Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Орозбек НУСУВАЛИЕВ,
Бишкек Эркин Экономикалык аймагынын башкы директору:
"17 жылдан бери тарыхый жайды талкалап, жерлерди бөлүп сатып, казынага бир сом төлөбөгөн немелер кантип инвестор болсун?"
Гезитибиздин 2013-жылдын 10-апрелиндеги санында жарыяланган "Эмне эле Ысык-Көлгө ичи ысып жатат десе" деген аталыштагы журналист Канышай Мамыркулованын чакан маалыматы жарыяланган. Ал маалымат "Вести.kg" сайтынан которулуп берилген эле. Бул маалыматта жазылган "Бишкек" Эркин Экономикалык Аймагынын башкы директору Орозбек Нусувалиев биз менен байланышып, гезитте жазылган маалыматтардын чын-төгүнүн тактоо ирээтинде Бишкек ЭЭАнын жанындагы корейлерге берилген жерлердин абалы менен тааныштык. Буга чейин бир катар ММКлар "Инвесторлорду качырып жатасыңар" деп жата калып коргоп жатышкан корейлердин "кылган эрдиктерин" көрдүк. 1996-жылдан бери гектарлаган жерлерди ээлеп, өздөрүн инвестор катары көрсөткүлөрү келген немелер "Манас айылы" этнографиялык комплексинин аймагынын айрым жерлерине дагы кирип кетишкен. Ошончо жылдан бери өздөрүнүн чөнтөктөрүн толтуруш үчүн болгону бир кичинекей "Фламингону" гана курушуптур. Анысы аз келгенсип, тээ союз маалында курулган ВДНХнын имаратын талап-тоношуп, бир капталына мыйзамсыз курулуштарды куруп баштап, ошону менен аны да бүтпөй таштап коюшкан. "Фламингосунун" ичи болсо таштандыга толгон, санитардык ыкмалар сакталбаган жайга айланыптыр. Баскан жериңде иттин, адамдын "кыгына" чалынасың. Кыскасы "ужас кино" болуп калыптыр эй!

Биз кыдырып жүргөндө корейдин акчасына көпкөн кайтаруучу жигит алдыбыздан тосуп чыгып: "Силерге эмне керек, бул жакка өтпөгүлө, ары жакта ит бош жүрөт, бир жериңерди жулуп алса мен жооп бербейм" деп күпүлдөдү. Биз анын сөзүнө анча деле маани берген жокпуз. Ал эми бизди коштоп жүргөн "Бишкек" ЭЭАнын кызматкерлери булар дагы басаңдап калгандагысы экендигин, башында атырылып, ЭЭАнын кызматкерлерин тоготпой, өз билгендерин кылып жүрүшкөндүгүн айтышты. Мына сага, жаман үйдү коногу бийлегени ушул.
Бишкек ЭЭА өкмөттүн атайын токтому менен 1992-жылы түзүлүп төрт жылдан кийин гана өз ишин баштаган. Ал боюнча мыйзам 1992-жылы кабыл алынып, бүгүнкү күнгө чейин 9 ирет өзгөтүүлөргө жана толуктоолорго дуушар болгон. ЭАА үч бөлүктөн туруп, жалпы 346,1 гектар жерди ээлейт. Учурда Бишкек ЭЭАда 3 миңден ашык адам эмгектенип, 700дөн ашык субьектинин 83ү өзүлөрүнүн өндүрүшү менен алек болушат. Өндүрүлгөн продукциянын 53%дан ашыгы Россия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу коңшу өлкөлөргө жана Афганистан, АКШ, Түркмения, Япония сыяктуу башка мамлекеттерге чыгарылат. Жана ушул сыяктуу 23 өлкөнүн инвесторлору эмгектенип келишет.
Учурда Бишкек ЭЭАнын жетекчилиги 1996-жылы кореялык ЦАК (Центрально-Азиатская Корпорация) ишканасына мыйзамсыз берилип кеткен жерлерди кайра мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү иштерин жыйынтыктоодо. Жетекчиликтин демилгеси менен кореялык ишкерлердин өздөштүрүлгөн жана өздөштүрүлбөгөн жерлери тозулуп, аянты такталууда. "Жаман үйдү коногу бийлейт" - дейт кыргыздар, анын сыңарындай, ишкерлер жерди алганы менен иштетпей, иштетмек турсун, бардыгын талкалап, бүлдүрүшкөн. Чынында азыр бул жердин абалы мышык ыйлаарлык абалда. Жапжашыл бак-дарактар кыйылып, соолуп, кургап, бозоргон талаага айланган. Ичи таштандыга толгонун айтпай эле коелу. Балдар эс алуучу "Фламинго" бакчасынын абалы деле жакшы эмес. Айтор, кайран корейлер жакшы эле тайраңдашыптыр. Алардын ишин жөнгө салган Бишкек ЭЭАнын башкы директору Орозбек Нусувалиев бүгүнкү күндө каралбай калган жерлерди өкмөткө кайтарууда. Орозбек Нусувалиев аталган кызматка былтыр сентябрь айында келип, жакшы иштерди жасап келет. "28 кызматкерди биринчи эле айда иштен кыскарттым. Кыскартуу менен бир айда эле 2 миллион сомду үнөмдөй алдык. Себеби алар мамлектибиздеги жөнөкөй кызматкерлерден он эсе көп айлык алып келишкен. Андан сырткары башка жумушчуларга үлгү болсун деген ниетте өзүмдүн айлыгымдын көлөмүн 23%га кыскарттым. Менден кийин да башка кызматкерлерим өзүлөрүнүн айлыктарын кыскартышты. Кыскартуудан бошогон 5 кызматтык унааны да мамлекетке өткөрүп бердик" - дейт Орозбек Нусувалиев. Мыйзамсыз сатылган жерлер, чет элдик ишкерлердин биздин өлкөгө алып келген зыяны жана пайдасы дегеле БЭЭАдагы маселе, көйгөйлөр боюнча Орозбек Нусувалиев менен баарлаштык.

- Орозбек мырза, бүгүнкү күндө БЭЭАда канча субьект катталган. Алардан биздин экономикага канча акча түшөт, дегеле алардын ишмердүүлүгү жөнүндө кеп кылып берсеңиз?
- "Бишкек" Эркин экономикалык соода аймагы түптөлгөндөн бери 1 миң 224 субъект катталган. Ошондон бери 517 субъект жоюлуп, калган 707 ишкананын 332си ишкерлик жаатта ишин улантууда. 2012-жылы Бишкек ЭЭАнын субьектилери өндүрүп, саткан продукциянын көлөмү 4 233,9 млн сомду (өсүш 3,83%) түздү. Жана ушул мезгилдин ичинде республикалык бюджетке чегерүүлөр 520 370, 0 миң сомду (өсүш 18, 1%ды) түздү. Анын ичинде бажы төлөмдөрү боюнча 296 284,7 миң сом (өсүш-8,1%), салык төлөмдөрү боюнча 134 856,7 миң сом (өсүш 47%), соцфондго чегерүүлөр 89 228,6 миң сом (өсүш - 19,3%)
Ал эми 2013-жылдын биринчи үч айында "Бишкек" ЭЭАнын субьектилери 834,4 миллион сомго продукция өндүрүп сатууга жетишти, (Өсүш 8,5%) жана бюджетке чегерүүлөр 163,9 миллион сомду түздү (өсүш 43,3%). Анын ичинде бажы төлөмдөрү 96,7 млн. сом (өсүш - 52,3%, салык төлөмдөрү 42,6 млн. сом (өсүш - 29,8%), соцфондго чегерүүлөр 24,5 млн. сом (өсүш - 34,1%)
- ЭЭАна караштуу жерлерди Кореялык ЦАК ишканасына мыйзамсыз берилип кеткени боюнча сөздөр жүрүүдө. Ушул жерлер боюнча айтсаңыз?
- Бишкек ЭЭА жаңы ишке киришкен жылы, тактап айтканда 1996-жылы биздин өкмөт кореялык ЦАК ишканасына БЭЭАнын карамагындагы 23,25 гектар жерде чоң, өтө баалуу имараттары менен мыйзамда ЭААнын жерлерине көп кабаттуу үйлөрдү, мейманканаларды, ресторандарды салууга болбойт дегенине карабай, ушул максатта жеңилдетилген шартта ижарага берген. Мунун берилиши эле туура эмес болгон. Туура эмес ижарага берилген ушунчалык чоң обьект натыйжада туура эмес пайдаланылып, тарыхый объектибиз жок болуп кетүүдө. ЦАК ошол кездеги бийликке миллиарддаган инвестиция алып келүүнү убада кылган. Бирок, ал убадалар унутулуп, кайра өзүбүз минтип чыгым болуп отурабыз. 23,25 гектар жерде жайгашкан жарманкелерди өткөрүүчү эң башкы, өтө чоң тарыхый уникалдуу павильондун тамтыгын чыгарган. Ал имарат он жылдан бери авариялык абалда турат. Анын жанына эч кандай уруксат кагазын албастан, эки чоң ангар куруу иштерин баштап, анысы бүтпөй 10 жылдан бери туруп калган. ВДНХнын 3 кабаттуу мейманканасын, кафе, дүкөн, зоопаркын жок кылышкан. Бак-дарактар кыйылып, куурап жок болгон. Суу келүүчү каналдарды бузуп, түтүктөрдү сатып жоготушкан. Алардын мындай мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт койдук. Өздөштүргөн жерлерин тосуп, калган жерди өкмөткө өткөрүп беүү иштерин жасап жатабыз. Өткөндө депутаттар менен жолукканда да ушул маселени талкуулап, бул жерди өткөрүп берем, андан кийинки тагдырын өкмөт менен чечкиле деген оюмду айттым. Эсептөөбүз боюнча 18 гектар жер экен. Анын 12 гектарын өкмөткө тапшырабыз. Калган 6 гектар жер "Манас" айылынын жери болгон, алардын жерлери да берилип кеткен. Ошол 6 гектар жерди кайтарып Манас айылын баштапкы калыбына алып келебиз. Биз булардан бир дагыпайда таппадык. Жерге ижара акы үчүн 229 606 сом төлөшчү экен. Эсептесек бир да сом чыкпай калып жатат.
Кореялыктар арызданышыптыр. Алардын арызынын негизинде ЖКнын эки комитети БЭЭАты көрүп кетишти. Андан сырткары маданият министри Султан Раев келди. Алар биздин жасап жаткан иштерибизди колдошууда. Ал эми инвесторубуз ЭЛТР, НБТ,Вести.KG, ММКлары аркылуу бизди каралап өз ойлорун таңуулап жатышат. Биздин чечим жакпаса алар сотко кайрылышы керек. Эң таңгалыштуусу 6-7 айдан бери бул маанилүү маселе көтөрүлгөнүнө карабастан биздин тиешелүү органдар эч кандай көзөмөл кылышпай келет.
- Каралбай жаткан "Ысык-Көл" мейманканасынын тагдыры эмне болууда?
- Бул мейманкана К. Бакиевдин тушунда банкротко учураган экен. 2009-жылы Бакиевдер "Манас" айылын талкалап, 2- резиденция кылып, мейманканага иш башкармалыкты көчүрүп келебиз дешкен экен. Ошондо таламай болуп, бүт мүлкүн ташып кетишип, азыр ичинде эч нерсе жок, аңгырап 4 жылдан бери бош турат. Былтыр чечим чыгып, учурда мамлекеттик мүлктүн балансында банкрот абалында турат. Өткөндө депутаттар келип, имараттын тагдыры жөнүндө сөз болду. Мен "Эгер ушундай имарат кура турган болсок, бери дегенде эле 15-20 миллион доллар керектелет, бул союз убагында салынган уникалдуу имарат. Жери дагы он эки жарым миллион доллар болот. Бишкекте азыр бир сотых жердин орточо баасы 25 миң доллар. Чынында, аны азыр жакшы баага сатууга мүмкүн эмес. Себеби имарат өзү гана эмес, анын аймагы да адам ыйлаарлык абалда турат. Бирок, ирээтке келтирсе болот" - деген оюмду айттым.
- Бул мейманкананы бир убакта сиз жетектеп турчу элеңиз, дегеле мындай абалга кантип келип калды, буга кимди күнөөлөйбүз?
- Ооба 1992-жылдары "Ысык-Көл", "Суусамыр", "Пишпек" сыяктуу ресторандар жана башка бир топ кафелер менин көзөмөлүмдө болуп, мен жетектечүмүн. Биз өкмөткө баш ийип, шаардыктар менен министрликтерди тамак-аш менен камсыздап турчубуз. Анан Акаевдер "Ысык-Көл" мейманканасын рестораны менен 11 миң 204 сомго 30 жылга корейлерге ижарага беришти. Ал эми "Ысык-Көл" рестораны мага карагандыктан, мен аны бербей алып калгам. Бирок, мейманкана корейлерге өтүп кеткен. 1994-жылы өкмөттүн чечими менен эки ишкана бириктирилип, кызматкерлердин добушу менен башкы директорлукка шайлангам. Ошондон тартып, мейманкананы иретке келтире баштадым. Себеби, алар 11 миң ижара акысын андан сырткары коммуналдык төлөөлөрдү да төлөшкөн эмес. Анын баары "Пишпек" мейманканасынын мойнуна түшүп калган. Мен келишимге толуктоо киргизип кол койдурдум. Анын негизинде корейлер чоң суммадагы карызга батып, кетүүгө аргасыз болушкандан кийин соттун чечими менен чыгарганбыз. Алар буга чейин эч нерсе төлөбөй көнүп алышкан да. Менин мындай ишим Акаевдерге жакпай, 1997-жылы иштен кеткем. Ак кызмат кылам деп, 15 жыл кызматтан четтетилдим. Андан кийин башка тармактарда иштедим. Былтыр БЭЭАнын башкы директорлук кызматына дайындалып иштеп жатам. "Сатсак да жакшы баага саталы, болбосо колубуздан келишинче өзүбүз иштетели. Бул бизге пайда алып келе турган ишкана болушу керек. Муну иштетсе болот" - деп эле айтып атам. Бирок чечимди мамлекеттик жетекчилер кабыл алат. Мейманканалар ойлондура турган маселе. Кыргыздын намысын коргой турган мейманканалар жок. "Кыргызстан", "Ала-Тоо", "Пишпек", "Сары-Челек", "Ысык-Көл" сыяктуу мейманканаларыбыз талкаланып бүттү. Бизге келген меймандарды "Казакстан", "Хаят" сыяктуу мейманканалар тосуп алышууда.
- БЭЭда өз ишин улантып жаткан түрк ишкерлеринин "Бета Кыргызстан интернэшнл" компаниясы жөнүндө эмне айта аласыз? Сураганым, өткөндө алар салык акысын төлөбөй келгендиги боюнча маалыматтарды айттыңыз?
- ВДНХдан эски чоң эки имарат 1996-жылы 30 жылга түркиялык ишкерлерге берилген. Ошол келишимдин негизинде имарат убагында каралып, оңдолуп турушу керек эле, бирок мамлекетке салык эле эмес, ижара акысы да түшкөн эмес. Учурда биз мыйзамдын негизинде иш алып баруу талабын коюп, ээлеп турган аянтын тартипке келтирүүдөбүз. Быйыл кошумча келишимге кол койдурдук, мындан кийин жылына 14 750 доллар төлөшөт.






Пикир:






??.??