Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_2.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_2.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_2.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Көлгө көз арттырган бийлик…

Мындан бир топ жыл мурда бир кесиптешибиздин "көлдүн интеллигенциясы асман балыгына айланды" деген пикирин угуп, таарынган агаларына таш ыргыткан го деген ойдо калгам. Андан бери көп жыл өттү. Балыкка айландыбы, башкасына айландыбы бул алардын иши. Бийликте бирин-серини көрүнбөсө жалпы журттун убалына калгандардын катарында жогураак экендигин көпчүлүк жакшы билет. Ушуга деле шүгүр.

Андан бери мезгил өтүп, Үзөңгү-Кууштун, Каркыранын, Кумтөрдүн маселеси көтөрүлүп, анын айдыңы менен "иттин уулу Байгара" да саясатка аралашып, көл тарапка буту басып көрбөгөндөр да көкүрөгүн каккылап, асты Ак үйдө отурат. Оппозиция өкүлдөрүнө Түп районундагы Сары-Булак айылынан "жумуртка" жаап, бул окуяга катарлаш кадырлуу аксакал Дооронбек Садырбаевдин каза болгонун байланыштырып, "көлдүктөрдүн айынан жер жазданды" дегенге чейин барышты. Буга да унчуккан жок, көлдүн эли.
Кийин Дооронбек аксакалды эскерүү аземинде Султан Урманаев ошол окуя үчүн караламан кыргыздан кечирим сурады. Калыстык керек, улуу адамдын жүрөгү касиеттүү көлдүн жээгинен сокпой калып, сөөгүн жүктөп келип, таарынган тараптар "көлдүктөр күнөөлүү" дешсе адилеттик болмок. Ошого карабастан Султан Урманаев кыргыз элинин ынтымагы, касиеттүү көлдүн ыйыктыгы, Дооронбек атанын арбагы үчүн улуу башын кичүү кылып, бүтүндөй көлдүн элинин атынан кечирим сурап койду. Мындан Султан Урманаевдин уяты күбүлүп, көлдүн элинин жүзүнө көлөкө түшүп, кадыры чачырап калган жок.
Кийин күн алыс кайталанган митингдердин учурунда "көлдүктөр катышпай койду" деп таарыныч кылгандар чыкты. Буга да эч ким, эч нерсе айткан жок. Анткени, көлдүн эли Улуу Үркүндү баштан өткөргөн. Чачылган, чарпылган эмне экенин жакшы билген эл. Тарых муну тандырбайт.
Бирок, бардык нерсенин чеги болот. Өткөн жылдын 20-сентябрында Россиянын президенти Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын 500 миллион доллар карызын кечүү боюнча келишимге кол коюшкан эле. 16-апрелдеги Россиянын Мамлекеттик Думасында бул келишим талкууланып, бир ууч бийлик менен сапырылган саясатчылар дөөгүрсүгөн "ЛДПРчи" Владимир Жириновскийдин "Кыргызстан карызы үчүн Ысык-Көлдү берсин" деп ээн ооздонгонуна жол берди. Кылымды карыткан кыргыз "ушундан көрө ычкырыңа муунуп өл" деп эл башына күн түшүргөндөргө, адамдык парасатынан тайыгандарга айткан. Бул сөздү карапайым кыргыз эли жана кыргызстандыктар бүгүнкү бийлик менен саясий элитанын өкүлдөрүнүн ар бирине айтса жарашканы турат. Ыйык көлдү кыргыздын жана кыргызстандыктардын карызына барымтага бергидей, көл жана көлдүн эли көчөдө калган жери жок. Жинди саясатчынын "көлдү берсин" дегени элди берсин дегени.
Бишкекти кыштакка салыштырып, бүтүндөй Кыргызстанды "Президент болчумун деген бир талапкери мага келип президент болушуна жардам сураганда бүтүндөй бир областын берем деп айтканы бар. Демек, алар берүүгө даяр. Чын эле Киргизияда(!) бир гана алтын, уран, ж.б.у.с казып алчу кендерден башка да пайдалуу гидроресурстары бар. Эгерде, алар булардын абдан кымбат экенин билишип, эч нерсесин бергиси келбесе анда Кара деңизден да мыкты, жылуу, жээктери кум, тегерек чети орусча сүйлөгөн жашоочулары бар айылдар менен курчалган, тамак-ашы белен, сонун, кооз Ысык-Көлдү беришсин! Эмне жолтоо болот?! Москвадан Ысык-Көлгө, туура көлдүн өзүнө чейин барчу поезд жүрсө болот, анда деңиз-океан сыяктуу эле чек ара жок, шылтоо айтканга. Көлдү май айынан тартып октябрга чейин пайдалансак болот" деп ээн ооздонгон Владимир Жириновский баш болуп, көлдөн жер алган. Азыркы саясатчылардын бири да "көлдүн айланасынан жер алган эмесмин" деп айта албайт. Ал эми жергиликтүү элдин айрым өкүлдөрү үй салганга беш аттам жер ала албай, көлдүн айланасындагы айылдардын тургундары көлгө бутун мала албай калды. Жолдордун тамтыгы чыкканын айтпай эле коелу. Тойчубек Касымов тоого салган жол турат томсоруп. Эгемендик алгандан бери көлдүн элин жөн эле коелу, көл каралдыбы? Ата-бабалар жүзүн гана чайкаган ыйык көлдү жайкысын "такалуудан тай калбай", кечип кеткенден башка кылаарыбыз жок. Албетте, көл каралбай калып, калган аймактын эли, жери куунап кетти деген эч ким жок. Ички миграциядан улам, Сары-Өзөн Чүй резинадай чоюлуп, "Баткенге" тажиктер четинен басып кирип, улут аралык жаңжал Ошту томсортуп, анклавдардын азабын тартып жатат. Теңир-Тоонун эли тынбай каттаган кытайлык оор жүк ташуучу унаалардын азабынан чаң жутуп, жолу талкаланып отурат. Жала-Абад менен Талас элинин деле чекеси ысып кеткен жери жок. Тактап айтканда, бир ууч кыргыздын жана кыргызстандыктардын убалына бир автобус кыргыздын элитасы калып бүттү. Муну өздөрү деле жокко чыгарбай, биринин бетин бири тытып, асты бет карашпай калды.
Россияга Союздук республикалардын бардыгы карыз. Бирок Кыргызстан бул жагынан сазга батып калган. Эмне үчүн Жириновский Казакстандагы Байконурду берсин дебейт? Эмне үчүн Бухаранын бир өңүрүн же Бадахшанды берсин дебейт? Анткени коңшулаш өлкөлөр жада калса Тажикстан баш болуп, "кыбыраса да кыр ашып жатканын" да, биздин "таз" кейпибизди да билет. Керемет көл Орто Азиянын бермети экенин да билет. Жириновкий оңой жинди эмес. "Итаалынын балдарындай" ыркырашкан кыргыз саясатчыларынын, бийликтин кебетесин көрүп, пикирин айтып жатат. Россиянын бийлиги Жириновскийдин мындай "дөөдүр пикирин" билмексенге салганы менен алардын обу деле ушуга барып такалат. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев деле көлдөгү төрт пансионатын жери менен кошо талап кылып келген. Эми деле оюнда ошо турат. Кыргыз бийлиги күчтүү болгондо коңшу мамлекеттердин жарым эс саясатчылары түгүл, мамлекет башчылары да мындай оюн ичтеринде катмак. Көлгө көзү кызарып, "ичтеринен ит өлүп тургандыгын" ачык айтышмак эмес.
Ток этээрин айтканда "көлгө көз арттырган бийлик" жинди Жириновскийдин пикирине кулак жапырып койгонго акысы да жок. "Көчө саясачылар кетет, көл калат". Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Кумтөр жайгашкан касиеттүү көлгө сөз тийгизген кыргыз бийлиги жана саясатчыларын тарых да эл да кечирбейт. Орустун жинди саясатчысынын пикири чындыкка айланат деген кооптонуу жок элде. Бирок, коңшу мамлекеттердин чала сабат саясатчыларынын кыргыздын качкын президенттерине, жер кезген кыргыздарга, күн алыс өткөн митингдерге карата шылдыңы бир тең, көлгө асылганы бир тең болду. Ыйык көлгө сөз тийгизген кыргыз бийлигинин кыргыз элинин тагдырын мындан ары калчаганга укугу барбы?






Пикир: