Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


mainkaptal

п»ї Кыргыз гезиттер

Жазуучу Жапарали Осмонкулов:
"Чыгармачылык кубанычты эч нерсе менен
алмаштырууга мүмкүн эмес"
КР Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын жана республикалык Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Жапарали Осмонкуловду окурман журтчулугуна тааныштырып отуруунун кажети деле жок. Анын "Күн кызарып батканда", "Өмүрдүн көз ирмемдери", "Төгө бер, жамгыр!", "Көктөмдө келген кубаныч", "Досчул бала", "Манас", "Манастын уулу Семетей" аттуу китептери капкачан эле өз окурмандарын таап, жылуу сөздөргө арзыган. Таланттуу жазуучунун чыгармалары орус тилине да которулуп, "Подкова на счастье", "Я и мой друг солнце", "Снежная женщина комиссара" китептери жарык көрүп, айрым чыгармалары Москвада чыгуучу "Наш современник" журналына жарыяланган. Жакында эле анын "Тоолор чакырыгы" аттуу романы жарык көрдү.

- Жапарали агай, сизди алгач "Тоолор чакырыгы" аттуу романыңыз чыкканы менен куттуктайм. Акыркы жылдарда акын-жазуучулар чыгарма жазуудан мурда, жазып бүткөндө кантип китеп чыгарам, китепке кантип акча табам, кудай буюруп китеп чыгып калса, аны кантип таратам деп, иралды ушул жагын ойлоп калды. Сиз да "кантип акча табам" деп кыйналган чыгарсыз?
- Куттук сөзүң үчүн рахмат. Ырасында эле, китеп чыгаруу - акын-жазуучулар үчүн кадыресе баш ооруга айланды. Мен билгенден, көп акын-жазуучулар чыгармаларын жазарын жазып алып, чыгара албай жүрүшөт. Бул албетте, өкүнүчтүү. Арийне, бирок анүчүн кимди күнөөлөй аласың? Айрымдар "эмне үчүн мамлекет акын-жазуучулар үчүн кам көрбөйт, китептерин чыгарып бербейт?" деп нааразы болгондорун угам. Мен алардын нааразылыгын түшүнөм, бирок жеке пикиримде бул туура эмес көз караш. Акын-жазуучулук деле Кудайдан берилген өнөр, кесип. Айталы, ошол эле усталык өнөрдү алалы. Маселен, боз үйдүн сөөгүн жасаган уста, комуз усталар, ээр чапкан усталар, зергерлер, уздардын мамлекетке жүгүн артып, "биз үчүн мамлекет шарт түзүп бериш керек, антпесе биз узана албайбыз" дегенин уга элекмин. Же, ошол эле кыл калем чеберлерин айталы. Булардыкы эмне, чыгармачылык иш эмеспи? Чыгармачылык иш. Эмнеге алар мамлекетке таарынчык кылышпайт? Менин калемдештерим эле...
- Калемдештериңизди таарынтып алам деп ойлобойсузбу?
- Алар мени түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм. Ансыз деле бүгүн мамлекетке кыйын болуп жатат. Буюрса, мамлекет экономикалык жактан оңолсо, чыгармачыл адамдарга болобу же карапайым эле адамдаргабы, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулаары турулуу иш.
- Сиз жыл сайын экиден, болбосо бирден китеп чыгарып жатасыз. Мен билгенден бизнесиңиз деле жок. Бирөөлөр демөөрчүлүк кылып жатабы же башка бир каржы булактары барбы?
- Өзүң айткандай, менин бизнесим деле жок. Менин китептеримди каржылап жаткан бизнесмен достор деле жок. Китеп - бул жандуу, адам баласы сыяктуу эле тирүү нерсе. Пешенесине жазылса, жарык көрөт. Маңдайында жазуусу жокпу, чыкпайт. Адамзатынын тарыхын карап көрөлүчү, адам баласынын акыл-эсинен миңдеген чыгармалар, акыл туундусу жаралган менен, анын канчасы мезгилдин бүктөмүндө калып кетти. Канчалар китептерди өрттөп салышты. Канчалаган чыгармалар кол жазма боюнча кала берди. Канчалаган чыгармалар эл оозунда айтылып келип, убакыт өткөн соң унутта калды. Канчалаган чыгармалар бутташып, чыныгы ээси белгисиз кала берди. Бул - тагдыр. Китептин тагдыры. Мен өз китептерими өзүм каржылайм.
- Кантип?
- Азыр эмне банктар көп, кредиттик союздар көп. Ошолордон кредит алам да, китебимди чыгарууга жумшайм.
- Кредит алсаңыз, карыз болуп калам деп, китеп чыгарып банкрот болом деп ойлобойсузбу? Азыр китеп чыгаргандан да, аны таркатуу чоң маселе эмеспи. Бишкекте эле эмес, Кыргызстанда болгону бир кыргыз дүкөнү бар го?
- Аның да ырас. Бул - чынында эле чоң парадокс. Казинолор, кафе-ресторандар жаандан кийинки козу карындай көбөйүп бараткан маалда Кыргызстан боюнча жападан жалгыз кыргыз китеп дүкөнү бар экен. Кыргыз рухунун туу чокусу болгон Манаска окшогон керемет дастан жаралган өлкөдө, дүйнөнү дүң кылган Айтматовго окшогон залкар жазуучу чыккан элде жападан жалгыз кыргыз дүкөнүнүн болушу парадокс эмей эмне.
- "Эл китеп окубай калды" дешет го?
- Кантип окубай калсын? Кеп ошол окурмандарга китептер жетпей жатат. Айыл-айылдарга барып калсаң, тээ бир жыл мурда чыккан гезиттерди деле баса калып, жаңылык катары окуп жаткан адамдарды көрөм. Минтип, жаңылыктар эскирип кеткенине карабай, гезит окуп жаткан соң, кантип эл китеп окубайт деп айтууга болот? Маселе, айыл-айылга китептер жетпей жатат.
- "Эл кыйналып жатат, китеп сатып алганга акчасы жок" деген пикирлер бар эмеспи.
- Минтип ким айтса да, катуу жаңылышат. Адам өзүнө керек нерсесин алганга, кайдан да болбосун акча табат. Кеп, маселе акчада эмес. Элди "жарды" деп айтууга болбойт. Кеп китептерди элге жеткирүү маселесинде. Мен маселен, өз китептеримди өзүм сатып чуркап жүрөм. Эгер ушул ишти ким бирөө колуна алып, жер-жерлерде китеп сатууну уюштурса, албетте абдан жакшы болмок. Бирок, мен ойлойм, бул жеке адамдардын колунан келбейт. Мына ушул жагынан мамлекет колдоо көрсөтүп, китептерди сатууну уюштуруп берсе, акын-жазуучулар үчүн да, окурмандар үчүн жакшы болмок.
- Буга кайсы мамлекеттик мекеме ылайык деп ойлойсуз?
- "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы.
- Алар китептерди таңуулап сата башташпайбы?
- Эмнеге сатмак эле?
- Чарбалык иштерге кирип кеттик окшойт. "Тоолор чакырыгы" романыңыз тууралуу окурмандар арасында жылуу сөздөр бар. Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүш керек деген пикирлерди угуп жатам. Бул чыгарманы канча жыл жаздыңыз?
- Бул менин жыйырма жылдык эмгегим болуп калды. Айрым бөлүмдөрүн тээ илгери эле жазып койгом. Айрымдарын кийин жаздым. Ошентип, чымырканып баса отуруп иштеп, акыры бул китеп жарык көрдү. Окурмандар тарабынан жылуу пикирлердин айтылып жатканы мени да кубандырат.
- Мен билгенден акыркы жылдарда баш-отуңуз менен чыгармачылыкка киришип, жалаң жазуучулук менен жан багып келатасыз. Чыгармачылык узануу менен күн өткөрсө болот бекен?
- Эмнеге болбосун? Чыгармалар деле дайыма эле, күн сайын эле жазыла бербейт. Ойлор топтолуп калганда келип үстөлгө отурасың. Мага чыгармачылык менен иштеген жагат. Чыгармачылык кубанычты эч нерсе менен алмаштырууга мүмкүн эмес.
- "Тоолор чакырыгында" 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш учуру, ооруктагы элдин жашоосу, жеңиш жана 70-жылдардагы мезгил чагылдырылган экен. Романдагы окуяларды турмуштан алып жаздыңызбы?
- Ооба. Мен анда адам фактору катышкан ар кандай окуялардагы ички жана тышкы кагылыштарды адам жан дүйнөсүндөгү ыйман, терең философия аркылуу бергенге аракет кылдым.
- Бир катар чыгармаларыңыз орус тилинде да жарык көрүптүр. Чыгармаларыңызды орус тилине кимдер которгон?
- Мен өзүм эле. Бирин-эки котормочуларга сунуштап көрсөм, алар чоң акча сурашты. Менде андай чоң акча жок. Анан өзүм которууга аргасыз болдум.






Пикир:






??.??