир дагы депутатты укпадык. Же мен эле укпай калдымбы? Ошондой "инициатива" менен чыккан депутаттар болдубу?
Майда-бараттарды айтпасам да кетирген чоң, "үлкөн" каталарыбызды качан оңдойбуз? Жүз жыйырма депутаттарыбыз болсо дагы мыйзамдарыбыздын кээ бирлери "шоона эшпей" "инвалид" болуп "туулуп" жатпайбы. Аларды качан иретке келтиребиз? Дегеле биздин элге ушунча, 120 депутат керекпи?
Демократия - дегенибиз "дерьмократияга" айланып бараткан жокпу?
Сиздин оюңуз кандай, урматтуу окурманым?

Молтой Туман







Пикир: