Кыргыз гезиттер

п»ї

Кокустукпу же коркутуубу?
"Алибинин" Баткен областы боюнча кабарчысы Кубатбек Айбашовдун үйүнө от коюп кетишти!!!
2013-жылдын 16-апрелинен 17сине оогон түнү болжол менен саат 1:30 чамасында белгисиз бирөөлөр "Алиби" гезитинин Баткен облусу боюнча кабарчысы Кубатбек Айбашовдун Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүнүн 8-үйүнүн 4-кабатында жайгашкан батиринин эшигине өрт коюп кетишкен.

Окуя болгон учурда Кубатбек Айбашов Бишкек шаарында семинарга катышып жүргөн. Батирде жубайы жана 3 баласы болгон. Жубайынын айтымында, түнкү саат 1:15 мүнөттө ал уктоо үчүн жатууга камданып жатканда подъездден тепкич аркылуу көтөрүлүп келе жаткан добушту да, бир аздан соң кайра түшүп кетип жаткан кадамды да уккан. Бирок, коңшулардын бирөөсү болсо керек деген ойдо уктап кеткен. Болжол менен 10 мүнөттөн соң түтүндүн жытынан кайра ойгонуп кетип, эмне болуп жатканын түшүнбөй коңшусуна телефон чалган. Батирдин коридоруна чыкса эшиктен кирип жаткан түтүн ал жакты жана ашкананы каптап жатканын көрүп, чуркап барып эшиктин өртүн өчүргөн. Бактыга жараша эшикке жабышкан өрт катуу күчөй элек экен. Ал арада коңшулар да чогулуп, эшиктин алдында бензиндин калдыктары бар бөтөлкөнү жана бензинге чыланып от коюлган чүпүрөктү көрүшкөн. Ошол эле маалда чогулгандар үйдүн биринчи кабатынан да түтүн уюлгуп көтөрүлүп жатканын байкашкан да ал жакка чуркап барышып, биринчи кабаттагы эки батирдин эшиктери да күйүп жатканын көрүшкөн. Жашоочулардын чакыруусу менен арадан 5-10 мүнөт өткөндө өрт өчүргүчтөр келген, 30 мүнөт өткөндө шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келишкен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери өрттөө фактылары боюнча тийиштүү актыларын түзүшүп, окуя болгон жердеги далил буюмдарды алып кетишкен. Өрттү өчүрүү убагында К.Айбашовдун жубайы түтүнгө бир аз ууланган жана катуу стресстик абалга кабылып, денесинин бир жак бөлүгү убактылуу оорууга дуушар болгон.
К.Айбашов бул окуяны анын кызматтык милдеттерин аткарууга байланышкан атайын жасалган акт деп эсептейт. Биринчиден , кылмышкерлер эшикке бензин куюлган бөтөлкөнү жана бензинге чыланган чүпүрөктү тыгып туруп от коюшкан. Бирок, эмне үчүндүр, Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуяны атайын уюштурулбаган, көчөдөгү балдардын орунсуз оюнунан чыккан деп эсептейт. Экинчиден , К.Айбашовдун эшигинен башка да бир нече үйлөрдүн эшиктерине от коюлуп, натыйжада алар да бир топ зыянга учураган. Бирок, бензин чачылып от коюлган үйлөрдүн тандалма (выборочный) мүнөзгө ээ экени шектенүүнү жаратат. Биринчи кабаттагы эки батирдин эшигин жана төртүнчү кабаттагы анын (К.Айбашовдун) эшигин өрттөө кандайдыр бир максаттуу иш мерчемдердин алкагында жасалганын билдирет. Үчүнчүдөн , мындан мурдараак, анын дарегине белгисиз бирөөлөр тарабынан бир нече жолу "эгер жөн жүрбөсө анын үйүнө курал-жарак, наркотикалык же башка мыйзамга каршы каражаттарды таштап кетип, "подстава" болушу мүмкүндүгүн" түз-кыйыр түрдө эскертүүлөр болуп келген.
Кубатбек Айбашов өзүнүн кызматтык милдеттеринин алкагында Баткен облусундагы ар түрдүү коррупциялык схемаларды, мамлекеттик кызматтагы чиновниктердин элдин канын соргон жорук-жосундарын жана Баткен облусунун, Кыргызстандын аймактык коопсуздугуна шек келтирип жаткан айрым деструктивдүү күчтөрдүн иш-аракеттерин ачыктаган сынчыл макалаларды жарыялап келген.
Жогоркулардын негизинде, К.Айбашов аталган өрттөө актысын өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгүнө байланыштырат. Ошондой эле, эки версияны божомолдойт. Биринчиси , мамлекеттик ири чиновниктердин коррупциялык жана мыйзамга каршы иштери тууралуу макалаларынын фигуранттары болушу мүмкүн. Экинчиси , Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздугуна шек келтирип, Кыргызстандыктардын кызыкчылыгын тепсеген иш-аракеттер менен алектенип жаткан айрым "сырткы күчтөр" тууралуу макалаларынын каармандарынын заказы менен болушу да мүмкүн.

"Алиби"
гезитинин редакциясы












??.??