Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_12.htm on line 5

Warning: include(../../mainkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_12.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../mainkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/13/0419_12.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Колуңду
таза тут

Мыйзамдын чечмелениши:
Абийири таза, эмгекчил адамдын образын түз: сенин колдоруң эч качан катачылыктарга жол берген же жаман иштерге малынгандай болбосун. "Эзели кир жукпагандай" көрүнгөн жүзүңдү сактай бил, башкаларды өзүңдүн куралын катары пайдалан, сенин "түктүү" кулагың эч жерден көрүнбөсүн.

(Башы өткөн санда)

Цао Цао менен болгон окуяны алсак, анда анын күнөөсү үчүн таптакыр күнөөсү жок адамдын башы кетсе, Романьяда иш башка эле. Ал Чезаренин "сыр сандыгындагы" абдан коркунучтуу куралдарынын бири болчу. Чезаре колун канга-чаңга тийгизбей туруп, бардык кара жумуштарды Орконун колу менен бүткөртүп албадыбы. Бул жерде "тагдырынан көрсүн" деп байкуш Оркону кууп жиберсе деле болмок. Чезаре антпеди. Аны "курмандыкка" чалдырып ийип, эл көзүнө акыры чындыкты орноткондой көрүндү. Ошентип, мындай учурларда иштин сыртында бол. Бирок, калк көзүнө калыс, тартипти орното билген адам катары да көрүнүп кой.

Афиналыктар мамлекеттин эсебинен өзүн өзү жоготкон кайырчыларды, пайдасыз бекерчилерди кармачу. Качан гана шаарга кайсы бир кырсык (жугуштуу оору, ачкачылык, кургакчылык) келе турган болсо тиги шордууларды, шаардын сыртына алып чыгышып, курмандыкка чалып жиберишчү. Көбүнчө таш бараңга алыша турган.
Сэр Жеймс Жорж Фрейзер (1854-1941)
"Алтын бутак".

Бийликтин ачкычы

"Курмандыктарды" пайдалануу бүгүнкү цивилизациянын өзүндөй эле эскирди. Кең ааламдагы ар бир элдин тарыхынан бул өңдүү миңдеген мисалдарды тапса болот. Мунун артында турган негизги идея - өзүнүн күнөөсүн башка адамга, жандыкка жүктөй салуу болуп келген. Анан аны жазалашчу же курмандыкка чалышчу. Жөөттөр бул максатта тирүү эчкини пайдаланышкан. ("Эчкини садага чап" же "козёль отпущения" деген термин ушундан келип чыккан). Дин кызматкери эчкинин башына колун коюп туруп, Израилдин уулдарынын күнөөсүн ага өткөрүүнү тиленчү. Андан кийин "бүт күнөө мойнуна жүктөлгөн" эчкини алып барып, токойго таштап салыша турган.
Афинада же ацтектерде эчкинин ордуна ушул максаттарда кармалган адамдарды пайдаланышчу. Алар "кудайлар адамдарды сойкулук ж.б. толгон-токой күнөөлөрү үчүн ар кандай ооруларды, ачкачылыкты жиберип жатышат" деп эсептешип, кудайлардын алдында "жолдугун жасап", өз күнөөлөрүн тиги бечаралардын мойнуна артып туруп, курмандыкка чалып ийишчү. Бул бир жагынан жасаган күнөөлөрү үчүн өкүнүү, кечирим суроо катары да кабылданган.
Мунун өзү чындап келгенде адамдын күндөлүк турмуштагы реакциясы - өзүн терең аңдап көрбөй, жасаган күнөөсүн же кылмышын жан-жагындагы оң келе калган бирөөгө оодара салуусу. Фивахта чума жүрүп жатканда Эдип мунун себебин өзүнөн эмес, башкалардан көргөн. Мындай өз күнөөсүнүн себептерин башкалардан көрүү жана аларга оодара салуу эбегейсиз зор бийликке ээ. Адамдар аны "акыл" менен пайдаланууну жакшы билишет.
Курмандыкка чалуу - бардык ырым-жырымдардын атасы же эң байыркысы. Ал эми ырым-жырымдын өзү бийлик. Эсиңерге Чезаренин башы алынган де Орконун денесин символикалык жайгаштырышын алып көргүлөчү. Башын бир жакка, денесин бир жакка таштаткан. "Бардыгына ошол күнөөлү" дегендей ырым-жырымдын белгиси жатат мында. Романьянын калкы буга дароо реакция жасайт. Себеп дегенде адамдарга күнөөнү өзүнөн издебей, башкалардан көрүү мүнөздүү. Биз мындай "курмандыктарды" чын ыклас, абдан ыраазы болуу менен кабыл алганга даярбыз.
Эчкини канжалатып курмандыкка чалуу өткөндүн варвардык калдыгы катары көрүнгөнү менен бул көрүнүш фигуралдык болбосо дагы, символикалык түрүндө азыр да жашап жатат. Себеби, бийлик эгелери эч кандай күнөө кылбаган, жаңылбаган, тимеле периште болуп көрүнүшү үчүн "эчкини садага чабуу" эч качан калбайт. Айткылачы, учурда кайсы лидер өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып жатыптыр?! Ал күнөөсүн оодара салуу үчүн кимдир бирөөнү издейт, ага "курмандык" керек. Айталы, Мао Цзедундун маданий революциясы ишке ашпай калганда, бул "улуу эл багар" кытай элинен кечирим сураган эмес. Анын ордуна көптөгөн "садага эчкилерди" таап, (анын ичинде өзүнүн жеке секретары, жогорку даражалуу партиянын мүчөсү Чен Пот да бар эле) "курмандыкка" чалып ийген.
Ал эми Франкилин Рузвельттин таза адам жана саясатчы катары кадыры зор болчу. Өзүнүн көп жылдык ишмердүүлүгүндө, ал адаттагы "тазалыгы" оор саясый кесепеттерге алып келе турган, кыйын кырдаалдарга далай кез келген. Ошол эле учурда анын бул иштердин башында тургандыгын эч ким билбеши да керек эле. Ушул себептерден улам жыйырма жыл бою анын секретары Луис Хоуи кадимки де Орконун ролун аткарып келген. Жашыруун иштер, маалыматтык баш айлантуулар, көшөгө артындагы кутумдук оюндар анын колу менен жасалчу. Ошону менен кандай гана жаңылыштыктар кетпесин, кандай гана "жылымчы" иштер жасалбасын Рузвельттин имиджине шооладай кесепети тийген жок. Коомчулук да эч нерседен шек албады. Хоуи "эчкидей садага чабыла калып" жүрүп, баарын көтөрдү окшойт.
"Эчки садага" экмети, болгон күнөөнү ага жүктөй салуудан тышкары, коркутуу, үркүтүү, эскертип коюу куралы катары да кызмат кылат. 1631-жылы француз кардиналы Ришельени бийликтен кетирүү үчүн кутумчулук аракети болуп өтөт. Бул кутумчулук бүгүнкү күндө "Простофильдин күнү" катары белгилүү. Кутумчулук дээрлик ишке ашса да керек. Анткени ага бийликтин жогорку эшолону, королева-эне да катышат. Бирок, Ришелье сыртынан зымпыйганы менен ага жардам берген бирөөнүн "башы" менен аман калат.
Печать сактоочу Мариллак кутумчулардын ана башчыларынын бири болгон. Ришелье королева-энени жоопко тартпай туруп, ага тийише алмак эмес. Бул өтө кооптуу эле. Ошондуктан кутумчулукка катышпаган Мариллактын инисин, армиянын маршалын бутага алат. Армияда да кутумчулар болушу мүмкүн деп ойлоп, алардын жүрөгүн түшүрүп коюу үчүн маршалды карматып алып, ойдон чыгарылган айып тагып, акыры башын алдырып салат. Мындай жол менен ал чыныгы күнөөлүнү кыйыр да болсо жазалап, (Мариллак королева-эненин колтугунда болуп жатпайбы), ошол эле учурда бардык потенциалдуу кутумчуларга өзүнүн эч нерседен, атургай бийлигин сактап калыш үчүн күнөөсүз адамдарды да жазага тарткандан кайтпай турганын туюнтат.
Боло келгендей "курмандыкка" адатта күнөөсүздөрдүн башы кетет. Бул адамдар каршылык көрсөткөнгө жарагандай, анчалык деле таасирдүү болушпайт, ал эми алардын аңкоо каршылык көрсөтүүлөрү, тескерисинче далил катары кызмат кылат. Бирок, тиги неме "күнөөсүз күнөөлү" образын кийип калбасы үчүн, бул иште аша чапканга болбойт. Этияттык керек. Эң негизгиси сен иш билбеген жакын жардамчыларыңдын же чыккынчылардын айынан элге "жаман көрүнүп" тургандай абалда калганың өтө маанилүү. Эгерде сенин "садага чабылчу эчкиң" абдан алсыз болсо, ал эми жазалаганың коошпой турса, бул "кутумчулугуңдун" курмандыгы өзүң болуп калышың толук ыктымал. Кээде "садага эчки" үчүн абдан күчтүү, бирок, акыры барып элдин кадырына анчалык ээ болбой турган кимдир бирөөнү тандап алууга туура келет.
Тарыхта "садага эчки" үчүн көбүнчө жакын санаалаштарын тандап алганын көрөбүз. Бул "фавориттин тайышы" катары жакшы белгилүү. Көпчүлүк королдор фавориттерди ак сарайдын ичинен табышат. Кайсы бир адамга көбүрөөк көңүл буруп, эч кандай себепсиз эле далыга таптап турушат. Бирок, мындай фавориттер королдун аты-затына сөз тийе турган кырдаалдарда, кудум эчкиче садага чабылып кетишет. Ак сарай кызматкерлеринин бир даары мындай айыптоону түшүнүп-түшүнө албай турушса, аны көрө албай жүргөн бир даары "сооп болуптур" дешет. Ошол эле учурда король колтугунда жүргөн, көп нерсенин күбөсү болгон, мүмкүн бийлигине ишенип алып, тымызын кайра өзүнө тиш кайрап жүргөн немеден кутулат. Жакын санаалашты, өнөктөштү курмандык катары пайдалануу жанагы айтылган "фавориттин" тайышы деген маанини эле түшүндүрөт. Сен өзүңдүн досуңан же жардамчыңдан айрылышың мүмкүн, бирок, аны жаныңа алып жүргөнгө караганда, садага чаап жиберип, соңку келечекте тигил же бул жаңылыштыгыңдын ачылып калышына жол бербеген болосуң. Алар кайсы бир күнү өзүңө каршы чыкпасына кепилдик жок. Андан тышкары сен фаворитти дайыма эле таба аласың.

Айталы, күнөөсүз козу. Күнөөсүн жууш үчүн курмандык чалуу күнүндө башкы жрец козуну храмга алып кирип, колун козунун башына коюп, бардык элдин күнөөсүн айтып, ошол күнөөлөрдү күнөөсүз козуга өткөрүп, андан кийин элдин буту баспаган алыс жакка алпарып таштатып салчу. Аны менен бирге бүтүндөй элдин күнөөсү жоголду, жоюлду деп коюшчу.
Абройлуу пикир: "Акмакчылык" деген акмакчылык кылганда эмес. Ошол акмакчылыгыңды жашыра билбегениңде. Бардык адамдар жаңылат-жазат. Бирок, акылдуулар өзүнүн кетирген кемчилигин айтпайт. Акмак болсо даалдап, болгонун болгондой божурап, какшанып турат. Репутация суук көздөн жашырып койгонго эмес, тетирисинче көрүнүп турганга көбүрөөк байланыштуу. Андыктан,ак пейил болбосоң дагы, кур дегенде этият болчу байболгур ( Бальтазар Грациан)

(Уландысы бар)






Пикир: