Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Валентин Богатырев:
"Бычакка сап
болор бир да саясый партия жок"

(Башы 5-бетте)
Биринчиси , азыр эмне менен иштеп жатса ошону улантуу: жаңы партияларды, жаңы саясатчыларды алып келүү, жаңы шайлоолорду өткөрүп, президентти улам алмаштырып жаш балдардын демократия оюнун, партия оюнун ойной берели. Чынын айтсам, жергиликтүү кеңештерден биз ушул процессти көрүп жатабыз да. Мындай кырдаалды көргөндө мен кыжырлана берем. Анткени, ушул өлкөдө жашап жаткандан кийин чоң эле кишилердин баланын ишин жасап жатканын көрүп алып, башка мамлекеттерден уялып турам. Азыр Кыргызстанда болуп жаткан саясый кырдаалдар - саясый музейи түзүлүп жаткандай көрүнөт. Бирөөсү биздин партиябызга 10 жылы десе, бири биздикине 20 жыл деп санап отурушат. Экинчиден , азыркы партиялардан баш тартып башкаларына өтүү зарыл. Биздеги азыркы кырдаалга заманбаптуураак жана адекваттуураак караган саясый өкүлчүлүк керек. Мен өлкө башынан өтө турган саясый модернизациянын негизги үч гана мазмунуна токтолуп кетейин.
Эң башкысы , мен "коомдук идеянын фабрикасы" деп атаган нерсени түзүү зарыл. Азыркы эң негизги саясый тапшырма болуп бүгүнкү күндө коомдук идея менен тазалыкты, жана ал идеяны жүзөгө ашыруучу топторду түзүү зарыл. Эгер мындай идеядагы топтор түзүлбөсө, анда биздин саясат жана биздин өлкө кыйроого дуушар болот. Бул "улуттук башкаруучу элитаны түзүү" дегенди түшүндүрөт. Биз мунун үстүндө бир нече жылдан бери иштеп жатканбыз, айрым адамдар аны эми гана түшүнүшүп жатат, бийлик тараптан да колдоо тапты. Эми мамлекет тарабынан колдоочу программага өтүүгө мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Балким, бир нече убакыттан кийин сиздер жаңы саясый элитаны түзүүнүн чоң долбоорлорун угуп калышыңар мүмкүн.
Экинчиден, менин дагы айтаарым - бизге жаңы саясый тил сөзсүз керек. Жыйырма биринчи кылымда он тогузунчу кылымдын тили менен иштөөгө болбойт. Биз жаңы элитаны ушул жаңы саясый тилдүү чөйрөдө түзүшүбүз керек. Жыйырма жылдан бери президенттик-парламенттик, россиялык-батыштык болуп бир эле жерди улам айланып жүргөнү менин гана кыжырыма тийип жатпаса керек. Кыргызстан сөз жана түшүнүктүн барымтасынан чыга албай келет. Биз тез алмашуучу дүйнөдө схемалардын жардамы менен жана илгерки он жыл мурдагы, бир нече кылым мурдагы логика менен иштеп жатабыз. Кайсы партия коммунисттердики? Кайсыл социал-демократ? Бир кездерде бул сөздөр актуалдуу эле, азыр мындай сөздү эч ким колдонбойт. Сыртта такыр башка дүйнө. Ошондуктан, жаңы тил саясаты жөн гана түшүнүү үчүн эмес, аракет кылуу үчүн, мамлекетти алдыга жылдыруу үчүн керек.
Демек, жаңы тил керек, жана үчүнчүдөн мен айткым келип жатканы, жаңы сасый технологиялар керек. Канча жылдардан бери "Алгадан" жана "Ак жолдон" бери эле КПССти кайра куруунун кереги жок деп какшап келем. Кечээ жакында эле 75 жашын белгилеген Черномырдиндин сөзү эсиңердеби: "Биз кандай гана партия түзбөйлү, баары айланып келип эле КПСС болуп калууда" - деп таамай айткан. Классикалык партия деп эле биргелешип уюшуп, мүчөлөрүнүн санын көбөйтүүгө элди тартуу, "өтө маанилүү" съезддерди уюштуруу - бул болбогон нерсе. Натыйжасы да жок жана бекерге убакытты өлтүрүп жатышат. Бүгүнкү күндө электоралдык мобилизациянын, шайлоолорду башкаруунун жана башкалардын такыр башка жаңы технологиялары иштеп жатат. Жаңы саясый технологияларды жана укуктук форматтарды кабыл алуу жана статуализациялоо - бул алдыда чече турган саясый модернизациянын эң башкы тапшырмалары. Муну менен бизде көп креативдүү ресурстар пайда болду. Сиздер билесиздер да, биздин креативдер башка өлкөнүн базарларында эң жакшы атаандаш болуп жатат. Андан тышкары, саясый ресурстарда оңой алмашуучу жаңы көп долбоорлор пайда болууда. Бишкек мындай долбоорлорго жакшы аянт болуп берди, Ошто акырындап пайда болууда. Эң башкысы Ошко жакшы көңүл бурууну кеңеш берем. Анткени, ал азыр эң маанилүү объект болуп турат. Айтмакчы, элитанын кыймылынын он жылдардан бери калыптанып калган система менен түштүктөн - түндүккө эмес, түндүктөн түштүккө баштоого убакыт жетти.
Менин коркконум, бул саясый партия оюнун аябай кеч ойноп баштадык окшойт. Бул биздин кемчилигибиз, бирок оңой эле оңдосок болот. Эгер партияларды музейдик үлгүдөй кылбай, Текебаевдин көктүгү менен өткөндү кайра курбай, келечек үчүн иштесек дээр элем. Партия жокпу, макул, жок болгону эле жакшы. Илгерки партияларды кайра көчүрбөй, тескерисинче, жаңы саясый формадагы уюмдарды жана саясатты алдыга жүргүзүүчү жолдорду түзүшүбүз керек. Биз муну менен аябай чоң секирик жасай алабыз.
Наргиза Козубаева





Исмайилов Сиражидин:
"Мени билим тармагындагы
"карышкырлар" курмандыкка чалып коюшканын эми түшүнүп жатам"

И смайилов Сиражидин Бурханович 1986-жылы Сузак районунун Сафаровка айылында туулуп өскөн. 2004-2009-жылдары Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин Маалымат коммуникация факультетинин физика адистиги боюнча билим алган. 2008-жылы Москва шаарынан билимин өркүндөтүп келген. Жогорку окуу жайын бүткөн соң, билим берүү тармагында эмгектенип келет. Орто мектепте, Жогорку окуу жайда окуп жүргөн убактарда эле коомдук иштерге катышып, активдүүлүгү менен айырмаланчу. Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин бир канча ардак грамоталары менен сыйланган, 2010-жылы Сузак районунун "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүсү болгон. 2011-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, ошол эле жылы Жаштар министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган. 2011-жылы Жаштар министрлиги тарабынан уюштурулган Жалал-Абад областындагы "жылдын эң жаш орто мектеп мугалими" сынагынын жеңүүчүсү болгон. 2011-жылы Сузак районунда, дегеле Жалал-Абад областынын аймагында 25 жашында эң жаш мектеп директору болгон.


- Саламатсыңбы, Сиражидин, жакында, мектеп директорлук кызматтан бошотулду деп угуп калдык? Бүгүнкү күндө эмне менен алексиң?
- Жаз жарыш дегендей айыл чарба иштери менен. Сафаровка айылында мектепте мугалим болуп иштеп жатам, буйруса иштер жакшы.
- Жумуштан "ызы-чуу" болуп бошогонуңа өкүнбөйсүңбү?
- Жок. Мен жасаган иштериме эч качан өкүнбөйм. Өкүнгөндө эмне, ошол учурда аткарыш керекпи, мен аткарам, кийин аны анализдөөнүн кажети жок. Мен баса белгилеп айткым келет, өз эрким менен жумуштан кеттим. Эл тараза, эл сынчы. Мен элдин ишеничинен чыгып калуудан корком. Жаштар билим берүү тармагына келип, жакшы ийгиликтерге жетишип жатса, жетекчилик тараптан жөлөк-таяк болгондун ордуна, кээ бир жумуштарга көз жумуп, көрмөксөн болуп койгондугу жаштардын шагын сындырбай койбойт. Мен мектеп директорлук кызматына келген күндөн тартып, чоң реформа жасаганга жетиштим. Жакшы ийгиликтерге жетишип баштаганбыз. Аны мектеп жамааты, окуучуларым жана ата-энелер жакшы билишет. Жумуштан бошогонго өкүнүп отурууга убактым да жок. Мен туура жолдо баратканмын. Мени билим тармагындагы "карышкырлар" курмандыкка чалып коюшканын эми түшүнүп жатам.
- Жумуштан бошоп калышыңдын аркасында саясат бар окшойт?
- Азыр так айта албайм, "кыңыр иш кырк жылда билинет" дейт. Азырынча буйрутма бергендерди, жол көрсөткөндөрдү кудайга салдым. Билим берүү системасында мурунку союз убагында калыптанып калган түшүнүктөр бар. Жаштар жумушка орношуп, мурунку муундун жасаган иштерин улантып жатат. Кээ бир ага-эжелерибиз жаш адистерди атаандаш катары көрүп, "кызматымы эртең, бүрсүгүнү такшалып келип алып коёт" деген коркунучта иштеп жүрүшөт. Кызматты көрүнө кошо алып кете тургандай мамиле кылган билим берүү тармагындагы кээ бир адамдарга таң калам.
- Жакында болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоого катышып депутат болупсуң, элдин жүгүн аркалоо менен билим берүү тармагында иштөө оор болгон жокпу?
- Ар бир инсан өз элине ар түрдүү жол менен кызмат кылат. Айыл жергесиндеги калайык-калктын турмушу менен чогуу өстүм, аларды жакындан билгендиктен, мен ушул жол менен барууну чечтим. Көп коомдук уюмдар менен кызматташтыкта иштеп жүрүп, элдин, коомдун көйгөйлөрүн жакшы билем. Мисалы "Элет жаштары" коомдук бирикмесинде жүрүп, жаштар саясатын ишке ашырууда элет жаштары менен иштешүүдө, биригип көйгөй чечүүдө тажрыйба топтой алдым. "Элет жаштары" мени такшалтты. Мен элиме шагыл төшөп же свет тарттырып бере албашым мүмкүн, бирок ошол айыл өкмөт жасай турган ишти депутаттык укугума таянып, жалпы элдин жардамы менен ийгиликтерге жетишебиз деген ниетим бар. Менин өзгөчөлүгүм жаштыгымда. Мен эми 26га чыктым. Мен улуу муундун насаатын угуп, орто муундун тажрыйбасын үйрөнүп, жаштардын атынан жаштыктын деми менен кызмат кылам. Саясатты да туура тандасаң, билим берүү тармагында көңүлүндө кири жок жаш балдар менен иштөө кандай бактылуулук. Саясат - бул элдин турмушу. Аны элден кеңеш сурап, эл менен болсоң, жакшы жөрөлгө болот деп ишенем. Ал эми сен кандай инсан болсоң сенин айланаңа дал ошондой инсандар чогулат. Исхак Раззаковдун сөзү мага дайыма шык берип турат "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот".
- Азыркы тапта жетекчилердин жаштарга болгон көз карашы кандай экен?
- Беш кол тең эмес. "Биздин келечек жаштардын колунда, жаштар биздин байлыгыбыз" деп ооз көптүрүп сүйлөп, турмушта шайкеш келбей калып жатат. Себеби, күнөөнү жаштарга коет, тажрыйбасызсыңар, сабаттуу эмессиңер, ишиңерге так болбойсуңар деп. Туура, ким эле төрөлгөндө тажрыйбалуу, сабаттуу жана ишине так болуп төрөлүптүр. Иш берсе , иш баарын тарбиялап коет. Мурда СССР учурунда пионер, комсомол болуп, анан коммунист болот эле. Ошентип, бийик тепкичке кадр даярдачу. Азыр жаш муундардын өсүп келгенин, улуу муун өкүлдөрүнө көрүнбөй жатабы же өздөрүн дагы эле жаш сезип жатышабы, түшүнбөйм. Бийлик жетекчилери чечкиндүү, энергиялуу жаштар менен иштешүүнү каалабай жатабы, улуу муундагылар ишинен кетип калбоо үчүн дайыма колун көкүрөгүнө алып тургандарга көнүп калгандай. Ал эми эл чындыкты дайыма ажыратып келет. 2008 - жылкы жергиликтүү шайлоодо Сузак району боюнча 334 депутаттын 7 пайызы жаштар болсо, өткөндөгү шайлоодо 40 пайыз жаштар келди. Жаштар коррупцияга белинен бата электигин, энергиясын жогото электигин, чындыкты дайыма бетке таамай айткандыгын эл билет, ошондуктан чоң ишенимге ээ болуп отурабыз, ал эми чоңдор сокурдун көзү менен карагандай болуп жатат. Эң негизгиси, элдин ишеничи.
- Алдыдагы кадамдарың?
- Убакыт көрсөтөт. Айылдаштарым "айылга кызмат кыл" десе, билим берүү тармагынан ар түрдүү сунуштар болуп жатат. Жашасын айылындагы Жуманазаров орто мектебиндеги коллектив жана ата-энелер кайра алып келебиз деп аракет жасоодо. Кечээ Бишкекке жакшы ишке сунуш түштү. Кай жерде болбоюн, кандай кызматта иштебейин элиме ак кызмат кыла бермекчимин. Адамзаттын жакшысы - "жакшылык кылдым эле, билбей калды деп кейибей, жакшылык кылуу колумдан келбей калды" деп кейиш керек экен.






Пикир:






??.??