Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Кыргызстанда жашоо кандай?
ЮСАИД үстүбүздөгү жылдын 13-февралынан 28-февралына чейин Кыргызстанга тиешелүү ар кандай маселелердин тегерегинде эл арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Кыргыз, орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн маектерге Кыргызстанда туруктуу жашаган 18 жаштан жогорку адамдар тартылган. ЮСАИДдин бул иликтөөсүнө таянсак, Кыргызстандын калкынын жашоо-жагдайын, кайгы-касиретин, сүйүнүч-күйүнүчүн, дегеле толгон токой тирилигин төмөнкүдөй деп боолголоого болот

(Башталышы гезиттин өткөн санында)

Үгүттүн кайсынысы
таасирдүү?
Кыргызстанда интернет колдонуучулар жылдан-жылга көбөйүп баратыптыр. 2011-жылы сурамжылоого катышкандардын 5 пайызы, 2012-жылы 8 пайызы, 2013-жылы 11 пайызы интернетти күн сайын колдоноорун айтышкан. Борбор шаарыбыздын жашоочуларынын 30 пайызы, башка шаарларыбыздын тургундарынын 12 пайызы, ал эми айылдыктардын 5 пайызы интернетти күн сайын колдонушаарын айтышканын эске алсак, мында инфраструктура башкы ролду ойноору кашкайып көрүнүп турат.
Шайлоо кампаниясында элдин талапкер менен бетме-бет жолугушуусу үгүттүн башка формаларына караганда бир канча таасирдүү болоорун өткөн жылдын август айына да( 68 пайыз), быйылкы февраль айына да (54 пайыз) тиешелүү көрсөткүчтөр дадилдеп турат. Албетте, үгүттүн башка формалары да ар кандай деңгээлде таасир этээри бышык. Талапкер үгүттүн кайсынысы кандай денгээлде таасирлүү болоорун төмөнкү 2012-жылдын август айына жана 2013-жылдын февраль айына тиешелүү көрсөткүчтөргө көңүл салып аңдап алуусу шарт: талапкерди колдогон кадыр-барктуу адамдын пикирин угуу (51-44 пайыз), гезиттердеги макалалар (33-31), теле көрсөтүүдөгү роликтер (38-30), талапкердин өкүлүнүн үйлөрдү кыдыруусу (38-29), үйлөргө телефон чалуулар (35-28), талапкердин жазган жеке каты (33-26), брошюралар, буклеттер (29-23), гезиттерге акы төлөнүп чыккан жарнамалык материалдар (28-22), жарнамалык щиттер (27-22), радиодогу роликтер (25-19), автотранспорттордогу лозунгдар (26-19).

Балык
башынан сасыйт
Кыргызстанда коррупция эң чоң проблема экендигин 2011-жылдагы (72 пайыз), 2012-жылдагы (75 пайыз), 2013-жылдагы (69 пайыз) көрсөткүчтөр дадилдеп турат. Ал эми кайсы мекеме канчалык деңгээлде коррупцияга баткандыгын сурамжылоого алганда өткөн жылы милиция (70 пайыз), быйыл гаишниктер (55 пайыз) тизменин башына чыгыптыр. Андан кийинки орундарды 2012- жана 2013-жылдарды салыштырып алганда соттор (63-49 пайыз), прокуратура (61-50), медициналык мекемелер (60-42), бажы (59-47), ЖОЖдор (57-45), Салык кызматы (55-43), Финансы полициясы (50-43), Парламент (37-40), армия (35-25), саясый партиялар (33-36), Президенттин Администрациясы (29-28), банктар (29-22), кыргыз компаниялары (27-18), чет элдик компаниялар (24-16) ээлешкен. Мында көрүнүп тургандай, баарыдан мурда укук коргоо органдары коррупцияга белчесинен баткандыгын эл ачыктап отурат. Жогорудагы тизмени карап отуруп, дегеле "Кыргызстанда коррупцияга аралашпаган бир дагы мекеме, уюм калбаптыр" деген бүтүмгө келүүгө болот. "Калк айтса, калп айтпайт" дегендей, Президенттин Администрациясы, Парламент "балык башынан сасыйт" болуп коррупцияга аралашып жаткандан кийин, башкалар жөнүндө эмнени айтууга болот?!. Анын үстүнө "кыргыз бийлиги коррупция менен күрөшүүдө ийгиликтүү иш жүргүзүп жатабы?" деген суроого өткөн жылы жарандардын 76 пайызы, быйыл 74 пайызы "жок, ийгиликсиз иш жүргүзүп жатат" деп жооп беришкенинин өзү эле бул маселеде бийлик алсыздык кылып жаткандыгынан кабар берип турат.

Сүткөлгө Совет
мезгилинде
жеттик беле?
Тарыхта ар кайсы доордо, ар кайсы эл ар кандай жашоону баштарынан өткөрүп келгендиги белгилүү. Өткөн жылы февраль айында сурамжыланган жарандардын 6 пайызы Кыргыз каганаты доорунда жакшы жашагандыгын айтышса, 64 пайызы Совет мезгилинде майкөл, сүткөлдүн үстүндө болушкан деп, ал эми 17 пайызы Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин элдин жашоосу оңолду дешкен. Мында дагы деле Совет мезгилиндеги жашоону эңсегендер басымдуулук кылаары көрүнүп турат.
Кыргызстандагы жакырчылыктын ички себептерин эске албаганда, тышкы кандай себептер өлкөбүздү огобетер өмгөктөтүп жаткандыгы сурамжыланганда 2013-жылдын феврал айында жарандардын 31 пайызы дүйнөлүк каржы кризисин, 13 пайызы күчтүү державалардын кытмыр мамилесин, 6 пайызы океанга чыгуучу деңиз жолдорунун жоктугун айтышкан.

Улутка бөлүү
барбы, же?..
Өлкөбүздө аялдардын укугу тууралуу кеп болгондо "динге ишенүү эркиндиги сакталат" дегендер 38 пайызды, "сакталбайт" дегендер 9 пайызды, "бизнеске аралашуусуна тоскоолдук жок" дегендер 38 пайызды, "бар" дегендер10 пайызды, "саясатка жана коомдук иштерге кийлигише алат" дегендер 32 пайызды, "албайт" дегендер 12 пайызды түзгөндүгүнүн өзү эле Кыргызстанда аялдардын тигил же бул нерсеге аралашуусуна андай деле бут тосуулардын болбостугунан кабар берип турат.
"Кыргызстанда жарандардын укугу улутуна карабай бирдей коргоого алынганбы?" деген суроого кыргыздардын 67 пайызы "ооба", 26 пайызы "жок", өзбектердин 63 пайызы "ооба", 27 пайызы "жок", орустардын 30 пайызы "ооба", 55 пайызы "жок", ал эми башка улуттардын 47 пайыз " ооба", 45 пайызы "жок" деп жооп беришкен.

Түйшүк
аялдарда арбын
Үй мүчөлөрүнөн бирөө-жарымы чет өлкөлөргө жашаганы же узак мезгилге иштегени кеткенин же кетпегенин сурашканда өткөн жылы 70 пайызы кетпегендигин, 29 пайызы кетип калгандыгын, ал эми быйыл 72 пайызы кетпегендигин, 28 пайызы кетип калгандыгын айтышкан. Мында чет өлкөлөрдө жүргөндөрдүн көпчүлүгү эмгек мигранттары экендиги айдан ачык. Белгилеп кетчү нерсе, эркектерге караганда (42 пайыз) аялдар (58 пайыз) көп түйшүк тартып жаткандыгы өкүнүчтүү. Ал эми жаш куракка бөлүштүрө келгенде 18-29 жаштагылар 28 пайызды, 30-49 жаштагылар 40 пайызды, 50 жаштан жогоркулар 32 пайызды түзгөн. Бул болсо, алдуу-күчтүүлөрдүн бир тобу чет жактарда иштеп жүрөт дегенди туюндурат.
Сурамжылоодо белгилүү болгондой, Кыргызстанда ислам динин тутунгандар 89 пайызды, православие дининдегилер 9 пайызды, башка диндегилер 1 пайызды, ал эми атеисттер 1 пайызды түзгөндүгүн эске алсак, кандай гана болбосун адам ишенимине ариет мимиле кылуу керектиги тастыкталып турат.

Өп-чап жашоо
Сурамжылоодо ачыкка чыккандай, орто билим алган соң окуусун улантпай койгондор (51 пайыз) басымдуулук кылгандыгы, алтургай мектепти да толук бүтпөй калгандар (5 пайыз) бар экендиги республикабызда кесибине жараша иш табылбай жаткандык менен түшүндүрүлөт. Мында жогорку билимге ээ болгондор 21 пайызды, орто кесипчилик билим алгандар 16 гана пайызды камтыган.
Үй-бүлөсүнүн орточо кирешеси 4000 сомго жетпегендер 20 пайызды, 4001-8000 сом болгондор 28 пайызды, 8000 сомдон ашкандар 27 пайызды түзө тургандыгын эске алсак, көпчүлүк карапайым калк өп-чап жашоо менен өмүр өткөрүп келатканы дагы бир жолу тастыкталат.

Иштебегендер
иттин капталынан
Элдин басымдуу бөлүгү иштебесе ( 66 пайыз) өлкөбүз кантип өнүксүн (иштегендер - 33 пайыз). Иштебегендердин 23 пайызы ылайыктуу иш издеп жүрсө, 9 пайызы иш менен деле иши жок экен, бекерпоздукка биротоло көнүп бүтүптүр. 36 пайызы дек-реттик эмгек өргүүсүндө же жөн эле үй иши менен алек. 25 пайызы пенсионерлер, 7 пайызы окугандар. Иштегендердин 9 пайызы квалификациялуу жумушчу, уста, 8 пайызы квалификациясы жок жумушчу, 12 пайызы фермер, 18 пайызы кеңсе кызматкери, 6 пайызы техник, мастер, 8 пайызы начальник, менеджер, 32 пайызы ар кандай адистикке ээ экендигин, 18 пайызы тейлөө, соода тармагында иштээрин айтышкан.
Сурамжылоого таянсак, респуб-ликабызда калктын 79 пайызын кыргыздар, 8 пайызын өзбектер, 10 пайызын орустар, 3 пайызын башка улуттар түзөт. Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат алып маектешүү кыргыз (72 пайыз) жана орус тилинде (28 пайыз) жүргүзүлөт. Калктын басымдуу бөлүгү айылдарда (63 пайыз) турушат. Элдин турукташуусу Кыргызстандын башка шаарларын бириктирип алганда да (19 пайыз) Бишкектен (18пайыз) бир пайызга аз болгондугу калктын борбор шаарга агылуусу азайбай жаткандыгынан кабар берет.





Пикир:






??.??