Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_3.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_3.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_3.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Баш прокурор А.Салянова С. Жапаровго жаңы иш козгоп, токтом токуду
"Адилетсиздиктин "катыгын" берип жаткан Баш прокурор Аида Салянова 25-март күнү Жапаровго карата Кылмыш жаза кодексинин 329- беренеси боюнча жаңы иш козгоду. Эмне үчүн 25-март күнү козгоду? Себеби 29-март күнү Биринчи май райондук сотунда Ташиев, Мамытов, Жапаров үчөөнү актап жиберсе Жапаровду Нариман Түлеевге окшотуп сот залынан чыгарбай алып калуу максаты болгон. Козгогон иши дагы күлкү келээрлик иш. Атамбаевди "Кыргызалтындан" 30 млн. сом алып чыгып кеткен" деп жалган сөз тараткансың дешет. Анан дагы "2007- жылы Бакиевдин премьер-министри болуп турганда Иштамберди алтын кенин болгону 40 млн. долларга берип жиберген" дегенсиң деп айыптап, иш козгошту.
Алар айтып атышат "Атамбаев кеткенден кийин Чудинов келип кол койгон" деп. Чудиновго чейин бардык келишимдерди даярдап, макулдашып койгондон кийин Чудинов келип, ошону эле бекитип берип жатпайбы. Ал кагаздарды каякка катышат? 30 млн. боюнча Атамбаевдин өз колу менен токтому турбайбы, муну каякка катышат? Ал эми Садыр Жапаров Баш прокурор А.Саляновага: "козгогон ишиңди токтот. Биринчиден мен депутат катары текшерген иштерди жарыялаганым үчүн сен эмес сендей сексен прокурор келсе иш козгой албайт. Себеби, Баш мыйзам мага толук кепил болот. Депутат эмес жөнөкөй жарандар дагы айтса аларга дагы иш козгой алышпайт, себеби Баш мыйзамда так көрсөтүлгөн. "Бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген же беделин түшүргөн сөз айтканы үчүн кылмыш куугунтугуна алынбайт" - деп айтып жатат.
Садыр Жапаров ушуларды так, даана, көргөзө жазып Баш прокурор А.Саляновага арыз менен кайрылган "иш козгогон токтомду жокко чыгар" деп. Аны Аида Салянова теледен чыгып алып "С.Жапаров жалынып суранып атат" деп калп айтып атпайбы. Мындан сырткары С.Жапаров Аида Салянованын үстүнөн бир нече күч органдарына арыз жазган Минюст болуп турганда "Кумтөр" төкчү 1,5 миллиард сом салыкты "списать" эткенге Данияр Үсөновго жардам берген фактысы боюнча. Муну эсептөө палатасы текшерип, бир эмес төрт мамлекеттик инспектор Жумагулова, Сакилов, Эмилбаев, Эсеновдор өздөрүнүн актысында "Салянованын күнөөсү бар" деп беришкен. УКМК болсо "Салянованын күнөөсү жок" деп катын 20- март күнү берди. Биз аларды туура эле түшүнүп турабыз. Себеби, алар өздөрү Салянованын кол астында иштеп атышат анан кантип ага иш козгойсуң. Мына ушунун баарына чыдабаган Салянова жана Ак үй Садыр Жапаровдун өзүн сындыра алышпай, кечээ бир тууган эжесин сотко чакырып туруп күнөөлүү катары №1 СИЗОго камап коюшту. "Бул эмне деген акмакчылык?! Акаев, Бакив убагында дагы мындай болгон эмес. Согушса С.Жапаровдун өзү менен согушпайбы эжесинде эмне күнөө?" - дейт Садыр Жапаровдун адвокаты.




Мамырованын ташы, Турсунбектин башы
Бу, Турсунбек Акундун башы баш. Дайыма эле таш тийип "таңдырып" алып, басып жүрөт. Бул жолу да Батукаевге байланышкан таштар түптүз барып эле, Т.Акундун башына тийип атат. Кийинки таштардын бирин депутат Б.Мамырова ыргытты эле, кайып кетпей кайран Тукебиздин башына барып "каңк" дей түштү. (Башка баш болсо, эбак мээси чачырап кетмек. А бул Т.Акундун башы да). Мамырованын "ташы" мындай: " Жаштар "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин оорусу боюнча акыйкатчы Турсунбек Акун өтүнүч арыз берип, анын негизинде кылмышкердин бошотулуп кеткенине…СИЗОдогу Адина Турдубаеванын оорусу көрүнүп, врачтардын корутундусу турса дагы эркиндикке чыгарылбай жатканына нааразы болуп жатышат. Ал эми Т.Акун А.Батукаевдин ден соолугуна тынчсызданып өтүнүч арыз берген. Бул акыйкатчынын ишиби?" . Ошону менен Б.Мамырова "Акыйкатчы Т.Акундун ишмердүүлүгү жана жоопкерчилиги боюнча маселе" парламентте каралышы керек деген сунушун айтты. Депутат Т.Бакир да бирдемелерди айтып колдоп турду. Эми, мынча таштан Тукебиздин башы аман калабы, жокпу, олуялык кылалбайбыз.




Табылган таш нефрит экен
Өткөндө "Алиби" гезитине (10-апрель, 2013) "Табылган таштын пайдасы тиеби?" деген Ысык-Көл облусу боюнча өз кабарчыбыз Чыныбек Ажибековдун макаласы жарыяланган болчу. Андан бери ал таштын тагдырына кызыккан окурмандар күн сайын чалышууда. Канткен менен Жети-Өгүз районунун, Чоң-Кызыл капчыгайындагы суудан табылган бул таш боюнча парламент да кеп кыла баштаганы жакшы жышаан. Депутат Эркингүл Иманкожоева бул таш нефрит экенин эксперттер далилдегенин, ал алтындан кымбат тураарын айтып чыкты. Ошондой эле депутат айым ал жерди "өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген" кайсы бир жеке фирма узун-туурасынан чалгындап, болжолу 100 тонна нефрит бар экени тууралу сөз жүрүп жатканын да кошумчалап өттү. Ырас эле, ал жерди ким бирөөлөрдүн чоң чокоюна тебелетпей, көңүл бурчу мамлекеттик орган барбы бизде? Өкмөт каякты карап отурат? Бир сөз менен бул маселеге дагы кайрылып, коомчулуктун көңүлүн бурбасак, "бармак басты, көз кысты" операциясы ишке ашып кетчүдөй болуп турат. Буга кийинки сандарыбызда кеңири токтолобуз.




Айнуру Алтыбаева жол кырсыгына кабылып...
Кечээ уулуна айдатып алып, жумушуна келаткан депутат Айнуру Алтыбаеванын машинасын капталдан чыга калган машина капшырып кеткен. Бирок, Кудай жалгап анчалык эч нерсе болушпаптыр. А.Алтыбаева дароо врачка кайрылганы менен олуттуу жаракат албаганын айтты. Журналисттер "мүмкүн сизге кол салуу болгондур" деп көбүртүп ийели десек, А.Алтыбаева: "бул жөн эле кокустук" деп жайгарып койду. Каап, айрым саясатчылардай "атайлап кылышты" деп койгонунда, дүңкүлдөтүп жатып калбайт белек. Бу депутат айым "кайсы жерде өзүн пиар кыла койгонду билбейт да. Кызык эле жан окшойт. Ушундай да саясатчы болобу?!





Министрликпи же кудалар конторасыбы?
Билим берүү министрлигинде Эдил Молдоев деген эргул бар. Бир топ жылдан бери улам бир министрге илешип, кенешчи боло калып, ушак ташып, интрига уюштуруп, бөлөк эч нерсе колунан келбеген адам. К.Садыков министр болгондон бери жанынан бир карыш жылбай, кабылдамасында күндөп-түндөп отурат. Ошентип жабышып жүрүп, айласын таап, кызын уулуна алып берип, азыркы министр менен кан куда болуп алган. Министр К.Садыков дагы берешендик кылып, былтыр кудасын министрликтин алдындагы "Лицензиялоо жана аттестациялоо департаментинин" деректири кылып дайындаган. Бул билим берүү тармагындагы эн таасирдүү жана күчтүү бөлүм. Эл арасында бул кызматты "экинчи министр" деп коюшат. Анткени бала бакчадан баштап ЖОЖдорго чейин лицензиялоо, аттестациялоо, текшерүү жумуштарын аткарат. Ошентип, эки куда билим берүүдө эң таасирүү эки кызмат болсо, ошону өз ара бөлүшүп алып, "кой - ай" деген киши жок, каалагандай чайкап, талкалап жаткан учуру. Муну элдин баары билет. "Куда болсоң К. Садыковдой бол" деп коюп, баш чайкап отурушат.
Чын эле, азыркы чоңдордун кимиси кудасына ушундай белек бере алат? Кайран кудалар!..(Редакциядан: Бул маалыматты редакциянын электрондук почтасына Макен Өмүров (omurovm@mail.ru) деген окурманыбыз салып жиберген).




"Апсун" окуп жиберишпейби
Депутат Э.Сакебаев ЖКнын кезектеги жыйынында "Ысык-Ата районундагы "Новопокровка" айылына трансформатор койдуруп бергиле" деп айта берип, тили тешиле турган болгондугун билдирди. (Бечара депутат төрт жолу ушу маселени көтөрүп, какшанып жатса, тили тешилбегенде эмне болмок). "Мен министр Калмамбетов менен бул маселе тууралуу сүйлөшкөм. Эл 2 млн.акчасын топтоп коюшканын айткам. Жакында алар дагы келишиптир. Дагы министрге чыксам: "Билбейм, мен бул кызматта каламбы, жокпу. Эгерде калсам, анда аларды кабыл алайын " деп жооп берди дейт. Депутаттын айтканына караганда. бүгүнкү күндө министрлердин баары эле ушундай маанайда экен. Сыягы министрлер "оптом" депрессияга алдырып, "ооруп" калышса керек. Депутаттар эле "апсун" окуп айыктырып жиберишпесе, буларың "жыргатпай" калышкандай.




Бокоевден "борс" этме
"Депутат Кенжебек Бокоев: "премьер министр Ж.Сатыбалдиев акимдерди мыйзамсыз бошотту" деп айкырып чыкты. Анын сөзүнө карасак, акимдерди жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макулдугу боюнча гана алууга мүмкүн экен. Кыскасы, "алты акимди алып ыргытып ийди, ушу кантип болсун? Бул маселени Башкы прокуратура карашы керек" дейт. Элде "депутат болсо эле дей береби" деген кеп бар. Анын сыңарындай, бу депутат минтип күпүлдөгөндүн ордуна "акимди алалбаган премьер-министрдин кимге кереги бар?" деген суроону кабыргасынан какса жарашпайт беле!


Селсаяктын "секрети"
Жайыл РИИбинин кызматкерлери тарабынан алдамчылык менен жан баккан селсаяк кармалды. Бул кыраан алдаганда да 26 жаштагы Мээрим.Д.деген айымды алеки саатта башын айландырып, акчасын алып коюптур. "Эртең эле берем" деген экен эмгиче кайрып бербептир. Алдамчылык таланты ченде жок неме 45 жаштагы Асыл.С. деген айымдын "ар жагынан бир, бер жагынан эки" чыга калганда, тигил айым кантип эки коюн кармата салганын билбей калыптыр. Акыры бул иштер боюнча Бахрамжан.Н. деген 53 жаштагы эч жерде катталбаган, туруктуу жашаган жери жок селсаяк тутулуп отурат.





Пикир: