Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_5.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_5.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_5.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Валентин Богатырев:
"Бычакка сап болор бир да саясый партия жок"
2013-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн IPP тегерек столунда "Перспектива" аналитикалык консорциумдун жетекчиси Валентин Богатыревдун сүйлөгөн сөзү.

Биз бул оюнду аябай кеч ойной баштадык
Менин оюмча, биз Кыргызстандагы партиялык системаны куруунун эпохасынын биринчи фазасын аяктап калдык. Башыбыздан лидердик партияны, президенттик партияны, кландык партияны өткөрүп, партия-шайлоочу консорциумга жетип, партиялык механизм аркылуу парламентти жана өкмөттү түзүүгө жеткендей болгонубуз менен өлкөдө туруктуу партиялык система жок дегенге келдик. Партиялар калктын көпчүлүк бөлүгүнөн колдо таба алышкан жок. Эң жаманы партиялар саясый мародерлуктун символу болууда. Мындай топтордо кимдер экенин айтпай эле коёюн, алар кызматтарды, аймактарды, мамлекеттин ресурстарын өз ара бөлүп алышты.
Мен бир нече жолу айттым, биздеги азыркы саясий партияларда чыныгы партиянын жүгүн аркалап, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган көз караш да, негиздери да жок. Анткени, аларда "партия" деген түшүнүктүн олуттуу мүнөздөмөсү жок, андан сырткары идеологиялык бирдиктүүлүк, социалдык база, аныкталган максаты жок, жада калса саясый багыттагы жолу да жок. Эгер кыска гана түшүнүктү айта турган болсок, баланын өзү жок болгондон кийин, балдардын оорусу жөнүндө талкуулоонун эмне кажети бар? Биз азыр Кыргызстанда партиялык системаны курууга кудуретибиз жетеби? Саясий партиялар Кыргызстанда жашай алабы? Ал партиялар кыргыз коомунун саясый өкүлү катарында бычакка сап боло алабы? - деген суроону бере турган абалда турабыз. Бул суроолордун баарына менин бир эле жообум бар - жок. Убагында биз феодализмден социализмге секирип кеткендей эле, саясый уюмдарды түзүүнүн тарыхында да саясаттын өкүлү боло турган партиялык калыптандыруу этабын аттап кеттик. Биз саясый таш доордон түз эле мончодо чечинүүчү жерде туруп калдык десем да болот, анан аны биз түз эле демократия деп атап жатпайбызбы.

Эмне үчүн мындай болгонунун
эки себеби бар
Биринчиси , коомдо бир көз караштагы адамдарын биргелешип чоң топторду түзүү мезгили акырындап өтүп баратат. Индустриядан кийинки коом - бул топтошкон коом өздөрүнүн элементтерин, көлөмүн азайтууга аракет кылгандар. Бизде азыр бир гана индустриядан кийинки коом эле эмес, транзиттик да коом бар, башкача айтканда аныкталбаган түрдөгү структуралар көп.
Кыргызстандын партиялык долбоорунун оңоло албай жатканынын экинчи себеби , кыргыз коомчулугу азыркы убакта идентификациялык кризисте турат. Бүгүнкү күндө партиянын каркасын түзгөн биякта турсун, жада калса партиялык идеологиянын бир чекитин так көрсөтө алган бир дагы жакшы идея да түзүлгөн эмес. Мындай чөйрөдө, партия сыяктуулардын катарына киргендердин көбү чыныгы саясый партияны түзүүгө ниеттери жоктор, башкача айтканда өз кызыкчылыгын ойлогон гана адамдар. Мындай кырдаалдан чыгуунун эки жолу бар.
(Уландысы 12-бетте)




Турускулов тутулабы
же "сүттөн ак болуп" кутулабы?...

Кызматынан кыянаттык менен пайдалангандар же пара алгандар күн алыс эле тутулуп жатышат. Коррупция биздин сөөгүбүздөн өтүп, чучугубузга сиңип кеткен окшобойбу. Бул илдетке каршы күрөш күрдөөлдүү жүрүп жаткан сыяктанганы менен, алгылыктуу жыйынтыктын жыты сезилбейт. Дегеним, "кармалды же иш козголду" делгени менен көпчүлүгүнүн кийинки тагдыры белгисиз. Бул макалада "Чыгышэлектр" ачык акционердик коомунда болуп жаткан чырмалышкан иштер тууралуу сөз кылууну чечтик.


Өз короосунан
кочкор салган саясат

Өлкөбүздүн Ысык-Көл жана Нарын областтарында электр тармагын жөндөй турган "Чыгышэлектр" деген ачык акционердик коом бар. Кайсыл бийлик же өкмөт келсе да мындагы жогорку кызмат орундары алардын көзүн кызыктырып, талашка түшөт. Ишти жөндөй алабы - жокпу кызыктырбайт, иши кылып өз киши болсо болду. 2011-жылдын февраль айында да ошол учурдагы чоңдордун көрсөтмөсү менен бул мекемеге башкы директор болуп Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович дайындалат. Кесиби экономист, соода-сатык менен шугулданып жүргөн, бир күн да мамлекеттик кызмат түгүл мамлекеттик мекемеде иштебеген Жыргалбек мырза ойгонсо эле олчойгон мекеменин башчысы болуп дайындалып калыптыр. Жыргалбек мырза келе элек жатып эле ишти мекемедеги кадрларды тазалоодон баштаган. Учурда ал кызматтан четтеткен адамдар укугун сот аркылуу коргоого муктаж болушуп, соттордун алдында жүргөн кездери. Бошогон орундарга чоңдордун көрсөткөнүн дайындап, "Манастан Чубак кем бекен" дегенсип өзүнүн жек-жааттарын да бул тармактагы тажрыйбасына карабастан эле чакырып келип дайындай берген. Алсак досу Рустам Сакиевди Нарын филиалынын коммерциялык директору кылып дайындаса, эки ай контролер болгон бөлөсү Максат Чыныбековду Каракол РЭСинин башчысынын орун басары кылууга үлгүргөн. Ошондой эле Турусбековдун келиши менен бул тармакта эмгектенгендер маалыматты жалаң гана "Де-Факто" гезити аркылуу алып калышканын айтышат. Жеке гезитте Турускуловдун кандай кызыкчылыгы бар экени белгисиз (айрым маалыматтар боюнча анын жубайы иштейт экен), "жазылбайм" деген оюна койбой, бул гезит ушул күнгө чейин зордук менен таратылат экен.

Май кармаган
бармагын жалайт
"Чыгышэлектр" ачык акционердик коомунун 2011-жылдагы ишмердүүлүгүн КРнын Эсеп палатасы текшерген учурда компанияга 5 миллион сом өлчөмүндө каржылык зыян келтирилген фактысы аныкталган. 2011-жылдын октябрь айында 10 000 (он миң) даана электр эсептегичтер (счетчик) сатылып алынат. Базар баасы 300 сомдон турган бир фазалуу счетчиктер 750 сомдон кириштелсе, 1000 сом турган үч фазалуу счетчик 2500 сомдон кириштелген. Кытайда жасалган счетчиктер компаниянын ичиндеги метрологиялык кызматтын атайын текшерүүсүнөн өтпөй эле кардарларга сунуштала берген. Адистердин айтымында алардын сапаты тиешелүү стандарттарга жооп бербейт жана Кытайдан контрабандалык жол менен ташылып келинген. Тиешелүү жабдуулары жоктугунан улам компания ящик, автомат жана пломба коюу үчүн ар бир счетчик үчүн кошумча 300 сомдон дагы чыгымга учураган. Ысык-Көл облусу үчүн бөлүнгөн 5000 даана счетчиктин бир жарым миңи Түп районундагы кардарларга орнотулуп кеткен экен. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" демекчи, эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Сапаты туура келбеген счетчиктер учурда арестке коюлган. Коопсуздук кызматы абалды териштирген соң, ишти сотко өткөрүп берген. Сот бул иштерге кандай чечим чыгараары азырынча белгисиз…
Турускулов мырзанын жердиги Жумгал экен. Бир келген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калгысы келгенби, айтор Жумгалдагы атасынын "Турускул" деген дыйкан чарбасына да элдин эсебинен электр жарыгын чоюп берүүгө үлгүрүптүр. Нарындагы электр тармагына тиешелүү окуу полигонунун көмөк чордон, зым чубалгылары сыяктуу жана башка жабдууларын атасынын конушуна ташып кеткен. Жалпы суммасы 1,5 миллион сом чыгым тарткан нарындык энергетиктер учурда Турускуловдун өзүмбилемдик аракеттерин укук коргоо органдарына өткөрүп бере албай убара.
"Турускулов ушунча эле начар иштегенби?" деп, Энергетика министрлигинин жылдык отчетторун барактаганыбызда ал жетектеп турган учурда "Чыгышэлектр" ишканасынын көрсөткүчтөрү жылдан жылга төмөндөп отурганына күбө болдук. Алсак, 2011-жылдын 6 айында эле дебитордук карыз 28,7% өсүп, мунун аркасында салык, соцфондго төлөмдөр кес-кин көбөйүп кеткен. Мындан тышкары компаниянын жетекчилиги 2011-жылдын декабрында 74 миллион сом, 2012-жылы 20 миллион сом дебитордук карыздарды тастыктамасы жок эле жоюп коюшкан. Ушул сыяктуу кемчиликтеринин аркасындабы же адаттагы саясий оюндар таасир эттиби Жыргалбек Турускулов 2013-жылдын 28-январында кызматтан алынган.

Кыштын камын жазда
көрчү белек?...
Энергетика тармагындагы көйгөйлөр жүрүп отуруп Президенттин алдындагы коргоо кеңешинде да талкууланды. Коргоо кеңешинин акыркы жыйынында ажобуз А.Атамбаев энергетика тармагында дале болсо Бакиевдер, Ширшовдор түзгөн схема гүлдөп жатканын шардана кылды. Тилекке каршы, ал жыйындан бери бир топ убакыт өтсө да, энергетика тармагындагы иштердин колго алынгандыгы байкалбайт. Турускулов кызматынан четтетилгенден бери эки жарым ай болду, ордунда милдетин аткаруучу отурат. Же ал, же башкасы бекитилген жок. Мындай кенебестик эмнеге алып келээри айтпаса да түшүнүктүү го. Былтыркыдай "кыш билинбей эрте келип калса" кароосуз калган тармактагы иштерди кимден сурайбыз? Бул арада Турускулов соттогу иштерин соодалап бүткөн окшойт, мекемеде калган "жоролору" "андан өткөн мыкты жетекчи жок, бизге кайра алып келип бергиле" деп, кол топтоп жүргөн кербездери…







Пикир: