Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_7.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_7.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_7.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Жусупбек Коргонбай уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты:
"Батукаевден калган 9 жылдык жаза мөөнөтүн Шамиль Атаханов баш болгон чиновниктерге бөлүп бериш керек, алар да түрмөнүн кандай экенин көрүшсүн"
Жусупбек Коргонбай уулу учурда 35 жашта. Бишкек шаардык кеңешинин өткөн жылы шайланган чакырылышынын депутаты. 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Республика" саясий партиясынын тизмесинде ат салышкан. Жакында эле Кыргыз Республикасынын бокс федерациясынын вице-президенти болуп шайланды.

Сыртынан жоош көрүнгөндөй болгону менен Жусупбек мырзанын келечекке болжогон пландары, курч позициясы, мекенчилдик касиети мени абдан таң калтырды. Буга чейин биз үчүн белгисиз болгон бул жигиттин лидерлик турумун, турмуштук тажрыйбасын кеңири ачып берүүнү чечтик.

- Жусупбек мырза, а дегенде турмушуңуздагы сабак болчу жагдайлардан баштасак…
- Айтчу сөздөр көп. Негизи төрөлүп өскөн кичи мекеним Ноокат районунун Н.Исанов айыл өкмөтү. Балалык турмушум айылда өткөн. Курбуларым сыяктуу эле карапайым үй-бүлөдө, айылдын түйшүгү менен мал багып, чөп чаап, суу сугарып чоңойгом. Кийин Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктагам. Кесибим юрист.
Турмушта ар кандай сабак болчу окуялар ар бир адамдын башында болсо керек. Антсе дагы Жараткан Алла Таала пендесине туура эмес жолго багыт албасын, ашыкча зыян тартып калбасын деп ар кандай сыноолорго тушуктурат экен.
Биринчи президент Аскар Акаевдин убагында "Кыргызресурсы" мамлекеттик ишканасынын түштүк аймагы боюнча филиалын жетектеп иштеп жүргөндө жетекчилик тараптан туура эмес аракеттер болуп, жалган жалаа менен камап кое жаздашканда Кыргызстандан сыртка чыгып кетишке туура келген. Анысы аз келгенсип, артымдан эл аралык издөө салып коюшкан. 3 жыл бою Москвада мигранттын түркүн түйшүктөргө чырмалган жашоосун жон терим менен сездим. Ошондой оор күндөрдүн биринде айылда мени ойлоп, санаага батып жүргөн апама телефон чалдым. Бечара апам телефонду алаары менен эле: "Ай балам, сени милиция издеп жатат деп сүрөтүңдү илип коюшуптур. Ушунун сага кереги бар беле балам ай…" деп телефондон бышактап ыйлады. Мындай оор абалга эне байкуш гана түтөт экен. Өзүмдү араң кармап: "Апа, эр жигиттин башына нелер гана келбейт. Азыр Сизди уялтып жаткан балаңыз бир кезде Сиз сыймыктанган адам болот. Баары өтөт, кам санабаңыз" деп жоошуттум. Айтканымдай эле арадан жылдар өтүп, 2010-жылы парламенттик шайлоодо "Республика" партиясынын атынан Жогорку Кеңешке талапкерлигимди койдум. Ошол күндөрдө бир ирет апам айылда бара жатып жарнамалык шитте Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов жана мен үчөөбүздүн илинип турган сүрөтүбүздү көрүп калат. Ошондо толкунданган апам мага чалып: "Балам, баягы айтканың келди" деп жатпайбы. Мен муну менен эмнени айткым келет? Биз баарыбыз бул дүйнөдөгү Алла Тааланын сыноодогу коногубуз. Мунун баары өтөт, кетет. Кыйынчылык дагы, бактылуулук дагы убактылуу.
- 2010-жылдан кийин Сиз "Нарынгидросуукурулуш" ААКсынын каржы тармагы боюнча директору болуп калдыңыз. Учурдагы энергетика маселесине кандай карайсыз?
- Негизи биздин мамлекеттин шартындагыдай шартта энергетика тармагында эч кандай көйгөй болбошу керек эле. Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин кол койгон Кыргызстанга ГЭСтерди куруу боюнча келишим абдан чоң мааниге ээ. Биз кандай болгон күндө дагы бул келишимдин аткарылышына жетишишибиз керек. Эртең орустар ГЭСтерди көтөрүп кетишпейт да. Ал биздин жерде калат. Ошондуктан бул келишим Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу болду деп ойлойм. Эң негизгиси-пейилди оңдош керек.
- Учурда бийликтин кадыры кетип бара жаткандай. Сиз учурдагы президентке кандай карайсыз?
- Негизи Алмаз Шаршеновичке адам катары дагы, лидер катары дагы оң эле баа берем. Кандай болгон күндө дагы ал Кыргызстандын эли шайлаган легитимдүү президент. Ал мамлекеттин башкы командачысы. Ошондуктан биз мыйзамдуу бийликти урматташыбыз керек. Ал кишинин намаз окуганы, ар бир сөзүндө кудайды оозанганы көп нерседен үмүттөндүрөт. Негизи, Кудай деген адам кара мүртөздүккө барбайт. Мени ошол нерсе үмүттөндүрөт.
Эми учурда бир катар саясатчы агаларым айтып жүрүшпөйбү, "бул бийликти кетириш керек" деп. Эгер биз жыргасак, эки революциядан жыргайт элек. Тилекке каршы андай болгон жок да. Эми эле стабилдешип келе жаткан мамлекетти кайра эле артка тартып жатабыз. Биз качан гана мыйзамдуу мамлекет орнотуп, темирден бекем тартип өкүм сүргөндө гана ийгилик болот. Биздин бир гана Кыргызстан деген Ата Мекенибиз бар. Дүйнөдөгү 7 миллиард элдин арасында болгону 3 миллиондой гана кыргыз бар. Ансыз да жоголуу коркунучунда турган аз элбиз. Ошондуктан биз ар бир кыргыз баласын баалашыбыз керек. Ар бир кыргыз үчүн, ар бир мекендешибиз үчүн тике турушубуз керек. Анан калса бизге ата-бабаларыбыз бул мамлекетте "бийлик талашсын, элди бөлүп жарсын" деп мурас кылган эмес да. Ошондуктан биз өз мекенибиздин кадырын билип жашашыбыз керек. Кандай гана өнүгүү болбосун, ал эволюциялык, табигый жолдор менен гана келет.
- Жусупбек мырза, учурда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго карата бир катар депутаттар чабуулга өткөнү байкалды. Алардын арасында Сиз да барсызбы?
- Менин бул боюнча өзүмдүн пикирим бар. Иса Шейшенкулович адам катары жакшы киши. Ал эми шаардын жетекчиси катары болгон аракетин кылып жатат. Учурда Бишкекте чечилбеген көйгөйлөр арбын. Анан калса шаардын калкы чогулткан салыктын жетиштүү бөлүгү борбордук бюджеттен кайра шаарга жетишерлик өлчөмдө бөлүнбөй жатат. Буга бюджеттеги таңсыктык дагы таасирин берип жатат. Ошондуктан биз бул маселеге объективдүү карашыбыз керек. Эгерде шаардын бюджетинде акча жок болсо, ал киши кайсы каражат менен жолдорду оңдошу керек? Ал эми инвестор чакырайын десе, өлкөдө стабилдүүлүк жок. Мына ушунун баарын эске алып, биз ал кишиге тиешелүү убакытка чейин шанс беришибиз керек. Эгер ал убакытта дагы ишти жайгара албаса, андан кийин гана анын отставкасын талап кылсак болот.
Ал эми жакында кызматтан алынган вице-мэр Вячеслав Красиенко боюнча сөз башка. Бул кишинин кызматтан кетишине себепкер болгондордун бири менмин. Шаардык кеңештин сессиясында бир ирет "520 миллион сомго шаардагы жолбун иттер үчүн атайын питомник куралы" деп сунуш көтөрүп келиптир. Эми элестетиңиз, бүгүн Бишкекте жолбун иттердин көйгөйүнөн башка көйгөй жокпу? Ошол эле жолбун иттерден айырмаланып үй-жайсыз бомждар деле жүрүшөт. Базарларга барсаңыз, 70-80 жаштагы кыргыздын аксакалдары, апалар кайыр сурап отурушат. Биз бүгүн ошол адамдарга кам көрүп, аларды атайын медициналык кароодон өткөрүүчү жай курсак болбойбу? Бүгүнкү күндө БОМЖдар таштанды челип тирилик кылып жүрүшөт. Алар өздөрү менен катар канчалаган коркунучтуу ооруларды жайылтып жатышат. Мына ушул маселе бизди ойлондурушу керек.
- Өткөндө шаардык кеңештин сессиясында:"Сессия кыргыз тилинде өткөрүлсүн" деп талап кылдыңыз. Бул мекенчилдикпи же популизмби?
- Абдан туура айтасыз, андай демилгени көтөрүп чыкканым чын. Мен айттым: "Дүйнөнү карагыла, кайсыл мамлекеттин борбор шаарынын парламенти сессиясын башка элдин тилинде өткөрөт?" деп. Туура, орус тили-расмий тил. Аны колдойбуз. Бирок биздин ата-бабабыз мурас кылып кеткен өз тилибиз бар да. Эгер ал өз мамлекетибизде баркталбаса башка элге, башка жерге анын кандай зарылчылыгы бар? Ошондуктан, мен бул пикиримди акыр-аягына чейин карманам.
- Учурда коомчулук жана ММКлар "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин өлкөдөн шашылыш чыгып кетишин талкуулап жатышат. Бул боюнча Сиздин да пикириңиз бардыр?
- Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, түштөн кийин чыга калып, бакырып жатканыбыздын өзү уят. Андан дагы Башкы прокуратура баш болуп, Акыйкатчы төш болуп Азиз Батукаевдин адвокаты болуп жүрүшөт. Эми уялыш керек да. Биз кандай мамлекетке айланып бара жатабыз? Башкасын сыйлабасак дагы Батукаевдин колунан каза тапкан Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин, ошол кездеги ГУИНдин төрагасы Икматулла Полотовдун, алар менен бирге каза болушкан парламенттин эки консултантынын арбактарын сыйлаш керек эле да.
Эми болоор иш болду. Батукаев кайрылып келбейт. Аны кайрып келүү колдорунан келбейт. Ошондуктан менин сунушум мындай. Батукаевди качырууга жардам берген Шамиль Атаханов баш болгон 4-5 чиновникке Батукаевдин калган 9 жылдык жаза мөөнөтүн бөлүп берели, ошолор өтөп чыгышсын. Түрмөнүн кандай экенин алар дагы көрүшсүн. Бул маселеде мен президент Атамбаевдин акыйкат мамиле жасаарына ишенем. Шамиль Атаханов анын тууганы болобу же жакыны болобу, аны токтоосуз түрдө кызматтан четтетээрине ишенем.






Пикир: