Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_10.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_10.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0422_10.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
итаалынын балдарындай чурулдаган...
Арсыз бийлик, агылган алтындар

Союз ыдырап жок болгонуна 20 жылдан ашты, тилекке каршы эгемендүү мамлекет болгонубуз менен мамлекеттик идеологиябыз жок жашап келе жатабыз. Ошол мамлекеттик идеологиянын башында титулдук улут катары кыргыз элинин руханий жана духовный жактан байлыгы болгон биринчи дүйнөдө теңдешсиз Манасыбыз айтылып, сакталып, өркүндөтүлүп, түрдүү варианттарда жазылып, китептер чыгарылып, келечек жаш муундарыбызга бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларына чейин окутулуп, үйрөтүлүшү керек эле. Андан кийин такталбаган кыргыздын чыныгы архивдик даана тарыхы жазылып, аны менен катар кыргыздын каада-салты жана жөрөлгөлөрү элибизге үйрөтүлүшү бирден бир абадай зарыл болуп турган чагы. Мамлекетти түптөө үчүн, элди ынтымак биримдикте кармап, Манастай кылып бардык башка аз улуттун өкүлчүлүктөрүн бириктирип бир эл кылып кармоо үчүн эң башкысы идеология керек, тилекке каршы бийликтегилер "кантип байысам?" деп кара курсагынан жогору көтөрүлө албай калышты.

...Дүйнө жүзүнүн бардык мамлекет башчылары өз мамлекеттериндеги криминалдар жана бандиттер менен аёосуз күрөш жүргүзүп келишет. Ал эми биздин мамлекет башчылары болсо алар менен кеңешип, алар менен ынтымакта болушуп, жеген акчаларын тең бөлүшүп, өздөрү эл арасына батпай калганда качып кетишип, кийин ар кандай жол менен "пулуң болсо, кулуңмун" дегендей акчанын күчү менен аларды түрмөдө жатышса дагы болбой чыгарып кетишүүдө. Буга мисал катары кечөө 12-апрелде Жогорку Кеңештин сессиясын телесынак аркылуу көрүп, түрмөдө жаткан "Вор в законе" деген кличкасы бар бандит Батукаевди Нарын түрмөсүнөн бир күндүн ичинде Нарын шаарынын соту аркылуу бошотуп, ага ошол замат паспорт жасап беришип, атайы "жолдон бир да киши тийбесин" деп Джиптер менен коштоп, Манас аэропортуна чейин келип узатышып, башка чет мамлекеттин чартердик самолётуна кечиктирилбестен прокуратурасы баш болуп, ички министрлигинен ж.б. укуктук күчтөр, саламаттыкты сактоо министрлиги, ведомостволору төш болушуп, чыгарып жибергендери бардык элди таң калтырды. Азыркы кыргыз бийликтеринин бутактарынын өкүлдөрү өз эли үчүн иштебей, "өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар" дегендей өздөрү үчүн гана иштеп, материалдык байлыктын кулу болгон, көркоо адамдар. Элдин башындагы адамдар элдин кулу болуп иштейин деген эч ким жок, тескерисинче материалдык байлыктын гана кулу болуп калган.
Сессияда депутаттар бийлик күчтөрүн бул бандит Батукаевди чыгарып жибергендиги тууралуу атайы талкуу жүргүзүп жатышса, укук коргоо күчтөрүнүн бардык бутактары "Абдаалынын балдарындай чурулдашпай" тескерисинче бардыгы бир ынтымактуу үй-бүлөнүн балдарындай актанып "биз күнөөлүү эмеспиз, бардыгы мыйзам чегинде болду" деген бир жоопту беришип, депутаттар астында текебер түрдө актанып жатышты. Алардын мындай жооп бергендигин элибиз бийлик бутактарын чыныгы коррупциянын эң башында алар турганын жана аны гүлдөтүп, эң мыкты иштеп жатышкан бийлик бутактары экениндигин карапайым эл эми даана түшүнүштү.
Ал эми сессия бир нече саатка улантылып, акырында абал жалпыга түшүнүктүү болгондо укук коргоо органдарынын ушул жолку иштерин жеке эле Батукаевдин эмес Акмат Бакиевди да кантип чыгарып жибергендерин тиекшерүү үчүн атайы комиссия түзөлү деп жалпы жыйынтыкка келишип жатса, ЖК депутаттары Ахматбек Келдибеков жана Мыктыбек Абдылдаевдер оппозиция катары мурунку сессиядагы жагдайларын эске алышып: "биздин партиянын өкүлдөрү катышпайт, укук коргоо органдары өздөрү мындай жаман иштерди жасашты, өздөрүн өздөрү текшерип бизге жыйынтык беришсин, мындай жаман иштерге биз катышпайбыз" деп бир депутаты айтса, бирөө чыгып алып: "силер иштей бергиле биз, силерге жардамчы бололу, кагаз, карандашыңарды даярдап, тамагыңарды даярдап берип туралы" деп какшык сөздөрүн ыргытып, мыйыгынан күлүп турушту. Мындай криминалдарга байланыштуу болгон орчундуу саясат маселеси элибиздин келечегине зыян келтирбес үчүн жана мындай маселени биротоло келечектүү максатта чечүү үчүн депутаттар ынтымакка келип иштегендин ордуна, өз ара ички амбицияларын билдиришип, бийлик бутактары болгон депутаттардын арасында да ынтымак жок экендиги теле сынак аркылуу элге даана көрүнүп турду.
Эки жегич, качкын экс-президенттер качып кеткенден кийин элибиздин бийлик бутактарында дагы эле ошолордун куйруктары, алардын дасыккан материалдык байлыктын кулу болгон жегич адистери, саясатчылары эл башкарып келишүүдө. Ошондуктан, элибизде тынчтык болбой улам майда жаңжалдар чыгып, дүйнөдө саясий окуяларга бай республикага айлануудабыз. Булар кайсы жерде кандай акча бар, аны кантип жештин ыгын билген дасыккан адистер деп айтсак жаңылышпайбыз.
Бийлик башындагылар элди ынтымакка чакырып, мамлекеттик идеология боюнча бирдиктүү бир программа кабыл алмак турсун, улам бир саясий жаңжалдарды өздөрү уюштуруп, улам бир жаман сасык саясаттары эл арасына билинип турууда.
Республикада Акаевдин заманынан бери "профессионализм" деген термин жок болгон. Акаевдин тушунда Мамлекеттик концерн "Кыргызалтын" деген ведомство бар эле, ал мамлекеттик концернди Бакиевдин тушунда Елисеев, Ширшов деген еврейлердин схемасы менен жоюшуп ААК (ачык акционердик коом) "Кыргызалтын" деп комбинаттардан алынган алтындарды аффинаж заводунан өткөндөн кийин алтындар улуттук банкка түшпөстөн ар кандай жол менен сыртка чыкканга сонун шарт түзүлгөн мүмкүнчүлүк болуп калган. Азыр ал ААК "Кыргызалтынды" кайрадан мамлекеттик ишканага айландырыш керек же болбосо буга чейин уурдалган алтын дагы эле уурдалып, ар кандай жол менен сыртка чет мамлекеттерге кете бермекчи же болбосо ААК "Кыргызалтынды" такыр жоюп ташташ керек, каалагандай уурдап кете беришсин.
Дүйнө жүзүндө тарыхта бир да мамлекетте алтын казуу боюнча буга чейин пайдасыз, чыгашалуу мекемелер болгон эмес, жалгыз гана бизде Кыргызстанда чыгаша менен иштейт. Кумтөр алтын комбинаты иштей баштагандан бери "директирлик кеңештин мүчөлөрү" деген термин пайда болгон. Анда мурунку Акаевдин убагында премьер-министр болуп иштеп келген А. Муралиев төрага, мүчөлөрү парафиндей болуп сууга чөкпөгөн мурунку ЮНЕСКО комиссиянын Кыргызстандагы башчысы, белгилүү демократ, сүрөтчү агабыз алтын өндүрүшү жөнүндө түшүнүгү жок пенсионер, кесиби дал келбесе дагы азыр ал жерде советтин мүчөсү болуп иштеп келет. Жыпар Жекшеев алтын технологиясы боюнча түшүнүк болмок турсун, кайсыл жерлерде алтын комбинаттары бар экенин да билбейт. Булар азыр республикада чыгаша менен иштеп келе жаткан ААК "Кыргызалтындан" айына миңге жакын доллар, ал эми "Кумтөр Голд компани" деп аталган компаниядан бир кудай жана бир өздөрү билген белгисиз чоң суммада айлык акыларын алышат. Абдырахманов Сагынбектен башкалары уялбайт экен. Дегеним калгандары кесиби дал келбесе дагы же иш-тажрыйбалары болбосо да май талкандуу жерлерге кирип иштеп келген пенсионерлер. Айрыкча Бакиевдин кадры болуп иштеп келген демократ, сүрөтчү, телезвезда агабыз, бирдеме болсо коомдук ишмер деген термин менен телевидениенин бетинен кетпей "апрель революциясын биз жасадык" деген шылтоо менен интервью берип келген Жыпар Жекшеев болуп эсептелет. Булар кыргыз үчүн күйүп бышкан патриот адамдар эмес. Керек болсо, Кыргызалтынды түп тамыры менен жоюп жибергенге да макул болгон адамдар. Эмне үчүн бул пенсионерлердин ордуна чет тилин билген жаштар, иш-тажрыйбалуу кесиби боюнча дал келген кыргыздын патриот адамдары келбейт.
Мамлекеттин экономикасы көтөрүлсүн десек келечекте ААК "Кыргызалтынды" жоюп, мамлекеттин көз карандысында болуш үчүн экономика министрлигине кошуп, алтын жана түстүү металлдар боюнча "Кыргызалтын" главкасын же бирикмесин ачыш керек. Ошондо аффинаждан өткөн алтындар улуттук банкка келип түшүп турар эле. Борбордук бюджетибиздин байышына да чоң өбөлгө түзүлмөк.
Президентибиз да премьер-министрибиз да өндүрүшчүл адамдар, элибизде өндүрүш боюнча ушундай жаңжал саясат болуп жатканда эмне үчүн өздөрүнүн көз караштарын элге билдирип, жакшы кадрларды иштетүү боюнча абалды тескешпейт? Же Кумтөр боюнча булардын дагы материалдык кызыкчылыктары барбы?
Асыкбек Оморов,
Жазуучу






Пикир: